Жекшемби, 23 Сентябрь, 2018 - 1:24
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ИНТЕРВЬЮ

Тазабек Икрамов, депутат: Кол телефондорду каттатуу мезгилдин талабы

—Тазабек Икрамович, суунун тарифин жана уюлдук телефондорду каттатуудагы 100 сом боюнча өкмөттүн сунушун колдойсузбу? —Толугу менен колдойм. Кыргызстан суусу көп мамлекет деп эле туш келди пайдалана берген болбойт. Мисалы бизге […]

Аида Касымалиева, ЖК депутаты: Социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованын ишине “нөл” деген баа бериш керек”

—Аида Камчыбековна, бүгүнкү күндө акыйкатчынын орду бош турат. Ким келээри сиздерге маалым болсо керек? —Акыйкатчы өз арызы менен кызматын тапшыргандан кийин ал орунга талапкерлер көбөйдү. Буйруса сентябрь айынын башы менен […]

Дүйшөн Керимов: Бишкектин багын ачаар бир баатыр табылбады го…

– Дүйшөн байке, баарыбыз кулак түрүп турган борбор калаа башчысын шайлоо кампаниясына көз карашыңыз кандай? – Кайдагы шайлоону айтасың?.. Биз жаш кезде жантыгыбыздан жата калып жазып жүргөн эсил кайран СССР […]

Турсунбек Акун: Президентти дагы, өкмөттү дагы колдойлу

– Турсунбек мырза, мына, өкмөттүн иштегенине жүз күн толду. Өкмөттү сындагандар да көбөйүүдө. Сиз бул тууралуу эмне айта аласыз? – Буга чейин иштеген өкмөт башчылардын баардыгы амбициялуу болуп, дээрлик баардыгы […]

Нуркыз Кадырбекова, “Асылзат” айымдар коомунун жетекчиси: Көпчүлүк күтүү, үмүт этүү, жакшылыкка жоруу маанайында

– Нуркыз, эл Узарбек Жылкыбаевдин Ош облусунун жетекчилигине дайындалышын кандай кабыл алды? Деги эле кадр саясатына элдин көз карашы кандай? – Азыр эс алуу сезону болгондуктан, кызуу талкуу болгон жок. […]

Акылбек Жамангулов, депутат: Күз келери менен депутаттык комиссия көп долбоорлор боюнча катуу ишке киришет

Бүгүнкү күндөрү ЖК депутаттары жалпы эс алууда. Бирок, турмушубузда интернет желелери пайда болгону күзгүдөй болуп ким кайда эс алып жатат, ким шайлоочулар менен жолугушуп эл арасында жүрөт – баарыбызга маалым. […]

Марат Мураталиев, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Президентибиз баш болгон аткаминерлер “Манас Ордого” зыяратка келип турушат”

Биздин гезиттин өлкөбүздүн туш-тарабындагы регион жетекчилери аркылуу аймактардагы абалдан кабар алуу салты бар. Мындай саамалыкка бул сапар Талас дубанын башчысы илинди. Губернатор Марат мырза бул жагынан ток этер маалыматтары менен […]

Абдырахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр: “Өкмөттү  кетирүүгө чакырган күчтөр активдешүүдө”

— Абдырахман Мадакимович, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшкө карата көз карашыңыз кандай? — Жакшы эле башталды эле, бирок, акыркы мезгилде эл арасында бир аз ишеним азая баштагандай. Өкмөттүн алсыздыгы, бир […]

Азимбек Бекназаров, экс-башкы прокурор: “Күзүндө Текебаев, Талгарбеков, Асанов сындуу саясатчылар мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыгышат”

Айтылуу Азикеде айбатынан жазбаган эр жүрөктүк сапат бар. Анын табият тартуулаган андай сапатынан кай бийлик болбосун чочулашып, хан ордого жолотушпай, окчундатып коюшат. Маектешим азуулуу жүрүшү менен бүгүн да сырттагы саясат […]

Айтибай Тагаев, экс-спикер: “Мен Бакиевге терең ыраазымын, Отунбаеванын жылуу пикирине арзыгам”

Кезегинде бул персонанын спикерликке секирик жасашы көптөрдү сестентип, айрымдардын Алласын оозунан түшүргөндөй элес калтырган. Ким кандай дебесин, Айтибай акенин Жогорку Кеңештин тарыхында эл өкүлдөрүн жетектеп бир жыл, жети ай спикер […]

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: Чек арага чейин джип менен узатышканы жалганбы?

-Данияр Үсөнов аты жөнүн өзгөртүп, беларусь жараны болуп алганы Кыргызстандагы козголгон кылмыш ишин уруп ойнобогонун далилдейби? – Данияр Үсөновду 2010-жылы 7-апрелде Роза Отунбаева менен Темир Сариев отставкасын кабыл алышып, кол […]

Бактыбек Алайчиев, Өзгөн районунун акими: “Жантөрө Сатыбалдиевди колдогон жердештерин дегеле көргөн жокмун!”

Жаңы эрежеге ылайык Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөн районунун акимдигине Бактыбек Алайчиевди дайындады. Жаңыдан бекилген 54 жаштагы район жетекчиси аймактар өнүксө, мамлекетибиз жакын арада кудуреттүү өлкөгө айланат деген терең ишеничте. […]

Жолборс Жоробеков, саясый серепчи: “Атамбаев элди “түндүк-түштүккө” бөлүп, анын колунан наам, орден-медаль, саат-акча алган, кызматтарга көтөрүлгөн журналисттерди пайдаланганы жатат”

– Жолборс Жоробекович, гезитибиздин мурдагы сандарына Бекболот Талгарбековдун көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ал Атамбаев жаңы шайланган кезде эле аны “кыргызга миң жылда бир келүүчу кырсык” катары сыпаттаган. Кечээ жакында жарыяланган макаласында: […]

Бакыт Шаршембиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитетинин төрагасы: Карапайым адамдар мобилдик каражаттарды каттоо үчүн бир тыйын да төлөбөйт

Соңку кезде коомчулукта өкмөт тарабынан сунушталган мобилдик каражаттарды каттоо боюнча эрежеси кызуу талкууга алынып жатат. Адатынча, “мурдунун учунан алысты көрө албаган” айрым эксперттер контрабандачыл топтордун шыкактоосу менен: “Максимдин доору кайтып […]

Позитивдүү психология – узак жашоонун ачкычы

Позитивдүү психология деген эмне? Позитивдүү психология адамдын жан дүйнөсүндөгү «жашыл бутак» десек болот. Жашоого болгон көз карашыңызды, курчап турган чөйрөңүзгө болгон оюңузду жыйнаңыз. Эми аларды ак-карага бөлүп таразага салып көрүңүзчү. […]

Кадамжай районун Үч-коргон айыл өкмөтүнүн башчысы, Ахматжон Абдурахман: Элибиз багбанчылыктан баар таап жатышат

– Ахматжон Турсунович, быйылкы жыл Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды. Айыл аймагында ушул иш-чаранын алкагында кандай иштер жүрүп жатат? – Президентибиздин “Аймактарды өнүктүрүү жылы деп […]

Алтыбай Назаркулов, профессор: Чыңгыз Айтматов жарым жыл акчасы жок кыйналып, бизден карыз сурап жүрдү, жарым жылдан кийин Сталиндик стипендияга жетти…”

Чынгыз Айтматовдун курсташы, студенттик досу, азыр айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Алтыбай Назаркулов менен болгон маек: – Алтыбай ага, студент кезде Чыңгыз Айтматов менен окууга бирге тапшырып, бирге окуп, бир […]

Равшан Жээнбеков: Өкмөт эч нерсеге жараксыз – идеялары, программалары, энергетикасы да жок

Бул персонаны «батышчыл» деп айрымдар жаман көрүшсө, кээ бирөөлөр анын мындай көз карашы, активдүү саясый кадамдары үчүн оң баасын беришет. Бийликке каршы айткан сыны, ага удаа аргументтүү сунуштары менен айырмаланган Равшан […]

Султан Урманаев, экс-министр: Өлкөбүздө адилеттүү соттор калбай калды, а УКМК болсо “монстрга” айланды

Султан аксакал быйыл туура 70 жашты арытты. Чапчаң жүрүшү бар, акылы тунук бул инсан Балыкчы калаасында турат. Гезитти калтырбай окуп, жаштардан кем калышпай интернеттин ичегисин чубайт. Айрымдарчылап коңулга башын катпай, […]

Исхак Масалиев: Бишкектин четинде суу талашып, сугатта жүрөм

– Исхак Абсаматович, президентибиз кадрларды ротациялоо боюнча жакшы демилге көтөрүп, алгачкы кадамдарга бара баштады. Сиз бута кандай карайсыз? – Абдан жакшы демилге. Эгер биз мамлекеттик кызматкерлерди Нарындан Ошко, Оштон Нарынга, […]

Кашкар Жунушалиев: Балыкчыдагы милиция кызматкерлеринин күнөөлөрү далилденсе, чара колдонулат

24-июлда ИИМ башчысы тармактагы 6 айда аткарылган иштер боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, коомчулукка маалымат каражаттары аркылуу отчет берди. Маалымат жыйындын бүтүндөй жүрүшүн гезит бетине сыйдыруу мүмкүн эмес. Биз болгону […]

Адил Турдукулов: Аз күндө Сегизбаев менен Жолдубаева камакка алынат

Адил мырза, сиз бир учурда Эркин Мамбеталивдин канча адам өлтүрүүлөргө катышканын жазып да, айтып да жүрдүңүз эле. Бакиев доорунда Мамбеталиев оор айыптар менен камалып, 2010 жылын 7-апрелинен кийин бошонуп чыккан. Ушул […]

Динара Молдошева, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын төрайымы: Кудай сактасын, Конокбаев менен эч кандай конфликт жок

Бу айымда кызматта болсо да, кызматсыз жүрсө да өзгөрүлбөй, бир калыпта жүргөн сапат бар. А кыргыз саясатчылары менен чиновниктеринде мындай сапат учурда «дефицит» экенин жашырганда не? Оош-кыйыш учурларда моюбагандыктанбы, кырктын кырына келгиче […]

Нарын Айып, журналист: Ууруларга «Кыргызпатент» жардам берип, чыныгы автордун укуктарын тебелөөдө

– Нарын мырза, сиз иштеген «Заноза» сайтын сот доо арыздардын негизинде миллиондогон сомдук доого жыкты эле. Анын аягы эмне болуп бүттү? – Аки-чүкүсү көп экен, ошолор бүтүп атат, аягына чыга […]

Алмазбек Каримов, “8-каналдын” жетекчиси: Жээнбеков сөздөн ишке өтө элек

– Алмазбек мырза, Албек Ибраимовду кармоо операциясында УКМКнын атайын тобуна каршылык көрсөтүп, курал колдонду? Неге куралы жок эле колго түшүп берген жок? – Анын мындай аракети – акылга сыйбаган жоругу, […]

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: Атамбаев мурас катары ач көз, коркок, кошоматчы саясий элитаны калтырып кетти

Сиздердин гезитте 04.07.2018 жарык көргөн Жусуп Молдобаевдин “Үзөңгү же бийлик кумары жөнүндө” деген макаласын окуп, пикир кошууну чечтим. Элдик мугалимдин философиялык ой жүгүртүүсү, эл турмушун талдоосу, экс-ажолорго баасы көңүлдү бурду. […]

Султан Жумагулов, Маданият, маалымат жана туризм министри: Эски жайытымды эстеп, ушунчалык бир нерсе жазгым келет…

– Султан мырза, бута дейре өп-чап айлыкта жашаган маданият кызматкерлеринин турак жай көйгөйүн чечүү боюнча саамалыктар башталгансыды эле. Демилге качан ишке ашчудан? Бөлүштүрүүгө келгенде кыйла эле ызы-чуу менен коштолот го […]

Руслан Казакбаев, депутат: Сапардын духу бекем болсо, Талгарбековду абдан оор шарттарда кармашууда

Кечээки дасыккан дипломат Руслан Казакбаев соңку алты жыл ичинде «Республика – Ата Журт» партиясынын үч жолку шайлоо штабында (шаардык, парламенттик жана президенгтик) аталган саясый топтун «мотору» болуп, үч ирет тең […]

Тойгонбек Калматов, экс-депутат: Мыйзам чегинде сот болсо, “Элдик парламенттин” өкүлдөрү акталып чыгышат

– Тойгонбек мырза, 25-июлда бир кездери сиз мүчө болгон «Элдик парламенттин» өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султановдорго карата Жогорку соттон соңку чечим чыгары күтүлүүдө. Бул сапар бир кездеги өнөктөштөрүңүзгө […]

Бермет Наралиева, психолог: Биздикилер психологго кайрылганга караганда, бүбү-бакшыга барганды туура көрүшөт

– Бермет Каратаевна, акыркы кездерде аялдар арасында агрессивдүү аракеттер күчөп баратканы байкалат. Буга мисал катары акыркы эле эки окуяны: өзүнүн милиционер күйөөсүнө бычак сайган жана иниси экөөлөп күйөөсүн өлтүрүп салган […]

Сагынбек Абдрахманов: Каражат жагы чечилсе КСДПны тартып алуу оңой эле…

– Сагынбек мырза, экс-президент Атамбаевди КСДПдан кууп чыгууга шымалана киришип, аябай активдешип жатасыз го? Алмазбек мырзага ичкүптүсү бар, андан өч алууну каалагандар сизди ал кишиге каршы тукуруп, көкүтүп жатышкан жокпу? […]

Абдывахап Нурбаев: Продукцияларды экспорттоодо транспорт маселеси чоң көйгөй жаратып келет

– Экспорт тууралуу кеп козгосок. Канчалык айтпайлы-дебейли, экспортту көтөрүү ойдогудай ишке ашпай келет. Биз каалаган продукциябызды экспорттогонго кандай тоскоолдуктар бар? – Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык деңгээлде өнүгүүбүздүн үч негизги рычагы бар. […]

Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: Аскар Салымбековго айта турган кебим алдыда

– Камчыбек байке, сизге Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов нааразы экен. Өткөндө кекеттиби сизди?.. – Аманбай менен андай деле чатагым жок. Кекете албайт ал! Аскар байкесине болушуп атса керек да. […]

Аманбай Кайыпов: Мен мамлекеттин солдатымын

– Аманбай мырза, ден соолугуңуз солгундап, ооруканада жатыпсыз? Абалыңыз кандай? – Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Шарты катаал Теңир-Тоодо кыштыр-жайдыр эл камы менен алпурушуп, өзүмө карабай иштеп жүрө берип, кичине сыркоолоп калдым. […]

Рита Карасартова: Президентке колкабыш кылганга даярмын

– Рита айым, бүгүн президент Жээнбеков жарандык коомдун активисттери, өзүңүз сыяктуу укук коргоочу, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуша турганы белгилүү болду. Бул жолугушуудан эмне күтүп жатасыз? – Жолугушууда президентибизден ушундай […]

Алмаз Акматалив, Нарын облусунун экс-губернатору: Исаевдин үй камагына чыгышы – соттук адилеттүлүктүн башаты

– Алмаз мырза, депутат Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгуусун кандайча чечмелейт элеңиз? – Эми муну азырынча соттук адилеттүүлүктүн башаты катары чечмелей туралы. Соттор Акүй, Көкүйгө эмес, […]

Мамбетжунус Абылов: Эски гвардиянын максаты – Сооронбай Жээнбековду бийликтен кулатып, анын ордуна өздөрүнө ийкемдүү инсанды алып келүү

– Бишкектеги жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо учурунда жасалган былыктардын бети ачылып, Атамбаевдин лөктөрү камакка алынды. Муну карапайым эл жылуу кабал алганы менен кээ бирөөлөр “саясый куугунтук”деп атоодо. Сиздин пикириңиз […]

Турсунбек Акун: Жээнбековго колумдан келишинче жардам бергем, бирок ал милдеттеме алган эмес

– Турсунбек мырза, премьер-министрдин кабыл алуусунда болупсуз. Кайсыл маселелердин алкагында сүйлөштүңөр? – Премьер-министрдин кабыл алуусунда болгонумда “Учкун” деген жаңы конушта 2003-жылы үй салууга жер бөлүнүп, элдер отурукташып калгандан кийин тагыраак […]

Башка ЖОЖдорго тапшырган абутуриенттердин саны азайып жатса ОшМЮИге тапшыргандардын саны көбөйүп жатат

Башка ЖОЖдорго караганда Ош мамлекеттик юридикалык институтуна (мындан ары ОГЮИге) тапшыргандардын саны кыйла калыңдады. Дал ушунун өзү укуктук мамлекет куруу аракетибиз абдан күч экендигин бекем ырастап турбайбы. Муну ОМЮИнин быйылкы […]

Равшан Жээнбеков: Ачыгын айтканда, революцияны болдуруучу жагдайлар да бар!

