Ишемби, 23 Сентябрь, 2017 - 15:08
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

Түркияда үлпөт тойдогу жардырууну өспүрүм бала ишке ашырган

Түркиянын Газиантеп шаарындагы 51 кишинин жанын алган жардырууну 12-14 жаштагы өспүрүм ишке ашырганын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жекшембиде билдирди. Түрк бийлиги окуяны теракт деп сыпаттап, анын артында “Ислам мамлекети” […]

Канжалаган 5 жаштагы Омрандын сүрөтү кайрадан дүйнөнү ыйлатты

Канжалаган 5 жаштагы Омрандын сүрөтү кайрадан дүйнөнү ыйлатты. Омран Сириянын Алеппо шаарындагы авиа соккулардан кийин, урандынын ичинен тирүү чыкты. Согуштун каардуулугун, кандуулугун, ырайымсыздыгын Омрандын жүзү көрсөтүп турат. Омран жаны ачышып турса […]

Россиянын түрмөсүндө депортация чарасын күтүп жатышкан кыргыз жана башка улуттагы эмгек мигранттары ачкачылык жарыялашты

Орусиянын Приморск крайындагы мигранттар тобу өлкөдөн чыгаруу жараянын создуктуруп, депортация борборунда күттүрүп жаткандарга нааразылыгын билдирүү үчүн төрт күндүк ачкачылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу жума күнү «Интерфакс—Казахстан» маалымат агенттиги билдирди. Жергиликтүү […]

Авиасоккулардан аман калган бала Сириядагы согуштун символу болуп калды

Алепподогу авиасоккулардан кийин аман калган баланын сүрөтү ММКлар менен социалдык түйүндөрдө тарагандан кийин ал Сириядагы согуштун белгиси болуп калды. Аны сүрөткө тарткан журналист бомбалоолордон сегиз киши мерт кетип, алардын бешөө […]

БУУ Сириядагы гуманитардык миссиясын убактылуу токтотту

Согуштук аракеттер күчөп кеткендиктен улам бүгүн Бириккен Улуттар Уюму Сириядагы гуманитардык миссиясынын ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура билдирди. Анын айтымында, августта гуманитардык […]

Украинада жикчилдердин катарында согушкан өзбек жараны кармалды

Украина Коопсуздук кызматы Донбасста жикчилдер тарабында согушкан Өзбекстан жаранын кармады. Донецк прокуратурасы кабарлагандай, Ташкенттин 20 жаштагы тургуну граната ыргытуучу болуп кызмат өтөгөн. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына Донецк облусунун прокуратурасынын басма […]

Прокурорлор Фетуллах Гүленди 1900 жылга соттоону сурады

Түркия прокуратурасы өлкөдөгү ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштү уюштурган деп айыпталып жаткан Фетуллах Гүленди эки жолу өмүр бою эркинен ажыратып, кошумча дагы 1900 жылга соттоону талап кылды. Айыптоо корутундусунда Гүлен […]

Назарбаев Порошенко Орусия менен мунасага даяр экенин билдирди

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Украинанын башчысы Петр Порошенко өлкө чыгышындагы жаңжалды токтотуу үчүн мунасага келүүгө даяр болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал кечээ Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда […]

Азербайжанда Фетуллах Гүлендин тарапташтары куугунтукка алына баштады

Азербайжанда Түркиянын бийлиги тарабынан жакындагы төңкөрүш жасоо аракетине айыпталып жаткан түркиялык диний ишмер Фетуллах Гүлендин тарапташтарына карата кылмыш иши козголду. Азербайжан прокуратурасы «Гүлендин тарапташтарынын өлкөдөгү мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу» үчүн […]

Түркия качкындар боюнча келишимди бузарын айтып ЕБди опузалады

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк жарандары үчүн визасыз режим киргизүүдөн баш тартылса, анда өлкө качкындар боюнча келишимди бузарын айтып Евробиримдикти опузалады. «Же биз бир эле маалда бардык макулдашууларды […]

Фетхуллах Гүлен: “Мага карата айтылган күнөөлөр далилденсе, Түркияга барууга даярмын”

Түркия 2016-жылдын 15-июлунда болуп ѳткѳн тѳңкѳрүштүк аракет менен жакынкы тарыхында эң чоң каргашаны баштан ѳткѳрүп, ѳтѳ чоң кырсыктын босогосунан артка кайтты. Ошол түнкү аракетке ѳтѳ оор тил менен террордук аракет […]

Орусия Донбасстагы жикчилдерди ээн кое бериши мүмкүн

“Ведомости” басылмасы кабарлагандай, Орусия Украинаны диверсияга айыптап, ага жооп берүү үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын курду. Отурумдун жыйынтыгында Украинага каршы көрүлө турган чаралар так иштелип чыккан эмес. Бул милдет профилдик мекемелерге […]

