Жекшемби, 16 Декабрь, 2018 - 8:23
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

Германия Facebook компаниясын сотко бериши мүмкүн

Эгерде Facebook компаниясы фейк-маалыматтарга карата чара көрбөсө Германия бул компанияны ири көлөмдөгү суммага айыпка жыгуу ниетин көздөп жатат. Германия Федеративдүү Республикасы өз жарандарын жалган маалыматтардан коруу максатында атайын мыйзам иштеп […]

АКШ Орусиянын «ДНР» жана «ЛНРдин» паспортторун таануу чечимин сындады

АКШнын Киевдеги элчилиги Украина чыгышындагы өздөрүн «ДНР» жана«ЛНР» деп атап алган аймактардын паспортторун убактылуу таануу тууралуу Орусиянын чечимин сынга алды. 19-февралда элчилик Твиттер социалдык түйүнүндөгү баракчасына чечим жаңжалды жайгаруу боюнча […]

Мюнхенде Коопсуздук боюнча эл аралык конференция башталды

Баварияда бүгүн Коопсуздук боюнча 53чү Мюнхен конференциясы башталууда. Ага 30дан ашык өлкө жана өкмөт башчылары, ошондой эле 80ден ашуун коргоо жана тышкы иштер министрлер катышат. Конференция 19-февралга чейин созулат. Конференцияда […]

АКШ соту Трамптын жарлыгы тууралуу ишти кароону токтотту

АКШнын апелляциялык соту качкындар менен айрым саякатчылардын өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салуу боюнча соттук териштирүүлөрдү токтото туруу жөнүндөгү Акүйдүн өтүнүчүн канааттандырды. Маалыматка караганда, соттук териштирүүлөрдү токтотуу жаңы жарлыкты чыгаруу үчүн […]

Пакистандын түштүгүндөгү жардыруудан 70тен ашык адам курман болду

Пакистандын түштүгүндөгү суфиттердин Лал Шахбаз Каландар мовзолейиндеги жардыруудан 70тен ашык киши курман болуп, 150дөн ашууну жарадар болду. Бийлик курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. Маалыматка караганда, кол салууну Сехван-Шариф шаарындагы […]

ЭВК президенттик шайлоо алдында Кыргызстан чыгымдарды көбөйтпөө керектигин айтты

Президенттик шайлоо алдында бюджеттик чыгымдардын өсүүсүнө бөгөт коюу зарыл. Бул тууралуу 9-15-февраль аралыгында Бишкекте болгон Эл аралык валюта корунун миссиясынын иликтөөсүндө айтылат. Кордун белгилешинче, салык күткөндөн аз чогулганына карабай, Кыргызстандын бюджеттик […]

АКШда “Мигрантсыз бир күн” деп аталган нааразылык акциясы өтүүдө

Дональд Трамптын мигранттарга карата жасаган саясатына каршы уюштурулган нааразылык акциянын алкагында АКШ шаарларында жүздөгөн ресторандар менен ондогон компаниялар бир күнгө жабылды. “Мигрантсыз бир күн” акциясынын уюштуруучулары Кошмо Штаттардын экономикасы жана […]

Евробиримдик Атамбаевди таза президенттик шайлоо өткөрүүгө үндөдү

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Брюсселдеги жолугушуусунда Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоонун ачык, акыйкат жана эркин өтүшү маанилүү экенин айтты. Ал өлкөдөгү шайлоо […]

Өлүм жазасы чыккан иран олигархы 2,5 миллиард доллар төлөөгө милдеттендирилди

Иран олигархы Бобак Занжани казнага өлкөнүн мунайдан түшкөн 2,5 миллиард доллар кирешесин кайтарып бергенден кийин гана өлүм жазасына тартылат. Өлкөнүн башкы прокуратурасы каражат чет өлкөлүк банктарда сакталуу экенин айтууда. Иран […]

Донбасстагы жаңжалдашкандар оор техникаларды алып чыгып кетүүгө макулдашты

Украинанын чыгышында урушуп жаткан тараптар Минск тынчтык келишимине ылайык, 20-февралга карата оор куралдарды согуш талаасынан алып чыгып кетүүгө макулдашты. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) өкүлү Мартин […]

