Шейшемби, 17 Июль, 2018 - 5:28
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

“The Economist”: немис банктарында Түркмөнстандын 23 миллиард доллары сакталган

Британиялык “The Economist” журналында жарыяланган макалага ылайык, Германия банктарында Түркмөнстанга таандык 23 миллиард доллар бар. Материал ” Түркмөнстан калктын жапырт эмиграциясын токтотуу үчүн өзгөчө ыкма ойлоп тапты” деген аталыш менен […]

Казакстанда Аблязовдун тарапташы Асет Абишев камалды

Алматыда эки айга активист Асет Абишев камакка алынды. Бул тууралуу Фейсбукка анын адвокаты Гүлаим Сыдыкова жазды. Асет Абишевге “Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу”, “Кылмыштуу уюмду каржылоо” беренелери боюнча айып тагылууда. […]

Тажикстанда күйөөсүн Орусиядан кайтаргысы келген аял 9 айлык баласынын денесине 10 ийнени өзү сайган

Тажикстандык аял күйөөсүн Орусиядан кайтаруу үчүн 9 айлык баласынын денесине 10 ийнени атайын киргизүүгө шектелүүдө. Тажикстан ИИМи билдиргендей, 27 жаштагы Рудаки районунун тургунуна карата “Адам өмүрүнө оор зыян келтирүү” беренеси […]

Өзбекстанда аялдарды жылаңач чечинүүгө мажбурлаган тергөөчү камалды

Самарканд облусунун Каттакурган шаарындагы базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды жылаңач чечинтип, кордоого айыпталган тергөөчү Санат Умаров камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасы кабарлады. Каттакурган шаардык ички иштер […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын борбору Астананын 20 жылдыгына карата салтанатка катышууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Астана шаарына бир күндүк визит менен Казакстан Республикасынын борборунун 20 жылдыгына карата иш-чараларга катышуу үчүн барды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы […]

Тажикстан банктары кардарларды эстрада жылдыздары аркылуу тартышууда

Тажикстанда «Арванд» деп аталган микрокредиттик уюм белгилүү аткаруучу Жонибек Муродовду бир күн каржы кеңешчи болуп иштеп берүүгө чакырды. «Бул күнү силер белгилүү аткаруучу менен сүрөткө түшүп, ошол эле маалда депозитик […]

Өзбекстанда аялдарды жылаңач чечинүүгө мажбурлаган милиция офицери иштен алынды

Өзбекстан милиция кызматкерлери (архив) Өзбекстандын Каттакурган шаардык милиция бөлүмүндө жергиликтүү базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды жылаңач чечинтип, кордоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Шаардык милиция башкармалыгынын аты-жөнүн билдиргиси […]

Өзбекстанда эски паспорттордун мөөнөтү узартылды

Өзбекстан өкмөтү эски, биометрикалык эмес паспорттордун мөөнөтүн 2019-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Тиешелүү токтом 30-июнда кабыл алынган. Юстиция министрлиги Telegram-каналында билдиргендей, биометрикалык эмес паспорттор бул мөөнөткө чейин чет өлкөгө чыгуу-кирүү учурунда […]

Казакстан Астана жана президенттин туулган күнүн белгилөөдө

Казакстанда бүгүн Астананын 20 жылдыгы белгиленүүдө. Мамлекеттик майрам президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө туш келди. Казак лидери 78 жашка чыкты. Астана президент Назарбаевдин демилгеси боюнча 1997-жылы өлкө борбору Алматыдан Акмоло […]

Назарбаев: «Астана аймактын башкы каржы хабына айланышы керек»

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн демилгеси менен негизделген «Астана» аттуу Эл аралык каржы борборунун ачылышына катышты. Анда Назарбаев борбордун ачылышы «экономиканын ырааттуу жана туруктуу өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам» экенин белгиледи. Мамлекет […]