Нью-Йоркто имамдын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясы өттү

Нью-Йоркто имамдын өлтүрүлүшүнө нааразы болгон ондогон адамдар ишемби күнү кечинде мечит алдына топтолушту. BBC тараткан кабарга ылайык, алар коомдо мусулмандарды жек көрүү күчөгөндүктөн улам ушундай кылмыш жасалганын билдиришти. New York […]

БУУ Крым менен бирге Украинанын аймактык бүтүндүгүн ырастады

БУУнун Коопсуздук кеңеши Крымды кошуп, Украинанын аймактык бүтүндүгү боюнча өз позициясын ырастады. Бул тууралуу Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Владимир Ельченко билдиргенин «112 Украина» кабарлады. Анын айтымында, мындай көз карашты Орусиянын […]

Кытай үч мусулман өлкөсү менен террорчулукка каршы альянс түзүүдө

Кытай, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан терроризмге каршы күрөштү күчөтүү жана аймактагы туруктуулук үчүн коалиция түзө тургандыктарын билдиришти. Мындай чечим Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук облусунун Үрүмчү шаарында өткөн төрт өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн […]

Эки жылда ИМ тобунун 45 миң жоочусу өлтүрүлдү

“Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн натыйжасында, өткөн эки жыл ичинде Ирак жана Сирияда 45 миң жоочу өлтүрүлдү. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдөгү АКШнын операцияларын башкарган генерал-лейтенант Шон Макфарланд […]

Рио-де-Жанейродо журналисттер бараткан автобус аткыланды

Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимпиада оюндары маалында белгисиз адамдар журналисттер бара жаткан автобуска карата ок чыгарышып, андан эки киши жеңил жараат алды.  Бул тууралуу  РБК билдирди. Күбөлөрдүн маалыматтары боюнча автобус баскетбол […]

Видео – Эрдоган Путинди ыңгайсыз абалда калтырды

Кечээ, 9-августта Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус президенти Владимир Путин жолугушту. Жолугушууга Эрдогандын бир нече мүнөт кечигип келгени Путинди ыңгайсыз абалда калтырды. Эске салсак, бул  эки […]

Косоводо парламент жыйыны көздөн жаш агызуучу газ менен токтотулду

Косоводо оппозиция парламенттеги жыйындар залын көздөн жаш агызуучу газ менен чаңдатып жиберди. Алар мындай жол менен Черногорияга чектеш чек араны демаркациялоо жөнүндөгү келишимди кабыл алууга тоскоол болушту. Маалымдалгандай, бул учурда […]

Путин менен Эрдоган эки тараптуу мамилени жандандырууга макулдашты

Орус-түрк кызматташтыгынын бүгүнкү күндөгү негизги багыттары соода-экономикалык мамилелерди жана террорчулукка каршы күрөштү калыбына келтирүү болуп саналат. Бул тууралуу Санкт-Петербургда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда Орусия башчысы Владимир Путин […]

Санкт-Петербургда Путин менен Эрдоган жолугууда

Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу мезгилине чекит коюуга багытталган сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Эрдоган Санкт-Петербургада боло турган жолгушуу алдында Орусия менен мамилени жандандырып, бир […]

Трамп Өзбекстанды террордук өлкөлөрдүн катарына киргизди

Республикалык партиядан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Өзбекстанды террористтик өлкөлөрдүн катарына киргизди. Бул тууралуу  «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы жазды. Трамп 4-августта Мэн штатынын Портленд шаарындагы жыйында сөз сүйлөгөн. Трамп бардык […]

Назарбаева кара куурайды кайра иштетүүнү сунуштоодо

Казакстан премьер-министринин орун басары Дарига Назарбаева өкмөттүк жыйында кара куурайды кайра иштетүү сунушун билдирди. Ал бул өсүмдүктөн целлюлозаларды жана медикаменттерди чыгарса боло тургандыгын айтууда. «Казакстанда кагаз чыкпайт. Бизде баары импорттук […]

Назарбаев «террорчуларга байланышы барларды» Түркияга өткөрүүгө убадалады

Түркияга 5-августта иш сапары менен барган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак-түрк лицейлеринде иштегендердин Фетуллах Гүлен менен «террордук байланышы» бардыгы аныкталса, өлкө аларды Түркияга өткөрүп бере турганын билдирди. Түркия президенти Тайып […]

Депутаттар колдосо Эрдоган өлүм жазасын калыбына келтирет

Эрдоган миңдеген адамдар катышкан Стамбулдагы митингде эгер парламент колдосо өлкөдө өлүм жазасын кайрадан калыбына келтирерин убадалады. Стамбулдагы массалык митинг Түркиянын ар кайсыл шаарларындагы демонстрациялардан кийин болду. Иш-чарадагы Эрдогандын эмоционалдуу сөздөрүн […]

Видео – Эрдоган менен Назарбаев жолугушту

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кечээ, 5-августта Түркиянын президенти Режеп Эрдоган менен жолукту. Бул Түркияда төңкөрүш аракети болгондон бери Назарбаевдин Анкарага болгон алгачкы расмий сапары.

