Жума, 17 Август, 2018 - 18:16
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ЭКОНОМИКА

Тажик-өзбек бизнес-форумунда $200 млн. ашык суммага келишим түзүлөт деп күтүлүүдө

Өзбек-тажик бизнес-форумуна катышуу үчүн 250гө жакын тажик ишкери Ташкентке барды. Анын жыйынтыгы боюнча 200 миллион доллардан ашык суммага келишимдер түзүлөт деп күтүлүүдө. Өзбекстан борборундагы бизнес-форумга ишкерлерден тышкары Тажикстандын Тышкы иштер, […]

Улуттук банк 19 миллион 50 миң долларды сатыкка чыгарды

Улуттук банк апрель айынан бери алгач жолу валюта базарына интервенция жасап, 19 миллион 50 миң сомду сатыкка чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Муну менен жыл башынан бери Улуттук […]

ЕАЭБ: Орусия Кыргызстанга азык-түлүктөрдү кайра кайтарууда

Орусия жыл башынан бери Кыргызстандан барган 300 тоннадай жашылча менен мөмө-жемишти артка кайтарды. Буга чейин Казакстан да 47 жолу азык-түлүктү Бишкекке кайра жөнөткөн. Буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка […]

Бишкек-Ош автожолунун Маданият-Жалал-Абад участогу 2018-жылдын октябрында башталат

Бишкек-Ош автожолунун  Маданият-Жалал-Абад участогу 2018-жылдын октябрында башталат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Кыргыз Республикаснын Президенти Сооронбай Жээнбековго мамлекет башчысынын Ош жана Жалал-Абад облустарына жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында […]

Жерлерди трансформациялоо 200 миң жаран үчүн социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө шарт түзөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Кеңешменин жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Сугат айдоо […]

“Жерүй” алтын кенинин инвестору “Русская платинага” суроо көп…

Бүгүнкү күндө “Жерүй” алтын кени 20 жылдан бери ишке ашырабыз деп бийлик убада кылып келе жаткан долбоорлордун катарына кирет. Эске салсак, “Жерүй” алтын кенин ар түрдүү инвесторлор иштетүүгө аракет кылып […]

Мамлекеттин карызы $4.5 миллиардга жетти

Жаңы бийлик менен өкмөт эл менен мамлекеттин ырыскысын  жеп куруткан коррупционерлерге каршы аёосуз күрөш жүргүзгөндүгү колдоого аларлык көрүнүш. Бирок өлкөбүздүн ички жана сырткы карызы ачыган камырдай күндөн-күнгө көбөйүп, Кыргызстан дефолт […]

УКМК: коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү которулду

10-августта КРнын МУКК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 2,15 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду. Бул […]

Тажикстанда жалпы акчанын 80% калктын колунда

Тажикстандагы жалпы акчанын 20% гана банктар менен каржы мекемелеринде сакталууда, калган 80% калктын колунда. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын тажик экономикасындагы абал тууралуу изилдөөсүндө жазылган. Изилдөөчүлөр анда акчанын 80% өлкөнүн каржы […]

Түркмөнстан каатчылыкка карабай, кымбат мейманкана курат

Түркмөнстан башчысы Ашхабадда баасы жүздөгөн миллион долларлык кымбат мейманкана куруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул арада өлкөдө өз убагында айлык акы, пенсия төлөнбөй, жумушка жарамдуу кишилер чет өлкөгө иш издеп […]

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашуун бөлүндү

«Айыл чарбасын каржылоо»  долбоорлорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашуун бөлүнгөн. Бул тууралуу кечээ, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында […]

Түркия Борбордук банкы: лиранын кунун бекемдөө үчүн бардык чаралар көрүлөт

Түркиянын Борбордук банкы улуттук валютанын алсыроосунан улам, каржы туруктуулугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди. Улуттук банктын 13-августта тараткан билдирүүсүндө банктардын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүлөрү айтылат. Мындан […]

Абылгазиев “Кыргызстан” авиакомпаниясын банкрот кылган Жолдош Бектургановду эми “Манас” аэропортун банкрот кылганы алып барабы?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Манас” эл аралык аэропортунун президенти, абактагы Албек Ибраимов менен экс-президент Алмаз Атамбаевдин кадры Эмил Чукуевди кызматтан кетирип, анын ордуна “Кыргызстан” авиакомпаниясын толук банкрот кылган Жолдош Бектурганов деген […]

