Дүйшөмбү, 25 Июнь, 2018 - 21:48
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ЭКОНОМИКА

Кыргыз авиакомпаниялары “кара тизмеден” чыга элек

Европа комисссиясы “кара тизмеге” кирген чет элдик авиакомпаниялардын жаңыланган тизмесин расмий сайтына жарыялады. Кыргызстандагы авиакомпаниялар бул ирет да Европа чөлкөмүнө учууга уруксат берилбеген фирмалардын катарын толуктады. Тизмеде дүйнөнүн булуң бурчундагы […]

Депутаттар мамлекеттик карыздардын чегин алып салуу сунушуна макул болушту

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын жогорку чегин кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Өкмөттүн берген […]

Бишкектеги БААУда экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Миррлис менен жолугушуу болот

Бишкекте, 4-июнда Борбордук Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусунда экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Миррлис менен жолугушуу болуп өтөт. Бул тууралу БААУнун басма сөз кызматы билдирди. Джеймс Миррлис – экономика […]

Мунайдын баасы 50 долларга чейин көтөрүлдү

Чийки мунайдын наркы быйыл биринчи ирет 50 долларга чейин жогорулады. Бул Орусия, Казакстан, Иран жана Ирак сындуу мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн экономикасына жакшы таасирин тийгизет. Иранда мунай өндүрүүнүн көлөмү көбөйгөндүгүнө карабастан, […]

Равшан Жээнбеков: “Атамбаев кеткенден кийин ал талкалаган кыргыз экономикасын калыбына келтирүү үчүн 3,5 миллиард доллар талап кылынат”

“Алмаз Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин ал майкандаган кыргыз экономикасын калыбына келтирүү үчүн жаңы келген бийлик 500 миллиондон 3,5 миллиард долларга чейин каражат табууга аргасыз болот”, – деп билдирди бүгүн, 18-майда […]

Тармактык комитет мамлекеттик карыздардын чегин алып салуу сунушуна макул болду

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын жогорку чегин кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Өкмөттүн […]

Күнболот Момоконов, “Эл байлыгы, бийлиги” коомдук бирикмесинин төрагасы: Жерүй кенинен Д. Зилалиев кантип “акчага” туйтунганы жатат?

Учурда Таластагы Жерүй кенин иштетүү боюнча конкурс өткөнү менен утуп алган Россиялык “Восток геолдобыча” компаниясы жарытылуу иш алып бара албай жаткандыгы байкалат. 100 млн. доллар конкурстун баштапкы акчасын Кыргызстанга которуп […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «CASA-1000» долбоорунун курулушунун башталышына арналган салтанатка катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-майда, «CASA-1000» долбоорунун курулуш ишине карата өткөн салтанаттуу иш чарага катышты. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Курулуштун расмий башталышы Тажикстан Республикасынын Турсунзада […]

Кыргызстандын тышкы карызы 255,3 млрд сомго жетти

2016-жылдын 31-мартына карата өлкөнүн мамлекеттик тышкы карызынын өлчөмү 3 646 млн АКШ долларын (255,3 млрд сом), же 2015-жылдын ИДПсына карата 60,3 % түздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. КР […]

Өткөн жылы 3,5 млрд сомго 624,4 км жол оңдолгон

Өткөн жылы республикалык бюджеттин эсебинен 3,5 млрд сомго 624,4 км жол оңдолуп, реконструкцияланган. Анын ичинде облустук борборлор жана шаарлардын 101,8 км жолун оңдоого 842 млн сом жумшалган. Бул тууралуу премьер-министр […]

Жапон өкмөтү Кыргызстанга 116,47 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берет

Жогорку Кеӊеште “Бишкек шаарында 2015-жылы кол коюлган Жапон өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда […]

Германия өз ара кызматташуу алкагында 53 млн 950 миӊ евро гранттык каражат бөлөт

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев Германия өз ара кызматташуу алкагында Кыргызстанга 53 млн 950 миӊ өлчөмүндө гранттык каражат бөлө тургандыгын […]

Бюджет жана финансы комитети Өкмөттүн отчетун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимине келди

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Өкмөттүн 2015-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулуп, талкуу жыйынтыгында өкмөттүн маалыматы жактырылуу менен, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу ЖК […]

Тармактык комитет энергетика жаатындагы бир катар ишканаларды мамлекеттин карамагына алуу боюнча макулдашуу тобун түздү

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети юридикалык карама-каршылыктарга байланыштуу өкмөттүн «Улуттук энегетикалык холдинг компаниясы» акционердик коомун түзүү демилгесинин алкагында энергетика жаатында иш алпарган бир катар ишканаларды мамлекеттин карамагына […]

Өкмөт Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна каражат тапканын билдирди

Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна Улуттук банктын кирешесинен алынган каражат жумшалат. Улуттук банк 2015-жылы интервенция жүргүзүү натыйжасында 900 млн сом өлчөмүндө киреше таап, мамлекеттик бюджетке которгон. Бул тууралуу парламенттеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура […]

Назарбаев иран бизнесмендерин Казакстанга чакырды

Иран компаниялары менен болгон жолугушууда Тегеранда иш сапары менен жүргөн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бизнесмендерди Казакстанга инвестиция салууга чакырды. Ошондой эле Иранды Казакстан менен Түркмөнстан аркылуу байланыштырган темир жолдун дараметин […]

Фото – Кытайлык ишкерлер Базар-Коргон районуна 80 батирлүү 5 кабаттуу турак-жай курушат

Базар-Коргон районунда кытайлык ишкерлер бардык ыңгайлуу шарттары бар 5 кабаттуу 80 батирлүү турак-жайды курушат деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. 8-апрелде өкүл Жумагүл Эгембердиева Базар-Коргон районуна болгон расмий иш сапарынын […]

Илхом Алиев Кыргызстандагы алтын кендерге кызыкдарбы?

2012-жылы Кыргызстанда алтын кенин иштетүү боюнча үзгүлтүккө учураган аукционго катышкан Redgold Estates Azerbaijan Ltd компаниясы Азербайжан президенти Илхом Алиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү экендиги Панама документиндеги маалымат боюнча ачыкталган. Кыргызстанда өткөн ошол […]

Өкүл Жумагүл Эгембердиева Базар-Коргон районунда жазгы талаа жумуштары менен таанышты

Иш сапарынын алкагында өкүл Жумагүл Эгембердиева 8-апрелде Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынындагы дыйкандардын жазгы талаачылык багытында жүргүзүп жатышкан иш аракеттери менен жеринде таанышты деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Өкүл […]

Өлкөдө эсеп-кысап сом менен жүргүзүлөт

Өкмөт башчы Темир Сариев 18-мартта кол койгон токтомго ылайык, бүгүндөн тарта соода, иш жана кызмат көрсөтүү акылары улуттук валютада көрсөтүлүшү керек. Документ парламент тарабынан колдоого алынды. Күчүнө кирген өкмөт токтому […]

Өзүн актабаган Кыргыз-Орус фонду

Чоңураак базарга чыгып, соодасын көбөйткүсү келген чакан же орто ишкана айлантып жаткан каражатынын кандайдыр бир бөлүгүн сууруп чыга албайт. Себеби жабдыктарга же материалдык эмес активдерге жумшалган каражат эң эрте дегенде […]

Экономика «мусулман эмессиң» дейт

Жапондор колдонулган автоунааларды сатуу бизнесин кантип пакистандыктарга тарттырып жибергенин билесизби? Билбесеңиз угуп алыңыз да, «уккан эмесмин» дебеңиз. Самурайлардын тукуму колдонулган машинени сатарда: «Бул жагында мындай кемчилиги бар. Дароо каратып албасаңыз […]

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3,8 млрд долларга жетти

2015-жылдын соңуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 288,8 млрд сомду (3,8 млрд доллар) түздү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Тышкы карыз 273 млрд сом (3,6 млрд доллар) болуп, жалпы карыздын 95%ын түзсө, […]

Акча алмаштыруучу жайлар боюнча бийликтен эки башка көз караш

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов акча алмаштыруучу жайлардын тукуму үзүлсө туура эле болмок дегендей оюн билдирген. Анын пикирине караганда акча алмаштыруучу жайлар атайын финансы институту болуп саналбасын, аларда айланган акчанын […]

Кайрак жерлерди сугат жерине айланта албай жатып, өкмөт миңдеген гектар сугат жерлерин трансформация кылып сатып жатышат

Деги биздин бийликке түшүнүп болбойт. Өкмөт айыл чарба багытын өркүндөтүү максатында, кайрак жерлерди иштетүү үчү суу көйгөйүн чечүүгө миллиондогон сом жумшап, ирригация маселесин жөнгө салуу аракетин көрүп келет. Ошол эле […]

Доллардын арзандашы эмнени түшүндүрөт?

Доллардын наркы күн санап түшүп жатканы элди бир чети кубандырса, экинчи жагынан кооптондуруп турат. Улуттук банк мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, доллар сатып алууну улантууда. Март айында эле 52 миллион доллар сатылып алынды. Ушул […]

Каржы министрлиги каалаганын жасайт

Азыркы Кыргызстандын абалына окемдер айтмакчы, “Пир во время чумы” деп баа берсек куп гана жарашып калчудай. Анткени бирөөлөр кара курсагын тойгуза албай жүрсө, башкалар кечүүгө кечүү таппай, чалчактап жаткан кербези. […]

Азат Базаркуловдун максаты “Мегакомду” банкрот кылып, сатуубу?

«Мегакомду» сатуу аракетине коомчулук нааразы. Ушунун баары кирешелүү ишкананы жетектеп жаткан Азат Базаркуловдун иштин көзүн билбеген мажүрөөлүгүнүн кесепетинен чыгууда. Алмаз Абеков айткандай, «Мегакомго акча кайдан келет» деп көзүн кызарткан Базаркуловдун […]

Парламентте кайрадан “Кумтөр” каралат. Башкасы унутулат

Кийинки жумалар менен Өкмөт менен парламент экөө биригип, “Кумтөр” кенин иштетүүнү  реструктизациялоо боюн­ча маселени караганы турушат. Азырынча, парламенттин депутаттары канадалык компания менен ары же бери болобуз деп демдүү турушат. Бирок, […]

Каатчылыкты кантип жеңсе болот?

Биз жашап жаткан заман оңой эмес болсо да “кереметтүү” заман экенин ар бир адам эле түшүнөт. Болуп жаткан экономикалык кризис адамзаттын тарыхында биринчиси да, акыркысы дагы эмес.  Негизинен элибиздин башынан […]

Бул бийлик учурунда Канадалыктардын богуна куурай сая албай калдык

ЖоКенин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин депутаттары сууну товар катары эсептей турган мыйзам долбоорун үч ирет окуп чыгып жактырды. Жалпы жыйында бул мыйзам кабыл алынып […]

Мегаком чыры: Азат өзүн «Ата Мекен» партиясынан Мегаком­го «смотрящий» катары тааныштырып… асфальттын астында кала турган акча…

Көп адамдар Мегакомдун сатылуусу жөнүндө менин оюмду сурашат. Акыркы 4 жыл абакта отургандыктан, менде кеңири, ар тараптуу маалымат жок. Ошондуктан, менин пикирим жеке тажрыйбама, билимиме, массалык маалымат каражаттарына чыккан ачык […]

Кыргызстандын эли бактылуу деле эмес, бактысыз элге да кирбейт, бирок жакыр өлкө экенибиз анык!!!

Гезиттин өткөн санында Улуттук банктын монетардык саясаты тууралуу кеп кылып, сомдун курсунун туруксуздугунун себептерин айтканбыз. Бул жолу анда келтирилген себептердин кесепети жөнүндө кеңири сөз кылмакчыбыз. Сомдун туруксуздугу жана Молдова схемасына […]

Кыргызстанда «Дүйнөлүк акча жумалыгы» старт алды

Кыргызстанда 2016-жылдын 14-мартынан 22-мартына чейин өтүүчү «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы» старт алды. Жумалыктын расмий ачылышы боюнча бүгүн Улуттук банкта пресс-конференцияда болду. Жакынкы жети күндүн ичинде «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын» алкагында […]

Доллар үстөмдүгү басаңдайбы же …21 кылымдын үстөмдүк валютасы кайсы?

Өткөн жыйырманчы кылым Америка Кошмо Штаттарынын экономикалык күчү ашып-ташыган кылым болду. Натыйжада анын улуттук валютасы доллар иш жүзүндө бүткүл планеталык валютага айланды. Кайсы гана өлкөдө болбосун эң негизги соода – […]

Базарбай Мамбетов, эксперт: “Жерүй” алтын кенинде кыргыз бийлиги “Кумтөрдөн” да коркунучтуу, ыплас коррупциялык схеманы, бийик афераны башташты”

-Базарбай Эстебесович, сизди биз бир эмес үч жолку вице-премьер министр, тажрыйбалуу курулушчу жана бийик деңгээлдеги тоо кен өндүрүшчүсү катары билебиз. Ошону менен катар  Таластагы “Жерүй” алтын кенин иштетүү укугун алган […]

Качкын Булатов: “Мазасы кеткен «Макмалалтын» же комбинаттагы уурулардын үстөмдүгү бүтөбү?”

«Макмалалтын» комбинатынын айланасындагы чуулгандуу жаңжалдарга жакында чекит коюлбай калды көрүнөт. Анткени, уурулардын ордосуна айланган комбинаттагы бир ууру топ кеткени менен анын ордун  кайрадан экинчи ууру топ басып, кызмат абалынан пайдаланган […]

Фотобаян – Жалал-Абадка Өзбекстандан минералдык жер семирткичтердин алгачкы партиясы келди

Кечээ, 1-мартта Жалал-Абад Түштүк темир жол станциясынын товардык бөлүмүнө Өзбекстан Республикасынан алгачкы 13 вагон органикалык жер семирткичтер партиясы келди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөр […]

Эрнест Карыбеков, энергетика боюнча эксперт: “Ортомчу фирмалардын аракети элдин ырыскысын жеген уурулук, чыккынчылык. Арасында “Автомаш” да бар”

Энергетика тармагы боюнча адис, Кыргызстандын электр тармагына күйгөн инсан, эксперт Эрнест Карыбеков менен элге кымбат, ал эми экспортко арзан сатылып жаткан электр энергиясы тууралуу баарлаштык. – Эрнест мырза, бир жыл […]

Арызбек Кожошев, КРнын экономика министри: “Мегакомду” убагында сатпасак кийин жогоруда мен айтып кеткен “пейджер” “кател” компаниялардын кебетесин кийип калышы мүмкүн”

-Арзыбек Орозбекович,  мегакомдун сатылышы  чуулгандуу окуя болуп кетпейби? -“Мегакомдун” 100% акциясы мамлекеттин эсебине өткөн. Бирок  анын  айланасында  дагы бир эки маселе бар. Биринчиден сот иштери бүтө элек. Эл аралык  сотко […]

Кыргызстанда доллар менен насыя берүүгө тыюу салынды

Ипотекалык жана башка керектөөчүлүк насыяларды доллар менен берүүгө тыюу салуу 28-февралдан баштап күчүнө кирди. Буга байланыштуу өзгөртүүну Улуттук банктын башкармалыгы 10-февралда бекиткен. Тыюу салуу коммерциялык жана башка каржылык-насыялоо мекемелерине тийиштүү. […]

Дүйнөлүк белгилүү кийим бренддери жаш балдардын мыйзамсыз эмгеги менен жыйналган түркмөн пахтасынан баш тартууда

Европадагы  эң ири H&M швециялык  кийим компаниясы түркмөн пахтасын сатып албай турган болууда. Аталган компания буга Түркмөнстандын пахта талааларында балдар кара жумушка тартылып жатканын жүйөө келтирди. Мындан тышкары өзү менен […]

Темир Сариев, премьер-министр: «Апрель айында электр энергиясына карата баа көтөрүлбөйт»

Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оперативдүү жыйынында билдирди. Премьер-министр Темир Сариев акыркы учурда электр энергиясына тариф көтөрүлөрү тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка жатпай турганын билдирип, […]

Жалал-Абадда ишкерлерге кайра байланыш мезанизми түшүндүрүлүүдө

Бизнес менен мамлекеттик инспекциянын ортосундагы кайра байланышуу инструменти мамлекеттик инспекция тарабынан текшерүүдөн өтүшкөн ишкерлерди жашыруун интернеттик анкеталоонун аркасында ишке ашырылган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын статс-катчысы Таалайбек Асылбеков кечээ, 16-январда Жалал-Абад областтык […]

Доллардын куну Кытайдын чек арасы жабылганы үчүн өйдө-ылдый болууда

Соңку күндөрү доллардын туруксуз болгону, кичине түшкөнү өкмөттүн кыйын иштеп атканынан эмес. Буга чейин Улуттук банк интервенция аркылуу доллардын курсун кармап турган. Албетте, мындай көрүнүш утурумдук эле болчу. Бу маселенин […]

Лейлекте малдын башы өстү

Лейлекте малдардын жалпы саны 259 263 башты түздү. Лейлек районунда ар бир айыл аймактарда атайын комиссиялар түзүлүп райондун аймагындагы бардык ийри мүйүздүү, майда малдарды, жылкыларды жана үй канаттуларын саноо иш чаралары […]

Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргыз өкмөтү айыл чарбаны өнүктүрүүгө насыя берүү шартын жеңилдетет. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү талкууланган Жогорку Кеңештеги жалпы жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды […]

Нарын облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Уланбек уулу Элназар утту

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана мекенибиздеги 9 алдынкы ЖМК биргеликте баштап, бүткүл мамлекетибизди кучагына алып, бир ай бою жүргүзүлгөн “Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” деген аталыштагы дил баяндар сынагы жыйынтыкталды. […]

Түркияда өткөн бизнес-форумда 3 келишимге кол коюлду

Ушул жылдын 22-январында Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде кыргыз өлкөсүнөн 100дөн ашык ишкерлер, өкмөттүн өкүлдөрү жана 150дөй түрк ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өттү. Бул тууралуу Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы […]

Бишкек шаары боюнча Малайзияга жолдомону 10-класста окуган Айжамал Марипова утту

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган “Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” аттуу дил баяндар сынагынын Бишкек шаары боюнча жеңүүчүсү 10-класстын окуучусу Айжамал Марипова болду. Айжамал Марипова Бишкек […]