Интерполдун жаңы жетекчиси белгилүү болду

Интерполдун жаңы жетекчиси  Түштүк Корея өкүлү  Ким Чон Ян дайындалды.

Бул маалыматты Интерполдун официалдуу сайты жарыялады. Шайлоо 18-ноябрдан 21­-ноябрга чейин Генералдык ассамблея уюмунун 87-сессиясында Дубайда каралган. Буга 180 мамлекеттен келген укук коргоо органдарынын миңдеген кызматкерлери катышты.

Ким Чон Ян Интерполду 2 жыл аралыгында жетектейт.

“Бүгүнкү күндө,  дүйнөдө коомдун коопсуздугуна жана сактыгына чоң залал келтирген, болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болууда. Муну жеңиш үчүн, бизге алдыга карай жол, келечекке көпүрө түзүшүбүз керек”, – деп жаңы жетекчи билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейинки Интерполдун жетекчиси  Мэн Хунвэй, Кытайда камакка алынгандан кийин, 7-октябрда жетекчилик орунун бошотуп берген.

Интерполдун президенттигине РФнын ИИМнин генерал-майору Александр Прокопчук да өз талапкерлигин койгон. Украинанын ИИМнин башчысы Арсен Аваков шайлоого чейин, жетекчиликке россиялык талапкер дайындалса, уюмга мүчө болуусун токтотуу тууралуу маселе каралат деп билдирген. Ал эми, Россия Федерациясы Интерполдун жетекчисин шайлоодо кысым болду деп айтууда.

Булак: KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *