Шаршемби, 21 Ноябрь, 2018 - 5:21
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ЭКОНОМИКА

20 жыл ичинде Евро Биримдик Кыргызстандын бюджетин колдоого 200 миллион евро бөлүп берген

“20 жылдан ашуун убакытта жардам көрсөтүү  программасын реализациялоонун алкагында Евро Биримдик Кыргызстандын бюджетин колдоого 200 миллион евродон ашык каражат грант бөлүп берди”-деп билдирди КРнын Каржы министри Адылбек Касымалиев  Евро Биримдиктин […]

Каржы полициясы Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 11 миллион сомдон көп акча которду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 11 миллион 622 миң 377 сом өлчөмүндө акча которду. ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке […]

Коорупциялык кылмыштар 9 ай ичинде мамлекетке 423,3 миллион сом зыян келтирген

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде Кыргызстанда 333 коррупциялык кылмыштар ачыкталган. Алардын мамлекетке келтирген зыяны 423,3 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди. […]

Тажикстан: өлкө экономикасы мигранттар которгон акчадан көз каранды

Тажикстан Улуттук банкынын жетекчиси Жамшед Нурмухаммадзода мигранттар которгон акча көлөмүнүн азайышы – экономиканын ар кыл тармагын каржылоодо терс таасирин тийгизип жатканын билдирди. Анын айтымында, буга байланыштуу бийлик өтө зарыл эмес […]

Кыргызстандын Улуттук Банкы дагы бир микронасыялык компаниянын ишин токтотту

Кыргызстандын Улуттук Банкы “ММК Кредитные решения ЖЧК” микронасыялык компаниясынын учеттук каттоо тууралуу күбөлүгүнүн ишин токтотту. Бул тууралуу маалымат Улуттук Банктын сайтында жарыяланган. Маалыматка караганда, аталган чечим компания Кыргыз Республикасынын мыйзамын […]

Кумтөр келишимин кароо мөөнөтү келерки жылга жылды

Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен былтыр кабыл алынган стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароону келерки жылга жылдырды. Аткаруу бийлиги азырынча анын себептерин түшүндүрө элек. “Центерра” компаниясы тараткан маалымат боюнча […]

Александр Лукашенко анын кийип жүргөн туфлисин Нурсултан Назарбаев көрүп, “каяктан алдың?” деп кызыкканын айтты

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко анын кийип жүргөн бут кийимине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да кызыгаарын айтты. Бул тууралуу беларусиянын “Белта” сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда, Александр Лукашенко беларусиялык “Марко” ишканасынын […]

Айданбек Акмат уулу, журналист: «Шамбесай» кенине инвесторбуз деп келгендер, кыргыз элин индеец катары көрүп, байлыгын тоноп кеткиси келип жатат»

— Айданбек мырза, сиз Баткен облусундагы Шамбесай алтын кенинин тегерегиндеги окуяларга баам салып келатасыз. Ал тургай ошол жерге барып, чогулган эл менен жолугуп келген учурларыңыз болду. Бул кенди азыр кытайлык инвесторлор […]

Курманбек Бакиев, экс-президент: «Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм – Кыргызстаным». Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз

Ар бир мамлекеттин жана ар бир өлкөнүн жетекчисинин саясаты кооз жазылган отчёттор жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен эмес, калктын реалдуу жашоо деңгээлин көтөрүү аркылуу өлчөнүшү керек. Эгерде бүгүн адамдар кечээгиге салыштырмалуу […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков жана АКШнын элчиси Дональд Лу Ош шаарында жаңы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ачылыш аземине катышышты

Бүгүн, 2-ноябрда Президент Сооронбай Жээнбеков жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу Ош шаарындагы «Алайку Органикс» компаниясына тиешелүү сүттү кайра иштетүүчү жаңы заводдун ачылыш аземине катышышты. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү […]

Кыргызстан дүйнөлүк “Doing business” рейтингинде позициясын жогорулатып, 75-орундан 70-орунга чыкты

Ишкердүүлүк үчүн ыңгайлулуу өлкөлөрдү изилдөөчү “Doing business”   рейтингинде Кыргызстан 70-орундан 75-орунга көтөрүлүп, өзүнүн позициясын жакшыртты. Дүйнөлүк Банктын аналитиктеринин айтымында, постсоветтик айкынында ишкердик жүргүзүүгө эң ыңгайлуу өлкө болуп мурдагыдай эле […]