– Равшан мырза, Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы президентке шайлоо учурундагы көрсөткөн жардамына ыраазычылык эмеспи? – Бул идеяны президентке ким суңуштаса да, ким берсе да, туура эмес кылышкан. Мен юрист катары […]

Эдил Байсалов: Албек Ибраимов – “Манас” аэропортун же шаарды башкарууга өз даражасы менен жетмек эмес

– Эдил мырза, Албек Ибраимов ишиндеги кетирген катачылыгы үчүн кызматынан алындыбы же Атамбаевдин кадры болгон үчүн мэрликти таштап кетүүгө аргасыз болдубу? – Мурунку президенттердин – үйбүлө-кландык башкаруу учурунда мамлекеттик бийлик […]

Ак-Сайдагы 3500 метр бийиктиктеги көз жоосун алган Көл-Суу көлүн көргөнү Германиядан, Франциядан, Израилден туристтер келе баштады

Нарын областында, Ак-Сай өрөөнүндө, Корумду суусунун башында, 3500 метр бийиктикте туристтерди өзүнө магниттей тарткан көз жоосун алган Көл-Суу көлү жайгашкан. Көл эки жардын ортосунда катуу жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон. […]

Алия Шагиева: «Жүрөгүмдү тыңшаганга аракет кылдым. Жыйынтыгында, чечкиндүүрөк боло түшкөнүмдү байкадым»

Болгону 20 жаштагы Алия Шагиева өлкөдөгү белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири. Анын “Агым” деген аталыштагы акыркы көргөзмөсү чоң кызыгууну жаратты. Графикалык жана живопистик сүрөттөрүн көрүүгө көп адам келди. Көргөзмөгө келгендердин басымдуу бөлүгүн […]

“Акыйкат сотторду кантип тандаса болот, деги эле акыйкат соттор бизде барбы?”

Акылбек Жамангулов, ЖКнын депутаты – Чындыгында эл сотторго ишенбей калышты. Баарыбыз билебиз, соттор бирөөлөрдүн заказдарын гана аткарып калышкан. Парламент негизинен бардык талапкерлерди өткөрбөш керек болчу. Акыйкат сотторду алып келиш үчүн […]

Исламбек Турсунбеков, Айдаркен шаарынын тургуну: “Ою бузуктар ишканага суук колдорун салышпасын”

Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы» деп атайын жарлык чыгарды. Бул атайын мамлекеттик программа, өкмөттүк саясат. Демек ириде региондорду өнүктүрүү үчүн кошумча ишканаларды ачып, иштеп жаткан ири өндүрүштөрдүн […]

Эрдавлет Якубов, 82 жашта, Айдаркен шаарынын тургуну: “Закир Шараповду абдан жакшы билем”

Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы» деп атайын жарлык чыгарды. Бул атайын мамлекеттик программа, өкмөттүк саясат. Демек ириде региондорду өнүктүрүү үчүн кошумча ишканаларды ачып, иштеп жаткан ири өндүрүштөрдүн […]

Акжуурат Эргешалыева: “Майрам Акаевага жолугуп, аңгеме-дүкөн кургум келет”

Акжуурат карындашымды өзү теңдүүлөр арасында өзгөчөлөнүп, көптөрүнө үлгү болчу дымагы бар жаштардын бири катары билем. Журналистика чөйрөсүнө адашып келип калбаганын айта отурду. Бош учуру жокко тете, билимге сугарылып туруу эң […]

Темир Сариев: “Чыңгыз Айтматовду өмүрүнүн аягында баалай алган жокпуз”

Айтылуу алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атабыздын “Атадан калган туяк” (“Солдатёнок”) аңгемеси кыскаметраждуу фильм болуп Сокулук районундагы Төш-Булак айылында тартылган. Бул тарыхый тасмага аталган айылдан толтура балдар тартылып, алардын арасында экс-премьер-министр […]

Дүйшөн Керимов: “Айтылуу магнат Аскар Салымбеков куралбаган завод-фабриканы ушул куржундай болгон иним Аманбай Кайыпов куралмак беле?”

— Дүйшөн байке, ааламда эмне кеп? — Ааламды алдагы айнек экранды тиктеп, өзүң көрүп отурбайсыңбы. Мен интернет эмес, ноутбугуңду үйрөнө албай койдум. Калемиме Кудай кубат берсин. Өткөндө кабарчы кыз “байке, […]

Айбек Мырза, жаш саясатчы: «Атамбаев менен Отунбаевага бере турган суроолор толтура»

— Айбек, күздө курултай өткөзүп президент С. Жээнбековдон отчёт алабыз деп атасыңар. Курултайга Жээнбеков макул болуп келеби? — Президентибиз Сооронбай Шариповичтин “Мен элге таянам” деген сөзү бар. Элге таянам деген киши элге отчёт […]