Ташкентте банк тоноого аракет кылган украин жарандары кармалды

Ташкентте Orient Finans Bank деп аталган жеке коммерциялык банкты тоноого аракет кылган деген шек менен Украинанын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстан Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Укук […]

Тажикстанда кардарларына ВИЧ жуктурган сойкунун иши сотко жетти

Тажикстандын Шаартуз райондук прокуратурасы 10 кишиге ВИЧ-инфекциясын жуктурууга айыпталып жаткан жергиликтүү тургундун иши сотко жөнөтүлгөнүн билдирди. Азырынча сот жараянынын датасы белгилене элек. Прокуратуранын маалыматына караганда, айыпталуучу 30 жашта жана анын […]

Ашхабадда интернет байланышы кайрадан үзгүлтүккө учуроодо

Ашхабадда интернет байланышы кайрадан жапырт үзгүлтүккө учуроодо. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. «Ашхабадда интернеттин ылдамдыгы дээрлик токтоп калды. Аймактарда абал кандай экенин элестетүү кыйын. Биз төлөп жаткан акча үчүн (айына […]

Тажикстан жашоочулары кайрадан фамилияларын орусчалаштырууда

Тажикстандын миңдеген жашоочусу аты-жөнүн жазууда кайрадан «-вич» жана «-ов(-ев) суффикстерин колдонууга өтүштү. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн алдындагы Тил жана терминологиялар боюнча комитеттин жооптуу кызматкери Абдурахим Зулфониён билдирди. «Биздин комитеттин адистери […]

Мирзиёев Астана шаарынын 20 жылдык мааракесине катышат

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 5-июлда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Астанага барат. «Мамлекет башчы 6-июлда Астана шаарынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанатка катышат. Мындан тышкары Казакстандагы сапары учурунда эки […]

Видео – Лейлекте май куюучу жайдагы өрттө Кыргызстан жана Тажикстан жарандары жабыркады

Баткендин Лейлек районундагы май куюучу станциядагы өрттөн төрт киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, алардын бири Кыргызстандын, калганы Тажикстандын жарандары. Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш аймакка жакын жайгашкан станциялардын биринде […]

Видео – Самарканд милиция бөлүмүндө аялдарды жылаңач чечинтип кемсинтишкен

Өзбекстандын Самарканд облусундагы Каттакурган шаардык милиция бөлүмүндө жергиликтүү базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды жылаңач чечинтип, кемсинтишкен. Укук коргоо органдарынын мындай мыйзамыз аракеттери тартылган видеожазуу “Озодлик” радиосунун редакциясына 4-июлда […]

Түркмөнстандын Беларуска карызы 43 млн долларды түздү

Түркмөн компанияларынын Беларуска карызы 2018-жылдын биринчи чейрегинде 6 эсеге көбөйүп, 85 миллион рублды (43 миллион долларга жакын) түздү. “Хартыя97” басылмасы билдиргендей, Түркмөнстандагы эң ири чет өлкөлүк долбоор – Гарлык калий […]

Өзбекстанда Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча кино тартыла баштады

Азыр тасма тартуу Өзбекстандын Наманган облусунун Нанай жана Гова айылдарында жүрүп жатканын “Дан” продюсердик борборунун жетекчиси Паризат Жакыпбекова  билдирди. Тасма Намангандан кийин Ысык-Көл менен Ташкент облусунда да тартылат. Фильмди Кыргызстандын […]

Казакстандык активисттер АКШда “бийлик транзитин” талкуулашты

“Жаңы Казакстан форуму” коомдук уюмунун өкүлдөрү 4-июлда басма сөз жыйынын өткөрүп, АКШга болгон сапарлары учурунда Казакстандагы “бийлик транзити” жана сөз эркиндиги темаларын көтөрүшкөнүн айтышты. Саясат таануучу Расул Жумалы билдиргендей, “Жаңы […]