Өлкөгө 570 миллион чыгым алып келген жалган ишкерчилик боюнча 25 факт ачыкталган

2018-жылдын 9 ай ичинде өлкө боюнча 25 жалган ишкерчилик фактысы катталган. Андан келтирилген чыгаша 570 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. 2017-жылга салыштырмалуу […]

Өлкөгө экономикалык кылмыштар 5,3 миллиард сом чыгаша алып келген

2018-жылдын 9 ай ичинде 1миң 318 экономикалык укук бузуулар катталып, алар өлкөгө 5,3 миллиард сом чыгаша алып келген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирген. Маалыматка караганда, 2017-жылга салыштырмалуу […]

Доллар өсүп баратат…

Учурда, акырындык менен АКШ валютасы болгон доллардын наркы өсүп, бир доллардын ба­асы 70 сомду чапчыйын деп калды. Ушу тапта аме­рикалык валюта борбору­буздагы акча алмаштыруу жайларында 69, 8- 69, 9 сомдон […]

Эң арзан картошка, ун жана эт Бишкекте

2018-жылдын  сентябрь айынын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында картошкага, унга жана кой этине болгон эң төмөн баа Бишкекте байкалган. Аталган маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди. Улуттук статистикалык комитет ЕАЭБ өлкөлөрүнүн […]

“Кумтөр” долбоору боюнча макулдашуунун шарттарын аткаруу мөөнөтү кайрадан узартылды

Centerra Gold Inc компаниясы Кыргыз Өкмөтү менен 2017 жылдын 11-сентябрынан тарта каралган айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу боюнча мөөнөтүн кезектеги жолу узартканы жөнүндө маалымдады. […]

“Кумтөр” алтын кени сатылышы мүмкүн деген кептерге “Кыргызалтын” өз пикирин айтты

Centerra Gold компаниясы иштетип жаткан “Кумтөр” алтын кенин Кытайлык Shadong Gold компаниясына сатылышы мүмкүн деген кептерге “Кыргызалтын” өз пикирин айтты. “Кыргызалтын” бул маселе тууралуу так жооп алуу үчүн Канадалыктарга суроо […]

Кыргызстандагы эң аз пенсия 1000 сом болсо, эң көбү 100 миң сомго чейин жетет

Кыргызстандагы эң аз пенсиянын көлөмү 1000 сом болсо, эң жогорку пенсия 100 миң сомго чейин жетет. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдинов бүгүн 31-октябрда парламенттин жыйынында депутаттардын […]

Мамлекеттик салык кызматы 1 ай ичинде унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн 1000ден ашык жаранга айып салды

Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 405 рейддик иш-чарага чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан […]

Алтыны көп, бирок экономикасы өспөгөн өлкөбүз

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда  баалуу металлдарды чалгындоо жана иштетүүгө 593 лицензия берилгенин, анын ичинен 39 компания алтын өндүрүп жатканын жар салды. Учурда өлкөдө 53 кенде […]

Камбар-Ата-2 ГЭСи токтоду

30-октябрда Камбар-Ата 2 ГЭСинде аврия болгондугу тууралуу каңшаар тарады. Мындай кабарды алгач энергетикалык эксперт Расул Үмбөталиев билдирип, Камбар-Ата 2 ГЭСинде өндүрүштүк кырсык болуп, муну тиешелүү органдар жашырып жатканын айтты. Ошол […]

Бир эле жумада Кыргызстан менен Казакстанда өндүрүлгөн 300 тоннадан ашуун товарлар Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган

Казак-орус чек арасында бир жума ичинде Казакстан менен Кыргызстандан кирген 310,22  тонна продукция кармалган. Бул тууралуу Росссельхознадзор өзүнүн сайтында жарыялады. Оренбург облусунда жогорку фитосанитардык тобокелдүү, карантин алдындагы продукцияларды 9 жолу […]

Кыргызстанда жолдордон акы алуу тартиби талкууланууда

Кубакы ашуусу. Транспорт жана жол министрлиги Кыргызстандын аймагындагы чоң жолдордо жүрүүгө акы алуу максатында төлөмдөрдүн эсебин чыгарып, долбоорду парламентке сунуштаганы жатат. Транспорт жана жол министрлиги өкмөт 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүү […]

Сооронбай Жээнбековдун президенттик аппараты былтыркы Атамбаевдин аппаратына салыштырмалуу 30 млн сом каражатты аз чыгымдады

КР Президентинин аппараты өзүн-өзү камсыздоого сарптоочу каражаттарды кыскартты. 2018-жылдын 9 ай ичинде жалпы жонунан чыгымдар 133 миллион сомду түзгөн. Аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле убакытына салыштырмалуу 30 миллион сомго […]