БУУнун чабарманы Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнө келбейт

БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча Астанада башталган сүйлөшүүлөргө келбейт. Чабармандын маалымат катчысы Яра Шариф билдиргендей, анын ордуна беш кишиден турган топ келет. Де Мистура […]

Конгресс Трамптын Орусия менен байланышын иликтөөнү талап кылууда

АКШнын Конгресс мүчөлөрү Орусия менен президент Дональд Трамптын жардамчыларынын ортосундагы байланыштарды иликтөөнү кайрадан талап кылышууда. Ошол эле маалда бул маселеге кызыккан республикачылардын да саны көбөйүүдө. Сенаттын юридикалык комитетинин республикачыл жана […]

FIDH: Аскаровдун иши адилет сот системасын шылдыңдоо болду

Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишинин кайра каралышы адилеттикти орнотуу эмес, тескерисинче “шоу” болду. Мындай пикирин Укук коргоочулардын укугун коргогон эл аралык уюмдун Чыгыш Европа жана […]

Украинада электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлө башташы мүмкүн

Украина энергетикалык тармагына өзгөчө абал киргизилгендигин билдирди. Буга байланыштуу өкмөт өлкөдөгү электр колдонуу көлөмүн кескин азайтуу максатында электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү чараларын көрүп башташы мүмкүн. Чечим өкмөттүн 15-февралдагы жыйынында […]

Бакуда АКШ менен Орусиянын Башкы штабдарынын жетекчилери жолугат

Бүгүн, 16-февралда Бакуда АКШ Башкы штабынын Бирдиктүү жетекчилер комитетинин башчысы Жозеф Данфорд менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовдун жолугушуусу болот. Politico басылмасы Пентагонго шилтеме кылып кабарлагандай, анда […]

Трамп Крымдын аннексияланышын Обаманын бийлигинин жумшактыгы менен байланыштырды

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын Крымды “энчилеп” алышына Барак Обаманын администрациясынын “жумшактыгы” себеп болгонун айтып жемеледи. Бул тууралуу ал 15-февралда өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды. Шейшембиде Ак үйдүн маалымат катчысы Шон […]

АКШ Сенаты Трамптын жардамчыларынын Орусия менен болгон мамилелерин иликтейт

АКШ Конгрессинин жетекчилери президент Дональд Трамптын жардамчыларынын  Орусия менен болгон байланыштарын иликтөөгө ниеттенишүүдө. Негизинен алардын Дональд Трамп кызматка киришерден мурунку ымалаларына басым жасалат. Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл 14-февралда Сенаттын […]

Түштүк Корея: Пхеньян Ким Чен Намды беш жылдан бери аңдып жүргөн

Түндүк Кореянын маркум лидери Ким Чен Ирдин Куала-Лумпур аэропортунда өлтүрүлгөн уулу Ким Чен Нам 2012-жылы иниси Ким Чен Ынга кат жазып, өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрбөөсүн өтүнгөн. Бул тууралуу Түштүк Кореянын […]

Видео – Малайзияда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын агасын өлтүрүп кетишти

Ким Чен Ындын агасы 13-февралда Куала-Лумпур аэропортундагы кол салуудан каза болду. Ал узак мезгил чет өлкөдө жүрүп, Түндүк Кореядагы үй-бүлөлүк бийлик үстөмдүгүн сынга алып келгендиги менен белгилүү болгон. Анын 45 […]

Трамптын басма сөз катчысы: Орусия Крымды кайтарып берип, зомбулукту токтотушу керек

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия өкмөтү оккупацияланган Крымды Украинага кайтарып берип, Орусиянын колдоосу менен жикчилдер дээрлик үч жылдан бери өкмөттүк күчтөргө каршы күрөш жүргүзүп жаткан аймактагы зомбулуктан баш тартышы керектигин […]

Хьюман Райтс Вотч: Асад Алепподо ууландыруучу зат колдонду

Сириянын өкмөттүк күчтөрү соңку айларда оппозиция көзөмөлдөгөн аймактарга чабуул жасоодо ууландыруучу химикаттарды колдонду. Бул тууралуу эл аралык Хьюман Райтс Вотч укук коргоо уюму билдирүүдө. Уюм 2016-жылдын 17-ноябрынан 13-декабрына чейин күбөлөр […]

Трамптын кеңешчиси Орусия элчиси менен сүйлөшкөнү үчүн кызматтан кетти

АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майкл Флинн дүйшөмбү кечинде отставкага кетти. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары Флинндин кызматтан кетүү тууралуу жазган билдирүүсүнө таянып кабарлашты. Өз билдирүүсүндө Флинн […]

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Пхеньяндын ракеталык сыноолорун айыптады

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши эгер Түндүк Корея ракеталык жана өзөктүк куралдарын сыноону токтотпосо, анда «олуттуу жаңы чаралар» көрүлө турганын эскертти. Коопсуздук Кеңешинин мындай билдирүүсүнө Түндүк Кореянын өткөн жылдын 19-октябрындагы […]

Стамбулдагы Reina түнкү клубуна кол салган киши өлүм жазасын суроодо

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна кол салган Абдулкадыр Машарипов соттон өлүм жазасына тартууну суранууда. Бул тууралуу Sabah басылмасы жазды. Учурда Түркияда 34 жаштагы өзбекстандык “Абу Мухаммед Хорасани” каймана […]

АКШ өкмөтү «мигранттардын кооптуу» экендиги боюнча далилдерди келтирди

АКШнын Юстиция министрлиги 7 өлкөнүн жарандарын Кошмо Штаттардын аймагына киргизүүгө тыюу салган президент Дональд Трамптын жарлыгын колдогон далилдерди келтирди. Буга чейин федералдык сот Акүй ал өлкөлөрдөн келген мигранттардын террорчулукка тиешеси […]

Пентагон: Пхеньяндын ракеталык программасы – АКШ үчүн олуттуу коркунуч

Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарды түзүү программасы АКШ коопсуздугуна коркунуч жаратат. Бул тууралуу дүйшөмбүдө журналисттерге Пентагондун өкүлү, капитан Жефф Дэвис билдирди. Анын айтымында, АКШ Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарынан коргонууга кудуреттүү жана […]

АКШ, Жапония, Түштүк Корея Пхеньяндын ракеталык сыноосунан улам БУУга кайрылды

АКШ, Жапония, жана Түштүк Корея мамлекеттери Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынагандыгы үчүн БУУну Коопсуздук Кеңештин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырышты. Вашингтон, Токио жана Сеулдун өкүлдөрү Пхеньяндын бул аракети уюмдун резолюциясына каршы […]

Эрдоган: Түркия армиясы Сириядагы Эль-Баб шаарын ээледи

Түрк армиясы жана анын тарапташтары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун көзөмөлүндөгү сириялык Эль-Баб шаарын ээледи. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Эрдоган маалымдады. Түрк лидеринин маалыматы боюнча Эль-Баб бардык тарабынан курчалды, исламисттер […]

ИМ тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин оор жаракат алганы кабарланууда

Жакынкы чыгыштагы эки телеканал Ирактагы аба соккулары маалында «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин жаракат алганын билдиришүүдө. Азырынча АКШнын Коргоо министрлиги маалыматты ырастай элек. Alsumaria жана Alhurra телеканалдарынын […]

Трамп иммиграциялык мыйзамды катаалдатууну убадалады

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөнүн коопсуздугун бекемдөө үчүн иммиграциялык мыйзамды катаалдата турганын билдирди. Андан сырткары ал ири каржы компанияларына карата Барак Обаманын администрациясы тарабынан киргизилген салыктарды төмөндөтө тургандыгын белгиледи. Трамптын […]

Германия мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоону тездетет

Германия канцлери Ангела Меркель менен 16 аймактын башчылары өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоо жараянын тездетүү жана качкын макамын албаган адамдарды  чыгаруу боюнча макулдашышты. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды. Меркелдин […]

