Шаршемби, 25 Апрель, 2018 - 16:52
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: :

Бүгүн Кyrgyztoday.кg сайтына, Бегалы Наргозуевге жана Мавлян Аскарбековго 70 млн сом доо арткан КСДПчы Кылычевдин иши боюнча сот отуруму өттү

Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик “Дан” ишканасынын директору, ашынган КСДПчы Алга Кылычевдин Кyrgyztoday.кg сайтына, Бегалы Наргозуевге жана Мавлян Аскарбековго 70 млн сом доо арткан арызы боюнча экинчи сот […]

Президент Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго 5 млн сом доосунан баш тартты

Бүгүн, 17-апрелде КР Президенти Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековдон сот аркылуу утуп алган 5 млн сом доосунан баш тарткандыгы белгилүү болду. Бул тууралу КР Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Президент Сооронбай […]

Ичүүчү суу менен камсыздоо секторунда 2017-жылы кол коюлган макулдашуулардын жалпы суммасы 100 млн АКШ долларын түздү

Ичүүчү суу менен камсыздоо секторунда 2017-жылы кол коюлган макулдашуулардын жалпы суммасы 100 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз […]

Кыргызстанда Сооронбай Жээнбековго каршы күчтөр “Мурси” долбоорун башташканы айтылып жатат

Бүгүн, 16-апрелде КР Премьер-министри Сапар Исаков өзүнүн буйругу менен КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жумушунан бошоткон Болот Сүйүнбаевди КР Финансылык полициясынын начальниги кылып дайындады. Эми Сапар Исаков  президент тарабынан жумушунан айдалган […]

Фото – АКК УКМК: Генпрокуратуранын башкармалыгынын башчысы $200 миң доллар пара алган учурунда кармалды

Бүгүн, 16-апрелде КР УКМКнын Анткоррупциялык кызматы КР Генпрокуратурасынын Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордогу өкүлчүлүк башкармалыгынын башчысы У.Ч.ны $200 миң доллар пара алган учурунда кармады. Бул тууралу КР УКМКнын басма сөз кызматы […]

КР Президентинин Иш башкармалыгы мыйзамды одоно бузуп, мамлекеттик резиденцияны бир партиянын энчисине айландырбаш керек

Бүгүн, 16-апрелде экс-президент, пенсионер Алмаз Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КСДП фракциясынын депутаттарын кабыл алды. Ага чакырылган 38 депутаттын 19у гана келди. Бул жерде КР Президентинин Иш башкармалыгы мыйзамды одоно бузуп […]

Дональд Трамп Сирияга абадан сокку башталганын жарыялады

АКШ президенти Дональд Трамп химиялык курал үчүн колдонулган өкмөттүк мекемелерге сокку уруу тууралуу буйрук бергенин жарыялады. Анын айтымында, Франция, Британия менен биргеликте башталган бул соккулар Сирия химиялык курал пайдаланууну токтотмойунча […]

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ошко жөнөкөй каттамдагы эле учак менен учуп келди

Бүгүн, 14-апрелде КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкектен Ошко жөнөкөй эле каттамдагы учакта катардагы жүргүнчүлөр менен кошо учуп келди. Бул тууралу социалдык тармактардагы билдирүүлөргө таянып, белгилүү адвокат Улан Жумаков жазып чыкты. […]

АТАЛЫК… же бүгүнкү күндө Мусулманкул аталык болгусу келген, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин бейнесине сүртүмдөр

ХАН АТАСЫ-АТАМБАЕВБИ? “Аталык” деген хан ордодогу эң улуу даража, хан жаш мезгилинде өлкө башчы, хан атасы дегендикти түшүндүрөт. Аталык деген сөз, өзгөчө Кокон хандыгы өзүнчө чоң мамлекет болуп турган карт […]

Каттани УКМКнын башчылыгына келсе Сооронбай Жээнбековго өлкөнү стабилдештирүүгө чоң жардам берер эле

Бизде жулунгандар эле мамлекеттик кызматка жетип, көптөгөн кесипкөй адистер жумушсуз калууда. Ошондуктан акыркы жылдарда өлкөнү башаламандык басты. Эми жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун келиши менен кесипкөй адистер мамлекеттик жумуштарга тартылат деп […]

Эки жүздүү КСДП

Жаш өкмөт башчы Исаковдун аброю саясий чөйрөдө, калың элдин арасында ноль эле болуп калды. Аны тегерегиндеги ондон ашык кеңешчилери эле далыдан таптап, иштин көзүн таап иштеп жатасыз деп көз боёмочулардын […]

Видео – Камчыбек Жолдошбаев: “Экотехинспекция Муратбеков, каргайын десем жалгызсын, каргабайын десем байкушсун, тигил “Ихлас” компаниясы салган үйлөрдүн сапаты жок…”

