Ишемби, 17 Ноябрь, 2018 - 14:53
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: :

Бусурманкул Абдибаит уулу бүгүн “М-1 Global” уюмунда Россиялык мушкер менен беттешет

Бүгүн, 17-ноябрда Ингушетия өлкөсүндө “М-1 Global” мелдеши өткөрүлөт. Анда 65 килограммга чейинки салмактык бөлүктө кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Россиялык Залимбек Омаров менен беттешет. Бусурманкул Абдибаит уулу 25 жашта болсо, атаандашы Залимбек […]

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда тигилген костюмдарды киет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте тигүү өндүрүшүнүн жумалыгынын алкагында өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги форумда суроолорго жооп берип жатып, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан костюмдарды кие турганын айтты. Анын айтымында жергиликтүү тигүүчүлөрдүн технологиясы жакшы. […]

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов студенттер менен жолугуп, майрамдары менен куттуктады

Бүгүн, 16-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов студенттер менен жолугушуу өткөрүп, аларды келе жаткан майрамы менен куттуктады. Жолугушууга Кыргыз-орус славян университетинин, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура […]

17-ноябрга карата аба ырайы, Бишкекте 11 градуска чейин суук болот

Эртең, 17-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты. Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн: -8…-13 күндүз: 0…+5 Талас облусунда түнкүсүн: -7…-12 […]

Ошто терезе тазалап жаткан аял кулап кетип каза болду

Ош облусунда ооруканалардын биринде экинчи кабаттын терезесин тазалап жаткан аял кулап кетип каза болду. Бул тууралуу ОШ ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, окуя бүгүн 16-ноябрда эртең менен болгон. Анда […]

Өлкөдө турак жайлардын 15 пайызы гана камсыздандырылды

Бүгүн, 16-ноябрда “Республика- Ата Журт” фракциясынын жыйынында курулуш бизнес чөйрөсүндөгү бүгүнкү кырдаал жана шаар куруу, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселени талкууга алышты. Күн тартибине коюлган меселе […]

Коомдук кеңештердин стратегиясы талкуланууда

Бүгүн, 16-ноябрдан тарта эки күн коомдук кеңештердин өкүлдөрү өздөрүнүн стратегиялык планын талкуулашат. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинен кабарлады. Буга чейин 2016-2018-жылдары ишке аша турган стратегия кабыл алынган болчу. […]

Жолдорду салууга жана оңдоп түзөөгө жыл сайын 4 миллиард сом каражат бөлүнөт

Бүгүн, 16-ноябрда КСДП парламенттик фракциясынын жыйнында Кыргызстандагы автоунаа жолдорун куруу, оңдоо жана камсыздоо боюнча өкмөттүн ишмердүүлүгү каралды. Өлкө аймагында жолдордун абалы, курулушу жана оңдолушу боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баяндама […]

2018-жылдын 15-ноябрынан тарта юридикалык жактарды онлайн каттоо тесттик режимде ишке киргизилди

Юридикалык жактарды онлайн каттоону тесттик режимде ишке киргизүү үчүн Юстиция министрлигине Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте, маалыматтар базасын модернизациялоо жана юридикалык жактарды онлайн каттоонун маалыматтык тутумун түзүү […]

Фарид Ниязов шайлоодо коротулган каражаттар тууралуу үн катты

Былтыр президенттик шайлоонун алдында Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов үгүт иштери учурунда анын алган акчалары тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтар боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматынан […]

Россияда кырсыкка учураган унаананын Кыргызстанга тиешелүү болгон номери жасалма экендиги аныкталды

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Россиянын аймагында, Ленинск- Кузнецкий жолунда Кыргызстанга тиешелүү номердеги унаанын катышуусунда катталган жол кырсыгынан каза болгондор Россиянын жарандары болгон. Ал эми унаага тагылган “03 kg 409 […]

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев Россиянын жараныбы?

Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев башка өлкөнүн жараны болгондуктан анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалоосуна укугу жок деген билдирүүлөр таратылууда. Маалыматта Ош шаарынын азыркы мэри Сарыбашев 2004-жылы Россиянын […]

Кыргызстанда аялдардын ишкердик күнү белгиленет

Кыргызстан бүткүл дүйнөдө 19-ноябрда белгиленүүчү Аялдардын ишкердик күнүн майрамдоого кошулат. Өлкөнүн төрт шаарында: Бишкекте, Ошто, Караколдо жана Кара-Балтада 16-ноябрдан 23-ноябрга чейин БУУӨП колдоосу менен ийгиликтүү ишкер- айымдардын катышуусунда иш- чаралар […]

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 60 жашка толду

Бүгүн 16- ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Ал 1958-жылдын 16-ноябрында  Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Сооронбай Жээнбеков эмгек жолун 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто […]

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусиядагы мекендештер менен жолугушат

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусиядагы мекендештер менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди. Маалым болгондой, муфтий 26-ноябрдан 29-ноябрга чейин Орусиянын Якутск, Чита жана Иркутск шаарларында болот. Бул […]

Мамлекеттик салык кызматы 10 айда 63,9 миллиард сом салык жыйнаган

Мамлекеттик салык кызматы 10 айда 63,9 миллиард сом салык жыйнаган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын-ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 63 миллиард […]

Оштогу мектептик медиа борбор “Эң шамдагай Медиа-Бурч” номинациясына ээ болду

Ош шаарындагы № 27 XXIV Партсьезд атындагы орто мектебинин медиа борбору “Эң шамдагай медиа-бурч” номинациясы жана баалуу белектер менен сыйланды. Бул тууралуу аталган мектептик медиа борборго жооптуу информатика мугалими Мирлан […]

Кыргызстандык спортчу Екатерина Старикова Өзбекстанда өткөн гиря спорту боюнча Дүйнө чемпионатында дүйнөлүк рекордду жаңыртты

Кыргызстандык спортчу Екатерина Старикова Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн гиря спорту боюнча Дүйнө чемпионатында 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлады. Спорттук мелдеш 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин […]

Жогорку Кеңеште республикалык бюджет тууралуу долбоорлор депутаттар тарабынан биринчи окууда жактырылды

Бүгүн-15-ноябрда Жогорку Кеңеште 2017-жылдагы бюджеттин аткарылышы, 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору каралды. Аталган мыйзам долбоорлору боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады. Андан соң суроо-жооп […]

Өкмөт башчы: “Кыргызстанда 914 миң адам гана салык төлөйт”

Өлкөдө салык төлөөчүлөрдүн саны 914 миң адамды түзөт Бул тууралуу бүгүн 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө бүгүнкү күндө пенсионерлердин жалпы саны 647,2 миң. Аларды […]

Депутат Айсулуу Мамашова: “Centerra Gold Inc. Компани менен түзүлгөн акыркы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр дал келбейт”

“Кумтөр» алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. Компани өз үлүшүн сатканы жатканы жөнүндө сөздөр айтылууда. Алтургай бул жөнүндө компаниянын кызматкерлери айтып жатат. Мурдагы өкмөт жаңы келишимге кол койгон, бирок эмдигиче […]

Фото- Бишкекте уурулукка шектелип 3 жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал 30-октябрь күнү белгисиз адамдар үйүнө ууруга кирип, 35 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кеткендигин […]

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Дастанбек Жумабеков Нурдинжон Исмоиловдун иш сапары эки өлкө ортосундагы […]

Чычкан капчыгайында газ ташыган унаа өрттөнүп кетти

Ош-Бишкек унаа жолунун 260- чакырымында газ ташыган унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди. Маалыматка караганда, кырсык бүгүн 15-ноябрда саат 12:35 чамасында Чычкан […]

Бишкекте “Бишкек, мен сени сүйөм” инсталляциясын талкалаган жаран кармалды

Бишкекте “Бишкек, мен сени сүйөм” деген инсталляцияны атайын талкалап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка караганда, 15-ноябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Чүй проспектиси менен […]

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Өкмөттүн ишмердиги аймактарды өнүктүрүүгө жана экономикалык камсыздоого багытталган”

Бүгүн 15-ноябрда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021- жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорлору каралды. Мухаммедкалый Абылгазиев Президенттин “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын […]

15 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери үй камагына чыгарылды

Бишкекте 15 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип жаткан № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү […]

Жайыл районунда энелик милдетин аткарбаган аялдын 5 айлык наристесин милиция кызматкерлери ооруканага алып кетти

Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери оор абалда калган жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында “Камкордук” деген аталыштагы рейд өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти. «Рейд учурунда […]

«Мисс Кыргызстан −2018» сынагында Жалал-Абаддык Элмара Буранбаева жеңүүчү болду

Кечээ 14-ноябрда Бишкектеги «Ак Сарай» ресторанында «Мисс Кыргызстан 2018» официалдуу сулуулук сынагы болуп өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл-аралык «Miss World» сынагынын уюштуруучулары жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл Банк» ААК капиталын 1 миллиард сомго көбөйтүү жөнүндө буйрукка кол койду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун капиталын 1 миллиард сомго көбөйтүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараттынын маалыматтык камсыздөө бөлүмүнөн кабарлашты. Бул чечим «Айыл Банк» ААКны […]

Мамэкотехинспекцияда одоно мыйзам бузуулар болду

Мамэкотехинспекциянын Экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспекторлору Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасындагы кен казуучу ЖЧКсын мыйзамсыз текшерүүгө алышкан. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Анара Мамбеталиева билдирди. Маалыматка караганда, Шамалды-Сайдагы кен казуучу компанияны […]

Бишкекте троллейбустар саат 22:00гө чейин кызмат көрсөтөт

Бишкек шаарындагы троллейбустар саат 22:00гө чейин кызмат көрсөтүп баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чечим аба-ырайына байланыштуу бүгүн кабыл алынды. Буга чейин троллейбустар акыркы каттамга […]

Кыргызстанда жол кырсыгынан 1 миң 307 бала жаракат алса, 66 бала каза болгон

Өлкө аймагында 10 ай ичинде балдардын катышуусунда 1 миң 130 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу брифингде «Жол коопсуздугу» долбоорунун директору Чынара Касмамбетова билдирди. Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепетинен 1 миң 307 бала жаракат […]

Кыргыз спортчусу Балбай Дордоков Дүйнө чемпионатында коло медал тагынды

Румыниянын Бухарест шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Балбай Дордоков коло байгени багындырды. 55 килограмм салмактык бөлүктө беттешке чыккан кыргыз спортчусу коло байге үчүн […]

Бишкекте мыйзамсыз негизде саатына батир бергендерди аныктоо үчүн рейд жүрүп жатат

Бишкекте мыйзамсыз негизде саатына батир бергендерди аныктоо максатында рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады. Батирди ижарага берчүлөр салыктарды төлөп жатат, бирок арасында мыйзамсыз иш алпарып жаткандары да бар. […]

Фото- Эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларга сыйлыктар жана наамдар тапшырылды

Кечээ, 13-ноябрда Бишкек шаарында эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларга бир катар сыйлыктар жана наамдар тапшырылды. Анда Эмгек сиңирген спорт чебери наамы күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү – Айсулуу […]

Нарын облустук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Башкы прокурор Нарын облустук сотунун судьясы А.Ж.га карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында жол кыймылынын коопсуздугу эрежесин бузуу жана транспорт каражаттарын экплуатация кылуу боюнча […]

Депутат Кожобек Рысбаев-“Соттор, милициялар бала бакчалардын имараттарын ээлеп жатат”

“Соттор, милициялар бала бакчалардын имараттарын ээлеп жатат”,- мындай пикирин бүгүн 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рысбаев билдирди. Анын айтымында мамлекеттик органдар бала бакчалардын имараттарын ээлеп алып жатат. “Соттор, милициялар бала […]

Вице-премьер министр өлкө аймагында акыркы 5 жылда 158 мектеп эмне үчүн 3 нөөмөт менен окутуу жүргүзүп жатканын айтты

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында республикада мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жөнүндө “Өкмөттүк саат” өтүп жатат. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын маалыматында соңку 5 жылда 158 […]

Жогорку Кеңеште 3 жаңы, жаш министрлер ант беришти

Бүгүн 14-ноябрда Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри […]

Жогорку Кеңеште жаңы депутат Эшмамат Тагаев ант берди

Бүгүн 14-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында жаңы депутат болуп келген Эшмамат Тагаев ант берди. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттын ишине ийгилик каалады. Эскерте кетсек, Эшмамат Тагаев “Бир Бол” фракциясынын […]

Дүйнөлүк банк “Digital CASA” долбооруна 50 миллион доллар бөлөт

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» – Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам […]

Видео- Мышыкты атып өлтүргөн жаран Жалал-Абаддан кармалды

Жалал-Абад облусунда мышыкты атып өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Мындан 1 ай мурда, 5-октябрь күнү саат 12-00 чамасында, Жалал-Абад шаарынын Миң-Өрүк […]

ӨКМге тиешелүү актуалдуу маселелерди коомчулук менен талкулоо уланууда

Бүгүн, 13-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов менен Жаш ишкерлер ассосациясынын өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамынын кээ бир беренелериндеги талаптарын жеңилдетүү демилгесинин үстүндө талкулоо болду. […]

ЖЭБдеги кырсыктан мамлекет 89 миллион 699 миң 230 сом зыянга учураган

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепетинен мамлекетке 89 миллион 699 миң 230 сом зыян келтирилген. Бул тууралуу бүгүн 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу билдирди. Анын айтымында, Козголгон кылмыш иштери […]

Таласта Конор Макгрегорду туурап электр тирөөчүнө чыккан жаранга тартиптик чара көрүлдү

Таласта Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегордун басканын туурап электр тирөөчүнө чыккан монтерго тартиптик чара көрүлдү. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан кабарлады. Маалыматка караганда, “Түндүкэлектр” ишканасы мушкерди туураган электромонтер А.А менен бригаданын […]

Улуттук банк валюта курсун турукташтыруу үчүн 12 миллион 900 миң доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта курсун турукташтыруу үчүн 12 миллион 900 миң доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды. Кечээ, 12-ноябрда Улуттук банк ушул айда экинчи ирет интервенция жасады. […]

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда кар көчкү түштү

Бүгүн 13-ноябрда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 75-76-чакырымында Тамчы тилкесине кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка караганда, көчкү саат 06:10 чамасында түшкөн. Анын көлөмү […]

Бишкек ЖЭБине 280 миң тоннага жакын көмүр алып келинди

Бишкек ЖЭБине акыркы 4 ай ичинде өлкө аймагындагы ишканалар тарабынан өндүрүлгөн 280 миң тоннага жакын көмүр ташылып келинди. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынын маалымат кызматынан кабарлады. Маалым болгондой, 1-ноябрга карата ЖЭБге 15 […]

«Тазалык» кызматы Бишкектин жолдоруна 573 тонна кум жана 49 тонна техникалык туз септи

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаардын көчөлөрүн кардан тазалап жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка караганда, «Тазалык» кызматы жолдорго 573 тонна кум жана 49 тонна техникалык туз септи. Учурда бул […]