Видео – Риодогу Олимп оюндарынын ачылыш аземи

2016-жылдын Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 5-августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы “Маракана” стадионунда өттү. Экономикалык каатчылык болуп турганда Олимпиадага чоң чыгымдар кетип жатканына нааразы жарандар да чыгып, полиция аларга каршы жаш агызуучу […]

Түркмөнстан Казакстан менен чек арасын жаап салды

«Интерфакс» агенттиги кабарлагандай, Түркмөнстан Казакстан менен чек арасын коопсуздук чаралары күчөтүлүп жатканына байланыштуу жапты. “Түркмөнстанда чек арада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Буга байланыштуу 4-8-август аралыгында республикага жөнөкөйлөтүлгөн тартип менен кирип жаткан […]

Бүгүн Түркияда Назарбаев Эрдоган менен жолугат

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн расмий сапары менен Түркияга барат. Бул тууралуу анын администрациясы билдирүүдө. Сапар алкагында казак өлкө башчысы Түркиянын президенти Режеп Эрдоган менен жолугуп, кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп […]

Түркияда Фетхуллах Гүленди камоого ордер берилди

Түркияда оппозициячыл диний ишмер, АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүленди камоого ордер берилди. Стамбул соту “15-июлда төңкөрүш кылууга ал буйрук берген” деген токтом чыгарды. Гүлген Түркияда күч менен бийликти алмаштырууга аракет […]

Тажикстанда орус аскерий базасынын жоокери өлтүрүлдү

31-июлга караган түнү Тажикстандын Курган-Төбө шаарында Орусиянын 201-аскерий базасынын жоокери өлтүрүлдү. Офицерлердин бири “Азаттыктын”  тажик кызматына бул кабарды тастыктап, окуя “Карина” ресторанында жекшембиге караган түнү болгонун кошумчалады. Анын айтымында, орус […]

Өзбекстанда президенттин резиденциясын сойкукана катары иштеткен аткаминерлер соттолууда

Ташкент шаардык сотунда президенттин администрациясына караган “Түркистон” резиденциясынын (мурунку “Шелковичная”) жетекчилигинин үстүнөн териштирүү башталды. Мартта улуттук коопсуздук кызматы атайын операция жүргүзүп, резиденциянын ичинен 16 “түгөйдү” кармаган. Алардын арасында прокуратуранын, коопсуздук […]

Түркмөн президенти неберелери менен ыр жазды (видео)

Президент Бердымухамедов эки небереси менен чогуу «Kalbymda sen» (“Жүрөгүмдө сен”) аттуу ыр жазды. Түркмөн ММКларынын маалыматына караганда, бул чыгарманын идеасы өлкө лидеринин жаш чагында эле жаралган. Мындан тышкары президент азырынча […]

Орусия Казакстанга зениттик ракеталарды берет

Орусия Казакстанга беш С-300 комплекси менен 170 зениттик ракетаны  берүү иштерин аягына чыгаруу алдында. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирет. Астанада бүгүн Казакстандын коргоо министри Имангали Тасмагамбетов менен Орусиянын коргоо […]

Шымкентте казак жана тажик жаштарынын ортосунда жаңжал чыкты

Шымкент шаарынын четиндеги айылдардын биринде жергиликтүүлөр менен тажик жигиттеринин ортосунда чыр чыкты. Жаңжал 31-июлда тажик боз улан жашы жете элек казак кызды зордуктады деген айың кептен кийин башталган. Айрым маалымат […]

Астанада кымбатчылык башталды

Казакстанда азык-түлүк товарлары июлда былтыркы жылдын ушул маалына карата 15,9 % кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук экономика министрлигинин Статистика комитети билдирет. Расмий маалыматтарга караганда, кумшекердин наркы – 65,5 %, акшак -40,4 […]

ИМ Орусияга кол саларын айтып, опузалады

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жетекчилиги өз мүчөлөрүн Орусияда жихад баштоого үндөдү. Reuters агенттиги маалымдагандай, интернетте тараган тогуз мүнөттүк тасмада Орусия жарандарын “үйлөрүндө” өлтүрүү ниети эскертилгени жарыяланган. Видеонун аныктыгын көз карандысыз […]

New York Post гезити Дональд Трамптын аялынын жылаңач сүрөтүн жарыялады (фото)