“Биринчиден, кечээги Тогуз-Тородогу ызы-чууларга эл күнөөлүү эмес, ага Тоо кен министрлигиндеги Рыскулов, анан эки жакты кайраштырып жаткан, ортодон акча жегендер күнөөлүү. Мен Ак-Талаада өз көзүм менен көргөм, ортодогулар арак берип, […]

НТС телеканалы Россиянын НТВ телеканалынын берүүлөрүн Кыргызстанга жайылтууну токтотту

Бүгүн, 12-апрелде сөөгү Бабановдуку эти Атамбаевдики болуп эсептелген НТС телеканалы Россиянын НТВ телеканалынын контентин Кыргызстанга жайылтууну токтоткону белгилүү болду. Бул тууралу “Кыргызстан Интерньюс” өкмөттүк эмес уюмунун кызматкери, белгилүү журналист Бермет […]

Фотобаян – Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу визит менен Бельгия Королдугуна келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11 апрелде Бельгиянын борбору Брюссель шаарына Европа Союзунун институттарына жумушчу визит менен келди.  Визиттин  максаты – Европа союзунун жетекчилиги менен жеке байланыштарды орнотуу, расмий […]

Кыргыз-өзбек чек арачылары тынч жарандарга карата ок атуучу куралдарды пайдаланууга кескин тыюу салууну макулдашышты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чекара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Өзбекстан Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын  орун басары – чек ара аскерлеринин кол башчысы, генерал-майор Руслан Мирзаев менен 2018-жылдын 7-апрелинде Жалал-Абад облусунун Аксы […]

Тилек Идирисов Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Идирисов Тилек Казыбекович Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими болуп ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралу өкмөттүн басма […]

Видео – Исхак Масалиев Юстиция министрлигине талапкер Айнур Абдылдаеванын юридикалык жогорку билими жок туруп, өкмөттө кантип эксперт болуп иштеп жүргөнүнө кызыкты

Бүгүн, 11-апрелде КР Жогорку Кеңешинин отурумунда премьер-министр Сапар Исаков Юстиция министри кызматына ошол эле министрликте статс-катчы болуп иштеп жүргөн Айнур Абдылдаеванын талапкердигин сунуштады. Абдылдаеванын талакердигин талкуулоо учурунда депутат Исхак Масалиев […]

Илим Карыпбеков, КТРКнын гендиректору: “Билип турам, анча деле көп убактым калган жок, кетем. Иш бөлмөмдөгү оокатымды жыйыштырганга туура 23 эле мүнөт кетет”

КТРКнын гендиректору Илим Карыпбеков бүгүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу өзүнүн “досторуна” кайрылуу жасады: Айрым досторума кайрылуу. Асыран байкем баш болуп эле бир жумадан бери “Илим ишиңди жыйыштыр! Илим качан кетет! Илим […]

Милиция Маммүлк фондунун экс-жетекчиси Болсунбек Казаковду камакка алды

Бүгүн, 11-апрелде КР Ички иштер министрлиги Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаковду кечээ, 10-апрелде камакка алганын билдирди. Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган (январь-ноябрь 2017-жыл) учурда “Ала-Арча” мамлекеттик […]

Видео – Тогуз-Тородо митингичилер алтын кен иштетүүчү «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын имаратын жана техникаларын өрттөп салышты

Бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда  митингге чыккан жергиликтүү калк «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтын иштетүүчү түбү кытайлык компаниянын имаратын жана техникаларын өрттөп салышты. Аларга тоскоол болууга аракет кылган милиционерлерди ташбараңга […]

Видео – Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Данияр (Абдыкаров), сен эмне мени ит атардай болуп карайсың?

Кечээ, 10-апрелде КР Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн 2017-жылдын отчетун угуу учурунда парламенттин депутаты Камчыбек Жолдошбаев  өкмөт […]

Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Мурат Мукамбетовдун жана юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлиги сунушталууда

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети КР Премьер-министри Сапар Исаков тарабынан сунушталган Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Мурат Мукамбетовдун жана юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин […]

ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук комитети генпрокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан бошотууга макулдук берди

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КР Президентинин башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан бошотууга макулдук берүү жөнүндөгү сунуштамасы каралды. Депутаттарды сунуштаманын […]

Сегизбаев, Сүйүнбаев эбак эле өлкөдөн качып кеткен тура…

УКМКнын мурунку анабашчылары Абдил Сегизбаев менен анын орун басары Болот Сүйүнбаевдин өлкөдөн чыгып кеткени чындыкка жатпайт деген маалыматтарды укук коргоо органдары таратты. Бирок, бул экөө 7-апрель күнү кызматтан кетүү арыздарын […]