Астанада ачкачылык жарыялаган үлүшчүлөр жоопкерчиликке тартылышты

Астанада ачкачылык жарыялаган үлүшчүлөр административдик жоопкерчиликке тартылышты. 3-июлда Астана полициясы шаардагы «Комсомольский» турак-жай комплексинин курулушун бүткөрүүнү талап кылып акцияга чыккан бир нече үлүшчүнү кармап кеткен. Үлүшчүлөрдүн бири Гүлнара Касымованын айтымында, […]

Тажикстанда баалар мамлекет тарабынан көзөмөлдөнө баштайт

Тажикстан өкмөтү биринчи иретте керектелүүчү 16 өнүм жана товардын баасын мындан ары жөнгө салмай болду. Токтомго өлкө президенти Эмомали Рахмон кол койду, анын аткарылышын көзөмөлдөө Монополияга каршы агенттикке жүктөлдү. Баалары […]

Түркмөн-ооган чек арасында 25тей түркмөн жоокери окко учканы кабарланууда

“Азатлыктын” түркмөн радиосу түркмөн-ооган чек арасындагы атышууда 25тей түркмөн жоокеринин өлгөнүн маалымдады. Түркмөнстандын өкмөттүк басылмалары бул кабарды четке каккан билдирүүлөрдү таратышты. “Азатлыктын” түркмөн кызматынын билдиришинче, үч жума мурун Ооганстандын Бадгис […]

Өзбекстандын балдар үйлөрүндө видеокамералар орнотулат

Маргилан жана Ташкент облусундагы кыйноо окуяларынан кийин бардык балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда камералар орнотулат. Бул тууралуу Өзбекстандын башкы прокуратурасы билдирди. «Бул чуулгандуу иштер, чектен чыккан фактлар. Учурда бардык облустарда, аймактарда […]

Тажикстанда 9 айлык наристенин денесинен 10 ийне табылды

Тажикстанда дарыгерлер 9 айлык наристенин денесинен 10 ийне табышты. Медиктер бала аларды өзү жутуп алмак эместигин айтышууда. Рентген аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгында ийнелер наристенин баш сөөгүндө, мурдунун төмөнкү бөлүгүндө, буттарында, моюнунда, […]

Тажикстанда Баткенде “туткунга алынган” чек арачылар жазаланды

Тажик бийлиги жаңжал учурунда өзүн-өзү коргой албай, куралдарын тарттырып, кыргыз кесиптештери тарабынан кармалган чек арачыларды жазалады. Бул тууралуу Тажикстандын күч түзүмүндө иштеген өз булак билдирди. Өз булактын айтымында, тажик чек […]

Түркияда сойкулук менен алектенген ондогон өзбекстандык аялдар кармалды

Түрк укук коргоо органдарынын Болу, Аланья жана Трабзон шаарларындагы атайын операциясынын алкагында өзбекстандык жеңил ойлуу ондогон кыздар кармалды. Өзбекстандын Түркиядагы элчилиги адам соодалоого каршы күрөшүү боюнча эки өлкө тыгыз кызматташарын […]

Астанада коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Астананын 20 жылдыгына карата өтө турган иш-чараларга байланыштуу полиция шаардагы коопсуздук чараларын күчөттү. Мындай маалымат Астана акимчилигинин расмий сайтына жарыяланды. Казакстан борборунун 20 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 8-июлга чейин шаарда 75тен […]

Ашхабаддыктар 47 градус ысыкта суусуз калды

Ашхабаддын борборунда жайгашкан бир нече кичирайон акыркы төрт күндөн бери суусуз калды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, суу берүү 29-июнда токтотулган. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, жашоочулар жергиликтүү бийликке арыз менен кайрылышты. Ашхабадда абанын […]

Тажикстандык кыздар үчүн чет өлкөлүктөрдү $50 миң өлчөмүндө калың төлөтүү сунушталууда

Белгилүү тажик акыны Адиба Азиз өлкөнүн мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, Тажикстандагы кыздарга үйлөнгөн чет өлкөлүктөрдү 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө калың төлөтүүгө милдеттендирүүнү сунуштады. Акындын бул сунушу социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу […]

