Ишемби, 22 Сентябрь, 2018 - 10:05
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Назарбаев: Бактылуу болуш үчүн сөзсүз президент болуу керек эмес

«Ата-энелер балдарына сен сөзсүз билим алышың керек, президент болосуң деп айтышат. Мен каршы эмесмин, президент боло беришсин. Бирок ал баланын мээсине сиңип калат. Качан андай болбой калганда ал кескин өзгөрүп […]

Казак парламенти дактилоскопиялык каттоо мыйзамын кабыл алды

Казакстан парламенти шаршембиде “Геномдук жана дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке ылайык, жарандардын манжаларын жана алакандарын сканерден өткөрүү каралган. Бул мыйзам долбоору адамдардын тек-жайын аныктоону жөнөкөйлөштүрүү […]

Өзбекстандагы президенттик шайлоо маалында өлкө чек аралары ачык болот

Президенттик шайлоо маалында Өзбекстандын чек аралары ачык болуп, адамдардын өлкөгө кирип чыгуусунда эч кандай чектөөлөр болбойт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКларга Өзбекстандын юстиция министри Музраф Икрамов билдирди. Буга чейин өзбек жарандарынын […]

Өзбекстан валюта саясатын либералдаштырат

Өзбекстанды 2017-жылы валюта саясатын масштабдуу түрдө либералдаштыруу күтүп турат. Реформа ички валюта базарын өнүктүрүүгө жана эффективдүүлүгүн арттырууга, ошондой эле ишкер субъекттер үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүк шарттарын жакшыртууга багытталган. Валюта саясаты […]

Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы бир айдан кийин башталат

Дүйшөмбү менен Ташкенттин ортосундагы аба каттамдар 2017-жылы январда кайра жанданат. Бул тууралуу келишимге Тажикстан менен Өзбекстан 30-ноябрда жетишти. Ташкент-Дүйшөмбү жана Дүйшөмбү-Ташкент каттамдарын “Сомой Эйр” жана “Өзбекстан аба жолдору” авиакомпаниялары жүргүзөт. […]

ЕБ жана АКШ Астананы жер реформасына каршы чыккан эки адамды бошотууга чакырды

ЕБ жана АКШ Астананы жер реформасына каршы чыккан эки адамды бошотууга чакырды Казакстандын Атырау шаардык соту жерди чет өлкөлүктөргө көп жылдык ижарага берүүгө каршы чыккан активисттер Талгат Аян жана Макс […]

Казакстанда Назарбаевдин кезектеги эстелиги ачылды

Казакстанда расмий белгиленген Биринчи президенттин күнүндө Талдыкоргондо Нурсултан Назарбаевдин эстелигинин ачылышы болду. Ал учурда өлкөнүн биринчи жана азырынча жалгыз президенти болуп эсептелет. Эстелик Алматы облусунун административдик борбору эсептелген мамлекеттик символдор […]

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу иликтенүүдө

Тажикстан талаштуу чек арага тажик чек арачылары кирип келип, эскертүү иретинде асманга ок чыгарганын четке какты. Окуя 28-октябрь күнү Баткен облусунун Миң-Өрүк айылына жакын жерде болгон. Тажикстандын 3-ноябрда тараткан расмий […]

Каримовдун небереси: Менин энемди Ташкентте үй камагында кармашууда

Гүлнара Каримованын уулу Ислам чоң атасы өлгөндөн кийин дээрлик үч ай өткөн соң Би-Би-Синин өзбек кызматына маек берип, апасынын тирүү экенин айтты. Кенже Ислам Каримовдун айтымында, апасы атайын кызматтын көзөмөлү […]

Ташкент ЕАЭБге кирүү планы жок экенин билдирди

Өзбекстан Москва жетектеген Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнү пландаган жок. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы экономикалык мамилелер министринин орун басары Шавкат Толаганов 29-ноябрда маалымат жыйыны учурунда билдирди. Чиновниктин айтымында, өзбек эксперттери аталган […]

Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун биринчи бөлүгү ачылды

28-ноябрда Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун биринчи бөлүгү ачылып, ага Түркмөнстан менен Ооганстандын президенттери катышты. Ооганстандагы Лажуверт темир жол бөлүгү чоң мааниге ээ. Ал жол Түркмөнстан менен Европаны байланыштырат деген үмүттөр бар. […]

АКШ Тажикстанды сөз эркиндигин камсыздоого чакырды

АКШ “Азаттыктын” тажик кызматынын алты кабарчысынын аккредитациясын жокко чыгаруу тууралуу Тажикстан ТИМинин чечимине кабатыр экенин билдирди. АКШнын Тажикстандагы элчилигинин 29-ноябрдагы билдирүүсүндө журналисттер демократиялык коомдун жашоосунда маанилүү ролду ээлей турганы айтылган. […]