Чыныбай Турсунбеков суракка да УКМКнын “парадный” эшигинен кирем деп көшөрүптүр

Жогорку Кеңештин кассасынан накталай акча түрүндө уурдалган 30 миң АКШ доллары боюнча өткөн жумада УКМКга суракка барган Чыныбай Турсунбеков суракка да УКМКнын Эркиндик бульвары тараптагы “парадный” эшигинен кирем деп көшөрүптүр. […]

Видео – Кечээ Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арасында өзбек чек арачысы кыргызстандык жаранды атып салган учурунан видеотасма тарады

Кечээ, 7-апрелде таңкы саат 8:20да Аксы районунун Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында, өзбек чек арачылары Ф.М. аттуу 1984-жылы туулган кыргызстандык жаранды эч себепсиз атып өлтүрүшкөн. Кыргыз чек арачыларынын айтымында кыргызстандык […]

Кечээ эмнеге Атамбаев 7-апрель эскерүү иш чараларына келген жок? Сегизбаев менен Сүйүнбаев эмне үчүн кызматтарынан кетишти?

КР Президентинин басма сөз кызматы 6-апрель күнү, эртеси 7-апрелде өтө турган 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү эскерүү расмий иш чараларына президент Сооронбай Жээнбеков катыша тургандыгын жана ал иш чараларга экс-президенттер Роза Отунбаева […]

Казакстандын Актөбө аймагында кыргыз жарандары бараткан автоунаага куралдуу кол салуу болгон

Кечээ, 6-апрелде Казакстандын Актөбө аймагында Кыргызстандын мамлекеттик номерлүү В 8451 AI “Мерседес-Бенц 811” (бусик) автоунаага каракчылык менен кол салуу болгон, анын кесепетинен жүргүнчү катары келе жаткан Тажикстандын мурдагы жараны, учурда […]

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Атамбаев куруп кеткен саясий пирамида кулаар алдында турат»

— КСДПнын курултайы көптөн бери чакырылбай жатып, өттү, кандай таасир калтырды? — Экс-президент А. Атамбаев мөөнөтү бүтүп жатып, мен өзүм менен бүт эскилерди ала кетем, өзүм кайра саясатка кайтып келем, тигилер биротоло жоголот […]

Эшектен түшсө да ээрден түшпөй…

Марттын 17синде Аксы кыргынынын 16 жылдыгына карата “Форумдун” имаратында өткөрүлүмүш болгон СДПКчылардын жыйынында экс-депутат, кайсыл бир коомдук уюмдун мүдүрү болуп саналган экс-депутат Мискенбаевдин онтолоп окуган доклады Аксы окуясынын курмандыктарына багышталбай […]

Мыйзамдар күчтүү болсо, ууру-кескилер качып кирерге жер тапмай калышмак!

Саясий кырдаалдын, коомдук-саясий турмуштун аба-ырайынын өзгөрүшүнө түрткү берүүчү шарттардын бири катары күтүлүп жаткан, саясий аренадагы соңку кезде болгон окуялардын болуп өтүшү, чынында эле, кандайдыр бир деңгээлде таасир эте алды. Ал […]

“Республика-Ата Журтта” бунт чыкты

Өмүрбек Бабанов өлкөдөн алыс кетип, ошол жактан саясаттан биротоло кетерин, депутаттык мандатын тапшырып, партиясы менен иши болбой турганын билдиргенден бери, парламенттеги фракциясы жетим козудай кайсыл лидерди ээрчий турганын билбей калды. […]

Бүгүн Аксыда өзбек чек арачылары 34 жаштагы кыргыз жаранын атып өлтүрүштү

Бүгүн, 7-апрелде таңкы саат 8:20да Аксы районунун Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында, өзбек чек арачылары Ф.М. аттуу 1984-жылы туулган кыргыз жаранын эч себепсиз атып өлтүрүшкөн. Кыргыз чек арачыларынын айтымында кыргыз […]

Идрис Кадыркулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык  Кадыркулов Идрис Анарбекович  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун  […]

Болот Суюмбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана […]

Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Сегизбаев Абдил Кеңешевич берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз […]

Фотобаян – Президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Роза Отунбаева Апрель окуяларында курман болгондорду эскеришти, Алмаз Атамбаев келген жок

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде элдик Апрель революциясында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирүү таратты. Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин максатыбыз – өнүгүү жолубуздан тайбай, Кыргызстанды жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу өлкөгө айландыруу

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция күнүнө карата кайрылуусу. «Урматтуу мекендештер! Кыргыз элинин тарыхында жалпы журтубуз бир максатка биригип,өзүнүн майтарылбас эркин көрсөтүп, эркиндик каны менен кошо айланып, […]

Алмаз Атамбаев: “Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ туура айтты, биз аны бардык жактан колдошубуз керек”

Бүгүн, 6-апрелде экс-президент Алмаз Атамбаев  «Мекен шейиттери», «Айкөл-Ала-Тоо», «Эр Теги», «Апрель байрагы», «Айкөл  Таза коом», «Элдик сакчы», «Апрель баатырлары», «Орток шамы», «Мекен үчүн», «Элдик кайрат», «Патриот» жана «Каркыра» коомдук бирикмелери […]

Бул жакта кан төгүлүп жатканда, Максимдин жанында жүргөн Исаковдун апрель революциясы тууралуу ооз ачканга моралдык укугу барбы?

