Шейшемби, 23 Октябрь, 2018 - 9:59
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: КООМ

Жогорку Кеӊеш көп тилдүү билим берүүнү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды

Жогорку Кеӊеште өлкөдө көп үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган «Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүүнү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынды. Депутат Талант Мамытовдун айтымында, Баш мыйзамда бекитилген кыргыз тилинин мамлекеттик статусу […]

Садыр Жапаров, экс-депутат: “Дастан Сарыгуловду камап, сулуу чымчык болушпай эле койсун”

“Кумтөр” десе жеген ашын жерге койгон, мунун айынан бийликтин биринчи душманына айланган Садыр Жапаров менен байланышып, кен тегерегиндеги соңку чыр-чатактар тууралуу баарлаштык. – Садыр мырза, “Кумтөрдө” коррупциялык иштерге аралашкан, “мыйзамды […]

Бишкекте Стамбулдагы теракт курмандыктары эскерилди

Бишкекте Түркия элчилигинде Стамбулдагы террордук чабуулдардан мерт кеткендерди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага белгилүү саясатчылар, жарандык активисттер, Кыргызстандагы түрк окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, жалпысынан 50дөн ашуун адам катышты. Алар Стамбулдагы чабуулду айыптап, […]

Фото — «Дилбар» мода үйү №17-кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүн конракттык негизде жумушка ала баштады

Бүгүн Бишкек шаарындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү №17- кесиптик лицейинде 2015–2016-окуу жылын жыйынтыктоо боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин, жалпыга маалымдоо […]

Видео – Көчмөндөр оюну көлдүктөрдү жолсуз калтырды

Ушул жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө “Көчмөндөр оюну” башталат. Учурда жолдорду оңдоо иштери кызуу жүрүп жатканы менен мунун кесепети жергиликтүү элге тийүүдө. Жолдун жамандыгынан эс алуучулар барбай туристтик сезондук зарыга күткөн көлдүктөр […]

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Тайырбек Сарпашев мамлекетибизди “общий дворго” айландырабы?”

Өлкөдө глобалдык реформалар болууга тийиш. Ошол реформалар кайсыл нукта жана  максаты эмнеде деген ой жүгүртүү керек… . Чуулгандуу резонанс жараткан 80дей чет  өлкөлүк жарандардын жасалма паспорт менен кармалганы үчүн ким […]

Айт намазы быйыл Бишкектин эски аянтында окулбайт

Бул жылы Айт намазы эски аянтта окулбайт. Бул тууралуу Бишкек мериясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл Айт намазы 5-июлда саат 7.30дан 8.10гө Жеңиш аянтынын жанында, тагыраагы Абдрахманов жана […]

Асейин Саралаев: Сарт дебегин кыргызды!

Ээ, кыргызым! Каның неге ууланды? Ким эрк берди, элди бузуп кууганды. Гитлер сындуу “фашист катын” чыгыптыр, “Сарт” дебегин каны бирге тууганды!!! Ээ, кыргызым! Жек көрбөгүн бириңди! Элди бөлбөй тыйып жүргүн […]

Бекболот Талгарбеков: “Эч күнөөсүз камалганыбыз Атамбаевге кадыр-барк алып келбейт”

“Элдик парламент” бирикмесин уюштуруп, президенттин катачылыктарын санап, ага ачуу сын айтып, жыйынтыгында “мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен МУККнын тергөө абагына камакка алынган Бекболот Талгарбеков менен байланышып, […]

Дуулат баатырдын убалына калган Болот Шер

7-апрель баатыры Дуулат Турдуналиев мамлекеттик төңкөрүш жасоого шектелип, издөөгө алынганы белгилүү. Эгер Дуулатты кармагысы келсе, УКМК оңой эле кылтакка илмек беле? Табышмак. Сыягы, кичи мекениндеги калың элдин колдоп кетишинен чочулашты […]

5-март официалдуу түрдө Ак калпак күнү деп белгиленди

29-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун демилгеси менен 5-мартты жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө токтом долбоору каралып, кабыл алынды. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленген […]

«Жарандык платформа» коомдук фонду жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында “Өз добушуңду сатпа” маалыматтык-агартуу өнөктүгүн баштайт

«Жарандык платформа» коомдук фонду «2016-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүдө мамлекетке көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында Швейцария өкмөтүнүн колдоосунда «Өз добушуңду сатпа» маалыматтык-агартуу өнөктүгүн  шайлоо процессинин катышуучуларынын көңүлүн «Добуштарды сатуу» проблемасына буруу […]

“Табарак” фондунун башчылыгына Анарбек ажы Жусупов дайындалды

Бүгүн, “Табарак” кайрымдуулук фондунун Кувейт жана Сауд Аравиядагы башкаруу кеңешинин макулдугу менен фонддун Кыргызстандагы директору болуп Анарбек ажы Жусупов дайындалды. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди. Анарбек […]

Индиянын борборунда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин демилгеси менен Дели шаарында Манастын айкели орнотулганы жатат. Бул тууралуу «Диалог Евразия» коомдук фондунун президенти Улукбек […]

Сабыр Муканбетов: “Шыкмаматов Текебаевдин этегине намаз окуп эле кызматтан-кызматка секирип жүрөт”

Кечее жакында депутат Алманбет Шыкмаматов “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү демилгеси коомдук талкууга коюлганын билдирди. Анын айтымында, жаңы демилгелер негизинен Коомдук каналдын байкоочу кеңешине тиешелүү. Анда […]

Видео, фото: Стамбулдагы жардыруу

Расмий маалымат боюнча кечээ Стамбулдун Ататүрк аэропортундагы жардыруулардан кеминде 36 адам каза болду. Ал эми бейрасмий кабарларга караганда, набыт болгондордун саны 50гө жетип, 100дөй адам жараат алды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги […]

Атамбаев казак министрине жооп кайтарган Орусиядагы мекендештерди сыйлады – Видео

Казакстандын маданият жана спорт министринин Орусияда эмгектенген кыргыз кыз-келиндери тууралуу айткан пикирине жооп кайтарган мекендештерге Алмазбек Атамбаев ыраазычылык билдирип, акчалай сыйлык жөнөттү. Сыйлыктарды ээлерине Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев тапшырганын […]

Стамбулдагы жардыруудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар болушу ыктымал

Түркиянын Стамбул шаарындагы Ататүрк аэропортунда болгон жардыруудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Эске салсак, Стамбулдагы 3 жолку жардыруудан каза тапкандардын саны 40тан ашты.

Сооронбай Жээнбеков: “Балыкчы-Корумду жолу бүтпөгөн жомокко айланды”

Балыкчы-Корумду жолу бүтпөгөн жомок болуп калды. Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында башбакан Сооронбай Жээнбеков билдирди. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, аталган жолго акча табуу кыйынчылык жаратып жатканын айтты. “Акча […]

Түркияда аэропорттогу жардыруулардан бир канча адам каза болду

28-июндун түнүндө Стамбулдагы Ататүрк аэропортундагы 3 жолку жардыруудан 40тан ашуун адам каза болуп, дагы бир канчасы жараат алды. СNN Turk каналынын маалыматына караганда жардыруулар эл аралык каттамдар терминалында болгон. Түрк бийлиги […]

Фото – Борбордук Азиядагы Америка университетинде “Жогорку Кеңештин модели – 2016” аттуу иш- чара болуп өттү

Борбордук Азиядагы Америка университетинде Кыргызстанда алгачкы жолу студенттер үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдырган “Жогорку Кеңештин модели – 2016” аттуу иш- чара болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаарында билим алып […]

“Эл үнү” саясий кыймылынын Аксы райондук бөлүмү бийлик менен оппозицияны 12-июлга Аксыга митингге чакырып Кайрылуу жасады

“Эл үнү” саясий кыймылынын Аксы райондук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмаз Атамбаевге,  Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго,  өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго жана жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдошту Урматтуу журт башчылары жана […]

“Жаштар –коомду өзгөртүүдө зор күч” аттуу Кереге кеңештин Кыргызстандын элине, жаштарына жана бийлигине кайрылуусу

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарындагы “Гранд” мейманканасында “Таза коом” элдик партиясынын демилгеси менен “Жаштар –коомду өзгөртүүдө зор күч”- деген темада Кереге кеңеш болуп өттү. Кеңешмеге  улуттук –мекенчил багыттагы  жаштар уюмдарынын жетекчилери, […]

Видео – Бүгүн “7-апрель баатырлары” КР Жогорку Сотунун имаратына күч менен басып кирүүгө аракет кылышты

Бүгүн, 28-июнда “7-апрель баатырлары” Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунунун имаратына күч менен басып кирүүгө  аракет кылышты. “7-апрель баатырлары”  КР Аскердик сотунун 7-апрель окуялары боюнча “Альфа” отрядынын жоокерлерин толук актап чыкканына жана […]

Камчыбек Ташиев: “Тайырбек Сарпашев, сага эскертип коёюн, Кыргызга тие көрбө”

Мен түшүнөмүн, Тайырбек (Сарпашев) сенин айткан аргументтериңе, а сен түшүнөөр бекенсиң менин айткан ойлорума?! Эгерде сен бийликте туруп өзүң каалабасаң да айтууга мажбур болуп жатсаң, а мени да мажбурлап жатышат […]

ӨКМ: министрдин орун басары Токтогулда селдин кесепеттерин жоюу иштерине жетекчилик кылууда

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев Токтогул районунда барып, 27-июнь күнү саат 19:30дар чамасында Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан айылдарында жааган жамгырдан колоттордон келген сел суулары автожолдорго шагал-таштарды […]

Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер: “Доого жыгылган журналист Дайырбек Орунбековду сактап калалы!”

Урматтуу мекендештер! 2010-жылдагы кандуу Ош коогалаңы тууралуу өзүнүн пикирин жарыялап, Убактылуу өкмөттү сынга алып, анын себебинен бүгүнкү күндө куугунтукка алынып, доого жыгылган журналист Дайырбек Орунбеков камакка алынуу алдында турат. Убактылуу […]

Кара-Балтада берилбей келген айлык акылар Мамэкотехинспекция тарабынан өндүрүлдү

Экологиялык-техинкалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү Кара-Балта шаарында жайгашкан “Дан” мамлекеттик ишканасында иштеген жумушчулардын жамааттык негизде жазылган арызын текшерүүгө алышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Арызда, “Дан” ишканасы […]

Жалал-Абад: салыктан качкан ишкерлер аныкталды

Жалал-Абад шаарында көпчүлүк учурда ыктыярдуу патент менен 2-3 жерден соода жайын ачып, бирок бир эле патенттин салыгын төлөп жүрүшкөн ишкерлер аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана […]

Азамат Тынаев: “ММК жөнүндөгү” мыйзам долбоорун бурмалоо журналисттердин далысына урулган бычак”

“ММК жөнүндөгү” мыйзам долбоорун журналисттердин далысына урулган бычак катары сыпаттаса болот. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында журналист Азамат Тынаев билдирди. Анын айтымында, ММК жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жаткандар […]

Камчыбек Ташиев: “Кыргыз” деген атты өчүрүүгө аракет жасагандарга наалат!

Өткөн жумада КТРКнын “Ой ордо” берүүсүндө паспортто жарандардын улутун көрсөтпөө боюнча маселе талкууланып, ал коомчулук арасында ар кандай пикирлерди жаратты. Бул боюнча бүгүн экс-депутат, “Ата-Журт” мекенчил партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев да […]

Равшан Жээнбеков, экс депутат: Ары жок бийлик, алсыз башкаруу…

Ары жок бийлик! Элинин жартысы жакыр, орто айлык акысы 10000 сом, медицина, билим берүү, коопсуздук тармагы талкаланган, киши башына ИДП 900$, гепатит, рак, туберкулез, инфекциялык оорулар мамлекетти каптаган. Дүйнөдөгү эң жакыр […]

Алтын кениндеги мушташтан 20 адам жабыркады

Акмоло облусундагы Бештөбө айлындагы алтын кениндеги чыр-чатактан 20 киши жабыркады. Бул тууралуу облустук ички иштер департаментинин башчысы Ержан Саденов билдирди. Массалык мушташ Бестөбө айылындагы “Казакалтын” компаниясы иштеткен “Новая” шахтасында жумушчулар менен […]

Жалал-Абадда Баатыр энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Жалал-Абад шаарында жаңыдан наамга ээ болгон көп балалуу энелеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди. Анын айтымында, өлкө президентинин жарлыгы менен май айында Жалал-Абаддагы 27 көп […]

Кадыр түн 1-июлга белгиленди

Бул жылы Кадыр түн кечеси 1-июлдан 2-июлга караган түнгө белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Негизинен орозонун 27-түнү кадыр түн деп эсептелинет. Кадыр түнү уктабай Жаратканга ибадат кылып чыккан […]

Ысык-Көл: эки айылдын жаштары мушташып, милиция көздөн жаш агызуучу граната колдонду

Кечээ Ысык-Көл районуна караштуу Садыр Аке жана Кашат айылдарынын жаштары арасында мушташ чыгып, милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен басылды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти. Маалыматка караганда, мушташ спирт ичимдиктеринин айынан болгон. […]

Качкын Булатов, укук коргоочу: “Жыпар Жекшеев да директорлор кеңешинин мүчөсү катары кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек!”

