Дүйшөмбү, 17 Декабрь, 2018 - 6:32
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: КООМ

Түркмөнстан мектептери 10 жылдык билим берүүгө кайтышы мүмкүн

Окуу жылынын башталышына 10 күндөн аз убакыт калды, мектептердеги жогорку класстын мугалимдерине болсо окуу пландарын түзбөй туруу кеңеши берилди. Элдик билим берүү башкармалыктары 26-августка чейин сонку чечимди күтө турууну тапшырды. […]

Элге Президенттин аппаратынан куру убада эмес реалдуу жардам керек

Ала-Бука районунда жайгашкан Кош-Алмурут айылынын  тургундарынын ушул жылдын 18-июль айында жазган Элдин сабыры түгөндү деген, сел алган көпүрө тууралуу катыбызга Президенттин Аппаратынан 22-июлда № Ж-4447 жооп кат алдык. Анда бул […]

Эл кимисин колдойт?

Жөн эле эки суроо: Азыркы кезде Фейсбукта Атамбаевти колдогондордун жана Бакиевди колдогондордун ортосунда көп келишпегендик көрүнүп турат. Бакиевди колдогондор ай сайын көбөйүп, ал эми Атамбаев жакынкы мезгилде “өткөн чак” болуп […]

Өлкөдө “Йакын-Инкар” диний агымын жолдоочулар жанданууда

Кара-Кулжа районунунда дааватта жүргөн “Йакын-Инкардын” жети мүчөсү кармалды. Эч кандай уруксатсыз Ислам динине чакырып жүргөндөрдүн арасында жашы жете элек балдар да бар экени аныкталды. Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш […]

Журналист Дайырбек Орунбеков анын артынан мыйзамсыз аңдып жүрүшкөн милиционерлердин үстүнөн прокурорго арыз жазды

“Бүгүн, 22-августа Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуроруна 18-19-август күндөрү мыйзамсыз мага карата аңдуу кылып, маалымат топтогон укук коргоо органдарынын кызматкерлерин үстүнөн арыз жаздым. Арызда, алардын кандай максатта аңдыганын, мага карата аңдуу […]

Жарыя: Элдик Курултай кыймылы коомчулукту биргелешип Курултай өткөрүүгө чакырат

Урматтуу эл-журт! Жакында Элдик Курултай кыймылы, “Даанышман” кеңеши, Кыргыз Чоролору коомдук уюмдарынын Улуттук Улуу Курултайдын 3-чакырылышын 2016-жылдын сентябрь айында өткөрүү боюнча биргелешкен Билдирүүсү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланды. Урматтуу мекендештер! Улуттук-мекенчил […]

Адилет Айтикеев, эмиграциядагы журналист: “Быйылкы тарых жылында кыргыз тарыхчылары Кыргызстандын тарыхын эмес, Атамбаевдин Кокондук ата тегинин тарыхын изилдешти”

Быйылкы жылды тарых жана маданият жылы дегени менен покту да жасашкан жок. Болгон каражатты Көчмөндөр оюнуна чачып, сапырып коюп отурушат. Тарых жылы дегени менен биздин айрым тарыхчы агаларыбыз (мен ал […]

Сѳз эркиндигин коргоо комитети журналист Дайырбек Орунбековдун жеке жашоосун аңдып, Конституцияны жана мыйзамдарды одоно бузган орган кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылат

Кыргыз Республикасынын баш прокурору Индира Жолдубаевага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге, Улуттук коопсуздук комитетинин  тѳрагасы Абдил Сегизбаевге Кыргызстандын коомчулугуна Сѳз эркиндигин коргоо комитетинен Кайрылуу Бишкек, 2016-жылдын 22-августу Кыргыз […]

Төлөгөн Наралиев, КСДПчы Апрель Баатыры: “Конституцияны өзгөртүүгө жол бербейли! Мансап-бийликке тойбогон журт башчылар бийликти узурпациялап, Кокон хандыгын орноткону жатышат”

Кыргыз  мамлекети  эгемендүүлүк алган 25 жыл аралыгында бийлик  башына кимдер келбесин, Башмыйзамды оңдоп-түзөө шылтоосу менен жаңы долбоорлорду алып чыгып элдин башын айлантууда. Акаев, Бакиевдердин Башмыйзамга кол салуусу кандай трагедиялар менен […]

Элдик Курултай кыймылы жана Кырк чоро: “Биз бийлик тарабынан сунушталган Конституцияга өзгөртүү, толуктоолордун киргизилишине каршыбыз!”

Кыргызстандын элине, Мамлекеттик бийлик бутактарына жана оппозициялык багыттагы саясий күчтөргө Элдик Курултай кыймылы, Даанышмандар кеңеши жана Кыргыз Чоролорунун биргелешкен билдирүүсү Урматтуу Мекендештер! Кадырман калайык калк! Акыркы мезгилде өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушунда […]

Кылычбектин кетиши кызык деле эмес

Өмүрбек Текебаевдин кадрларынын бири “Супер инфо” маданий оюн-зоок гезитинин негиздөөчүсү, Текеба­евдин арты менен саясатта сүйрөлүп жүргөн Кылычбек Султанов Малайзиядагы элчилик кызматынан кетти. Ал кызматтан кетүүсүн Конституциянын өзгөртүүсүнө каршы болгонунан улам […]

Убактылуу өкмөттүн убайын көргөн “бактылуу балдар” кимдер?

Эл ичинде “Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башыңда” деген жакшы сөз бар. Анын сыңары Бакиевдик режимди кулатып, Убактылуу өкмөттү түзгөн үлкөндөрдүн аягы суюлуп отуруп, азыр бийликте экөөсү эле калыптыр. […]

Видео – Иззат Артыковдун тамагына “душмандары” атайлап стрихнин затын кошуп коюшканбы?

Француз спортчусунун даттануусу менен Спорттук арбитраж соту кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковду Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюнарында жеңип алган коло медалынан ажыратып, анын допинг-тести оң натыйжа берип, стрихнин аттуу кызытманын бардыгы аныкталганын билдирген. […]

Журналист Дайырбек Орунбековго козголгон кылмыш ишинин айыбы угузулуп, Кыргызстандан чыкпоого кайрадан чектөө коюлду

Журналист Дайырбек Орунбековго козголгон кылмыш ишинин айыбы угузулуп, ага кайрадан чектөө коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта  Кyrgyztoday маалымат агенттигине  Дайырбек Орунбеков өзү билдирди. “Мага карата козголгон кылмыш иши боюнча айып угузулуп, кечээ Кыргызстандын аймагынан […]

Канжалаган 5 жаштагы Омрандын сүрөтү кайрадан дүйнөнү ыйлатты

Канжалаган 5 жаштагы Омрандын сүрөтү кайрадан дүйнөнү ыйлатты. Омран Сириянын Алеппо шаарындагы авиа соккулардан кийин, урандынын ичинен тирүү чыкты. Согуштун каардуулугун, кандуулугун, ырайымсыздыгын Омрандын жүзү көрсөтүп турат. Омран жаны ачышып турса […]

Адилет Айтикеев, эмиграциядагы журналист: “”Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.” Менин өлүмүмдү, жок болуп кетишимди тилеген комменттерди окуп жатам”

Атамбаевдик режимден куугунтук жеп, Кыргызстандан чыгып эмиграцияга кетип, чет өлкөдөн башпаанек издеген оппозициячыл журналист Адилет Айтикеев аны табалап жатышкан атамбаевчилдерге жооп жазды: “Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.” […]

Азирет Кенжалиев International Olympiad in Informatics олимпиадасында коло медалга ээ болду

12-19-августа Татарстандын Казань шаарында информатика боюнча Эл аралык International Olympiad in Informatics олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 314 окуучулар катышты. Кыргызстандан барган  команданы “Себат” эл аралык билим берүү […]

Рита Борбукеева анчалык эт-бетинен кетип, бийликти жан-алакетке түшүп коргоого албай, чеги менен арыдан-бери иш кылбайбы?

Ысык-Көл облусундагы губернатордун орун басары Рита Борбукеева ушул күндөрү КСДП жана анын бийликтеги төбөлдөрүнө, президентке чаң жугузбоо жагынан алдына киши салбай баратат. Албетте, бир команда болгон соң жанындагы тилектештерин сатпай, […]

Мелис Карыбек, атамбаевчил көзү ачык: “Долоно таржымалы же кийинки президент чын эле Сарбагыш уруусунан чыгабы?