Бул жакта кан төгүлүп жатканда, Максимдин жанында жүргөн адам апрель революциясы тууралуу айтса айласыздан ырсаят экенсиң. Сапар Исаков борбордук аянтта кыргыздын азамат жигиттеринин (баары эле эмес) каны төгүлүп жаткан кезде […]

Болот Сүйүнбаев дагы “Форумга” чогулгандардын катарын толуктайбы?

31-март бир топ жетекчилердин кызматтык карьерасына балта чапкан күн болду. Мурунку ажону жандай коём деп Мамкүзөттүн чоңу Дамир эртеси кызматтан куулуп, “Форумга” барчу топтун катарын толуктады. УКМКнын орун басары, мурун […]

Алмаз Үсөнов өзүн дагы деле Илим Карыпбековго шеф сезеби?

Атамбаевдин учурунда Алмаз Үсөнов деген жигиттин жылдызы катуу жанганын эч ким тана албайт. Бакиевдик бийликтин маалымат кызматында кагаз ташыганга гана жарап, бир бурчта тынч олтурган жигит, кийинки бийликтин аппарат башчылыгына […]

Асылбекти түз кароого Фариддин духу жетпейби?

КСДПнын съезди табышмак болуп жаткан бүдөмүк ойлорго чекит коюп, эки достун достук мамилесине чекит коюлганын ачыктады. Бирок партия мүчөлөрү жыйналган жерге КСДПны түштүктө тааныткан, арка-бел болуп бекем туруп берген Асылбек […]

Абдиль Сегизбаев Сооронбай Жээнбековдун тарабына өтүп, ага кызмат кылууга даярбы?

Акыркы жеткен маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңеш толугу менен Атамбаевдин сыйкырынан ойгонуп, жаңы бийлик орногонуна көздөрү жетиптир көпчүлүк депутаттардын. Көпчүлүк коалициясы эртең-бүрсүгүнү ыдырап тарай турган абалга жеткени жашыруун эмес. Исаковдун өкмөтүн […]

Алмаз Атамбаев: “Кыргыздын “туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” деген сөзүн кыргыз бийлиги унутпашы керек”

Бүгүн, 6-апрелде экс-президент Алмаз Атамбаев Апрель окуяларынын 8 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады: Урматтуу кыргыз калкым, боордош бир туугандарым, урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн ак менен каранын ортосундагы күрөш орун алган – […]

Президент Сооронбай Жээнбеков эртеңки 7-апрель иш-чараларына экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмаз Атамбаевди кошо чакырды

Эртең, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл коюу аземине катышат. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз кызматы […]

Видео – Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Акыйкатчы Кубат Оторбаевди уятка чакырып, акцияга чыкты

Бүгүн, 6-апрелде укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун алдына нааразычылык акциясына чыкты. Анда ал Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин адам укугун коргоо жаатында өз милдеттерин татыктуу аткарбай жаткандыгына нааразычылыгын билдирди. “Бир […]

Сапар Исаковго аффилирленген “Ала-Тоо” ресторанындагы 200дөй кишинин ууланышынын себеби – бышырылган тоок этиндеги сальмонеллез бактериялары болуп чыкты

«Ала-Тоо» ресторанындагы 31-мартта өткөн тойдо 200дөй кишинин ууланып жыгылышынын себеби – алар тойдо жеген тоок этиндеги сальмонеллез бактериялары болуп чыкты. Бул тууралу бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык көзөмөл борбору […]

Укук коргоочу Рита Карасартова КР Генпрокурору Жолдубаевадан президент Жээнбековдун аброюн Атамбаевден коргоп берүүнү талап кылды

КР Башкы прокурору Индира Жолдубаевага кайрылуу 31-мартта экс президент Алмаз Атамбаев өзүнүн маалымат жыйынында КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтиргенин жалпы эл укту. Ал Президентибиздин колуна тийген кагазды баамдап […]

“Форум” ишканасына чогулуп жаткан реваншисттерге дагы кимдер кошулат?

Бийликтен такыр кеткиси келбеген кокуйлардын баары азыр Алма-Ата көчөсүндөгү Атамбаевге караштуу “Форум” ишканасына чогулуп, колдорунан аргасыз алдырган бийлигин канткенде артка кайтарып, реванш алабыз деп баш катырышууда. Өздөрү бийликте олтурган 6 […]