Рыскелди Момбеков мектеп окуучуларынын тамак-ашын ИИМдин иттеринин жеми менен салыштырды

№5 компьютердик гимназия-мектебинин окуучуларынын бир күндүк тамак-ашына бөлүнгөн акча,  ИИМдин үйрөтүлгөн иттерине бөлүнгүн каражатка салыштырмалуу эки эсе аз. Бул тууралуу парламенттин отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков айтып чыкты.

Анын айтымында, Кыргызстандагы таланттуу делген балдар ошол мектепте билим алып, жашап жатышат. Кошумчалай кетсек, №5 гимназиясында интернат бар. Аймактардан келген балдар окуу маалында ошол жакка жатып, билим алышат. Ал эми дем алыш күндөрү, жайкы каникул убагында үйлөрүнө кетишет.

“Көрсө, ар бир окуучуга бир күндүк тамак-ашына 60 сом бөлүнөт экен. Эртең мененки тамактанууга 10 сом, түшкүгө 30 сом болсо, ал эми кечки тамакка 20 сом. Ошол эле учурда ИИМдин үйрөтүлгөн иттерине бир күнгө 120 сом бөлүнөт. Жада калса, абакта отургандардын тамак-ашына 80 сом кетет. Ошондо аталган мектеп, балдар колониясы болуп калабы? ”,-деп билдирди депутат.

Булак: KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *