Дүйшөмбү, 24 Сентябрь, 2018 - 13:08
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

ФСБ Крымда крымдык татарлардын үйүндө тинтүү жүргүздү

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Крымда крымдык татарлардын үйлөрүндө тинтүү жүргүздү, бир адам кармалды. Бул тууралуу “Крым.Реалии” сайты кабарлайт. Крым-татар элинин Курултайынын БШК башчысы Заир Смедляевдин айтымында, тинтүү Меккеге зыярат кылып […]

Обама Марска америкалык экспедицияны жөнөтүү пландары жөнүндө айтты

«Космосту өздөштүрүүнүн кийинки этабынын максаты адамды Марска жөнөтүү жана аны аман-эсен Жерге алып келүү болот. Андан кийин адамдын узак убакыт Марста болуп кайтышын ойлонобуз». Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обаманын […]

Вандалдар байыркы Болгардагы эстеликти булгап кетишти

Татарстанда Эскерүү күнүн белгилөө алдында белгисиз адамдар Казандын Болгар шаарындагы Успенск чиркөөсүнүн пайдубалынын бетинде жайгашкан байыркы жазууларды булгап кетишти. Бул тууралуу экскурсовод Айрат Хатмулла билдирди. “Жазуулар дайыма даана эле окулчу. […]

Орусия Алеппону кайра бомбалай баштады

Орусиялык аба аскер күчтөрү бир нече күндүк тынымдан кийин козголоңчулар кармап турган Алеппонун чыгыш бөлүгүн кайрадан бомбалай баштады. Syrian Observatory for Human Rights уюмунун маалыматы боюнча Бустан аль-Каср жана Фардос […]

Кабулда храмдагы атышуудан 14 адам набыт болду

Шейшембиде Кабулдагы храмда сыйынып жаткандарга карата куралчан адам ок чыгарып, кеминде 14 адам курман болду. Алардын ичинен 13ү жай тургун, бирөө полициячы экенин, 36 адам жаракат алганын Ички иштер министрлиги […]

Видео – Программист атасына функционалдуу протез жасап берди

Минск шаарынын программисти Олег Гальцев атасы үчүн Arduino платасынын базасында анча кымбат эмес жана функционалдуу кол протезди иштеп чыкты. Протездин негизги тетиктери 3D-принтерде басылып, ар кыл кыймыл-аракеттерди аткарууга жөндөмдү. Жасалма […]

Орусия менен Түркия «Түрк агымы» газ кууру боюнча келишимге кол коюшту

Орусия менен Түркия «Түрк агымы» газ кууру долбоору боюнча макулдашууга келишти. ТАСС агенттигинин билдиришинче, документке Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн энергетика министрлери кол коюшту. […]

Бүтүндөй бир улуттун «атасы» — Мустафа Кемал Ататүрк

Заманбап Түркия республикасынын куруучусу жана алгачкы президенти Мустафа Кемал Ататүрк – XX кылымдын эң көрүнүктүү саясий лидерлеринин бири. Ал өлкөсүн башкарып турган кыска убакыттын ичинде ишке ашырган ар тармактуу реформалары […]

Путин Су-24 атылып түшүрүлгөндөн кийин алгачкы жолу Түркияга барды

Орусия президенти Владимир Путин энергетика боюнча эл аралык саммитке катышуу үчүн Стамбулга барды. Бул тууралуу “Интерфакс” жазды. Бул түрк аскерлери тарабынан Су-24 учагы атылып түшүрүлгөндөн кийинки орус лидеринин Түркияга болгон […]

Укук коргоочу Нодия Мурад Вацлав Гавел сыйлыгынын лауреаты болду

Укук коргоочу Нодия Мурад адам укуктары тармагындагы көрүнүктүү ишмердүүлүк үчүн ыйгарылчу Вацлав Гавел сыйлыгынын төртүнчү лауреаты болду. Нодия Мурад «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлери тарабынан кыйноолорго кабылып, кул катары пайдаланылган Ирактагы […]

Салгылаштар уланып жаткан Кундуздан миңдеген адамдар качып кетүүдө

Өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» мүчөлөрүнүн ортосунда салгылаштар уланып жаткан Ооганстандын түндүк тарабындагы Кундуз шаарын он миңдеген адамдар таштап кетишти. БУУнун маалыматы боюнча, согушкерлер шаарга кол салган 3-октябрдан бери калаадан 33 […]

Украин бийлиги КМШдан чыгуу маселесин кароодо

Украина Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинен (КМШ) чыгуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу жекшембиде өлкөнүн тышкы иштер министри Павел Климкин билдирди. “112-Украина” телеканалынын эфиринде Климкин Украина менен Орусиянын ортосундагы экономикалык байланыштар […]

Видео – Жапондуктар гамбургерлер даамы боюнча Клинтон менен Трампка добуш беришүүдө