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 68,5 млн доллар насыя берүүнү пландоодо

Аталган каражаттар өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирүүчү жол тилкесин курууга жумшалат. Кыргызстандын Өкмөтү Азия өнүктүрүү банкы менен жүргүзгөн сүйлөшүүнүн натыйжасында Квргызстанга 68,5млн доллар насыя жана 9,5млн доллар грант түрүндөгү каражаттарды […]

Каржы министрлиги: “ЖЭБди жаңылоодо кредитти бир жерден алуу үчүн ЭксимБанкты тандаганбыз”

Бүгүн 30-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бишкек жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрдү. Жыйында депутат Умбеталы Кадыркулов кредит эмне үчүн кытайдын ЭксимБанкынан алынгандыгына кызыкты. “ЖЭБди жаңылоодо кредит эмне үчүн мөөнөтү […]

Өзбекстан 2023-жылы метанолдон бензин чыгара баштайт

Түштүк кореялык GS Engineering & Construction Corporation компаниясы 2022-жылы Өзбекстанда метанолдон бензин чыгара баштайт. Президенттин “Өзбекстан республикасында химиялык өнөр жайды өнүктүрүүнү тездетүү чаралары жөнүндөгү” токтомунда «Навоиазот» акционердин коомунун базасында жогорку […]

Кыргызстан – Кытай темир жолунун багытынын маршруту бекитилди

“Өзбекстан – Кыргызстан – Кытай темир жолунун багыттары жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Бирок чечим толугу менен кабыл алынды деп тараптар келишимге кол койгондон кийин гана айта алабыз” – деди, КР Тышкы […]

Кыргызстанда доллар кымбаттады

Кыргызстанда доллардын баасы кымбаттодо. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлады. Маалыматка караганда, октябрь айынын башынан бери 1 АКШ валютасы 75 тыйынга кымбаттаган. Бүгүнкү күндө Бишкекте 1 доллар 69 сом 45-55 тыйындан сатып […]

Кетирген кемчиликтери үчүн Финансы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыяланды

Мындай чечимди кечээ, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү […]

Тоо-кен тармагы илимсиз өнүкпөйт

Адам баласынын өнүгүү тарыхында кен байлыктарды өздөштүрүүнүн айрыкча орду бар, бул тармактын орчундуу бөлүгү болгон көмүр өндүрүшүнүн мааниси баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө жылына 7–8 миллиард тонна көмүр казылат. […]

Мамлекеттик ипотека арзандайт

Ипотеканын пайыздык чен өлчөмүн төмөндөтүү каралууда. Мамлекеттик ипотекалык компания октябрдын акырына чейин мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык көлөмдү 8ден 7 пайызга чейин төмөндөтүүнү убада кылууда. Компаниядан билдирилген маалыматка караганда, бул максатта […]

Жеңиш Разаков, депутат: EАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода алмашуу төмөндөөдө

2018-жылдын сегиз ай ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичиндеги соода алмашуу 3,4%га төмөндөп, 1млрд 481 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу “Республика Ата Журт” партиясынын фракциялык отурумунда депутат Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында […]

Мамлекеттик салык кызматы 9 айда салык төлөмдөрүн тапшырбаган 36 миңден ашык фактыны аныктады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 9 айында салык төлөмдөрүн тапшырбаган 36 миң 841 салык төлөөчүнү аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, […]

Өзбекстан жогорку сапаттагы француз шараптарын өндүрөт

Жогорку сапаттагы француз шараптарын өндүрүү үчүн Өзбекстанга Франциядан жүзүмдүн «Каберне», «Совиньон-блан» жана «Шардонне» сортторунун көчөттөрү алынып келинди. Маалыматка караганда, учурда өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинин, «Узбекшаробхолдинг», «Узшаробсаноат» ишканаларынын жана Өзбек илимдер […]

Кыргызстан коррупция жогорку деңгээлде өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргызстан эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирди. ” Глобалдык аттандаштыкка туруктуулук жөнүндөгү отчеттун” алкагында Дүйнөлүк Экономикалык Форум өзүнүн жыл сайын жарыялоочу  коррупциялык индексти жарыялаган. Бул тууралуу ДЭФтин расмий сайтында жазылган. ДЭФ […]

“2020-жылы милиция кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлөт”- Кашкар Жунушалиев

