Дүйшөмбү, 23 Апрель, 2018 - 23:17
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ЭКОНОМИКА

Москва менен Дүйшөмбүнүн авиажаңжалы курчуду

Тажикстан Дүйшөмбүдөгү орусиялык «Урал авиалиниялары» авиакомпаниясынын учууларын токтотту. Буга чейин Орусияда тажикстандык «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын каттамдарына тыюу салынган. Буга байланыштуу тажик тарап ушундай мүнөздө жооп кайтарды. Тажикстан Жарандык авиация департаменти маалымдагандай, […]

Элмира Ибраимова, эксперт: “Жолдорубуз начарлагандан начарлап, аларга кеткен чыгымдар көбөйгөндөн көбөйүүдө”

Жакында жергиликтүү кеңеш менен Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо кыргыз жолдору чоң көйгөй экенин даана көрсөттү. Бул теманы өз убадалоосунда эскербеген бир да партия болгон жок. Ар бири жаңы жол салып, […]

Назарбаевге «ЕАЭБди бекемдегендиги үчүн» сыйлык ыйгарылды

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев «Эл аралык саясаттагы көрүнүктүү жетишкендиги жана Евразиялык экономикалык биримдикти бекемдегени үчүн Орусиянын «Жылдын адамы» сыйлыгынын лауреаты болду. Сыйлык 1993-жылы Орусиянын биографиялык институту тарабынан негизделип, эл аралык […]

Видео – Индиядан Тажикстандын президенти 3 ГЭС курууну макулдашып келсе, Атамбаев 1 аппарат көтөрүп келди

Өткөн жуманын аягында Тажикстандын президенти Эммомали Рахмон Индияга визит жасап, Тажикстанда 3 ГЭС курууга келишим түзүп келди. Анын артынан эле Индияга барган Кыргызстандын президенти Алмаз Атамбаев 1,5 млн доллардык онкологиялык […]

Жалал-Абадда «Гарантиялык фонд» биринчи кепилдигин бекитти

Мамлекеттик «Гарантиялык фонд» АККсы 2016-жылдын 9-декабрында биринчи кепилдигин бекитти. Фонддун биринчи кызматын колдонуучу Жалал-Абад шаарынан жеке ишкер болду. Бул долбоор райондук туризмди өнүктүрүүдөгү салымын камсыз кылат. Ишкер 900 000 (тогуз жүз […]

Анжиянда мугалимдерди лимон өстүрүүгө милдеттендиришти

Өзбекстандын Анжиян облустук акимчилиги мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерине окуу жайлардын аймактарына лимон өстүрүүнү тапшырды. Маалыматтарга караганда, Анжиян облусундагы бардык мектептер менен бала бакчалар аймагына лимон өстүрүү үчүн күнөсканаларды курушу керек. […]

Рахмон: Тажикстан жакынкы 3 жылда энергетикалык көз карандысыздыкка жетет

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон парламентке жасаган кайрылуусунда жакынкы үч жыл ичинде өлкө энергетикалык коопсуздукка жетерин билдирди. Мамлекет башчы өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Рогун ГЭСинин курулушуна жалпысынан 12 миллиард […]

Кыргыз авиакомпанияларынын “кара тизме” көйгөйү өкмөттө каралды

Кыргызстандын авиакомпанияларынын Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыга албай жатышынын себептери кечээ өкмөттө талкууланды. Министрлер кабинетинин маалымат кызматынын кабарлашынча, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү адистердин, ошондой эле Унаа жана байланыш министрлигинин өкүлдөрү […]

Орусия 22-декабрдан тарта Тажикстан менен аба каттамдарын токтотот

Орусия менен Тажикстандын ортосундагы аба байланыштары 22-декабрдан тарта токтотулат. Эки өлкөнүн авиация бийликтеринин ортосундагы жаңжал бир нече айдан бери уланып келе жатат. Тажикстандын Транспорт министрлиги эки күн мурун “Жуковскийден” Дүйшөмбүгө каттай […]

Өзбекстан менен Украина ырааттуу аба каттамдарын жандандырууга ниеттенүүдө

Өзбекстан менен Украинанын авиациялык бийлиги Ташкент-Киев-Ташкент каттамдарын жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу «Интерфакс-Украинага» Өзбекстандын Украинадагы элчилиги кабарлады. Өзбекстандын Украиандагы элчиси Алишер Абдуалиевдин белгилешинче, Ташкент-Киев-Ташкент каттамы боюнча учактар 2015-жылы майда […]

Түркмөнстан газ үчүн Ирандан 2 миллиард доллар талап кылууда

Түркмөнстан Иран 2012-жылы санкциялар киргизилгенден кийин жеткирилген түркмөн газы үчүн карызын төлөбөгөндүгүн билдирүүдө. Өз кезегинде Ирандын «Фарс» маалымат агенттиги өкмөттөгү булактарына шилтеме кылуу менен эгер Түркмөнстан кыш мезгилинде газ берүүнү […]

Тажикстанда ири банктардын бири мүлкүн аукцион аркылуу сатууда

Акыркы эки жылда Тажикстанда төрт ири банк каржы каатчылыгына дуушар болду. «Тожиксодиротбанктын» жетекчилиги банкка тиешелүү болгон турак-жайларды, кеңселерди жана авто унааларды аукцион аркылуу сатууда. Акция эки жумага уланат. Бул демилгенин […]

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Атамбаев “Газпром” аркылуу элди тоноп жаткан жокпу?”

Президент Алмаз Атамбаев “Газпром” аркылуу элди тоноп жатат деген ой жаралууда. Себеби, миллиард долларга жетчүдөй инфраструктурасы бар “Кыргызгаздын”  болгону 1 $га сатылышына Атамбаев гана кызыкдар болуп, анын натыйжасында “Газпром” пайдалуу […]

Индия Тажикстанда үч ГЭС курат

Индия менен Тажикстан сооданы өнүктүрүү үчүн жүктөрдү Ирандын түштүк-батышында жайгашкан Чабахар порту аркылуу алып өтүүгө макулдашты. Ал ортодо индиялык компания Тажикстанда Оби Хингоб жана Фондарё дарыяларында үч ГЭС курмай болду. […]

ЭВФ өлкө экономикасы быйыл бираз жакшырганын жарыялады

Эл аралык валюта фонду 2016-жылдын жыйынтыгы менен реалдуу ички дүң өнүмдүн өсүшү 2,6% түзөт деп күтүп жатат. Буга чейин ЭВФ эксперттери экономиканын болжолду өсүшү 2% тегерегинде болот деп баалашкан. Алтынды […]

Мавлян Аскарбеков, «Жаңы Муун» кыймылынын лидеры: “Кыргыз элинин мойнуна 37 миллион долларды илгени турушат”

-“Русгидро” Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Нарын каскаддарына короткон акчаларды Кыргыз өкмөтү төлөп бербесе Эл аралык сотко арыздана турганын билдирди. Буга эмне негиз болуп бере алат? – “Русгидронун” бизди сотко берип жатканынын негизги […]

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Русгидро” Кыргызстанга келип жатканда ГЭСтерди курбасын биз дароо эле билгенбиз”

-“Русгидро” Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Нарын каскаддарына короткон акчаларды Кыргыз өкмөтү төлөп бербесе Эл аралык сотко арыздана турганын билдирди. Буга эмне негиз болуп бере алат? -Негизи Кыргыз­стан менен «Русгидронун» ортосундагы чоң […]

Ашхабад менен Баку талаштуу кен боюнча макулдашууга келе алган жок

Баку менен Ашхабад талаштуу «Кяпаз»/«Сердар» көмүрсуутек кенинин кимге таандык экендиги боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Халаф Халафов билдирди. Ал бул боюнча […]