Алтынбек Сулайманов: “2040-жылга чейинки улуттук стратегияны ишке ашырууга каржы булактары барбы? 2017-жылга чейинки стратегия аткарылбай эле калып кетти го…”

“Россияга каршы дүйнө өлкөлөрү кабыл алып жаткан санкциялардын залакалары бизге тийбейт деп ким кепилдик бере алат? Биз деген ЕврАзестин мүчөсү эмеспизби. 2020-жылдан тартып биз жыл сайын тышкы карызды төлөөгө 350 […]

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Бир айыл – бир продукт» долбоору өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылат»

«Бир айыл – бир продукт» долбоору өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди. Өкмөт […]

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Фискалдаштыруунун башкы компоненттери киргизүүгө даяр

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров фискалдаштыруу маселеси боюнча кезектеги жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Кеңешмеде министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасындагы фискалдаштыруу программасынын акыркы долбоору […]

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Биздин милдет – аймактарды арзан жана узак насыялык ресурстар менен камсыздоо»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана «Кепилдик фонду» ААКсы тарабынан ишке ашырылган жаңы каржылык продуктулар маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Премьер-министр […]

Түркиянын Анталия шаарындагы кыргыздардын КР Президенти Сооронбай Жээнбековго жана Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуусу

Урматтуу президент! Урматтуу премьер-министр! Биз, Түркиянын Анталия шаарындагы мейманканаларда эмгектенген кыргыз жарандары күтүлбөгөн ситуацияга кабылдык. Анталия курорт-шаар болгондуктан бул жерде ар бир 50 метрде бирден отель жайгашкан. Анын ар биринде […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Атамекендик авиакомпаниялар авиациялык коопсуздук боюнча эл аралык аудиттен өтүүлөрү зарыл

Кечээ, 10-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялардын аба кемелеринин техникалык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт өлкө парламентинин «Ачык асман» саясатын киргизүү вариантын колдойт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 10-августта, «Ачык асман» саясатын киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт авиация тармагын өнүктүрүүгө зор […]

Казакстанда теңге арзандоодо

Теңгенин куну төмөндөгөндүктөн, 9-августта Казакстан Улуттук банкы улуттук валютаны колдоо үчүн интервенция жасоого даяр экенин билдирди. Казакстан Улуттук банкы билдиргендей, 9-августта теңгенин курсу 1,6 пайызга түшүп, 1 АКШ доллары 354,06 […]

Стамбулдагы “Ататүрк” аэропорту 31-октябрда жабылат

Стамбулда миллиондогон жүргүнчүлөрдү кабыл алган “Ататүрк” аэропорту быйыл 31-октябрда жабылат. Ошол эле күнү шаардагы жаңы аэропорт ишке кирет. Алгачкы эл аралык каттам Азербайжанга жүргүзүлөөрү кабарланды. Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун жалпы […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Натыйжасыз мамишканалар жоюлуп же ишенимдүү башкарууга берилиши керек

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ишенимдүү башкарууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы долбоорлор үчүн өткөрүп берилүүчү мамлекеттик объекттердин тизмесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы […]

Кыргыз Республикасында көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт

Кыргыз Республикасында көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан жетишилди. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. […]

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Улуттук банктын төрагасы ишке ашырылып жаткан акча-кредиттик […]

Алишер Усманов “Арсенал” футбол клубундагы үлүшүн сатат

Өзбек тектүү орус олигархы Алишер Усманов англиялык “Арсенал” футбол клубундагы 30 пайыздык үлүшүн сатууга макул болду. Сатып алуучу – клубдун 67% акциясына ээ америкалык магнат Стэн Кронке. Ал мындан тышкары […]

Амир Закиров, «China trade experts» компаниясынын башкы директору: Бизнеске идеялар көп, бирок рынокко алып чыгуу туура жолго коюлбай келет

Каарманыбыз Кытайда 7-8 жыл иштеп келип, учурда өз тажрыйбасын жаш ишкерлер менен бөлүшүп, экономикабызга салым кошууга далалаттанган жаштардын бири. – Үй-бүлөлүк бюджетти жакшыртуу үчүн ар бир жаш үй-бүлө кантип бизнес […]