Токиодо АКШ президенттиги үчүн башкы талапкер эсептелген Хиллари Клинтон менен Дональд Трампка адаттан тыш добуш берүү башталды. Токиодогу кафе ээлери АКШ президенттигине талапкерлердин туулган шаарлары – Нью-Йорк менен Чикагонун рецептери […]

Фабула: Ак кептер

Түндүк Кореядагы жогорку кызматтагылардын бири, Ким Чен Ындын үй-бүлөсүн дары-дармек менен камсыздаган аткаминер Японияга башпаанек издеп кайрылган. Филиппиндин президенти Родриго Дутерте АКШнын президенти Барак Обаманы “Көзгө көрүнбөй жоголуп кетсин” – […]

ФСБ украин журналистине тыңчылык боюнча расмий айып такты

Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү Украина жараны, журналист Роман Сущенкого расмий түрдө айып такты. Бул тууралуу ТАСС Сущенконун жактоочусу Марк Фейгинге шилтеме берүү менен билдирди. Журналист өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. […]

АКШ элчилигинин ыктымал теракт жөнүндөгү билдирүүсү иликтенүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан ыктымалдуу теракт тууралуу кабар боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Атайын кызмат элчиликтен маалымат келбегенин, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан билдирүү боюнча эле иликтөө […]

Сириянын түндүгүндө 38 жихадчы өлтүрүлдү

Сириянын түндүгүндө соңку жумада эле “Ислам мамлекети” тобунун 38 куралчан экстремисти өлтүрүлдү. Бул тууралуу кабарлаган аскер булактардын айтымында, Түркия колдогон сириялык көтөрүшчүлөр менен жихадчылар кармашкан аймактарда согуштук аракеттер күчөдү. Reuters […]

«Грузин кыялы» партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишти

Грузияда 8-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил “Грузин кыялы” партиясы жеңгени расмий кабарланды. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, аталган партия 48,6 % жакын добуш топтогон. Экинчи орунду экс-президент Михаил Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук […]

Ирандын жаңы элчиси өз ишин журналисттерден баштады

30-cентябрда Иран Ислам Республикасынын Кыргызстанга жаңы дайындалган толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Мужтаби Рузбахани жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту. Алгач дипломат өзүн тааныштырып, мурда Ирандын Амман, Россия, […]

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Баш катчынын талапкерлигин бекитти

Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Португалиянын экс-премьер-министри, Качкындар боюнча мурдагы Жогорку комиссар Антониу Гутерришти уюмдун Баш катчылыгына расмий көргөздү. 6-октябрда кеңештин 15 мүчөсү анын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Эмки жумада башкы […]

Александр Лукашенко Ислам Каримовдун сөөгү коюлган күмбөзгө барды

Беларус президенти Александр Лукашенко бейшемби күнү жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды. Самаркандда ал өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Лукашенко кызматташуу үчүн өлкөлөр ортосунда чоң потенциал […]

Президент Бердымухамедов өлкөдө гольфту өнүктүрүү ниетинде

Түркмөн президенти Бердымухамедов 5-октябрда гольф багытында адистешкен америкалык «Никлаус Дизайн» компаниясынын башчысы Жек Никлаус менен жолукту. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө. Сүйлөшүү учурунда Ашхабадда гольф-корт курулушунун долбоорунун алдыга жылдыруу жана […]

«Мэттью» бороону 280ден ашык кишинин өмүрүн алды

Гаитиде «Мэттью» бороонунун курмандыктарынын саны кеминде 283 кишиге жетти. Куткаруучулар акыркы күндөрү алгачкы жолу океан жээгинде кыйраган шаарчага жете алышты. Кырсыктан улам Гаитиде холера илдетинин вирусу кайра жайылып кетпейби деген […]

Сорос Путинди Алепподогу аскердик кылмыштарды токтотууга чакырды

«Ачык коом» фондунун негиздөөчүсү Жорж Сорос Сириянын Алеппо шаарындагы «тарыхый масштабдагы гуманитардык каатчылык» үчүн жоопкерчиликти Орусияга жүктөдү. Соростун пикиринде, орусиялык учактардын Алеппонун жөнөкөй жашоочуларын бомбалап жатышы үчүн жоопкерчилик президент Владимир […]

Евробиримдикте Чек ара жана жээк кайтаруу кызматы иштеп баштады

Бейшембиде миграциялык каатчылык менен күрөшүүнүн алкагында Евробиримдикте Европанын чек ара жана жээк кайтаруу жаңы кызматы өз ишин баштады. Алгачкы миссиясы Болгария менен Түркиянын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекетте ачылды. Жаңы кызматтын […]