Улуттук экономиканын Эл аралык валюта фонду тарабынан каржылануу квотасы эки эсе көбөйөт

Жогорку Кеӊеште «Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө» Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоолорду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, дароо эле үч окууда […]

Феликс Кулов: “Максим Бакиев Кара-Кече көмүр электр стациясын куруу үчүн казактардан 150 млн доллар өз үлүшүн талап кылган”

“Кыргызстан үчүн Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын курганга караганда Кара-Кече көмүр электр стациясын куруу маанилүү болмок”, – деп билдирди саясатчы Феликс Кулов 13-декабрда “Ааламдашуу жана анын Кыргызстандын келечегине тийгизген таасири” аттуу тегерек […]

Финляндия Кыргызстандан азык-түлүктөрдү экспорттого кызыктар

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-декабрда, Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин саясатты өнүктүрүү маселелери боюнча улук кеңешчиси жана Элчиси Юхани Тойвонен баштаган делегация менен жолугушту. Премьер-министрге фин тарабынан айыл жана […]

АКШнын Федералдык резервдер системасы базалык ставканы жогорулатты

АКШнын Федералдык резервдер системасы 2016-жылы биринчи жолу федералдык насыя каражаттары боюнча базалык ставканы 0,25-0,5 пайыздан 0,5-0,75 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирүүдө. Чечим АКШдагы жумушсуздуктун азайганы жана инфляциянын […]

ЭВФ: Түркмөнстанда экономиканын өнүгүү темпинин жайлашы уланат

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жакында эле Түркмөнстанда болуп кайткан расмий миссиясынын маалыматында өлкө экономикасынын өнүгүүсү сырткы факторлордон улам төмөндөп, 2016-жылы учурдагы каржы таңкыстыгынын күчөшү күтүлөрү жазылган. Ошол эле маалда […]

Кытай компаниялары Кыргызстанда мунай кендерин иштетүү ниетинде

Кытайдын «Лэнд Оушен Энержи Сервис Ко ЛТД» жана «КНГ Гидрокарбонс» ЖЧКсы компаниялары Кыргызстанда бир катар мунай долбоорлорун ишке ашыруу ниетинде. Бул тууралуу Кыргызстан менен Кытайдын Паньцзинь шаарынын администрациясы ортосундагы меморандумга […]

Дүйшөмбү банкротко кептелген банктарга 500 миллион доллар бөлөт

Тажикстан өкмөтү каржылык абалды жакшыртуу жана банкроттон сактап калуу үчүн «Точиксодиротбанк», «Агроинвестбанк», «Фононбанк» жана «Точпромбанкка» 3 миллиард сомони (500 миллион доллардай) акча бөлөт. Өлкөнүн Улуттук банкынын маалыматы боюнча бийлик «Точиксодиротбанкка» […]

Иран Американын “Боинг” компаниясынан 80 учак сатып алат

Ирандын улуттук авиакомпаниясы Американын «Боинг» фирмасынан 80 учак сатып алууга макулдашты.  Келишимдин жалпы суммасы 16 миллиард долларга бааланды. IRNA агенттиги билдиргендей, 11-декабрда Тегеранда эки компаниянын өкүлдөрү жолукту. Анын жүрүшүндө белгилүү […]

Мунай өндүрүүнү азайтуу боюнча глобалдуу келишимге кол коюлду

Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюму (ОПЕК) жана картелге мүчө эмес мунай өндүрүүчүлөр ишембиде 2017-жылга чейин нефтини өндүрүүнү азайтуу жөнүндө глобалдуу келишимге кол коюшту. Мындай чечим 15 жылдан бери алгачкы ирет кабыл […]

Казакстандын авиакомпаниялары ЕБдин кара тизмесинен чыкты

Европалык комиссия казакстандык авиакомпанияларды Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу бейшембиде Казакстандын жарандык авиация комитети билдирди. ЕБдин кара тизмеси биримдиктин аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоо максатында Европа комиссиясы тарабынан түзүлөт. […]