Өзбекстан ТИМ башчысы АКШ мамкатчысынын жардамчы орун басары Уильям Тодду кабыл алды

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 29-ноябрда АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Уильям Тодду кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы билдирди. […]

Назарбаев камактагылар үчүн мунапыс жарыялоону сунуштады

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев камактагылар үчүн мунапыс жарыялоону сунуштады. «Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү» мыйзам долбоору парламент мажилисине жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги билдирүүдө. Документке ылайык, өспүрүм […]

Пан Ги Мун Ашхабаддагы БУУнун имаратын “өтө элеганттуу” деп атады

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадга атайын сапары менен келген БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мунду кабыл алды. Уюмдун жаңы имаратын ачууга арналган салтанатка Түркмөнстандагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жана […]

Худжанд түрмөсүнөн качып кеткен кылмышкер кармалды

Худжанддагы түрмөдөн качып кеткен Амонуллохон Носири Исфара шаарында кармалды. Кылмышкерди кармоо боюнча операция ишемби күнү кечинде болду. ИИМ маалымдагандай, учурда  колониядан качуунун себептери жана жагдайлары териштирилүүдө. Акыркы жолу ал атайын […]

Өзбекстандагы президенттик шайлоону 1,3 миң журналист чагылдырат

Өзбекстандагы президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 1306 жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММК каттоодон өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет. Шайлоо жараянында ачык-айкындуулукту жана расмий маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында шайлоо […]

Актөбөдөгү кол салуунун жети катышуучусу өмүр бою эркинен ажыратылды

Казакстанда сот Актөбөдөгү куралдуу кол салуунун жети катышуучусун өмүр бою эркинен ажыратты. “Интерфакс” кабарлагандай, дагы эки адам 22 жана 25 жылга түрмөгө кесилди. Актөбөдө 5-июнда ондогон киши курал саткан дүкөндү […]

Өзбекстан менен Түркмөнстанды бириктирген көпүрө курулууда

2017-жылдын башында Өзбекстан менен Түркмөнстанды байланыштырган көпүрөлөр пайдаланууга берилет. Бул тууралуу кечээ Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов билдиргенин Uzbekistan Today басылмасы жазды. Түркмөнстан башчысы Ашхабадда өтүп жаткан БУУнун туруктуу транспорт боюнча […]

Видео – Тажикстанда президенттин китебине эстелик орнотулду

Гиссарда Тажикстан президентинин «Тажиктер тарыхтын күзгүсүндө» аталышындагы китебине эстелик орнотулду. Ачык турган чоң китеп көрүнүшүндөгү скульптуранын салмагы бир тоннаны түзөт. Акыркы 20 жыл аралыгында мамлекет башчы тарабынан ондогон китептер жазылган. […]

Казакстандык эки активист беш жылга соттолду

Атырау соту жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аяндын ар бирине карата беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Алар «жер маселеси боюнча» митингдерге катышкандан кийин камакка алынышкан. Сот активисттерди «кастыкты […]

Ташкентте Ислам Каримов аянты пайда болот

Өзбекстан борборунда Ислам Каримовдун урматына жаңы аянт ачылат. Мындай сунушун президенттикке талапкер, Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев шайлоочулар менен болгон жолугушуусу маалында айтты. Жаңы ачылчу аянтка өлкөнүн биринчи президентинин […]

Тажик ТИМи “Азаттык” кабарчыларынын аккредитациясын жокко чыгарды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттыктын” тажик кызматынын алты кабарчысынын аккредитациясын жокко чыгарды. Өкмөт мындай кадамга Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун кызынын министрликке ишке дайындалышы тууралуу жаңылыктан улам барды. Ага чейин министрлик […]

HRW Казакстанды жумушчулардын укугун бузууга айыптоодо

HRW уюмунун жаңы баяндамасында Казакстанда жумушчулардын укугу бузулуп, жыйындарга чогулуу, биригүү жана иш таштоо эркиндиги сакталбай жаткандыгы сынга алынган. Укук коргоочулар эмгек кодексин жана кесиптик кошуундар боюнча мыйзамды эл аралык […]

Өзбекстанда абактагы саясатчы эркиндикке чыкты

Өзбекстан бийлиги 23 жылдан бери түрмөдө жаткан саясатчы Самандар Кукановду бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 72 жаштагы саясий туткундун туугандарына ИИМдин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы кабарлады. Жогорку Кеңештин мурдагы […]

Худжандда түрмөдөгү кылмышкер качып кетти

Худжанд шаарынын түрмөсүндө жаткан адам качып кетти. Согди облусунун күч түзүмдөрү 24-ноябрда качкынды кармоо операциясын башташты. Түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин биринин айтымында, кылмышкер Исфаранын жашоочусу болгон жана ал 24-ноябрь күнү түштөн […]

Өзбекстанда президенттик шайлоо үчүн алдын ала добуш берүү башталды

Өзбекстанда 4-декабрга белгиленген президенттик шайлоо үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды. Мамлекет башчылыгына президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Шавкат Мирзиёев, Өзбекстан элдик-демократиялык партиясынан Хатамжон Кетмонов, «Миллий Тикланиш» партиясынан Сарвар Отамуратов […]

Назарбаев бийликти мураскорго өткөрүп берүүнү көздөбөйт

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Bloomberg агенттигине берген маегинде бийликти мураскерге өткөрүп берүү оюнда жок экенин билдирди. – Бийликти өткөрүп берүү жол-жобосу Конституцияда жазылган. Баары мыйзам чегинде болот. Балдарымды мураскер катары […]

Тажик дзюдочусу ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду

Белгилүү тажик балбаны Парвиз Собиров АКШда өткөн дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта (Veterans World Judo Championships 2016) жеңишке жетти. Парвиз Собиров М2 тобунда 100 килограммга чейинки салмак категориясындагы болжолдуу […]

Астанага Назарбаевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда

Парламент Мажлисинин депутаты Куаныш Султанов Астана шаарынын аталышында Нурсултан Назарбаевдин ысымын чагылдырууну сунуштады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө. Парламент жыйынында депутат эгемендүүлүктүн улуу жолун түбөлүк сактоо керектинин айтып, борбор шаарга […]

Түркмөн президентинин уулу депутат болуп шайланды

Түркмөн президентинин жалгыз уулу Сердар Гурбангулыевич Бердымухамедов 20-ноябрда парламент депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирүүдө. Өткөн жекшембиде үч шайлоо округунда парламенттен кеткен депутаттардын ордуна шайлоо болуп өттү. Ахал […]

Тажикстанда көмүрдү мол камдоо сунушу берилди

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети жашоочуларды кыш мезгилинде көмүр камдап алууга чакырды. Мекеме таркаткан билдирүүдө жеке турак-жайда жашагандарга ашыгы менен отун алуу кеңеши берилет. «Өтө суук болушу мүмкүн деген эскертүү алган […]

Казакстандын айрым облустарында автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө кирди

Чыгыш-Казакстан, Павлодар, Алматы жана Жамбыл облустарында аба ырайынын начарлашынан улам автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар “Казакавтодор” мамлекеттик ишканасына шилтеме берүү менен кабарлашууда. Чыгыш-Казакстанда сууктун күчү 30-35 градуска […]

Өзбекстанда студенттер үчүн пахта талааларындагы “сүргүн” аягына чыкты

Өзбекстанда бийлик ар жылы бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди, анын ичинен мугалим, дарыгер жана студенттерди мажбурлап пахта жыйноого жөнөтөт. Орточо эсеп менен 200 000 студент эки айга чейин түшүм чогултуу үчүн […]

Ашхабад «ак алтындын» кезектеги көргөзмөсүнө даярданууда

3-4-декабрь күндөрү Ашхабадда «Түркмөнстандын пахта өндүрүмү жана дүйнөлүк базар» аталышындагы эл аралык VI көргөзмө өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты. Түркмөн бийлигинин билдирүүсү боюнча жыл сайын өтчү иш-чара тажрыйба алмашуу, […]

Өзбекстанда дагы төрт эркин экономикалык аймак ачылат

Өзбекстандын Самарканд облусунун Ургут районунда, Бухара облусунун Гиждуван районунда, Фергана облусунун Кокон шаарында жана Хорезм облусунун Хазарасп районунда эркин экономикалык аймактарды түзүү пландалууда. Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин жарлыгынын долбоору […]

Казакстанда “жер митингине” катышкан эки активист 8 жылдан түрмөгө кесилиши мүмкүн

Казакстанда соттолуп жаткан жарандык активисттер  Макс Бокаев менен Талгат Аян жарыш сөз учурунда сүйлөөдөн баш тартышты. Прокуратура аларды сегиз жылдан түрмөгө кесүүнү сурады. Активисттер кастыкты козутууга, жалган маалымат таркатууга, мыйзамсыз […]

