Шаршемби, 20 Сентябрь, 2017 - 6:26
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

142 өлкө БУУну реформалоо сунушун колдошту

Дүйнөнүн 142 өлкөсү, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Германия жана Жапония Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо сунушун колдошту. Бул тууралуу дүйнөлүк уюмдун алдындагы америкалык дипломатиялык миссиянын сайтындагы расмий документте айтылат. Декларацияга […]

АКШ Украинанын коргонуусуна 500 млн доллар бөлөт

18-сентябрда АКШнын Сенаты коргонуу саясаты тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Ага ылайык, Украинанын коопсуздук жана коргонуу тармактарын колдоо үчүн 500 миллион доллар бөлүнүп берилет. “Мыйзам долбоорунда биздин өлкөгө коргонуу багытындагы учуучу […]

Дональд Трамп БУУну реформалоо керектигин айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп БУУ өз ролун аткарбай жатканын айтып, уюмду реформалоого чакырды. Трамптын пикиринде, БУУнун өнүгүшүнө бюрократия, туура эмес башкаруу, өтө чоң чыгымдар жана кызматкерлеринин көптүгүн себеп болууда. АКШ […]

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабах аймагын талкуулоодо

Армения Азербайжан менен Тоолуу Карабах аймагынын бир бөлүгүн кайтаруу маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу Армениянын ТИМ башчысы Эдвард Налбандян билдирди. «Интерфакс» маалымдагандай, Налбандян Еревандагы эл аралык форумда сүйлөп жатып, кеп […]

БУУнун баш катчысы күрт референдумуна каршы чыкты

Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүү планына каршылыгын билдирди. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 25-сентябрга белгиленген бул референдум “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жок кылуу […]

Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси Пекин шаарындагы Университеттерде окуган кыргызстандык студенттер менен жолукту

2017-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Пекин шаарындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Азамат Усеновдун Пекин шаарында окуган жана окууга келген кыргызстандык студенттер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында ТИМдин […]

Дүйнө лидерлери БУУнун сессиясына катышуу үчүн чогулушууда

Дүйнө лидерлери БУУНун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркто чогулушууда. 19-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп сөз сүйлөйт. Ал 193 өлкөнү камтыган БУУнун жыйынына биринчи жолу катышууда. Франция президенти Эммануэль Макрон […]

Вашингтон Пхеньяндын аракеттерине каршы «согуштук варианттарды» караштырууда

Жекшембиде АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу боюнча Коопсуздук кеңешинде варианттар калбаганын билдирди. Хейлинин айтымында, АКШ администрациясына көйгөйдү чечүү үчүн Пентагонго кайрылууга туура келиши мүмкүн. […]

Орусия Сириядагы аба соккулары боюнча айыптоолорго жооп берди

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын Дейр-аз-Зор районундагы операциясы тууралуу АКШга алдын ала эскерткенин билдирди. Буга чейин Вашингтон Москваны «Сириянын демократиялык күчтөрү» тобуна сокку урууга айыптаган. Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-майор Игорь […]

Орусия Сирияда төртүнчү коопсуз зона түзүүгө аз калганын билдирди

Орусия Астанадагы Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө кезектеги коопсуз зоналарды түзүү боюнча макулдашуу кабыл алууга аз калганын билдирди. Александр Лаврентьев Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө кепил өлкөлөр – Орусия, Иран жана Түркия деэскалация зоналары […]

АКШ Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга чара көрүүгө чакырды

Мындай чакырык Пхеньян баллистикалык ракетасын экинчи ирет Жапониянын үстүнөн учурган соң жасалды. Окуя бүгүн болду. Мындан улам Кошмо Штаттар Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга каршы “тикелей чара” көрүүгө чакырууда. Мамлекеттик […]

“Чек арасыз кабарчылар” журналист Сапановдун камалышын айыптады

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму кыргызстандык журналист Зулпукаар Сапановдун төрт жылга эркинен ажыратылышын айыптап, кыргыз бийлигин журналистке тагылган кинелерди алып салууга чакырат. Бул тууралуу уюм 14-сентябрда тараткан билдирүүдө жазылган. […]

Түндүк Корея Жапония менен АКШны кайрадан опузалоодо

Түндүк Корея БУУнун Пхеньянга каршы санкциялык резолюциясын колдогону үчүн Жапонияны “деңизге чөгөрүп”, Кошмо Штаттарды “күлгө” айлантуу үчүн өзөктүк курал колдонорун айтып коркутту. Түндүк Кореянын тышкы байланыштары жана пропагандасы менен алектенген […]

NRC: Мосулдагы лагерде ондогон тажик үй-бүлөлөрү бар

Ирактын Мосул шаарынын жанындагы убактылуу лагерде Тажикстандан келген 31 үй-бүлө бар. Бул тууралуу Качкындар маселеси боюнча норвегиялык кеңеш (The Norwegian Refugee Council (NRC) билдирүүдө. Буга чейин Reuters Түркия, Тажикстан, Азербайжан жана […]

АКШ Чийгозго чыккан өкүмгө карата кабатырлануусун билдирди

АКШнын мамлекеттик департаменти крымдык татарлардын Межлис төрагасы Ахтем Чийгозго чыгарылган айыптоо өкүмүнө карата тынчсыздануусун билдирди. Мамлекеттик департаменттен билдиришкендей, Чийгоз жарым арал Орусия тарабынан оккупациялана электе болгон башаламандыктарды уюштурган деп негизсиз […]

Астанага Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн бардык катышуучулары келди

Астанага Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катыша турган бардык тараптар, анын ичинде куралдуу сирия оппозициясынын өкүлдөрү дагы келишти. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме кылып […]

АКШ орус-украин чек арасында тынчтык орнотуучу күчтөрдү жайгаштырууну колдойт

АКШ Донбасста тынчтык орнотуучуларды жайгаштыруу маселесинде Украинанын позициясын колдоду. БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү жикчилдер көзөмөлгө алган аймактардан тарта украин-орус чек арасына чейин жайгашуусу керек. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер […]

Өзбекстан рохинжа мусулмандарына гуманитардык жардам жиберет

Өзбекстан өкмөтү Мьянмадагы зомбулуктан жабыркап, Бангладешке качууга мажбур болгон рохинжа мусулмандарына гуманитардык жардам жиберет. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Мьянмада азчылыкты түзгөн мусулмандарга карата зомбулук жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтарга кабатырлануусун билдирип, […]

Сирия өкмөтүнүн делегациясы Астанага келди

Астанага Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катыша турган тараптардын өкүлдөрү келе башташты. Жергиликтүү маалымат агенттиктер билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы — Сириянын Идлиб провинциясында коопсуздук зонасын түзүү […]

Орусия Түркияга С-400 зениттик комплекстерин жеткирерин ырастады

Түркия менен Орусия Анкарага ракетага каршы С-400 зениттик комлекстерин жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул маалыматты шейшембиде Кремль ырастады. Орусия президентинин аскердик-техникалык кызматташуу маселелери боюнча жардамчысы Владимир Кожин ТАСС агенттигине […]

АКШ менен Орусия стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Кошмо Штаттар менен Орусия стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча 2010-жылы кол коюлган келишим тууралуу эксперттик деңгээлде сүйлөшүүлөрдү баштоого ниеттенүүдө. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын мамлекеттик катчысынын орун […]

Европада бекер Wi-Fi түйүндөрү пайда болот

Европа биримдиги “wifi4eu” программасынын алкагында өз аймагында акысыз Wi-Fi түйүндөрүн ачууга 120 миллион евро бөлүүдө. Программанын максаты — аз калктуу райондорду интернет менен камсыз кылуу. Бул тууралуу Европарламенттин сайтында жазылган. […]

Apple компаниясы үч жаңы «айфондун» бет ачарын өткөрдү

Америкалык Apple компаниясы 12-сентябрда “айфон” ысымы менен таанымал үч смартфонунун бет ачарын өткөрдү. Компания жетекчиси Тим Кук iPhone X моделин “чоң секирик” деп атады. iPhone X жеңил, ичке жана ачык […]

ММКлар: Сирия оппозициясы Астанадагы сүйлөшүүлөргө катышарын ырастады

Сириядагы куралдуу оппозиция өкүлдөрү ушул жумада Астанада өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катышарын ырасташты. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Орусиянын РИА «Новости» агенттиги кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, башкы тема Сириянын аймагында […]

БУУ Коопсуздук Кеңеши Пхеньянга каршы жаңы санкцияларды киргизди

БУУнун Коопсуздук Кеңеши дүйшөмбүдө Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды киргизди. Бул Пхеньяндын 3-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейинки эң күчтүү алтынчы ракеталык сыноосуна жооп болду. Бирок Кошмо Штаттар Орусия жана Кытайдын күчтүү […]

Путин БУУнун тынчтык орнотуучулары боюнча позициясын билдирди

Орусия ЕККУ миссиясын согуш тилкелеринде гана эмес, башка жерлерде дагы кайтаруу боюнча БУУнун тынчтык орнотуучуларынын укуктары тууралуу демилгесин эске алууга даяр. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Орусия президенти Владимир Путин Германиянын канцлери […]

БУУ: рохинжаларга каршы операция — этникалык тазалоонун мисалы

БУУнун адам укуктары боюнча өкүлү Зейд Раад аль-Хусейн Мьянмадагы рохинжа-мусулмандарына каршы зомбулук операцияларын айыптады. Анын айтымында, кырдаал энтикалык тазалоолор боюнча окуу китептериндеги мисалдардай көрүнүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы Адам укуктары […]

Видео – «Ирма» бороонунан улам Майаминин борборун суу каптады

«Ирма» бороонунан улам Флорида штатында көптөгөн кыйроолор болуп, аймакты суу каптады. Андагы 6,5 миллиондон ашык киши эвакуацияланды. Учурда куюндун күчү экинчи категорияга чейин азайды. Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фэллон: Орусиянын аскердик машыгуулары Батышка чагым салууга багытталган

Орусия менен Беларустун алдыдагы биргелешкен аскердик машыгуулары Батышка «чагым салууга» багытталган. Бул тууралуу Улуу Британиянын коргоо министри Майкл Фэллон BBC телеканалынын эфиринде билдирди. «Биз мурдагыдан агрессивдүүрөөк Орусияны көрүп жатабыз. Аскердик […]

Видео – Мексикадагы жер силкинүү жана цунами

Мексикадагы жер силкинүүдөн улам ондон ашык киши каза болду. Өлкөнүн жээктерине цунами жакындоодо. Толкундардын бийиктиги үч метрге чейин жетүүдө. Цунаминин коңшу өлкөлөргө дагы каптоо коркунучу бар. Бийлик каза болгондордун саны […]

Ирак ИМ тобунун жүздөгөн жоочуларынын үй-бүлөлөрүн кармап турат

Ирак бийлиги “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларынын аялдары деп шектелген 1400 чет элдик кыз-келинди жана балдарды кармап турат. Reuters агенттиги коопсуздук органдарынын жана укуктук жардам берүү уюмдарынын кызматкерлерине таянып билдиргендей, […]

Видео – Гамбургдагы музейге белекке берилген боз үй

Кыргызстандык Айзада Акбекова Гамбург шаарынын этнологиялык музейине тайнесинин беш канат боз үйүн белекке берди. Белекти тапшыруу Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата уюштурулду жана ага алыскы Ат-Башыдан 85 жаштагы Турду Кыдырбаева да […]

Байлык үчүн итке турмушка чыккан Уэнди Доркас

23 жаштагы актриса Уэнди Доркас өзүнөн үч эсе улуу миллионер режисер Роджер Доркаска эсинен танганча сүйүп күйөөгө чыккан. Эки жылдан кийин капыстан Роджер дүйнө салган. Жактоочу анын эсебин ачып эси […]

ММК: Эрдоган Астанада “гүленчилер кыймылы” менен күрөштү талкуулайт

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жума күнү үч күндүк расмий сапар менен Казакстанга келет. Бул сапардын алкагында ал Ислам кызматташтык уюмунун илим жана технология боюнча биринчи саммитине катыштат. Түркия лидери […]

Видео – Швейцариялык компания шоколаддын кызгылт түрүн ойлоп чыгарды

Швейцариянын Barry Callebaut компаниясы ак, сүттүү жана ачуу шоколадга кошумча кызгылт түстөгү шоколаддын жаңы түрүн ойлоп чыгарды. Компания өкүлдөрү кызгылт шоколад 80 жыл мурда Nestle ойлоп тапкан ак шоколаддай эле […]

АКШ Түркиянын экс-министрин Иранган каршы санкцияларды бузууга айыптады

АКШ прокуратурасы Түркиянын мурдагы экономика министри жана мамлекеттик Halkbank банкынын экс-башчы Зафер Чаглаянды БУУнун Иранга каршы киргизген санкцияларын бузууга аракеттенген деп айыптады. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал америкалык банктар аркылуу Ирандын […]

Трамптын уулу Сенатта орусиялык адвокат менен жолугушуусу тууралуу айтып берди

Бейшембиде АКШ президенти Дональд Трамптын уулу Сенаттын Юридикалык комитетинин мүчөлөрүнө өткөн жылы орусиялык адвокат Наталья Весельницкая менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып берди. ММК өкүлдөрүнүн катышуусусуз өткөн жолугушуу маалында президенттин уулу […]

Сириядагы согушта 33 жолу химиялык курал колдонулган

Сириядагы согуштун жүрүшүндө 33төн ашык  химиялык курал колдонулган. БУУнун Сириядагы химиялык чабуулдарды иликтөө комиссиясынын 6-сентябрда кабарлаганына караганда, аталган куралды 27 жолу Башар Асаддын режиминин күчтөрү колдонгон. Маалымдалгандай, ушул жылдын апрелинде […]

