Шейшемби, 19 Февраль, 2019 - 6:08
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: : Адина Сагымбекова

Гүлзат Мамытбек: “Мен сынбайм, тескерисинче экинчи демим ачылып жатат”

Акыркы жылдары интернет айдыңында өзүн-өзү кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбектин элге дем берген видеолору тынымсыз жарыяланып келет. Элге мотивация берип, ар дайым позитивдүү жүргөн Гүлзат айым акыркы күндөрү жеке турмушундагы […]

Депутаттар Курманжан Датканын музейинен кабар алды

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кенештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиди. Көчмө жыйындын алкагында […]

Айпери Суранчиева, алып баруучу: “Жолдошум сенин ордуң теледе деп колдоп турат”

Балдарга эне, жубайынын жаркыраган сүйүктүү жары, коомдо өзүнүн орду бар, колунан көөрү төгүлгөн уз, назик айымдарды көргөндө суктанбай кое албайсың. Мына ушундай сапаттардын бардыгы бар, төгөрөгү төп келишкен алып баруучу […]

Иран: Тегеран Тажикстанга бир туугандай мамиле кылат

Иран тажик өкмөтүнө бир туугандай мамиле кылат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Бахрам Касеми Тегеранда өткөн маалымат жыйынында билдирди. «Мен Тажикстандын тышкы иштер министринин сөздөрү менен […]

Дүйнөдөгү эң көп окулган китептер

Технология өнүккөнү адам баласынын күнүмдүк түйшүктөрү жеңилдеп, алыс жол жакындап, дүйнөнү чөнтөгүңө салып алып жүргөндөй мумкүнчүлүктөр түзүлгөнү менен биз виртуалдуу дүйнөнүн кумарына өтө эле батып кеткендейбиз. Дегеним, бешиктеги баладан тартып, […]

Өзбекстанда милдеттүү нике келишимин киргизүү сунушталууда

Өзбекстандын Наманган облустук акимчилиги өлкөнүн Үй-бүлөлүк кодексине «Милдеттүү нике килишимин киргизүү» беренесин кошууну сунуштады. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги Telegram-каналы аркылуу билдирди. Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, ортодо нике келишимин түзбөгөн жуптар […]

The Sunday Times: Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлады

Орусиянын мурдагы Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) полковниги жана британ тыңчысы Сергей Скрипалдын саламаттыгы начарлап, дарыгерлер ага жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу 17-февралда The Sunday Times британ басылмасы өлкөнүн атайын кызматтарындагы […]

Немис эксперттери «Түркмөн аба жолдорунун» эл аралык деңгээлге чыгуусуна жардам берет

«Түркмөн аба жолдору» Европанын авиациялык коопсуздук агенттигинин (EASA) талаптарына жооп берүүдөгү кемчиликтерин жоюу үчүн «Lufthansa Consulting» компаниясын жалдады. Бул тууралуу түркмөн авиакомпаниясынан билдиришти. «Жакында авиакомпания EASA талаптарына жооп берүүдө кыйынчылыктарга […]

Казакстанда 13 жаштагы өспүрүм өрттөнүп жаткан үйдөн эки баланы куткарып калды

Шымкенттин Курсай кичи районунда 13 жаштагы өспүрүм өрттөнүп жаткан үйдөгү эки кичинекей баланы куткарып калды. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, ишемби кечинде шаардын Жанакурылыс көчөсүндөгү […]

Жерүйдөн “желбектеген” Андрей Румянцев деген ким?

“Жерүй” алтын кенин иштетүү укугун утуп алган орусиялык “Востокгеодобыча” жоопкерчилиги чектелген коому курамына кирген “Орус Платинасы” компаниялар тобунун пресс-кызматынын жетекчиси катары өзүн тааныштырып жүргөн Андрей Румянцев деген эргул пайда болду. […]

Казакстанда активист полиция имаратынан кулап, ооруканага түштү

Оролдо кармалган активист Албек Ергазиев шаардык ички иштер департаментинин имаратынын үчүнчү кабатынан боюн таштап, ооруканага жеткирилди. Жергиликтүү журналист Лукпан Ахмедьяров билдиргендей, анын ийини, кабыргалары сынган, башынан жаракат алган. Анын айтымында, […]

Өзбекстанда 100 миң сумдук банкнот 25-февралдан тарта чыгарыла баштайт

Өзбекстандын Борбордук банкы 25-февралдан тарта 100 миң сумдук жаңы банкнот чыгарыла баштай турганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жаңы банкнота улуу өзбек окумуштуусу Мирзо Улугбекке жана анын австрономиядагы жетишкендиктерине арналган. 100 […]

