Бейшемби, 19 Июль, 2018 - 13:32
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: КООМ

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары сымапты иштетүүнүн экологиялык таза жолун табышты

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессорКакин Сулайманкулов жана химия илимдеринин доктору, профессор Муса Балбаев сымапты иштетүүнүн экологиялык таза жолун табышты. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. […]

65% эл аймактык милициясын тааныбайт

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык союзу укук коргоо кызматкерлери калк менен кандай иштээрин баалап көрүүнү чечишкен. Сурамжылоо жыйынтыгында жарандардын 65 пайызы өздөрүнүн аймактык милицияларын тааныбайбыз дешсе, калктын 70 пайызы алар […]

Акылман Айтматов арсыздарга алдын ала айтчусун айткан…

“Жерден жик чыкты, эки кулагы тик чыкты” деген балалыктын табышмагындай кыргыз китеп айдыңында “Унаис” аттуу былжыраган басылма пайда болду. Береги 60 жаш жаман-жакшы курагыма чейин канчалаган китеп окусам да, мындай […]

Кары адам төрдүн көркү… Же кадыры кеткен карылар!

1-октябрь дүйнөдө карылар күнү катары белгиленет. Кыргызстанда азыркы мыйзамдар боюнча аялдар 58 жаштан, ал эми эркектер 63 жаштан пенсияга чыгууга укуктуу. Бул үчүн алардын кеминде 20-25 жыл эмгек стажысы болушу […]

Орусиянын Коргоо кеңешинин башчысы Тажикстанга барды

Тажикстан Коопсуздук кеңешинин башчысы Абдурахим Каххаров терроризм жана экстремизм менен күрөшүү маселелерин өзүнүн орусиялык кесиптеши Николай Патрушев менен талкуулады. Тараптар Дүйшөмбүдө жолугушту. Тажикстан Коопсуздук кеңешинин төрагасынын айтымында, жолугушуу маалында терроризм […]

Өзбекстанда келишимдик негизде аскердик кызмат өтөө мөөнөтү 5 жылга чейин узартылды

Өзбекстанда ушул жылдын 23-сентябрында кабыл алынган мыйзам боюнча келишимдик негизде аскердик кызмат өтөөнүн жаңы мөөнөттөрү киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты. Өзгөртүүлөргө ылайык, аскердик кызмат өтөөнүн негизги шарттары менен мөөнөттөрү […]

Орусия Сирияга жаңы ракеталык комплекстерди жеткирди

Орусия биринчи жолу өлкө тышына С-380 ВМ «Антей-2500» зениттик-ракеталык комплексин жайгаштырууда. Бул тууралуу Fox News кабарлады. Курал жүктөлгөн унаалар өткөн дем алыш күндөрү Жер ортолук деңиздин сириялык Тартус портуна жеткирилди. […]

Казакстанда мунай компаниясынын жумушчулары ачкачылык жарыялоо ниетинде

Жаңы-Өзөн шаарындагы «Бургылау» мунайсервис компаниясынын жумушчулары шаар акимине арыз менен кайрылып, ачкачылык акциясын баштай тургандыктары жөнүндө кабар бергендиктерин билдиришти. Алар буга чейин маяналарды жогорулатуу, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кесиптик кошуунга […]

Жалал-Абаддагы өндүрүштүк ишкана планды ашыгы менен аткарды

  Жалал-Абаддагы Дүлөйлөр жана азиздер коомунун алдыдагы ишкананын эмгек жамааты 8 миллион 600 миң сомдук буюртмаларды аткарганга жетишти. Бул жыл башында пландалган көлөмдөн кыйла көптүк кылат. Бул тууралуу депутаттардын шаардык […]

Кызыл сызык минген жол жээгиндеги соода түйүндөрү жана курулуштар тазаланат

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун буйругунун негизинде район борборлорундагы жана Ош-Бишкек трассасынын жээгинде кызыл сызыктан чыгып мыйзамсыз соода сатык жайларын куруп алган жана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп […]

Мал чарбачылыгы: акталбаган үмүт

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) киргени менен анын алдында айтылган убадалардын көпчүлүгү ишке ашпады. Бир эле мисал, эт-сүт азыктарын жана малды сыртка экспорттоодо чоң мүмкүнчүлүктөр ачылары айтылган.  Бирок андан дайын […]

Жаш калемдер Мекенге таазим кылышты!

“Мекенге таазим” жаш акын жазуучулардын республикалык фестивалы жана “Жаш калем” конкурсу жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган фестивалга республикабыздын бардык аймактарынан жалпы 115 жаш талант катышты. Фестивалдын жүрүшүндө он секция иштеп, түрдүү […]

Ош облусунда карыларга урмат көрсөтүлдү

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов 102 жаштагы Ноокат районунун тургуну Муккарам Тиллебаеваны президент Алмазбек Атамбаевдин жана Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн атынан карыларга урмат көрсөтүү күнү менен […]

КТРК эл толкушун каалап жатабы?

Коомдук теле-радио корпорациясы (КТРК) аталышы “коомдук” болгону менен, бийликтин ырын ырдап, президентке каршы сөз айткан адамдарды эл душманындай каралоону адатка айлантып алганын ким билбейт? Атамбаев-Текебаев тирешүүсүнөн улам да, КТРКдан бир […]

УОК лидерлеринин үстүнөн сот жабык уланууда

Мамлекеттик бийликти күч менен кулатууга чакырык жасаганы айтылып, камакка алынган Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, ошондой эле коомдук ишмер, эксперт Эрнест Карыбеков, экс-мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун үстүнө […]

Тажикстандык укук коргоочу Собир Валиев Кыргызстан элчилигине кайрылуу ниетинде

Тажикстандын «Группа 24» тобунун активистти, укук коргоочу Собир Валиев жакынкы күндөрү Кыргызстан элчилигине кайрылат. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган видео кайрылуусунда айтылат. Ал учурда Европа өлкөлөрүнүн биринде жүргөнүн билдирген. […]

Түркия өзгөчө кырдаалды дагы үч айга узартты

Түркиянын өкмөт башчысынын орун басары Куртулмуштун 2-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, президент Режеп Тайип Эрдогандын катышуусунда өткөн өкмөт жыйынында өлкөдө өзгөчө кырдаалды 19-октябрдан тарта дагы 90 күнгө узартуу чечими кабыл алынды. Түркияда […]

Жашы жетпегендерге нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери менен ата-энелердин жоопкерчилиги каралат

Жаш жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору жактырылды. Аны бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 3-окууда карап, талкуусуз […]

Фото – Мамлекеттик гранттын эсебинен ачылган “Аруудил” борбору оор кырдаалга кабылган балдардын интернатка түшпөөсүнө көмөк көрсөтөт

Турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга ылайыкталып ачылган “Аруудил” борбору жалпысынан 2 жаштан 16 жашка чейинки 14 балага кызматын көрсөттү. Бул туралу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы […]

КР Өкмөтү Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөттү

Афганистан Ислам Республикасындагы  Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга   гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн колонна бүгүн, 3-октябрда, Ош шаарынан жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри […]

Йога: Тарых таржымалы

Йоганын тарых таржымалы Индиядан башталат, биздин заманга чейин 17-18-кылымдарга таандык. Йоганын тарыхы 5 миң жылдан ашат, аны менен машыгуу адамга физикалык жактан гана жардам бербестен, адам дагы көптөгөн башка сапаттарды […]

Пайдалуу кеңештер: Кечикпөөнүн сырлары же тактыкка кантип көнөбүз…

  Чынында азыр кечикпей, өз убагында келген адамдар чанда кездешет. Баарыбыз эле кечигип, анан шашып жүрөбүз. Өзгөчө акыркы убактарда биздин кечигүүбүз кадимки салтка айланып бара жаткандай. Муну тойлордон, концерттерден билсек […]

Терроризм үчүн издөөгө алынган өзбекстандыктар Петербургда балдар аянтчасын куруп жүрүшкөн

Полициянын антитеррордук бөлүмүнүн кызматкерлери Петербургдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Борбор Азиядан келген 12 чет өлкөлүк жаранды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирүүдө. Алардын экөө Өзбекстан ислам кыймылы террордук уюмунун активдүү […]

Алматы аэропортунда жүргүнчүнүн айынан бир нече каттам кечиктирилди

Учакка алып кирүүгө тыюу салынган затты өткөрүү аракетинен улам Алматы аба майданында алты каттам кечиктирилди. Бул тууралуу аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Алматы-Тблиси каттамынын жүргүнчүсүн текшерүү маалында […]

Жер шарын өзүнүн учагы менен 50 күндө бир айланып чыгуу үчүн учуп кеткен кыргыз учкучу Союзбек Салиев азыр Африкада

Кыргызстандык Союзбек Салиев 50 күн аралыгында дүйнөнү кыдырып, кыргыз желегин таанытуу максатында учуп кетти. 49 миң чакырым аралыкка созула турган саякатка, мурдагы БШКнын депутаты он жыл даярданганын жашырган жок. Мекендешибиз […]

Адил Турдукулов, жарандык активист: “Карандай калпты айтканы үчүн Жаркынбекти 2 миллион сомго доого жыгам”

-Жаркынбек Касымалиевге жыл башында Башкы прокуратура тарабынан коррупциялык берене боюнча кылмыш иши козголгон.  Тендерди туура эмес өткөргөн деген негизде. Ошонун негизинде ал кызматынан кол жууган. Ошондон кийин ал бийлик алмашып […]

Талды-Булак-Сол-Жээк алтын кениндеги акталбаган үмүт…

Кеминдеги 77 тоннадан ашык алтындын кору бар делген Талды-Булак-Сол-Жээк кенинен толук алтын өндүрүү үчүн кошумча сегиз айлык мөөнөт берилди. Муну кен казган компания алтын кошулмасын иштетүү технологиясын өздөштүрүү зарылдыгы менен […]

Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

2016-жылдын 3-октябрында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. […]

Түлеевдин батирлери муниципалдык менчике өттү

Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин батирлери муниципалдык менчике өттү. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чыгарды. Чечимге ылайык, Москва көчөсүнүн 191-үйүндө жайгашкан  3 бөлмөлүү 8 батир Бишкек мэриясынын менчигине карап калды. […]

Надира Нарматова, экс-депутат: “Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө арнап, сактап жүргөн “бомбасы” болсо керек”

Кыргыз коомчулугунда издөөдө жүргөн, сыртынан өмүр бою кесилген, түштүк коогалаңын уюштурду дегендердин алдыңкы сабында турган Кадыржан Батыровдун ЕККУда сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Анын кыргыз бийлигине айткан сыны, Конституцияны өзгөртүүгө […]

Бир батирдин баасын чапчыган номер

Кечээ Мамлекеттик каттоо кызматынын астындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы өзгөчө комбинациядагы сандарды камтыган номерлердин онлайн аукционун 21-сентябрдан баштап өткөрө баштаган. 28-сентябрда эң кымбат делинген, өзгөчө комбинациялуу, “крутой” номерге онлайн-аукцион өткөрдү. Анда […]

Кадыр Кошалиев, журналист: “Кадыржан Батыровдун олтурган жери түрмө болушу керек”

Кыргыз коомчулугунда издөөдө жүргөн, сыртынан өмүр бою кесилген, түштүк коогалаңын уюштурду дегендердин алдыңкы сабында турган Кадыржан Батыровдун ЕККУда сүйлөгөн сөзү көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Анын кыргыз бийлигине айткан сыны, Конституцияны өзгөртүүгө […]

Адамдын көз жашында алтын бар экени аныкталды

Россиянын илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн химиялык биология жана фундаменталдык медицина институтунун окумуштуулары көздөн чыккан жаштын курамын биринчи жолу изилдеп чыгышты. 50 ыктыярчыны ыйлоого мажбурлоо үчүн изилдөөчүлөр кадимки көз тамчылатмасынын курамына […]

Лаврентий Берия чындыгында ким болгон?

Берия Кутаиси губерниясындагы Мерхеули кыштагында, анчалык бай эмес дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жакшы билим алып, куруучу-архитектор адистигине ээ болгон. Өспүрүм кезинде жашыруун марксисттик ийримге катышып, революциядан кийин шаардык большевиктик уюмда иштеген. […]

Учурда баш мыйзам эмес, мародерлук башкы темага айланды

Учурда Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору канчалык талаш-тартыш жаратса да көпчүлүк депутаттар колдоого алганы калышты. Өзгөртүүлөр зарыл экенин айтып, бирок ошол эле кезде жеке таарынычы үчүн каршы […]

Ит тирүү калды… (Эссе ордуна)

  Көпчүлүк учурда турмуштун катаал шарты менен жүрүп, мүнөзүңдүн өзгөрүлүп кеткенин байкабай калат экенсиң. Аң-сезимди катуулук каптап алганын карасаң, заманга жараша кайгы-кубанычка аралаш жүрүп, көпчүлүк учурда текеберленүү, өчөшүү менен жашап, […]

Москвада Борис Немцовдун өлүмү боюнча сот башталууда

Дүйшөмбү күнү Москва аймактык сотунда Борис Немцовдун өлүмү тууралуу иш боюнча угуулар башталат. Буга чейин ишти сот кеңешчилери карасын деген чечим кабыл алынган. Мындай өтүнүч менен сот жообуна тартылып жаткандар […]

Түркмөнстан ТИМи Беларусту тоо комбинат курулушун кечеңдетүүгө айыптады

Түркмөн ТИМи Гарлык тоо кен-байытуучу комбинаттын курулушу боюнча билдирүү таркатты. Түркмөн тарап анда курулуш иштери менен алектенип жаткан Беларусту белгиленген мөөнөттөн артта калып жатат деп айыптады. Билдирүүдө Түркмөнстанга барган Беларус […]

Кыргыз-өзбек кызматташтыгын жакшыртуу боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстандык делегациянын 1-октябрда Өзбекстандын Анжиян шаарына болгон сапары маалында эки тараптуу алаканы жакшыртууга багытталган макулдашууга кол коюлду. Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган делегация Өзбекстанга расмий Ташкендин чакыруусу менен барган. Анын […]

Журналисттерди коргоо комитети Матаевдерге тагылган айыптарды алууга чакырды

Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети Казакстан бийлигин өлкөнүн журналисттер бирикмесинин төрагасы, Улуттук пресс-клубдун президенти Сейтказы Матаев менен анын уулу, КазТАГ маалымат агенттигинин директору Асет Матаевге тагылган айыптарды алууга […]

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Пенсионерлер жана майыптарга кам көрүү – биздин негизги милдеттерибиздин бири

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда, Эл аралык карылар күнү алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нижне-Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемеге барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо […]

Депутат Асилбек Жээнбековдун демилгеси менен Алайкуу өрөөнүндө жаңы мечит ачылды

Жогорку Кеңештин депутаты Асилбек Жээнбековдун демилгеси жана Кувейт мамлекетинин “Табарак” кайрымдуулук фондунун колдоосунда Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнүн Кызыл-Жар айылында 160 орунга ылайыкташкан заманбап мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар […]

Жумушчу калк дал өзүмдөй жөнөкөй, Анда каруу, менде таттуу көмөкөй…

Алп акын Алыкул сыпаттап жазган жумушчулук кесип 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин гана кыргыз арасына сиңип, келечектеги инженер-техникалык кызматкерлердин пайда болушуна жана техника илиминин өнүгүүсүнө өзөк түзгөн. Кызыгы, ошол алгачкы жылдарда […]

Базаркуловду басып койчу жан барбы?

Гезитибиздин өткөн жумадагы санында ЖТРнын башкы директору Куттумидин Базаркуловдун өзүм билемдик менен иш жүргүзүп жатканы тууралуу материал жарыяланган. Ошол материалды тастыктап, ЖТРнын кызматкерлери Президентке кайрылуу жасашыптыр. Кайрылуу өзгөртүлбөстөн берилди.   […]

Өмүрү өрнөк инсандар: Ли Куан Ю

  Кыргыз коому өзгөчө саясатташып, кээде аркы жээк, берки жээк болуп жаатташып, өзүбүздүн өнүгүү жолубузду издеп жаткан чакта бизге дүйнө лидерлеринин басып өткөн жолу, эл үчүн жасаган иштери чоң сабак […]

Инфарктка кабылды – инвалид болду деген өкүм эмес

Кыргызстанда жүрөк оорусунан бир жылда 18 миң киши көз жумат. Алардын 70%ы айыккан оорулардан кайтыш болушат. Эгерде даарыгерге убагында кайрылганда, 12 600 бейтаптын өмүрүн сактап калса болмок дейт адистер. Бишкекте өлкө […]

Экинчи жээк: Устаттын уучу кур эмес

Турусбек Маразыков агай тууралуу акыркы учурда ММКда чындыкка коошпогон, бир беткей материал жарыкка чыгып, аны жакындан таанып-билбеген адамдар үчүн агай жердешчил, өз ишин билбеген жетекчи, жөндөмсүз окумуштуу сыяктуу образ калтырат. […]

Ала-Бука районундагы Балтагулов айыл аймагы ӨКМге ыраазычылык билдирди

Быйылкы жылдын 5-6 июль күндөрү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Балтагулов айыл аймагынын Кош-Алмурут айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Сайда суунун деңгээли көтөрүлүп автоууна өтүүчү көпүрө жараксыз абалга келген. Ал көпүрө […]

Фото – Жалал-Абад шаарында Карылардын эл аралык күнүнө карата карыларга сый-урмат көрсөтүлдү

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги Карылардын эл аралык күнүнө карата шаардагы “Салкын” эс алуу жайында 124 карыяга майрамдык сый тамак берип, концерттик программа уюштуруу менен аларга сый-урмат көрсөттү. Шаардык кеңештин төрагасы […]

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Бакиев балдарга берген тамакты, Атамбаев келип кайра алды…”

2006-жылы президент Курманбек Бакиев мектеп окуучуларына ысык тамак берүүнү ишке ашырып, ал ушул убакка чейин уланып келген. Ал мамлекеттин казынасынан каржыланган. Өткөн жылы мамлекет аны каржылай албай калып, Орусиядан жардам […]