Сирия-Түркия чек арасындагы жардыруудан кеминде 20 киши өлдү

Болжолдуу түрдө «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу тарабынан уюштурулган Сирия-Түркия чек арасындагы жардыруудан кеминде 20 адам каза болду, көбү көтөрүлүшчүлөр. Бул тууралуу кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Syrian Observatory for Human Rights […]

Рамзан Кадыров үчүнчү сапар Чеченстандын башчысы болду

Чеченстандын борбору Грозныйда үчүнчү жолу республиканын башчысы болуп шайланган Рамзан Кадыровдун инаугурациясы өттү. Салтанат Шаар күнүнө жана саясатчынын 40 жылдык мааракесине туш келди. Кадыров ант берип жатып: “Алланын эмири менен […]

Нааразылыктардан улам Польша бийлиги абортко тыюу салуу идеясынан баш тартты

Көптөгөн нааразылыктардан кийин Польша өкмөтү аборт кылууга толугу менен тыюу салуу идеясынан баш тартты. Бул тууралуу шаршембиде өлкөнүн билим берүү министри Ярослав Говин билдирди. Министрдин айтымында, бир канча айга созулган […]

Түркмөнстанда Эскерүү күнү белгиленүүдө

Түркмөнстанда 1948-жылы болгон Ашхабаддагы жер титирөөнүн жана түркмөн эли катышкан согуштардын курмандыктарына арналган бирдиктүү Эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Бул күнү өлкө боюнча мамлекеттик туулар түшүрүлүп, мечиттер […]

Жогорку соттун Төрайымы баштаган кыргыз делегациясы Румыниянын Улуттук Магистратура Институтунда болушту

2016-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева баштаган кыргыз делегациясы Бухаресттеги Улуттук Магистратура Институтунун жетекчилиги жана жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди. Делегацияны […]

Орусия АКШ менен ядролук энергетика боюнча кызматташууну токтотту

Орусия АКШ менен ядролук жана энергетикалык тармактардагы илимий изилдөөлөр, ойлоп табуулар боюнча кызматташууну токтотту. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтында маалымдалды. Кызматташуу боюнча макулдашууга 2013-жылы кол коюлган. Документ эки өлкөнүн ядролук […]

Түркмөнстанда ырчы-маңзат соодагери кармалганы тастыкталды

Ашхабадда Коопсуздук боюнча мамлекеттик кеңештин жыйыны өттү. Ал аскер жана укук коргоо органдарынын жыл башынан бери аткарган иштерине арналды. Отурумда өлкө президенти маңзат менен күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Жыйын бүтөр замат […]

Вячеслав Володин Россиянын Мамлекеттик думасынын спикери болду

Вячеслав Володин  жетинчи чакырылыштагы Мамлекеттик думанын спикери болуп дайындалды. Буга чейин президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басарлык кызматына аны Владимир Путин өзү сунуштаган. Вице-спикерлер болуп “Бирдиктүү Орусиядан” Александр Жуков жана […]

Орусия Мамдумасынын жетинчи чакырылышы алгачкы жыйынын өткөрөт

Бүгүн Мамлекеттик думанын жетинчи чакырылышы алгачкы пленардык жыйынын өткөрөт. Аны парламенттеги эң улуу депутат, Коммунисттер фракциясынын 86 жаштагы өкүлү Жорес Алферов ачат. Депутаттардын алдында Орусия президенти Владимир Путиндин да сөз […]

Түркмөнстан президенти атайын кызматтардын ишине нааразы

4-октябрда Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты. Жергиликтүү ММКлардын билдиришинче, жыйындын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук министрлигинин башчысы Доврангелди Байрамов баяндама жасап, 2016-жылдын тогуз айында өлкөдөгү коомдук-социалдык туруктуулукту сактоо […]

Брюсселде ЕБ-Борбор Азия жолугушуусу өттү

Брюсселде 4-октябрда Евробиримдиктин мүчөлөрү менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 12-жолугушуусу болуп өттү. Европалык комиссиянын вице-президенти Федерика Могерини менен эл аралык кызматташтык жана өнүгүү маселелери боюнча комиссар Невен Мимица […]

Журналист Роман Сущенконун жактоочусу анын камалышы боюнча даттанды

Орусия атайын кызматы тарабынан тыңчылыкка шектелип кармалган украиналык журналист Роман Сущенконун жактоочусу анын камакка алынышы боюнча даттанды. Бул тууралуу «Интерфакс» Лефортово сотунун басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди. Адвокат Марк […]

Ассанж АКШдагы шайлоо жана Google тууралуу жаңы маалыматтарды убадалады

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж кабарчылар менен болгон видео конференция учурунда билдиргендей, алар быйылкы жылдын аягына чейин бир миллион документти шардана кылат. WikiLeaksтин хакерлери тарабынан уурдалган документтер арасында АКШдагы президенттик […]

2017-жылдан тарта Орусияда мажбурлап иштетүү жазасы киргизилет

Орусияда кылмыш жоопкерчилигинин жаңы түрү — мажбурлап иштетүү — эмдиги жылдан тарта колдонула баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматынын директорунун орун басары Валерий Максименко билдирди. Максименко түзөтүү […]

Италиянын деңиз кайгуул кызматы алты миңге жакын мигрантты сактап калды

Италиянын деңиз кайгуул кызматы 39 кайык менен Европа жээктерине бара жаткан алты миңден ашык мигрантты куткарганын билдирди. Кызматтын маалыматы боюнча, тогуз мигрант каза болуп, Италиянын Лампедуза аралынын ооруканасына кош бойлуу […]

Орусия Сирияга жаңы ракеталык комплекстерди жеткирди

Орусия биринчи жолу өлкө тышына С-380 ВМ «Антей-2500» зениттик-ракеталык комплексин жайгаштырууда. Бул тууралуу Fox News кабарлады. Курал жүктөлгөн унаалар өткөн дем алыш күндөрү Жер ортолук деңиздин сириялык Тартус портуна жеткирилди. […]

АКШ Орусия менен Сирия тууралуу маалымат бөлүшүүнү токтотту

Вашингтон Сирия маселеси боюнча Москва менен байланышты үзүү чечимин өткөн жумада Жон Керри эскертүү берген соң кабыл алган. Бул туурасында Associated Рress агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаментине шилтеме берүү менен билдирди. […]

Түркия өзгөчө кырдаалды дагы үч айга узартты

Түркиянын өкмөт башчысынын орун басары Куртулмуштун 2-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, президент Режеп Тайип Эрдогандын катышуусунда өткөн өкмөт жыйынында өлкөдө өзгөчө кырдаалды 19-октябрдан тарта дагы 90 күнгө узартуу чечими кабыл алынды. Түркияда […]

Украина Орусиядан Роман Сущенкону токтоосуз түрдө бошотууну талап кылат

Украина Коргоо министрлигинин Чалгындоо боюнча башкы башкармалыгы Москвада тыңчылыкка айыпталып кармалган журналист Роман Сущенко чалгын кызматкери эмес экенин кабарлады. Бул маалымат “катардагы фейк” деп билдирди РИА “Новостиге” мекеменин басма сөз […]

Кайда барсаң өзүм билем дегендин шору

Өткөн жумада кырына чыгып алып Кыргызстанды карачу опол тоодой эки окуя болду. Биринчиси, Нью-Йоркто Генералдык Бириккен улуттар (БУУ) уюмунун 71-сессиясы болуп өттү. Экинчиси, Орусияда аяктаган парламенттик шайлоо. Булар бизге «кандай […]

Москвада тыңчылыкка айыпталып украиналык журналист кармалды

«Укринформ» агенттигинин журналисти Роман Сущенко тыңчылыкка айыпталып, тергөө абагында камалып турат. Бул тууралуу Москванын коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү, укук коргоочу Зоя Световага шилтеме кылып «Ачык Орусия» билдирди. Укринформдун» Париждеги кабарчысы, […]

Тереза Мэй Улуу Биртаниянын ЕБдан чыгуу мөөнөттөрүн жарыялады

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй өлкөнү Евробиримдиктен чыгаруу жараяны формалдуу түрдө 2017-жылдын соңунда башталарын билдирди. Мэйдин Би-Би-Сиге берген маегине караганда, Лиссабон келишиминин 50-беренесинде көрсөтүлгөн процедуралар эң эле кеч дегенде мартта […]

Талиптер Ооганстандын Кундуз шаарына кирип барышты

Ооганстандын Кундуз шаарында өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» кыймылынын согушкерлери ортосунда айыгышкан салгылаштар жүрүүдө. Бул тууралуу France-Presse маалымат агенттиги билдирди. Жергиликтүү полиция бөлүмүнүн башчысы Шир Али Камалдын айтымында, согушкерлер шаарга бүгүн […]

Адамдын көз жашында алтын бар экени аныкталды

Россиянын илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн химиялык биология жана фундаменталдык медицина институтунун окумуштуулары көздөн чыккан жаштын курамын биринчи жолу изилдеп чыгышты. 50 ыктыярчыны ыйлоого мажбурлоо үчүн изилдөөчүлөр кадимки көз тамчылатмасынын курамына […]

Лаврентий Берия чындыгында ким болгон?

Берия Кутаиси губерниясындагы Мерхеули кыштагында, анчалык бай эмес дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жакшы билим алып, куруучу-архитектор адистигине ээ болгон. Өспүрүм кезинде жашыруун марксисттик ийримге катышып, революциядан кийин шаардык большевиктик уюмда иштеген. […]