“Кыргыз темир жолу” ишканасын сатканга шашылбай, акционердик коомго айландыруу абзел

Соңку убакта “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы бара-бара сатылаары такталбаган күбүр-шыбыр кептер эл ичине желдей тарап кеткенинен улам биз бул маселеге кайрылып көрдүк. Анткени мамлекеттик кирешелүү ишкананы дароо эле “кызыл […]

Курманкул Зулушев, ЖКнын депутаты: “Мен кимдир бирөөнүн заказын аткарып мыйзам жазган эмесмин”

-Курманкул мырза, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу мыйзамы түп тамырынан бери өзгөрүп кеткени үчүн аталган мыйзам долбоордун дагы бир автору Исхак Масалиев  каршы добуш бергенин айтты. Депутаттардын сунушунан кийин сиздин да […]

Мадина Талипбекова, актриса, модель: “Моделдик карьерам 14 жашымда башталып, 18 жашымда бүттү”

Кыргыз киносу жана театры жаңы актер-актрисалар менен толукталып, жаңы муун бийиктиктерди багындырып жатканы жүрөк жылытат. Буга мисал Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде кыргыз-өзбек кино жаратуучулары […]

Батыралиев түрмөдө эс алабы?..

УКМКнын Антикоррупция кызматы өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптарга (гемодиализ менен дарыланган) медициналык жардам көрсөтүүдөгү сатып алууларга байланыштуу мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул факты боюнча аудит дайындалган. […]

Эки президенттин оозун ачырган Райым ким?

Миллиондор кантип келди?.. Ток этерин айталы. “Райым миллион” боюнча коомчулукта өтө эле көп уламыш бар. Бул уламышка чыканактай кара бала кантип жетишкен? Бажы кызматына жөнөкөй кызматкер болуп келип, бардык “серый […]

Эрте жаз, ээликтирбе!..

Быйылкы жаз адаттагыдан кыйла эрте келеринин жышааны байкалары менен эле, өлкөнүн ички коомдук-саясий турмушу да, тышкы мамилелериндеги өз ара карым-катнаштар өзгөчө темп менен жандана баштаганы байкалууда. Муну оңой эле түшүнүүгө […]

Быйыл кыргызстандык дыйкандар үчүн чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуу болот

Ушу тапта өлкөнүн айрым аймактарында жазгы талаа жумуштары башталып калды. Кыргызстандык дыйкандар үчүн быйыл чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуураак болот. Бул тууралуу айыл чарба министри Нурбек […]

Жетекчилик кызматка келдиңизби? Анда бул кемчиликтерди кетирип албаңыз

Кыялыңыз орундалып, эмгегиңиз бааланып же жөн эле ийгилик сиз тарапка жылмайып, иштеген жериңизден жетекчилик кызматка отурдуңуз. Куттуктайбыз! Мындан ары сизди өтө жоопкерчиликтүү милдет күтүп турат. Андыктан кээ бир байкалбаган кемчиликтерди […]

Замирбек Аскаров: Атамекендик продукцияны көбүрөөк өндүрүп, чет элдик продукцияны реэкспорттоодон көз карандылыкты кыскартуу зарыл

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу  Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кыматы билдирди. Замирбек Аскаров жолугушууда белгилегендей, республикалык ИДПнын өсүшү  Өкмөттүн жана эл […]

Трамп ЕБны ИМ тобунун катарында согушкан жарандарын кайтарып алууга чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп Британия, Франция жана Германияны америкалык аскерлерди туткунга алган “Ислам мамлекети” тобунун 800дөн ашуун мүчөсүн артка кайтарып, жоопко тартууга чакырды. Трамптын айтымында, эгер бул иш жасалбаса, АКШ колго […]

ИИМ: Автоунааларды айдап качуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Милиция кызматкерлери автоунааларды айдап качуу менен алектенген кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ички иштер органдары тарабынан автоунааларды айдап качуу менен  алектенген топ зыяндаштырылды. Жогорудагы кылмыштуу топ […]

Тажикстан менен Ооганстанды байланыштырган көпүрө ачылды

Душанбе Тажикстан менен Ооганстанды байланыштырган Пянж дарыясындагы көпүрөнү бир жарым айдан кийин ачты. Бул жол аркылуу чек арага жакын жайгашкан ооганстандык айылдардын тургундары азык-түлүк алып өтүшөт. Тажикстандын Шамсиддин Шохин району […]