Жакында коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, Хоменюктун жазган каты боюнча интервью берди. Анда Хоменюктун, Кумтөрдүн тегерегиндеги бардык көмүскө болуп жаткан иштердин чекесин гана кылтыйтып койду. Анын мындай кадамын коркутуу, же саясый […]

Ошто эки күндүн ичинде 28 жолу жер титиреди

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2016-жылдын 26-июнунан 28-июнуна чейин Кыргыз, Тажик жана Кытай Эл Республикасынын чек арасында, Алай тоо кыркаларында баардыгы болуп, жалпысынан 28 жолу 3 […]

Кыргызстанда “ашкере байлыкка” салык киргизүү сунушталууда

Мыйзам долбоорунда кыймылсыз мүлктүн көлөмүнө жараша салыкты жогорулатуу сунушталууда. Аянты 200 чарчы метрден ашкан үйлөргө жана батирлерге төмөнүрөөк, 300 чарчы метрден көп турак-жайларга жогорулатылган салык киргизилет. Кымбат баалуу автоунааларга салык […]

Садык Шер-Нияз, депутат: “Балдарыбызга эне тилин үйрөтпөсөк, 100 жылдан кийин улутубуз жок болот”

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин 27-июндагы  жыйынында өлкөдөгү окуу жайларына көп тилдүү билим берүүнү киргизүү тууралуу  маселе каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Демилгечи депутат Талант Мамытовдун […]

Ош облусунда аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо боюнча долбоор башталат

Ош – Долбоор аялдарды жана кыздарды үйдөгү зомбулуктан коргоодо жана алдын алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатууга түрткү берет. Долбоор тууралуу толугураак […]

Токой фондундагы жерлердеги кенди трансформациясыз казууга багытталган мыйзам долбоору кайчы пикирлерди жаратты

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Сунушталган долбоор менен жерди […]

Кочкордо кармалган мадыл жакында эркиндике коё берилет

Бүгүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү кызыл китепке кирген мадылды Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна жиберүүгө катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы […]

Орусия кыргыз продукциясын чек арадан текшерүүсүз өткөрмөй болду

Орусия Кыргызстандан ташылып келүүчү продукцияны чек арадан текшерүүнү токтотту. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Экономика министрлигинен кабарлашты. Орусиянын айыл чарба продукциясына көзөмөл жүргүзүүчү мекемеси кабыл алган чаралардын натыйжасында Кыргызстандан тез бузулуучу […]

Фото – АКШдагы Google компаниясынын кеңсесинде кыргыздын боз үйү тигилди

АКШнын Калифорния штатында жайгашкан Google компаниясынын кеңсесинде кыргыздын боз үйү тигилди. Бул тууралуу аталган компанияда иштеген мекендешибиз Тилек Мамутов өзүнүн фейсбуктагы баракчасында билдирди. Анын айтымында боз үй атайын конокторду кабыл алуучу бөлмө […]

Чыр-чатактан башы чыкпаган Токтогул районунун атайын фондун 70 млн сомго көбөйтүү демилгесин көтөрүлдү

Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитети “Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун дароо […]

Видео – Бишкекте атылган жолбун иттердин эттери кафелерге тарап кеткен жокпу?

Жакында эле интернетте чоң чууга айланган Аламүдүн районундагы ит атаарлардын иши коомчулукта бир катар суроолорду жараткан. Алардын эң эле кооптусу – “атылган иттердин эттери кайда кетип жатат?” дегени болду. Бул […]

Балыкчы – Корумду жолунун курулушуна бюджеттен кошумча 1 млрд сом бөлүнөт

Бүгүн Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитети өкмөттүн республикалык бюджетине өзгөртүү киргизип, Балыкчы – Корумду автожолунун курулушуна кошумча 1 млрд сом өлчөмүндө каражат кароо сунушун жактырды. Бул тууралуу ЖКнын […]

Апрель окуялары боюнча сот кийинкиге жылдырылды

7-апрель окуялары боюнча сот процесси 20-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Жогоку соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда бүгүнкү сот процесси Курманбек Бакиевдин, Жаныш Бакиевдин, Мурат Суталиновдун жана Данияр Үсөновдун адвокаттарынын […]

Мурат Жетимишбаев: “Кыргыз деген ысымыңарды өз колуңар менен муунтуп, жок кылганы жатасыңарбы? Атың өчкүрлөр!”

Оо бир боорлорум! Ондогон кылымдарды карытып, далай бороон-чапкындуу, кайгы-муңдуу кырларды ашып, өзүнүн КЫРГЫЗ — деген аты-заты үчүн көптөгөн кандуу кармаштарда кан кечип, КЫРГЫЗ экендигин далилдеп келген кыргыз калкымдын, эң бир […]