Эл аралык компания Кыргызстандагы көмүскө экономиканы изилдейт

Экономика министрлиги Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда Кыргызстандагы көмүскө экономиканын масштабын иликтейт. Министрлик кабарлагандай, изилдөө жүргүзүү укугу тендерде утуп чыккан эл аралык “Pricewaterhause Coopers LLP” компаниясына тийди. Эксперттер көмүскө […]

Илон Маск Tesla компаниясын сатып алууну пландоодо

Илон Маск Tesla компаниясын ар бир акциясын 420 доллардан сатып алып, аны көпчүлүктөн жеке менчикке өткөрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал Twitter аркылуу билдирди. “Каржылоо бар “, деп жазды Маск. Масктын […]

1-августтан тарта Бишкек жана Ош шаарларында электрондук форматтагы патенттерди берүү башталды

2018-жылдын 1-августунан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга электрондук форматтагы […]

Экономика өлөсөлүү. Өкмөт азыркыдай темп менен иштесе көпкө чыдабайт

Мамлекеттик казынанын таңкыстыгы, экономиканын өпчап абалы, өкмөттүн 100 күндүк өлөсөлүү иш ыргагы күзгө карай социалдык, экономикалык оор жагдайды шарттабайбы? Кыргыз бийлигинин мындай алсыз, кашаң жүрүштөрү анын оппоненттеринин чырагына май тамызып, […]

Тажикстанда мобилдик компания 5,5 млн доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилди

Тажикстан Жогорку экономикалык соту “Билайн” мобилдик компаниясы менен Салык комитетинин ортосундагы талашта акыркысынын пайдасына чечим чыгарды. Буга чейин мобилдик оператор салык мекемесинин айыппулдарын өтө жогору деп эсептеп, сотко доо арыз […]

Орусия АКШ товарлары үчүн импорттук алымдарды көбөйттү

5-августтан тарта Орусия АКШнын бир катар товарларына карата импорттук алым киргизди. “Прайм” агенттиги билдиргендей, муну менен Москва Вашингтондун буга чейин болот жана алюминийге карата пошлина киргизүүсүнө жооп берди. Жүк ташуучу […]

Бишкек ЖЭБиндеги кыйроонун башкы себеби эмнеден чыккан?

Бишкек ЖЭБдеги жаңы химиялык суу тазалоочу (ХСТ) цех 2018-жылдын 1-октябрына курулуп бүткөрүлүүгө тийиш. “Тендерлер кечигип өткөрүлгөнүнө, катышуучулардын жоктугуна байланыштуу жылуулук берүү мезгилине даярдыкты үзгүлтүккө учуратуу боюнча актануулар кабыл алынбайт” – […]

Казакстан теңгенин арзандашын «глобалдык тренддердин таасири» менен байланыштырууда

Казакстандын Улуттук банкы теңге кунунун төмөндөшүн глобалдык тренддердин таасири менен байланыштырууда. «АКШнын Федералдык резервдик системасы монетардык саясатты катаалдатышынан улам портфелдик инвестициялар кетип, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн көбүнүн улуттук валюталары алсызданды. Мындан […]

Тажик бажысы: өзбек-тажик чек арасы аркылуу товар алып өтүүдө эч кандай чектөө жок

Өзбек-тажик чек арасы аркылуу товар алып өтүүдө эч кандай чектөө жок. Бул тууралуу 2-августта Тажикстандын Бажы кызматынын төрагасы Хуршед Каримзода Душанбеде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Июлдун башында тажик-өзбек чек арасы […]

Тажикстанда автобус кураган ишкана ачылат

Быйыл жыл соңуна чейин Душанбеде автобустарды жана жүк унааларын чогулта турган ишкана ачылат. Жаңы долбоор түркиялык ишканалар менен өнөктөштүктө ишке ашырылат. Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Фаррух Хамрализода […]

Мөлтүлдөйт кыргыз сымабы

Кыргызстандын Түштүгүндөгү Кадамжай сурма жана Айдаркен сымап комбинаттары Союздун учурунда Ош областынын бюджетинин 70 пайызын толтуруп даңкы далайга кеткен түстүү металлургия тармагынын ири ишканаларынан эле. Эки ишкана тең Эмгек Кызыл […]

Түркмөнстан: МТСтин доо арызынын келечеги жок

Түркмөн өкмөттүк маалымат ресурстары орусиялык МТС байланыш операторунун Түркмөнстанга карата доо арызынын келечеги жок деп билдиришүүдө. МТС Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүнүн токтотулганына байланыштуу Дүйнөлүк банктын алдындагы Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык […]