ЕБ Украинага берген жардамдан жакшы жыйынтык чыкпай жатканын билдирди

Европа эсеп палатасы 2007-жылдан 2015-жылга чейин Евробиримдиктин Украинага берген каржылык жардамы  чектелген эффект бергенин жана жыйынтыктары “начар” бойдон калганын билдирди. 7-декабрда жарык көргөн отчетто биринчи кезекте бул коррупция менен күрөшүүдөгү […]

Тажикстанда каржы көйгөйүнөн улам мунай заводун ишке берүү кечеңдөөдө

Тажикстандын Дангар эркин экономикалык аймагында курулуп жаткан ири мунай заводун пайдаланууга берүү мөөнөтү кайрадан узартылды. Ишкана ишин ушул жылдын июнунда эле башташы керек болчу, бирок каржы көйгөйлөрү объектини тапшырууну кечеңдетүүгө […]

“Дордой” базарынын түзүлгөнүнө 25 жыл толду

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 5-декабрда, «Дордой» Ассоциациясын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толгондугуна байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты. Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин куттуктоосун окуду, анда төмөндөгүдөй атйылат: «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн […]

КР Өкмөтү тарабынан фитосанитардык коопсуздук жаатында ишкердүүлүктү жүргүзүүдө тобокелдик даражасын баалоо критерийлери киргизилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтомуна кол койду. Аталган токтомдун негизги максаты – […]

Кыргызстан Кытайдан интернет алуу боюнча сүйлөшүүдө

Кыргызстан Кытайдан интернет алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Маселенин деталдары премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуанын Бишкектеги жолугушуусу учурунда талкууланды. 2016-жылы августта Кыргызстандын Байланыш операторлор ассоциациясы казак интернет […]

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “20 жыл аралыгында тыштан канча карыз алсак, кийинки 5 жыл ичинде ошончо карыз алып койдук”

-Акылбек Үсөнбекович, Жогорку Кеңеш 2017-жылдын бюджетин бекитип бердиңер. Кийинки жылдын бюджети канча миллиард таңкыстык менен келиптир? -Тилекке каршы жетишсиз акча былтыркыдан аз эмес. 20 миллиард сомдон ашык дефицит менен кабыл […]

Тажик өкмөтү жакынкы 15 жылда калктын кирешеси эки эсеге өсөт деп болжолдоодо

Өлкөнүн Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Неъматулло Хикматуллозода парламенттин төмөнкү палатасынын жыйынында Тажикстандын 2030-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн $118 млрд. 100 млн. керек экенин билдирди. Документтин максаты […]

Кыргызстан менен Казакстандан барган 30 тонна азык Орусияга киргизилген жок

Орусияга Кыргызстан менен Казакстандан барган 31,3 тоннадан ашык азык-түлүк киргизилген жок. Бул тууралуу Россельхознадзордун Новосибирск облустук башкармалыгынан билдиришти. Жүк «Карасук» өткөрмө бекетиндеги фитосанитардык көзөмөл маалында кармалган. Кыргызтан менен Казакстандан алынып […]

Өзбекстан валюта саясатын либералдаштырат

Өзбекстанды 2017-жылы валюта саясатын масштабдуу түрдө либералдаштыруу күтүп турат. Реформа ички валюта базарын өнүктүрүүгө жана эффективдүүлүгүн арттырууга, ошондой эле ишкер субъекттер үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүк шарттарын жакшыртууга багытталган. Валюта саясаты […]

Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы бир айдан кийин башталат

Дүйшөмбү менен Ташкенттин ортосундагы аба каттамдар 2017-жылы январда кайра жанданат. Бул тууралуу келишимге Тажикстан менен Өзбекстан 30-ноябрда жетишти. Ташкент-Дүйшөмбү жана Дүйшөмбү-Ташкент каттамдарын “Сомой Эйр” жана “Өзбекстан аба жолдору” авиакомпаниялары жүргүзөт. […]