Жапония премьер-министри Путинди тынчтык келишимин түзүүгө чакырды

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Орусия президенти Владимир Путинди бардык кыйынчылыктарды жеңип, эки өлкө ортосунда тынчтык келишимди түзүүгө чакырды. Чыгыш экономикалык форумдун сессиясында сөз сүйлөгөн Абэ Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы менен […]

Трамп: Пхеньянга каршы аскердик чара көрүү – башкы максатыбыз эмес

АКШ президенти Дональд Трамп Пхеньянга каршы аскердик чараларды көрүү биринчи вариант эмес экенин билдирди. Ал Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен бул маселе боюнча ачык сүйлөшкөнүн айтты. “Президент Си бир нерсе […]

Франция 2040-жылга карата мунай жана газ өндүрүүдөн баш тартууну пландоодо

Франция 2040-жылга карата дүйнөдө биринчилерден болуп газ жана мунай өндүрүүдөн баш тартат. Ушул эле мезгилди утурлай өлкө дизель жана бензин менен жүрүүчү автоунааларды сатууну дагы токтотот. 6-сентябрда өкмөткө жөнөтүлгөн мыйзам […]

Түндүк Корея өзөктүк сыноолорду «АКШга белек» деп атады

Түндүк Кореянын БУУдагы өкүлү Хан Тэ Сон өткөн жумадагы өзөктүк сыноолордон кийин АКШга дагы «жаңы белектер» жөнөтүлөрүн айтып коркутту. Ал 5-сентябрда БУУнун Женевадагы чукул жыйынында Түндүк Корея суутек бомбасын континенттер […]

Сирияда атышуу учурунда эки орус аскери мерт кетти

Бул тууралуу Интерфакс агенттиги Орусиянын коргоо министрлигине таянып билдирди. Ага ылайык, аскерлер жоолошкон тараптарды жараштыруу борборунун колоннасын коштоп бара жатып, Дейр-эз-Зор провинциясында минометтон аткылоого кабылышкан. Аскерлердин бири ошол жерден жан […]

Видео – iPhone 8 22-сентябрда сатыкка чыгат

iPhone 8 презентациясы 12-сентябрда өтөт. Бул туурасында Apple компаниясынын пландары менен тааныш  The Wall Street Journal булактарга шилтеме жасап билдирет. Компания үч жаңы түзүлүштү тааныштырат. Алар iPhone 7нин жаңыртылган эки версиясы жана […]

БРИКС: пакистан топтору – аймактык коопсуздукка коркунуч жаратууда

Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынын башын бириктирген уюмдун жылдык саммитинде алгач ирет Пакистанда жайгашкан согушчан топтор коопсуздук үчүн аймактык маселе катары каралып, алардын колдоочуларын жоопкерчиликке тартууга үндөштү. […]

Кытайда БРИКС саммити өтүүдө

Кытай президенти Си Цзиньпин БРИКС өлкөлөрүн дүйнөдөгү эркин соода жүгүртүүдөгү тоскоолдуктарга каршы күрөшүүгө чакырды. Саммит өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Сямэнь шаарында өтүүдө. Байкоочулар Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен Орусия президенти Владимир Путиндин […]

Эл аралык коалиция Сирияда 85 жихадчыны тындым кылды

АКШ башында турган коалиция Сириянын чыгышында “Ислам мамлекети” террорук тобуна каршы операция өткөрүп, 85 жихадчыны жок кылды. Операция сирия-ливан чек арасынан өтүп кеткен ИМ тобунун автоунаа кербенинин жанында болду. Reuters маалымдагандай, […]

Трамп Түндүк Кореяга каршы күч колдонуу ыктымалдыгын четке каккан жок

АКШнын президенти Дональд Трамп Пхеньян суутек бомбасын сыноодон өткөргөндөн кийин Түндүк Кореяга карата күч колдонуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Ал журналисттин тиешелүү суроосуна «Аны көрөбүз» деп жооп берди. Президент Твиттердеги […]

АКШ “Батыш” машыгуусунун алдында Прибалтикада аскер аба күчтөрүн көбөйттү

Кошмо Штаттар Балтия аймагындагы Орусиянын ири аскердик машыгууларын утурлай, НАТОго мүчө Литва, Латвия жана Эстония өлкөлөрүн абадан күзөтүү үчүн истребителдердин күчөтүлгөн бөлүгүн жөнөттү. Москванын “Батыш” машыгуусу 14-20-сентябрда өтөт. Ал Орусиянын […]