Москва түрк аскерлери кабылган аба соккунун болжолдуу себептерин атады

Орусия Коргоо министрлиги түрк аскерлери өз-ара аракеттерин макулдашпагандыктан, Орусиянын аба соккусуна кокустан кабылган болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Бул тууралуу “Коммерсантъ” өз булактарына таянып билдирүүдө. Гезиттин маалыматы боюнча аба соккулардын […]

АКШнын федералдык апелляциялык соту да президент Дональд Трамптын указын токтотту

АКШнын федералдык апелляциялык соту президент Трамптын жети мусулман өлкөсүнүн жарандарынын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө үч айга тыюу салган жарылыгынын күчүн калыбына келтирүүдөн баш тартты. Калифорниядагы аймактык апелляциялык соттун мүчөлөрү төмөнкү баскычтагы […]

Орусиянын аба соккусунан Сирияда үч түрк аскери каза болду

Сирияда Орусиянын аба соккусунан үч түрк аскери мерт кетип, он бири жарадар болду. Hurriyet Daily News басылмасынын маалыматына караганда, окуя Эль-Баб шаарында кокустан болгон; орусиялык снаряддардын бири түрк жоокерлери жашаган […]

Террорчулардан сактоо үчүн Эйфель мунарасы айнек дубал менен тосулат

Париж бийлиги Эйфель мунарасын террорчулардан сактоо максатында анын айланасына ок өтпөс айнек тосмо курууну пландап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттигине калаа мэриясындагы өз булагы билдирүүдө. Аткаминерлер курулуш күзгө чейин бүтөрүн […]

Орусия Мамдумасынын эң бай депутаты өзүн банкрот деп таанууну өтүнүүдө

Мамлекеттик Думанын «Бирдиктүү Орусия» фракциясынан депутат Андрей Палкин салык төлөө мөөнөтүн жылдыруу үчүн соттон аны банкрот деп таанууну өтүнүүдө. Ал кирешесинин көптүгү боюнча депутаттардын арасында биринчи орунда турат. Палкин депутаттык […]

Путин «Түрк агымынын» курулушу тууралуу макулдашууну ратификациялады

Орусия президенти Владимир Путин «Түрк агымы» газ куурун куруу боюнча макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу 7-февралда Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиришти. Орусия менен Түркия ортосунда кеминде 30 жылга түзүлгөн келишимде 1100 […]

Акүй аятолла Хаменейинин билдирүүсүнө жооп берди

Акүйдүн катчысы Шон Спайсер Ирандын руханий лидери аятолла Хаменейинин АКШ бийлиги тууралуу «кемсинтүүчү» билдирүүсүнө жооп берди. Анын айтымында, Кошмо Штаттардын жаңы жетекчилиги «кол куушуруп отура бербестен», Иран тараптан коркунуч жараткан […]

Донецкте “Гиви” каймана аты менен белгилүү жикчилдердин командири өлтүрүлдү

Өзүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган аймакта “Гиви” каймана аты менен белгилүү жикчилдердин талаа командири Михаил Толстых мерт болду. Бул тууралуу “Интерфакс” билдирди. Маалыматта ал теракттын кесепетинен өлгөнү айтылат. […]

Путин жубайын же балдарын биринчи жолу сабагандарды камакка албоо тууралуу мыйзамга кол койду

Орусия президенти Владимир Путин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун айрым түрлөрүн Кылмыш кодексинен чыгарып, аларды административдик мыйзам бузуу катары эсептөө тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам ата-энелер менен балдардын жана жубайлардын бири-бирине карата мамилесине […]

“Эл аралык мунапыс”: Сирия түрмөлөрүндө массалык дарга асуулар болгон

“Эл аралык мунапыс” (Amnesty International) укук коргоо уюму Дамасктагы Сайеднайя түрмөсүндө массалык түрдө өлүм жазасы ишке ашырылып жатканын билдирүүдө. Уюмдун баяндамасында айтылгандай, 2011-2015-жылдар аралыгында Асаддын бийлиги көзөмөлдөгөн түрмөдө жума сайын […]

Израиль парламенти чырлуу конуштарды мыйзамдаштырды

Израиль парламенти Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиндерге таандык жерлерге уруксатсыз түрдө курулган төрт миңдей турак жайды мыйзамдаштырды. Мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү кечинде 60 добуш менен кабыл алынды, каршы болгондор – […]

Трамп НАТОну колдоду, бирок мүчөлөрүн альянстын ишине көбүрөөк катышууга чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп НАТОну колдой турганын билдирип, уюмдун калган мүчөлөрүн Түндүкатлантикалык альянстын ишмердүүлүгүнө көбүрөөк катышууга жана мүчөлүк акыны төлөөгө чакырды. Трамп Флоридадагы аскер-аба күчтөрүнүн базасында сүйлөп жатып дүйнө боюнча […]

Видео – Орусия үйлөмө танктарды сатып алууну эки эсеге көбөйттү

2016-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги үйлөмө танктарга, учактарга, ракеталык жабдууларга буюртма берүүнү эки эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу «Русбал» компаниясынын өкүлү Алексей Комаров билдирди. Анын айтымында, 2016-жылы бул продукцияга болгон буйрутма 2015-жылга […]

Туризмди өнүктүрүү үчүн армян премьеринин үй-бүлөсү 500 миң доллар бөлөт

Өкмөт чоңдугу боюнча Армениянын экинчи шаары эсептелген Гюмриде туризмди өнүктүрүүнү пландоодо. Өлкөнүн премьер-министри Карен Карапетяндын айтымында, шаарда атайын фонд түзүлөт. Ишкерлерди фондго акча которууга шыктандыруу үчүн өкмөт башчы анын үй-бүлөсү […]

Трамп: АКШ соттун чечиминен улам коркунучка кептелүүдө

АКШ президенти Дональд Трамп иммиргация тууралуу жарлыктын күчүн калыбына келтирүүдөн баш тарткан соттун чечимин сынга алды. “Сот өлкөнү ушундай коркунучка кириптер кылып жатканына ишене албай турам. Эгер бир нерсе болсо, […]

АКШда сот президент Дональд Трамптын указын токтотту. Бул чечим АКШда Конституциянын үстөмдүгү өкүм сүрөрүн, президент дагы мыйзамдан бийик боло албастыгын көрсөттү

АКШда аппеляциялык сот президент Дональд Трамптын иммиграциялык жарлыгынын күчүн калыбына келтирүү тууралуу Юстиция министрлигинин суроо-талабын четке какты. Буга чейин Сиэтлдин Федералдык соту иммиграциялык эрежелерди катаалдатуу тууралуу өлкө башчынын жарлыгын токтотуу […]

Түркияда 400дөн ашуун киши террорчулукка шектелип кармалды

Антитеррордук полиция “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланышы бар 400дөн ашуун кишини кармады. Атайын операция Түркиянын алты аймагында жүрдү. Франс Пресс агенттиги кабарлагандай, тинтүү учурунда айрымдарынан курал-жарак табылган. Тергөөнүн маалыматы […]

Жапондор чоңдорду бөлөө менен стресстен арылышууда

Стресстен арылуу үчүн жапондор жаңы терапия ойлоп табышты. Ал чоңдорду ороп-чулгоо деп аталат. Кишилерди баладай кылып эле жалаякка ороп таңышат. Бул учурда бейтап өзүн энесинин курсагында жаткандай сезет. Бул терапиянын […]

Freedom House эл аралык уюму 2017-жылы Кыргызстанды «жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн катарына киргизди

Жашыл түс эркин мамлекеттер, сары түс “жарым -жартылай эркин”, сыя түстөгүлөр “эркин эмес” өлкөлөр Freedom House эл аралык укук коргоо уюмунун 2017-жылдын башында жарыялаган «Дүйнө жүзүндөгү эркиндик» аттуу жаңы докладында […]