New York Post гезити жекшемби күнкү санында президенттикке талапкер Дональд Трамптын аялынын жылаңач сүрөтү менен макала жарыялады. “Сиздер эч качан мындай потенциалдуу канайымды көрө элекcиздер” деген тема менен чыккан бул макалада […]

Алмазбек Атамбаев: “Андрей Бельяниновдун кызматтан алынганы мен үчүн өтө өкүнүчтүү болду”

Орусиянын Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельяниновдун кызматтан кетиши өтө өкүнүчтүү болду. Мындай пикирин бүгүн, 1-августта Алмаз Атамбаев Ысык-Көлдөгү маалымат жыйынында билдирди. “Бельянинов Кыргызстан үчүн көп жакшы иштерди жасады. Анын […]

Казак премьери автомагистралда велосипед тепкени үчүн айып пул төлөдү

Казакстан премьер-министри Карим Масимов Акмоло облусундагы автомагистралда велосипед тепкендиги үчүн 10 605 тенге (30 доллар) айып пул төлөдү. Бул тууралуу ал Инстаграм социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазганын казак маалымат агенттиктери билдирди. […]

Хиллари Клинтон президенттикке талапкерликти расмий кабыл алды

АКШ тарыхындагы өлкө башчылыгына алгачкы аял талапкер Хиллари Клинтон Демократиялык партиянын съездинде жыйынтыктоочу сөзүн айтып, президенттикке болгон расмий талапкер болду. Чогулгандар алдында сүйлөп жатып ал өзүн мамлекетти башкаруу үчүн керектүү […]

Тажик кызды өлтүргөн орусиялык офицер 12 жылга кесилди

Орусиянын аскердик соту офицер Иван Щербаков Дүйшөмбүнүн 22 жаштагы тургуну Шоира Жобированы өлтүргөн деп таап, 12 жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары ал маркумдун үй-бүлөсүнө маралдык зыян иретинде 1,5 млн. рубль компенсация […]

Кыргыз бийлигинин Орусиядагы эң жакын адамы саналган Бельянинов кызматынан кетти

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Орусиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Андрей Бельяниновду кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. […]

Обама Клинтондун талапкерлигин чечкиндүү колдоого алды

Шейшембиде Демократиялык партиянын съездинде сүйлөп жатып АКШ президенти Барак Обама америкалыктарды Хиллари Клинтонго добуш берүүгө чакырды. Ал сегиз жыл мурун баштаган ишин демократ талапкер улантып кетиши керектигин билдирди. Обаманын пикиринде, […]

Түркияда жүздөн ашык ММК жабылат

Түркия бийлиги шейшембиде жүздөн ашык улуттук ММКлар жабыла турганын жарыялады. CNN Turk кабарлагандай, 3 маалымат агенттиги, 16 телеканал, 30дай басма үйү жана 40тан ашуун күн сайын чыгуучу гезит ишин токтотот. […]

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Орусиянын башкы бажычысы Бельяниновдун үйү тинтүүгө алынды

Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Орусиянын Федералдык Бажы кызматынын жетекчилеринин иш бөлмөсүндө жана үйлөрүндө 26-июлда тинтүү жүргүздү. Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельяниновдун кеңсеси, үйү да текшерүүдөн өткөн. […]

Гүлнара Каримовага тийиштүү Takilant компаниясынан 135 миллион доллар конфискацияланды

Амстердам соту 20-июлда Takilant компаниясына таандык активдерден 135 миллион долларды конфискациялоо чечимин чыгарды. Өзбекстан президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын жемкорлук ишине байланыштуу ушундай өкүм чыкты. Амстердам соту билдиргендей, Takilant учурунда […]

“Мейдан”: Төңкөрүш аракетинен кабардар болгон Эрдоган кимге эмне буйрук берген?

Түркиянын Аскердик Башкы Штабы, Улуттук чалгындоо кызматы (MİT) 15-июлдагы төӊкөрүш аракети жөнүндө ошол күнү саат 16:00дө кабарлаганын жана Штабда катар-катары менен кризистик башкаруу жыйындары болгонун белгиледи. Мамлекеттин жогорку жетекчилери төңкөрүш […]

Видео – Ереванда полиция каршылык акциясына чыккан 2000 адамды кууп таркатты

Ереванда бүгүн таң эрте полиция нааразычылык акцияга чыккандарды кууп таркатты. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосу билдирет. Митинг 17-июлда “Негиздөөчү парламент” кыймылынын куралдуу тарапташтары тарабынан барымтага алынган полиция имаратынын жанында болгон. […]

Эрдоган ѳлкѳдѳ үй айга ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилгенин жарыялады

Түркия президенти Режеп Эрдоган ѳлкѳдѳ үй айга ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу ал 20-июлда ѳз кабинети жана Улуттук коопсуздук Кеңеши менен жолугушууда түз эфирде айтты. Мындай чечимди мамлекет башчысы […]