МТС сот аркылуу Түркмөнстандан 750 миллион доллар өндүрүп алууну көздөөдө

МТС Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүнүн токтотулгандыгына байланыштуу Дүйнөлүк банктын алдындагы Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борборго инвестициялык доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу РБК басылмасы орусиялык компаниянын басма сөз кызматына шилтеме […]

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер: “Биз “Кумтөр” кенинен 2009-жылдан тартып гана $100 млн пайда көрө баштадык, ал эми канадалыктар башынан баштап эле жылына $600 млн пайда көрүүдө”

Бүгүнкү күнгө Кыргызстандын тышкы карызы 4,4 млрд  АКШ долларын түздү. Өлкөнүн бюджети 140 млрд сом – бул 2 млрд доллар болот – мындай бюджет менен биз тышкы карызды төлөй албайбыз. […]

Фото – Алаңгазар басык. Малчылардын слётундагы маанай же ностальгия жараткан жагдай

Айтылуу Суусамыр өрөөнүндө малчылардын кезектеги V слёту өттү. Аталган иш-чара 20-июлда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги алдында уюшулуп, ага өлкө премьер-министри М.Абулгазиев, экс-президент Р.Отунбанева, бир катар ЖК […]

Фото – Экс-премьер-министр Данияр Усенов Белорусияда 700 млн доллардык кытай-белорус биотехнологиялык комбинатын кура баштады

Кечээ, 27-июлдун кечинде Белорус маалымат каражаттары Минскиден анча алыс эмес Руденск шаарчасында жогорку технологиялуу өндүрүштүн толук циклин камтыган – буудайдан аминокислота өндүрө турган биотехнологиялык комбинаттын курулушу башталганын жарыялашты. Ал курулуп […]

Кубатбек Боронов Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү менен Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорун талкуулады

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 27 июлда, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Кэндис МакДэйган менен жолукту. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча […]

Кыргызстандын фондулук рыногун Атамбаев кантип өздүк кылып алган?

Алмазбек Атамбаевдин башкаруу жылдарында Кыргыз фондулук рыногу башынан оңой эмес учурга туш болду. Фондулук рынок бул учурда кезектеги жеке менчиликке бөлүштүрүүнү кайрадан башынан өткөрдү. Өлкө болсо Атамбаевдин фирмасына айланып, анын […]

Түркмөнстанда чет өлкөгө алып чыга турган валюта суммасына чектөө киргизилди

Түркмөнстанда чет өлкөгө алып чыгууга уруксат берилген акчанын өлчөмү 16-июлдан тарта 3000 долларга чейин төмөндөтүлдү. Түркмөнстандагы экономикалык каатчылыктын фонунда жарандар үчүн каржылык чектөө күн сайын күчөп баратат. Мындан ары Ашхабаддын […]

Эмомали Рахмон Рогун ГЭСинин курулушу менен таанышты

26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Рогун ГЭСиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Президент ГЭСтеги бардык 72 тилкенин жумушчулары менен жолугуп, аларды иштин […]

Ирандык ишкер Борбор Азия жана Россияда теңдеши жок ишкананы Кыргызстанда ачууда

Сыртынан караганда жөнөкөйдөн эле көрүнгөн бул кичинекей мөөр басуучу жабдык үстүнөн 100 килодон ашык жүк басса да сынбайт же бузулбайт”. Ирандык ишкер, Sunny заводунун башкы директору Мухандес Хабиб Дптаби “Майдан.кg […]

Ашхабадда өсүмдүк майы бир кишиге бир бөтөлкөдөн гана сатылууда

Ашхабадда өсүмдүк майы тартыш болууда. Буга байланыштуу дүкөндөрдөгү ири кезек учурунда уруш-талаш жаралууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Ашхабадда “Ахал” өсүмдүк майы бир кишиге бир бөтөлкөдөн ашык сатылган жок. Буга байланыштуу […]

Чек арадан чөнтөк телефон алып өткөндөрдөн 100 сомдон алуу сунушталууда

Кыргызстанда чет жактан ташылып келүүчү чөнтөк телефондордун ар бирине чек арадан 100 сомдон төлөм алуу каралууда. Бул тууралуу 24-июлда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик […]