Дүйшөмбү, 18 Июнь, 2018 - 8:13
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: КООМ

Видео – Сөз эркиндигин коргоо комитети 2016-жылдын мыктыларын жана арзыматтарын атады

Сөз эркиндигин коргоо комитети 23-декабрь күнү 2016-жылды жыйынтыктап, комитеттин версиясы боюнча жылдын мыктыларын атады. Андан сырткары “Жылдын арзыматы”, “Жылдын дүжүрү” жана “Жылдын балитологу” антисыйлыктары да аныкталды. Булак: Кyrgyztoday.kg Видео: Res Publica

КТРК башчысы Илим Карыпбеков «Азия Ньюс» гезитинен 20 миллион сом өндүрүү үчүн сотко берип, кайра айнып кетти

Би-ир кызык макала боюнча «Азия Ньюс» басылмасын, башкы редакторду жана макаланын авторун кошуп туруп, КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков сотко берген болчу. Болгондо да 20 миллион сомго! (Баягы эле ар-намыс, кадыр-барк, […]

Фотобаян – Сөз эркиндигин коргоо комитети 2016-жылдын мыктыларын атады

Кечээ, 23-декабрдын кечинде Сөз эркиндигин коргоо комитети жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана саясатчылар менен бирдикте жаңы жылдык кече өткөрдү. Анда 2016-жылдын мыктылары аталып, комитеттин атайын сыйлыктары тапшырылды. […]

Чүй облусунда 7 жана 12 жаштагы кыздарды өз атасы бир нече жылдан бери зордуктап жүргөн

Чүй облусунун Кемин районунда 7 жана 12 жаштагы өз кыздарын бир нече жылдан бери зордуктап жүргөн жаран кармалды. Аялы менен ажырашып кеткенден кийин кыздар атасы менен калышкан жана чон энесинин […]

Тимур Саралаев, эксперт: “Жанадиль Абдрахманов өз каалоосу менен эмес, артындагы калбырын тазалаш үчүн кызматтан кетти”

21-декабрь күнү Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңешинин 2-3 айда бир болгон отурумунда, анын 2015-жылы дайындалган төрагасы Жанадиль Абдрахманов өз каалоосу менен “отставкакага” кетти. Кеңештин жыйынында айткан сөзүнө караганда, бул чечими ден-соолугунун […]

Тажикстанда ийне жалбырактуу бактарды кыюуга каршы көзөмөл күчөтүлдү

Тажикстанда Жаңы жыл алдында ийне жалбырактуу дарактарды мыйзамыз кыйгандардын жолун бөгөө үчүн атайын штаб түзүлдү. Майрам алдында айрым тургундар үйлөрүндө чыныгы балатыны кооздогусу келет. Буга байланыштуу ийне жалбырактууларды кыюу фактысы көбөйүүдө. […]

Казак журналист “Познер менен болгон” жаңжалдуу маектен кийин иштен кетти

“Казакстан биринчи каналынын” башкы редактору Руслан Смыков белгилүү орусиялык журналист Владимир Познер менен болгон жасалма маектен чыккан жаңжалдан кийин жумуштан кетти. Анын кесиптештери билдиргендей, 17-декабрда чыккан фейк-интервьюдан кийин жетекчилик менен […]

Мирбек Мырзабеков, журналист: “Атамбаев кетерге жакын өз абийирин төгүп бүтмөй болду!”

Бүгүн, Дайырбек Орунбековдун сотуна катыштым. Мурда соту болуп атыптыр деп сырттан эле байкоо кылып, жакындан катышкан эмес элем.  Эми мен дагы көз карашымды кесиптеш катары айтышым керек.  Президент өзү Журналистти […]

Салайдин Авазов, Жалал-Абад шаарынын мэри: “Шаардагы тротуарларды кардан тазалоо жалпы шаардыктардын да иши”

Шаардагы тротуарларды кардан тазалоо – бир гана шаардын коммуналдык кызматтарынын иши эмес, ал жалпы шаардыктардын да иши. Ар бир шаардык тургун шаардын таза, иреттүү болушуна салымын кошуусу керек. Мындай пикирди […]

“Жуковский” аэропортунан 100дөй жүргүнчү Дүйшөмбүгө учуп кете алган жок

Орусиялык “Ямал”авиакомпаниясынын 100дөй жүргүнчүсү 20-декабрда “Жуковский” аэропортунан Дүйшөмбү шаарына учуп кете алышкан жок. ТАСС агенттиги кабарлагандай, Тажикстан бийлиги аталган авиакомпанияга уруксат бербегендиктен каттам үзгүлтүккө учураган. “Ямалдын” коммерциялык директору Андрей Дубровдун […]

Мамлекеттик айыптоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою абакта калтырууну сурады

Июнь окуясы боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун бүгүнкү сотунда мамлекеттик айыптоо тарап аны өмүр бою абакка кескен мурдагы өкүмдөрдү күчүндө калтырууну сурады. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш […]

Казакстанда белгилүү телепродюсер Баян Есентаеванын күйөөсү 9 жылга кесилди

Казакстанда сот белгилүү теле алып баруучу Баян Есентаеванын мурдагы күйөөсү Бакыт Эсентаевге чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок. Өткөн айда сот Бакыт Есентаевди өз аялына кол салууга айыптап, тогуз жылга соттогон. Ал […]

Жылдызкан Жолдошова, экс-депутат: “Айтурганга жардам берели!”

Адам баласынын жан дүйнөсү кейигенде эмне кылыш керек? Анда, жан дүйнөңдү ооруткан маселени кимдир бирөөгө айтышың керек? Ал маселе коомчулукка таандык болсочу?- анда коомчулукка ачык айт. Себеби, азыркы учурда кандай […]

Түркмөнстанда чылым сатып алуучулар полицияга чабуул жасады

Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө кайрадан чылымдар пайда болуп, ири кезектерди жаратууда. Айрым учурда кардарлар менен укук коргоо органдарынын ортосунда жаңжал чыгууда. Өткөн жумада бир жарым айлык тыныгуудан кийин Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө […]

Жалал-Абадда “Кан тапшыр, өмүр тартуула” аттуу жөө жүрүш өтөт

Жалал-Абад шаарындагы саламаттыкты сактоо тармагында дагы бир жөө жүрүш уюштурулганы жатат. Бул жолкусунда областтык Кан борбору менен шаардагы Медициналык колледж “Кан тапшыр, өмүр тартуула” аттуу коомчулуктун жөө жүрүшүн 21-декабрь күнү […]

Осмоналиев Каныбек, профессор: “Кыргызстанда билим берүү жана илим саясаты коркунучтуу кырдаалга кептелди!”

Өлкөнү башкаруу оюнчук эмес. Ал мураска калган белек же мүлк болуп эсептелбейт.  Биздин Кыргыз Республикасы көз карандысыз, демокра-тиялык, укуктук, светтик, унитардык, социалдык  мамлекет. Сөз эркиндиги, адам укугу, дин ишеними ж.б. […]

Өзгөн районунун Мырзаке айылында жайгашкан “Абдираим кары” медресесинде кыздар үчүн курулган 2 кабаттуу окуу корпусу ишке берилди

Кечээ, 18-декабрь күнү Өзгөн районунун Мырзаке айылында жайгашкан “Абдираим кары” медресесинин кыздар үчүн курулган 2 кабаттуу окуу корпусу жатканасы менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Аталган имараттын ачылышына Ош облусунун казысы Самидин […]

Баркы жок жетекчи, акча уурдаган Б. Эрмековду ким колдойт?

“Отко салсан күйбөгөн, сууга салсан чөкпөгөн” Жалал-Абад областтык токой чарбасын башчысы Бакыт Эрмековдун кылмыш иштерин Жалал-Абад областтык куч органы канчалык жааап-жашырса дагы мезгил – мезгили менен көпчүлүккө ашкере болуп, ачыкка […]

Беш күндүк иш таштоодон кийин Эйфел мунарасы кайра иштей баштады

Кызматкерлеринин беш күнгө созулган иш таштоосунан кийин Парижде Эйфел мунарасы кайрадан ишин баштап, адамдардын эркин кирүүсү үчүн ачылды. Эйфел мунарасынын иштешин камсыз кылган кызматкерлердин нааразылык акциясы 13-декабрда башталган. Алар эмгек […]

Тажикстанда милицияга арыктоо талабы коюлду

Тажикстандын Ички иштер министрлиги кызматкерлеринен ашыкча салмактан арылып, сырткы көрүнүшүнө кам көрүүнү талап кылды. Тажик ИИМнин маалымдашы боюнча, саламаттык жана чымыр дене милицияда иштөөнүн негизги талаптары. Гисар райондук ИИБда иштеген […]

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: “Атамбаев убактылуу гана жеңишке жетишти, муну кыргызда “бозодогу жеңиш” деп коёт”

– Референдум президенттин үмүтүн актап өткөнү менен элде эртеңкиге ишенич жараттыбы? – Бийликке келген ажолордун көнгөн адаты бар, түз эле баш мыйзамга асылып, бийлигин колунан чыгаргысы келбейт экен. Атамба­ев оппозицияда […]

Фото – “Элдик кабарчы”: Ошто жаңы салынган көпүрө жарыла баштады, анын алды таштанды ташталчу жайга айланды

Бүгүн, 17-декабрда Whats App сервиси аркылуу Ош шаарынан “Элдик кабарчы” рубрикасына Ошто былтыр эле октябрда салынып бүтүп пайдаланууга берилген эстакадалык көпүрөнүн бүгүнкү абалын баяндаган сүрөттөр келип түштү. Анда жаңы көпүрө […]

Алманбет Шыкмаматов кызмат абалынан пайдаланып, аялынын бизнесин гүлдөткөнбү?

«Белизгейт» операциясынын башкы каармандарынын бири саналган «ата мекенчи» депутат Алмамбет Шыкмаматовдун кезектеги былыгы ашкереленди. Ишенимдүү булактан агылган маалыматка таянсак, ал Эсептөө палатасынын аудитору кезинде, тагырагы, 2011-жылдын октябрында өзүнүн аялы Жанаркан […]

Курманов курмандыкка чалынабы?

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо департаменти бар. Бул мекеме өлкөдөгү дары-дармектерди көзөмөлгө алып, дарыкана дегендерди тескеп турат. Бир сөз менен айтканда тыйындуу жер. Бул майлуу жерге жетекчи болуп […]

Москвадагы кыргыз мигранттарына карата кордук күч алды

Орусиянын башкалаасындагы Кыргыз мигранттары менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, миграция кызматынын өкүлдөрү маңдай-тескей жолугушту. – Орусиянын ички иштер министрлигинин кызматкерлери атайын рейд жүргүзүп, легалсыз мигранттарды эптеп издеп таап, Мекенине дароо […]

Өмүрбек Текебаев менен Сабыр Муканбетовдун алым-сабагы

Эки-үч күн мурун парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге журналист Сабыр Муканбетов келип “тигил саясатчылардын башын кошуп, бириктирип жатам, бул саясатчыларды табыштырып, бириктирип жатам, баарын бир муштумга түйүп жатам” таризинде […]

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктарын камсыз кылуу боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат

Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарынын камсыз кылынышы жана коомдук жайларда аларга  түзүлгөн шарттардын абалы боюнча Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бийликтер тарабынан текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн […]

Euronews каналынын кызматкерлери иш таштады

Euronews каналынын журналисттери кесиптештерин колдоо максатында 24 саат иш таштады. Алар каналдын украин, перс жана араб кызматтарынын жабылышына каршылык көрсөтүп жатышат. Журналисттер нааразылык акциясын 15-декабрда түндө баштап, күн бою жаңылык […]

Фотобаян – Түштүк аймактык казыяттар жана райондук хатибияттарга техникалык жардамдар көрсөтүлдү

Кечээ, 15-декабрь күнү Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына караштуу түштүк аймагындагы облустук жана шаардык казыяттар, шаардык жана райондук хатибияттардын иш аракеттери боюнча жыл жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасы […]

Кувейттин “Ас-салам” фонду Жалал-Абадга гемодеализ аппараттары бар жаңы оорукана салып берет

Кечээ, 15-декабрда КРдин өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кувейт, Оман, Катар сыяктуу арап өлкөлөрүнөн келген «Ас-Салам» гуманитардык фондунун уюштуруучуларын кабыл алды. Гуманитардык делегациянын курамында фонддун башкы директору […]

Видео – Самаркандда эшек союлган жай табылып өрттөлдү

Самаркандда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери Хишрав кыштагына жакын көлмөдө табылган толтура эшектин эттерин жана сөөктөрүн өрттөштү. Учурда укук коргоо органдары эмне максат менен эшектер жапырт түрдө союлганын иликтөөдө. Эшектердин көрүстөнүнө айланган […]

Тумандан улам чек арадан өткөн үч кыргызстандык Өзбекстанда кармалды

Ала-Бука районунда жоголгон үч кыргызстандык тумандан улам Өзбекстандын аймагына өтүп кетишип, коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматы боюнча учурда кыргызстандыктар […]

Фото – Ош шаарында ОшМЮИнин кубогу үчүн таланттуу студенттердин тамаша конкурсу болуп өттү

Ош шаарындагы «Семетей» кинотеатрында Ош мамлекетттик юридикалык институтунун кубогу үчүн окуу жайлардын арасында таланттуулардын тамаша конкурсу болуп өттү. ОшМЮИнин юридикалык коллежинин демилгеси менен уюштурулган иш чарада Ош шаарындагы коллеждердин курама […]

Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева Бүткүл россиялык судьялар съездине катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаева Москва шаарында өткөн Бүткүл россиялык судьялардын IX съездинин ишине катышышты. Бүткүл россиялык судьялардын IX съездинде Россия Федерациясынын […]

Казакстанда “кастыкты козутууга” айыпталган жаран алты жылга кесилди

Трансулуттук кылмыштуу топтуу түзүү жана кастыкты козутуу боюнча айыпталган Павлодардын жашоочусу Руслан Гинатуллин алты жылга кесилди. Ал катаал режимде жазасын өтөйт. Сот мындан тышкары андан экспертизаларды жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды өндүрүп […]

Алеппонун жашоочуларын колдоо катары Эйфел мунарасынын жарыгы өчүрүлдү

Шаршембиде Парижде Сириянын Алеппо шаарын колдоо белгиси катары Эйфел мунарасынын жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу Франция борборунун мэри Анн Идальго билдирди. Анын айтымында, бул символикалуу белги эл аралык коомчулук үчүн аракеттерди […]

Астанада өзүн өрттөгөн аял каза болду

Өткөн жумада Башкы прокуратуранын Астанадагы имаратынын алдында өзүн өрттөгөн Майра Рысманова ооруканада көз жумду. Бул тууралуу анын кызы Акмарал Ахметова билдирди. Астананын саламаттыкты сактоо башкармалыгы аялдын каза болгонун ырастады. Жамбыл облусундагы […]

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Ө. Текебаев Сузак жана Базар-Коргон айылдарына областык маанидеги шаарлар статусун ыйгарууну демилгеледи

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Ө. Текебаев Сузак жана Базар-Коргон айылдарына областык маанидеги шаарлар статусун ыйгарууну демилгеледи. Бул тууралу “Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматы билдирет. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, […]

Кыргызстанда мыйзам бузган өспүрүмдөр үчүн жаза катаалдаштырылат

Административдик жоопкерчилик боюнча кодекстин бир нече статьялары өзгөрүлөт. Ага ылайык, бейбаштык, коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана мас абалында жүргөндөр үчүн жаза катаалдаштырылат. Маселен, жашы жете электер тарабынан мыйзам бузуу […]

Түркмөнстанда пенсиялар пластикалык карталарга которулат

Түркмөнстандын түндүк райондорунда бийлик пенсионер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, декреттик өргүүдө жүргөн аялдарга пластикалык карталарды алууга көрсөтмө берди. Дашөгүз облусунда 2017-жылдын 1-январынан тарта пенсия пластикалык карталарга которулат. Бирок Ашхабад жөлөк пул […]

Жалал-Абад шаарынын бийликтери жаңы жылдык майрамга жарым миллиондой сом сарпташат

Быйылкы жаңы жыл майрамын шаардыктар менен чогуу майрамдоого Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери 428 миң сом сарптамак болуп жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти. Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясынын буйругу […]

Өзбекстанда Казакстанга сексуалдык кызмат көрсөтүү каналы бөгөлдү

Өзбекстандын укук коргоо органдары сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн Казакстанга кыздарды жөнөткөн кылмышкерди кармады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирүүдө. Бекабад шаарынын 24 жаштагы тургуну Елена Орлова кызмат көрсөтүү тармагында жогорку айлык […]

Казакстанда мунапыс менен эркиндикке 28 миңдей адам чыгышы мүмкүн

Көз карандысыздыктын 25 жылдыгына байланыштуу кабыл алынган мыйзамга кол койгон президент Нурсултан Назарбаев 13-декабрда калкка видео кайрылуу да жасады. Назарбаевдин айтымында, бул жолку мунапыс мыйзамынын таасири ар кандай деңгээлде 28 […]

“Ичи тар итине бок бербейт”

“Ичи тар итине бок бербейт”. Ушинтип илгеркилер айтса жаш кезде мээбизге жетип-жетпей кала берээр эле. Көрсө ичи тарлык бир балээ экен. Өзү боло албаган, болгонду көрө албаган, бу дүйнөгө келип […]

«Чет элдиктерди каттоо» мыйзамын жокко чыгаруу талабы коюлууда

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туризм менен алектенген жарандар президент Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңеш депутаттарына видеокайрылуу жолдошту. Анда “Чет элдик жарандарды милдеттүү түрдө каттоо жөнүндөгү” мыйзамды чакыртып алуу талабы сунушталган. […]

Жалал-Абадда 16 жашка чейинки балдарга пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынды

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүү маалында өрткө каршы коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул боюнча шаар мэринин атайын буйругу чыгып, өрттүн чыгып кетишин алдын алуу боюнча ар кайсы тиешелүү шаардык кызматтарга […]

Өзбекстанда «диний экстремизмге» айыпталып казакстандык соттолду

Өзбекстанда Казакстандын жараны диний экстремизмге үгүттөгөн материалдарды алып жүргөн деп айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылды. Өзбек сотунун өкүмүнө ылайык, Шымкент шаарынын 26 жаштагы тургуну Акмал Расулов Өзбекстандын аймагына диний мүнөздөгү […]

Канышай Мамыркулова, журналист: “Кыргыз бийлиги оппозицияны каргап-шилеп, артынан кубалагандын ордуна экономиканы жөнгө салса кыргыздар Россияда тентимек эмес”

Мына бул балдар кыргыздын жүгүн көтөрө турган балдар. Тилекке каршы, Кыргызстандын ишке жарамдуу бөлүгүнүн көбү Россияда эмгектенип жүрөт. Кыргыз бийлиги оппозициянын аркасынан кубалап, фейсбукту аңдыгыча социалдык көйгөйлөрдү чечкенде миллиондон ашуун […]

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркагандар кризистик борборлорго көбүрөөк ишенеби?

Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан активист айымдар менен жолугушту. Анда “Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардын алдын алуу жана анын кесепеттеринен коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланды. Депутат […]

Видео – Москвадагы кыргыз элчилигине арызданып келишкен кыргыз мигранттарын элчи полициянын колуна салып берген

Бүгүн, 9-декабрда Москвада иштеген кыргыз эмгек мигранттары Москва полициясынын кысымдарына, пара талап кылгандыгына, ар кандай кордоолоруна нааразы болуп, алардын укугун коргоону талап кылып Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигине арызданып келишкен. Элчиликтин […]