Тажикстанда армияда ыдык көргөн жоокерге 41 миң сомони компенсация берилет

Дүйшөмбү гарнизонунун Аскер соту тажик чек ара аскер бөлүгүнүн майып болуп калган жоокери  Шахбол Мирзоевге 41 миң сомони ( 5000 доллар тегерегинде) төлөп берүүгө милдеттендирди. Компенсация моралдык жана материалдык зыян […]

Орусия Тажикстанда диссертация жактоого чектөө киргизди

Орусиянын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссия Тажикстандын Билим берүү академиясынын доктордук жана кандидаттык диссертацияларды жактоо боюнча Илимий кеңешинин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу Билим берүү академиясынын […]

Казакстандын Кашаган кенинде мунайды коммерциялык өндүрүү башталды

Ушул жылдын ноябрынан тарта Кашаган долбоору коммерциялык деңгээлге чыгып, суткасына 75 миң баррелден көп мунай өндүрүүгө өттү. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев мажилистеги өкмөттүк саат маалында билдирди. Министр […]

Президенттик шайлоого карата Өзбекстанга байкоочулар бара баштады

Өзбекстанга КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар тобу барды. Адистер даярдык көрүү иштерин баштаганы кабарланууда. КМШдан барган байкоочулардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Ташкентте миссиянын штабы иштейт. Анын максаты — шайлоо жараянынын жүрүшү тууралуу материалдарды […]

Видео – Тажикстанда диний партиянын имараты саймачыларга берилди

Куляб шаарынын бийлиги Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын шаардагы имаратын “Чакан” компаниясына жеке менчикке берди. Имарат эки жылдан бери жабык турган. “Чакан” компаниясынын башчысы Зариф Валиев билдиргендей, жаңы жайга жабдууларды орноткондон […]

Казакстанда «Байтерек Development» компаниясынын топ-менеджерлери кармалды

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюро өткөн аптада жемкорлукка шектелип «Байтерек DEVELOPMENT» компаниясынын топ-менеджерлеринин кармалганын жарыялады. «Байтерек DEVELOPMENT» жетекчилигине пара берген курулуш компаниясынын өкүлдөрү дагы камалды. Антикоррупциялык кызмат билдиргендей, сот […]

Өзбекстан түрк жарандары үчүн визаны жоёт

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Өзбекстан түрк жарандары үчүн визаны жоюшу мүмкүн экенин билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелердин жаңы барагы ачылганын басма сөз жыйыны учурунда айтты. Түркия президенти […]

Астанада катуу сууктан улам бензин тартыштыгы жаралды

Казакстан бийлиги АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгына жана анын кымбаттоосуна карата чара көрүүдө. Бул тууралуу Астана шаарынын акими  Асет Исекешевге шилтеме кылып «Казинформ» агенттиги билдирди. Калың жааган кардан улам акыркы үч […]

Ташкент менен Дүйшөмбү гидроэнергетика жана чек ара маселелерин талкуулашты

Өзбекстан менен Тажикстан чыр-чатактуу тилкелер боюнча сүйлөшүп, чек араларды укуктук негизде каттоого тиешелүү маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМи 20-ноябрда билдирди. Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 15-18-ноябрь аралыгында Тажикстандын […]

Орусияда каза болгон жети тажик мигранттын сөөгү мекенине жеткирилет

Тюмен облусунун Юргин айылынан алыс эмес жердеги “Абсолют Агро” тоок фабрикасынын курулуш аянтчасында19-ноябрда түнүчүндө болгон өрттөн каза болгон жети тажик мигранттын сөөгү мекенине 23-ноябрда жеткирилет. Орусиянын Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда […]

Түркмөнстандын коопсуздук министри экинчи жолу катуу сөгүш алды

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов  акыркы бир жарым айдын ичинде өлкөнүн коопсуздук министрине экинчи жолу сөгүш жарыялады. Ал сөгүштү кызматын так аткарбай, өздүк курамдагы тартипти начарлатып жибергенине байланыштуу алды. Президент улуттук […]

Авариядан улам Алматыдагы бир нече кичи район жылуулуксуз калды

Авариядан улам бүгүн Алматынын батыш бөлүгүндөгү бир канча кичи райондун жашоочулары жылуулуксуз калышты. «Алматы жылуулук тармактары» компаниясы жума күнү саат 8ден тарта Калкаман кичи районундагы керектөөчүлөр жылуулук берүү системасынан 20 […]

Эрдоган иш сапары менен Өзбекстанга келди

Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган иш сапары менен Өзбекстанга келди. Анда ал өлкөнүн жогорку кызматтагы расмий адамдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Эрдоган Өзбекстанга 17-ноябрь күнү кечинде учуп келди. Бүгүн анын Өзбекстан […]