Өзбекстанда маяна, пенсия, стипендия көбөйөт

Өзбекстанда 15-июлдан тарта айлык маяна, пенсия жана стипендия орто эсеп менен 1,07 эсеге көбөйөт. Тиешелүү буйрукка 2-июлда президент Шавкат Мирзиёев кол койду. 15-июлдан тарта эң аз айлык акы – 184, […]

Казакстандын тышкы карызы кыскарууда

2018-жылдын 1-апрелине карата Казакстандын тышкы карызы 166,6 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкы билдирди. Расмий маалымат боюнча өлкөнүн тышкы карызы бир жыл ичинде 0,8 миллиард долларга азайган. Ал […]

Эмомали Рахмон: Туристтерден пара талап кылгандар – улут саткындары

Тажикстан президенти чет өлкөлүк туристтерден жана саякатчылардан пара талап кылып, орой мамиле жасаган күч түзүм кызматкерлерин катуу жазалоону тапшырды. “Мындай кишилерди улут саткындары катары жарыялоо керек”, -деп билдирди Эмомали Рахмон […]

Түркмөн президентинин аргымагы Гиннестин рекорддор китебине кирди

Түркмөнстан кезектеги жолу Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул жолу рекордду түркмөн президентинин аргымагы көрсөттү. Түркмөн ММКлары билдиргендей, Бердымухаммедовго таандык Ахалтекин жылкы комплексинин күлүгү арткы буттары менен чуркоодо 10 метр аралыкта […]

Өзбекстанда 15 жыл мурун өлгөн аялдан коммуналдык карыз төлөөнү талап кылышууда

Өзбекстанда Мажбурлап аткартуу бюросу Наманган облусунун жашоочу Мархабат Эшматовага электр энергия жана газ үчүн карыздарды төлөө керектигин талап кылган билдирме жөнөттү. Бирок Эшматованын туугандары аял он беш жыл мурун өлгөнүн […]

“Тажик Эйр” авиакомпаниясынын учагы чукул конууга мажбур болду

Москвадан Худжанд шаарына учуп бараткан “Тажик Эйр” компаниясынын учагы шашылыш түрдө “Домодедово” аэропортуна конууга аргасыз болду. Авиакомпаниянын маалымат кызматы билдиргендей, 2-июлда Boeing‐737 жүргүнчү учагы салондо жылчыктын пайда болушунан улам, аэропортко […]

Өзбекстанда кол алдындагыларды кемсинткен чиновник иштен алынды

Өзбекстандын Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкери Наманган облусундагы Уйчи районунун Мажбурлап аткартуу бюросунун башчысы Шерали Мамаризаев кол алдындагыларды кемсинткендиги үчүн жумуштан алынды. Ал кызматкерлерди «келемиш, айбан жана салпаяк» деген жаман сөздөр […]

Казакстан виза берүү тартибин жеңилдетүүдө

Астана чет өлкөлүктөргө виза берүү тартиптерин жеңилдетүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. «Казакстанга келе турган чет өлкөлүктөргө чакыруу берүү мөөнөтү кыскартылды. Эми чакыруу — виза ала турган адамдын […]

Тажикстан: ири өрттөн кийин базардын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жакында эле өрт чыккан Душанбедеги «Султони Кабир» базарынын жооптуу кызматтагы адамдарына айып тагылып, кылмыш иши козголду. Тергөөнүн версиясы боюнча 2-июндагы өрттүн чыгуу себептеринин бири — аталган адамдардын өз милдеттерине «көңүл […]

Бердымухамедов Мирзиёевди Ашхабадга келип кетүүгө чакырды

Өзбекстан жана Түркмөнстан президенттери Шавкат Мирзиёев (оңдо) менен Гурбангулы Бердымухамедов. Өзбекстандын жана Түркмөнстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди. […]

Кыргызстан Казакстанга өткөрүп берген активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев эки айга камалды