Бердымухамедов жолбун жаныбарлар үчүн баш калкалоочу жай ачат

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаныбарлар үчүн “борборлоштурулган клиника” ачууну буюрду. Анын алкагында жолбун иттер үчүн атайын жай уюштурулат. Мамлекеттик ММКлардын билдиришинче, медициналык мекеме өкмөттүн камкордугунда болуп, ага ишкерлер, жаныбарлардын укугун […]

Кайып Шер, Апрель Баатыры: “Атамбаевди хансарайынан борбордук аянтка атка сүйрөтүп түшкөнгө күчүбүз жетет”

-Кайып мырза, сиз апрель окуясында туу көтөрүп элдин алдында жүрдүңүз эле. Бийлик алмашканда Атамбаевди коргоп жүрдүңүз. Туурабы? – Туура, аны талаша албайм. – Атамбаевдин жакшылыгын көрдүңүз дегендей. Эми болсо “Атамбаевсиз […]

“Керим Турапов бул кызматка келиши менен опера жана балет театры искусствонун ыйык храмына айланат деген ойдомун”

– Сиз, белгилүү ырчы, Кыргыз эл артисти Керим Тураповдун Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына жетекчи болуп барганына кандай карайсыз? Бексултан Жакиев, Кыргыз республикасынын баатыры: “Керим Турапов бул театрга бөтөн […]

Орозбек Дүйшеев, тоо-кен инженери: “Менин да айтчу сөзүм бар”

Урматтуу «Жаңы Ордо» гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев! Сиздердин гезиттин 2019-жылдын 8-февралында жарык көргөн 04-номеринде Дастан Сарыгуловдун «Т.Сариев, Ш.Мамбетов, О.Дуйшеев жалгыз келип, жекеме-жеке мени менен чыксын, коркпосо келишсин» деген бизге […]

Тарыхка төңкөрүш аркылуу кирген Пиночет

«Терең ойлоп, салмактап көрүшсө – менин жакшы жагым көп». Карылыктын кыл чокусуна келген, ак чач, ак көңүл абышка: «Эгерде терең ойлоп, салмактап көрүшсө – менин жакшы жагым көп экендигин билишет. […]

Иманалиев менен Жээнбеков Карамушкинаны “мыш” кылды…

Кечээ парламентте эл өкүлү Ирина Карамушкина Бишкек ЖЭБин модернизациялөо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңеш макулдугун бергенин белгилеп, ал кездеги парламент депутаттарын жана ошол учурдагы төраганын жоопкерчилигин […]

Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты “Жаңы эрежелер балким тергөөчү, милиция, участковый жана сотторго жакпай жаткандыр, бирок жалпы коомдун адамдын укугун коргогон мыйзамдар”

—Кыргызстанда 1-январдан тартып кылмыш-жаза кодекси, жазык процессуалдык кодекси, жазык-аткаруу кодекси , жоруктар тууралуу кодекс, тартип бузуу жөнүндө кодекс, ошондой эле пробация жөнүндө, мунапыс жөнүндө мыйзамдар күчүнө кирип бирок, талаш тартыштар […]

Тажик бийлиги мессенджерлер аркылуу сүйлөшүү үчүн салык алууну көздөөдө

Тажикстандын Салык комитети жакынкы айларда мессенджерлер аркылуу сүйлөшкөндө колдонулган трафик үчүн абоненттерден салык алуу тууралуу сунушун өкмөткө жөнөтөт. Бул тууралуу журналисттерге мекеменин башчысы Нусратулло Давлатзода билдирди. Анын айтымында, өлкө жарандары […]

Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүч Жогорку cотко берилди

«Ата-Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку cотко берилди. Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова «Азаттыкка» билдирди. «Өтүнүч жаңы жагдайга, Кылмыш-процессуалдык кодекстин ишке киргенине […]

Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты: “Конституциялык палатанын чечими туура эмес болгон”

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Исхак Масалиев жана «Республика – Ата-Журттан» Курманкул Зулушев иштеп чыгышкан. Жыйынтыгында Масалиев өзү демилгечи болгон мыйзамга каршы добуш […]

Түркмөнстанда кызмат өтөөгө «жараксыз» жарандар дагы аскерге чакырылууда

Түркмөнстандын Куралдуу күчтөрү ден соолугуна байланыштуу кызмат өтөөгө жараксыз адамдарды дагы аскерге кабыл алууда. Учурда өлкөдө жазгы аскерге чакырууга даярдык көрүүнүн алкагында өспүрүмдөр медициналык кароодон өтүп жатышат. «Азаттык» радиосунун түркмөн […]

