Шейшемби, 16 Октябрь, 2018 - 21:27
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: :

Москва районунда милиция кызматкерлери катуу ур-токмокко алынган, бирок сот жана тергөөчү бул кылмыш боюнча кармалгандарды коё берген

Чүй облусунун Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран жана анын агасы аларга барган милиция кызматкерлерин аёосуз сабашкан. Сот менен тергөөчү бул кылмыш боюнча кармалгандарды өлкөнүн аймагынан чыкпоо тууралу тилкат алып туруп, […]

Өгөй кыздарын бир нече жыл зордуктап жүргөн Чүй облусунун тургуну өмүр бою эркинен ажыратылды

Чүй облусунун тургуну бир нече жыл өгөй кыздарын зордуктап жүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2013-жылы Николай(ысымдар өзгөртүлгөн) мурунку […]

“Депутатка чалам, көргүлүктү көрсөтөм!”- деп кыргыздарды коркуткан кытай жараны 5 суткага камалды

Бишкектин “Император” ресторанында “Депутатка чалам, көргүлүктү көрсөтөм” ”- деп кыргыздарды коркуткан кытай жараны 5 суткага камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, 15-октябрда Фейсбукта Кытай […]

Бишкекте 17-жаштагы кызды бөлөсү зордуктоого аракет кылып, муунтуп өлтүргөн

Бишкек шаарынын “Жеңиш” жаңы конушунда 17-жаштагы студент кызды бөлөсү муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирген. Маалыматка ылайык, окуя 15-октябрда болгон. Милициянын 102 байланыш кызматына жашы жетелек […]

Бишкек шаардык жана Ленин райондук милициянын бир катар кызматкерлери жазаланды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлери жазаланды. Буга себеп катары Бишкектин №47-мектебинин 8-классынын окуучусунан акча талап кылып, 9-класстын эки окуучусу ур-токмокко алганы түрткү […]

Сабалган өспүрүмдүн ишин иликтөө уланууда

12-октябрда Ленин районуна караштуу 47-мекептин 8-классынын М.А аттуу окуучусу  ошол эле мектептин 9-классынын окуучусу  тарабынан катуу ур-токмокко алынган, анын натыйжасында  анын алдынкы тиши сынып, үстүңкү эрди жарылып, мээси чайкалган.  Өспүрүм […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайсы бир мүчөсү […]

Мэйвезер Нурмагомедовго жооп кайтарды

16-октябрда инстаграм социалдык тармагындагы өз баракчасында  дүйнөнүн  бокс боюнча беш категориясынын жеңичүүсү Флойд Мэйвезер-кичүү  орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун  мушташка чакырыгын кабыл алгандыгы тууралуу пост жазган. Айта кетсек, аталган эки мушкер […]

Өкмөт Digital Casa долбоорун $25млнго каржылоо документин жактырды

Ошондой эле премьер- министр 2018-жылдын 4-октябрында кабыл алынган токтому менен  өкмөттүн Digital Casa долбоорун каржылоого карата берген тыянагын жактырды. Аталган долбоордун максаты катары  Борбор Азиянын деңизге чыгуусу жок жана Түштүк […]

Гаага соту “РусГидронун” Кыргызстанга $37млн доо арызын кабыл алды

Орусиялык “РусГидро” компаниясы  Кыргызстандын Өкмөтүнүн үстүнөн  Гаага эл аралык арбитраждык сотуна $37 млн өндүрүп берүү боюнча доо арыз менен кайрылган. Гаага соту Россиялык компаниянын Кыргызстанга доо арызын кабыл алды. Эске […]

Гүлнара Каримованын Женевадагы үйүнөн 38 миллион франкка бааланган зергер буюмдар табылды

Бул тууралуу 12-октябрьда швейцариялык  Tages-Anzeiger басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Гульнара Каримованын Женевадагы үйүн тинтүү учурунда  укук коргоочулар 38 миллион франкка бааланган   саат,  рубинден […]

Эми абактагылар кесипке ээ боло алышат

Бүгүн, 12-октябрда  №3 жаза аткаруу колониясында  “тигүүчү” жана “өтүкчү” кесиптерин өздөштүрүү бонюча жаңы класстары ачылды.  Бул тууралуу KyrgyzToday  редакциясына   Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы  билдирди. Салтанаттуу ачылышка Борбордук […]

Тогуз ай ичинде Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 353,8 миллиард сомдон ашты

Кыргызстандын ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү  2018-жылдын январь-сентябрь айларында 368 млрд сомду  түзүп,  2017-жылдын  ушул эле мезгилине салыштырмалуу  1,2%га кобөйгөн. Бул тууралуу 10-октябрда Улуттук статистикалык комитетинин басма сөз кызматы билдирген. […]

Кыргызстанда нефть продукцияларын өндүрүү 29%га көбөйдү

Алардын негизги көлөмүн төрт   нефть продукцияларын  чыгаруучу ишкана өндүрөт. Бул   тууралу Улуттук статистика комитетинин өкүлү  10-октябрьда маалымат жыйынында билдирди. 2018-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын нефть иштетүүчү  заводдору суммасы 11 млрд 342,6 […]

Кыргызстанда 1184 жарандын дипломатиялык паспорту бар

Бүгүн, 11-октябрда КР Тышкы иштер министрлиги акыркы убакта массалык маалымат каражаттарында дипломатиялык паспортторду берүү жана колдонуу жөнүндө ар кандай маалыматтардын тарап жатканынан улам атайын билдирүү таратты. Анда айтылгандай, азыркы учурда […]

Индонезияда дагы бир жер титирөө катталды

Жер титирөөнүн кубаттуулугу 6,3 баллды түздү. Бүгүн, 11-октябрда Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясында күчтүү жер титирөө катталды.  Алдына ала айтылган маалыматка караганда,  кем эле дегенде үч адам  көз жумду.  Бул тууралуу […]

Кыргызстан күйүүчү май эң арзан болуп саналган мамлекеттердин катарына кирди

Globalpetrolprices  порталы түзгөн рейтингде  Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча эң арзан күйүүчү май сатылуучу  өлкөлөрдүн катарына кирди.  Бул тизмеде Кыргызстан 164  мамлекеттин ичинен 22-орунду ээледи.  Өлкөдө күйүүчү майга болгон орточо баа […]

Гонконгдо электрондук тамеки тартууга тыюу салынды

Гонконг “вейп” же электрондук тамеки тартууга  мыйзамдуу түрдө тыюу салды.  Бул чечимди  Кытайдын административдик районунун  бийлиги  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму  чыгарган тыянакка  таянып   негиздеген.   Андан сырткары  бир катар  жаңы […]

Нью-Йоркто туулгандыгы тууралуу документтерде үчүнчү жынысты жазууга уруксат берилди

Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио жергиликтүү жашоочуларга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндө “Х” деп белгиленген үчүнчү жынысты  жазууга уруксат берген мыйзам долбоорго кол койду.  Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет, деп […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт жашыл экономиканы түзүү боюнча дүйнөлүк саясатты колдоого бекем багыт алды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жашыл экономиканы түзүү боюнча дүйнөлүк саясатты колдоого бекем багыт алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Премьер-министр белгилегендей, […]