Кыргызстан Казакстанга өткөрүп берген активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев тергөө аяктаганга чейин эки ай камакта болот. Бул тууралуу анын адвокаты Гүлнара Жуаспаева билдирди. – Алмалы райондук соту Тунгышбаевди үй камагына […]

Казакстан Орусиядагы бизнесменин экстрадициялоо аракетинде

Казакстан Башкы прокуратурасы Москвада үй камагында отурган бизнесмен Жомарт Ертаевдин Орусияда жашоо укугу жокко чыгарылганын билдирди. Казакстан Ертаевди мекенине кайтарууга аракет көрүүдө, ал коммерциялык «Bank RBK» банкынан миллиондогон долларларды уурдоого […]

Ирактан жашы жете элек эки тажик жараны кайтарылды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ирактан жашы жете элек эки тажик жараны кайтарылганын билдирди. Маалыматка караганда, алар Душанбеге 28-июнда эртең менен алып келинди. Мекемеден балдардын укуктарына таянып, мекенине кайтарылган жарандар тууралуу […]

Түркмөнстанда дыйкандар мамлекеттин колдоосуна муктаж

Түркмөнстандын Лебап жана Дашөгүз облустарында дыйкандар айыл чарба азыктарын өндүрүү үчүн мамлекеттен убагында керектүү жардам ала албай жатышат. “Быйыл пахта эгүү үчүн эч кандай минералдар берилген жок. Июль жакындап калды, […]

Видео – Самаркандда тарыхый имаратты буздурбай сактап калышты

Самарканддагы тарыхый имарат 28-июнда Самарканд облустук соту ЮНЕСКОнун коргоосундагы имарат жайгашкан жер тилкесин Max Real Stroy Invest компаниясына берүү тууралуу шаар бийлигинин чечимин жокко чыгарды «Эми Пушкин көчөсүндө жайгашкан №3 […]

Назарбаевдин Коопсуздук кеңешти өмүр бою башкаруусу Конституцияга шайкеш келет деп таанылды

Казакстан Конституциялык кеңеши Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу укугун берген мыйзам долбоорун Конституцияга шайкеш келет деп тапты. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин расмий сайтында кабарланды. 19-июнда президент Нурсултан Назарбаев […]

Тажикстанда 14 жаштагы окуучу 7 жаштагы кызды зордуктоо окуясынан кийин мектеп директорлору иштен алынды

Гиссар районунда 14 жаштагы окуучу 7 жаштагы кызды зордуктоого шектелгенден кийин өспүрүм окуган мектептин директору кызматтан алынды. Аны менен кошо зордуктоого кабылды делген кыз окуган мектептин директору дагы жумуштан бошотулду. “Мындай […]

Түркмөн бийлиги спутник антеналарга каршы күрөштү кайра баштады

Түркмөн бийлиги айылдарда спутник антенналарды алып таштоо боюнча иштерди күчөттү. Жергиликтүү аткаминерлер элет тургундары менен жолугушуп, антенналарды орнотпоо боюнча тушүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. “Азатлык” радиосу кабарлагандай, Дашөгүз облустук администрация жетекчилиги бюджеттик […]

Өзбекстандын Каршин районунда план аткара албаган фермерлерди раймилиция башчысы сабаган

Буудай тапшыруу боюнча план аткара албай калган Кашкадарыя облусунун Каршин районунун фермерлери райондук милициянын башчысы тарабынан катуу сабалды. Жабырлануучулардын айтымында, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси фермерлерди эки сапар сабап, коңшу […]

“Эркин Европа/Азаттыктын” вице-президенти өзбек бийлик өкүлдөрү менен жолукту

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун вице-президенти жана башкы редактору Ненад Пежич 28-июнда Ташкентте Өзбекстан өкмөтүнүн өкүлдөрү, анын ичинде президент Шавкат Мирзиёевдин басма сөз катчысы Камил Алламжонов менен жолукту. Жолугушууда Өзбекстанда “Эркин Европа/Азаттык” […]