Катардагы кызматкерлер айына 15 миң сомго чейин, ал эми офицердик курам 22миң сомго чейин айлык акы ала алышат. Бул тууралуу бүгүн 24-октябрда маалымат жыйын учурунда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин рыноктун баасын алдын ала билүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушун сынга алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда өлкөнүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет. Өлкөнүн айыл чарба […]

Кытай компаниясы Фергана облусуна цемент заводун курат

Фергана облусунун Өзбекстан районунда жаңы цемент заводунун курулушу башталды. Анын долбоордук баасы 153 миллион доллардан ашык сумманы түзөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн өзбек-кытай биргелешкен ишканасы түзүлүп, курулуш үчүн акиташ менен […]

Кытай мамлекетинин экономикасы алсыроодо

Кытайдын экономикалык өсүүсүнүн көрсөткүчү төмөндөп бара жатат Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги өлкөнүн Улуттук статистикалык бюросунун билдирүүсүнө таянып билдирди. Маалыматта 2018-жылдын үчүнчү кварталындагы Кытайдын экономикалык өсүүсүнүн көрсөткүчү мурунку жылдын ушул […]

Быйыл Кыргызстан Өзбекстанга 16,5 миллион долларлык электр энергиясын экспорттогон

Быйыл Кыргызстан коңшу Өзбекстанга 399 миллион киловатт саат электр энергиясын экспорттогон. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда күзгү-кышкы мезгилге карата даярдык боюнча республикалык штабдын отурумунда маалым болду. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик […]

Өзбекстан менен Орусия текстиль үчүн “жашыл коридор” системасын киргизет

Өзбекстан менен Орусия текстиль жана башка өнүмдөр үчүн “жашыл коридор” режимин киргизүүгө макулдашты. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өзбек-орус сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында: “ Өзбекстан мөмө-жемиш өнүмдөрүн Орусияга жеткирүү үчүн “жашыл коридор” түзүп […]

Шахзаман Момбеков, “Кыргыз Жол курулуш” компаниясынын директору: Бизди алдаган “Чакыр Япы” компаниясынын колунда эч кандай документи жок

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги Талас-Тарас Суусамыр жолун салуу үчүн Ислам өнүктүрүү банкы кредит катары берген акчага Түркиянын инвесторумун деп өзүн тааныштырган «Чакыр Япы» компаниясы менен келишим түзөт. Тагыраагы […]

Каржы полициясы Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 5,2 млн сом акча которду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 5 миллион 233 420 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралу Каржы полициясынын  басма сөз […]

Тизме – Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында 22-октябрдан тарта 26-октябрга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Берилген маалымат боюнча, элди газ […]

Кудрин Путинди жеңилүүнүн “ак жоолугун” ыргытууга чакырды

Орусиянын тышкы саясатында негизги аткарыла турган жумуш, бул — ​Батыш менен мамилелерди жакшыртуу жана экономикалык санкциялардын режимин жеңилдетүү болуш керек — ​деп билдирди, орус президенти Владимир Путин менен Петербург мэриясынан бери бирге иштешип, бир […]

Базарбай Мамбетов, мурунку вице-премьер-министр: «Атамбаевдин 60 жылдыгына сырттан «Жерүйдү» алган Муса Бажаевге окшогон 12 конок келген»

— Базарбай Эстебесович, өткөн маегибизде энергетика тармагыбыз башка өлкөлөрдөн 20 жыл артта калды деп токтогон элек. Маегибизди ошол жерден улантсак кандай дейсиз? — Макул. — “Датка”, “Кемин” подстанциялары, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны куруу […]

Бишкекте халал продукцияларынын көргөзмөсү өтөт

Үстүбүздөгү 2018-жылдын 29-ноябрынан 2-декабрына чейинки убакытта  Евразия Шоу жана Арт-Центр (Eurasia Show & Art Center) көргөзмө аянтында Ислам Өнөктөштүк Уюму менен биргеликте 6-Халал Экспо көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу Түркиянын кыргыз […]

ТВЕА Бишкеке ЖЭБдин эки энергоблогун кайсы стандарт менен курган?

Өткөн кыш Кыргызстандын соңку тарыхын Бишкек жылуулук борборундагы кырсыктуу окуя менен толуктады. Алтехногендик кырсыктын кесепетинен бир нече кызмат адамына, алардын арасында эки экс-премьерге карата кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары алиге […]

Казакстан Кыргызстандан чыгарылган этке койгон чектөөсүн алды

Бүгүн,19-октябрда Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан  чыгарылган эт азыктарына карата убактылуу киргизген чектөөсүн  алды. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын маалымат катчылыгы маалымдады. Маалыматка караганда, Казакстан   […]