Жээнбеков: Орусияга киргизилген санкциялар кыргыз экономикасына да терс таасир этти

Эгер Батыштын Орусияга каршы киргизген санкциялары болбогондо, азыр Орусия Федерациясы менен Кыргызстандын экономикасы таптакыр башкача абалда болмок. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин республикалык бюджет талкууланган жыйынында билдирди. Анын […]

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Үч жылдын ичинде Токмоктун бюджетин 200 эсеге көбөйттүк!

«Инвестицияны туура тартуу менен Бишкектин мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңири ачылат эле», – деп белгилейт Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан кандидаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев. Талапкердин айтымында, учурдагы  Бишкек өзгөртүүлөргө муктаж. Менеджментти эффективдүү […]

Инвестор менен мамлекеттин ортосундагы укуктук теӊсалмакты сактай турган келишим жактырылды

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети инвестор менен мамлекеттин ортосундагы укуктук теӊсалмакты сактоонго багытталган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо […]

Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун биринчи бөлүгү ачылды

28-ноябрда Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун биринчи бөлүгү ачылып, ага Түркмөнстан менен Ооганстандын президенттери катышты. Ооганстандагы Лажуверт темир жол бөлүгү чоң мааниге ээ. Ал жол Түркмөнстан менен Европаны байланыштырат деген үмүттөр бар. […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Бишкексүт» ААКнын продукция чыгаруучу жаңы линиясын ишке киргизүү салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, «Бишкексүт» ААКга барып, ишкананын продукция чыгаруучу жаңы линиясын ишке киргизүү салтанатына катышты. Өкмөт башчы Советтер Союзу жоюлгандан кийин 90-жылдары көптөгөн ишканалар бир катар […]

Суу бөлүштүрүүчү, тазалоочу курулмалардын обьектилерин курууда жер тилкелерине мораторий жайылтылбайт

Бүгүн, 28-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына толуктоо […]

2017-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 828,6 млн сом өлчөмүндө каралууда

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып […]

2015-жылдын республикалык бюджети 6 527 968,3 миң сом суммасында чыгашалардын кирешелерден ашыкчалыгы менен бекитилүү сунушталды

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен […]

Credit Suisse: Орусия калкы 15 пайызга жакырланды

Global Wealth Report баяндамасына караганда, 2015-жылдын ортосунан тарта 2016-жылдын ортосуна чейин Орусия калкынын байгерчилиги 15 пайызга – дээрлик 200 миллиард долларга кыскарган. Credit Suisse каржы уюмунун иликтөөсү боюнча Орусия жакырчылык […]

Өзбекстанда студенттер үчүн пахта талааларындагы “сүргүн” аягына чыкты

Өзбекстанда бийлик ар жылы бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди, анын ичинен мугалим, дарыгер жана студенттерди мажбурлап пахта жыйноого жөнөтөт. Орточо эсеп менен 200 000 студент эки айга чейин түшүм чогултуу үчүн […]

Ашхабад «ак алтындын» кезектеги көргөзмөсүнө даярданууда

3-4-декабрь күндөрү Ашхабадда «Түркмөнстандын пахта өндүрүмү жана дүйнөлүк базар» аталышындагы эл аралык VI көргөзмө өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты. Түркмөн бийлигинин билдирүүсү боюнча жыл сайын өтчү иш-чара тажрыйба алмашуу, […]

Өзбекстанда дагы төрт эркин экономикалык аймак ачылат

Өзбекстандын Самарканд облусунун Ургут районунда, Бухара облусунун Гиждуван районунда, Фергана облусунун Кокон шаарында жана Хорезм облусунун Хазарасп районунда эркин экономикалык аймактарды түзүү пландалууда. Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин жарлыгынын долбоору […]