Ыңгайсыз суроолор: Чүй облусунун башчысы Туйгунаалы Абдраимовго

– Туйгунаалы Дүйшөналиевич, сиз Чүй облусун башкарып жаткандан бери эмне иштерди жасап үлгүрдүңүз? Интригадан башка да иштер бар экенин унуткан жоксузбу? Дегенибиз, кулагыңыз саясий интригадан эле чыкпаса, иш кылды деген […]

Путин кылмыштуу топтордун башчыларын жазадан бошотууну сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин өз ыктыяры менен кылмыштуу иштерден баш тарткан жана ага бөгөт коюуга жардам берген уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин жазадан бошотууну сунуштады. Ал тиешелүү демилге менен Мамлекеттик думага […]

Атамбаевдин фирмалары эмнеге салык төлөбөйт?

Ошто Жалил Атамбаев деген «көпөс» бар. Укук коргоо органдары, мамлекеттик кызматтын баары Жалилдин алдында тизе бүгүп, айтканын айткандай аткараары көптөн бери эле сөз болуп келе жатат. Мындан улам, Жалилдин күргүштөп […]

Трамп жакынкы күндөрү өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн

АКШнын президенти Дональд Трамп федералдык өкмөттү каржылоо тууралуу мыйзам долбооруна кол коюп, Мексика менен чек арага дубал курууга каражат алуу үчүн өлкөдө өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн. Бул тууралуу 14-февралда республикачы […]

Гүлнара Каримованын уулу апасынын саламаттыгы начар экенин айтып, Мирзиёевден жардам сурады

14-февралда Өзбекстандын маркум президентинин Лондондо жашап жүргөн улуу небереси Ислам Каримов үй камагында жаткан апасы Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын билдирди. 26 жаштагы Ислам Каримов Instagram […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт жөнөкөй эмес шарттарда экономикалык милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөттү

Өкмөт жөнөкөй эмес шарттарда экономикалык милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Бул тууалуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт […]

Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты: “Мен экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуудан баш тартканым жок”

– Исхак Абсаматович, бир жума мурун эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги жөнүндө сөз кылганда, “Эгер мен башкы прокурор болсом бүгүн эле камап коймокмун” деп күпүлдөп жаттыңыз эле, азыр кол […]

Шадиевди Жолдубаева качырган тура

Бу Шадиев деген неме бекер качкан эмес экен. Коррупцияга күрөштүн башталышы Шадиев менен башталып, Шадиев менен эле бүтө тургандай элес калтырууда. Жумасына “жубарымбектин” колу туткактыгы боюнча маалыматтардын жаңы жагдайлары куру […]

Карыпбековдун канча “бети” бар…

Катуу айтылып кетсе, Карыпбеков өзүнөн эле көрсүн. Алакандай КТРдин жамаатынын алдында эмес, калдайган кыргыз элинин алдында “мен КТРге экинчи жолу жетекчи болуп барбайм, эптеп ушул жылдарымды ийгиликтүү аяктап, өткөрүп берсем […]

УКМК Шадиев боюнча Интерполго үч ирет кайрылган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иши боюнча Интерполго үч ирет кайрылган. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кызматтын башчысы Сагынбек Исмаилов парламентте билдирди. Анын айтымында, […]

Ыңгайсыз суроолор: Бишкек шаарынын мэри Азис Суракматовго

– Азиз Эмилбекович, сиз мэр болгондо кыргыз тилин билбейт деген нааразычылык туулду эле. Бирок сиз башым деп койгон жоксуз. Бул жоругуңуз кыргыз мамлекетин, кыргыз элин сыйлабастыгыңызды айгинелейт десек жарашабы? Качан […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Ооган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги Мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, Мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет!

«Ооган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштарыбыз үчүн Мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, Мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда […]

Шамкеев 109 миллион сомду айлык кылып «жеп койду»

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бакыт Шамкеев өз жоорун өзү чукуду. Компанияда иштегендердин жылдык маянасына 109 миллион сом сарпталаары маалым болду. Аталган компанияда 41 кызматкер иштейт. Төрага өзү 51 миң сом […]

Дамир Мусакеев “шефине” таянып мыйзамсыз иш-аракеттерге барганбы?

Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча иш козголуп, Бишкектин Биринчи май райондук соту өлкөдөн чыгууга тыюу салган чечимин чыгарды. Алмазбек Атамбаев президент […]

Комитет жыйынын кааласа өтүп, каалабаса өтпөй койгон Кожоке

Өткөн шейшемби, 12-февраль күнү Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин кезектеги жыйыны өткөн жок. Бул көрүнүш биринчи жолу эмес, буга чейин бир нече жолу кайталанды. 2 […]