Мелис иним “Сурат байке, сизге окшоп сакал коюп алдым, мага жарашабы?” дейт. А мен: “Сен сакалды жөн койгон жоксуң. Себеби бар окшойт. Андан көрө ошондон кеп башта” деп, маегибиз уланып […]

Али Токтакунов, журналист: «Дайыр Орунбековду аңдыганы бул тээ Садыркуловго кулак-сөөмөй “белек” кылган милиционерлерге окшогон бандитизмдин бир түрүнө окшойт»

«Дайыр Орунбековду аңдыганы бул тээ Садыркуловго кулак-сөөмөй “белек” кылган милиционерлерге окшогон бандитизмдин бир түрүнө окшойт» Мындай пикирин “Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакунов кесиптеши Дайыр Орунбековго болгон аңдуулар боюнча “Фейсбуктагы” ѳздүк […]

Фото – Быйыл Меккеге, ажылык сапарга Ош облусунан 1514 адам барат

Быйылкы 2016-жылдагы ажылык сапарга Ош облусунан 1514 жаран аттанууда жана 49 жарандан турган бир тайпага бирден ажы башчы дайындалып, жалпысы 31 ажы башчы зыяратчыларды коштоп барат. Бул боюнча Ош облусу […]

Россиянын түрмөсүндө депортация чарасын күтүп жатышкан кыргыз жана башка улуттагы эмгек мигранттары ачкачылык жарыялашты

Орусиянын Приморск крайындагы мигранттар тобу өлкөдөн чыгаруу жараянын создуктуруп, депортация борборунда күттүрүп жаткандарга нааразылыгын билдирүү үчүн төрт күндүк ачкачылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу жума күнү «Интерфакс—Казахстан» маалымат агенттиги билдирди. Жергиликтүү […]

КМДБ быйылкы ажыларды 5 жылдыздуу мейманканага жайгаштырышууда

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2016-жылдагы ажыларды 5 жылдыздуу “Замзам Пулман” мейманканасына жайгаштырышууда. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда бүгүн Бишкек шаарынан акыркы каттам Медина шаарына келип конду. […]

Кыргызстандын аймагына кирип келген өзбекстандык милиционер кармалды

Өзбекстандык милиционерлер чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалды. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат деп билдирди “Азаттыкка” вице-премьер-министр Жеңиш Разаков. Кыргыз тараптын расмий маалыматы боюнча Ала-Бука […]

СДПКнын экс-депутатына таандык ишканага аткезчилик боюнча кылмыш иши козголду

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мурдагы депутатына таандык “Мадина-текстиль” ишканасы тарабынан товарлардын Кытайдан аткезчилик жол менен алынып келиниши боюнча кылмыш иши козголду. Буга чейин Бажы кызматы «Бишкек» эркин экономикалык аймагына кирүү […]

Абиш Халмурзаев: “Мени губернаторлукка Икрамжан Илмиянов же Жеңиш Разаков эмес, Сооронбай Шарипович өзү чакырды”

Дубандардагы облус башчыларынан маек алмай саамалыгыбыздын соңу Баткен облусун 1 айдан бери башкарып жаткан Абиш Алыбаевичке келди. Өрүк заарлуу аймактын кожоюну менен өрөөндөгү чек ара чыры баштаган түмөн-түйшүктүү көйгөйлөр, кызматтык […]

Айсулуу апасына чалып, аябай ыйлап, элинен кечирим сураптыр – Сыймык Бейшекеев

Айсулуу апасына чалыптыр, алтын кыз аябай ыйлап элинен кечирим сураптыр, болгон аракетимди кылдым, болбой калды, кечирип койгула дептир… Жүрөгүм сыйрылды, кечээги мелдештен өз карындашымдай жан тартып жакшы көрүп, жан дүйнөм […]

Садыр Жапаров элге жана бийликтин кысымына кабылып, түрмөдө жаткан кыргыздын эр-азаматтарына кайрылуу жасады

Азыркы бийликтин кысымына кабылып, түрмөдө, тергөөчү жайларда жаткан Урматтуу кыргыздын эр-азаматтары! Урматтуу эл-журт! “Чындык кеч болсо да акыры чыгат” же “Чындык чапанын кийгенче, калп дүйнөнү кыдырып келет” – деген кеп […]

Журналист Адилет Айтикеев Кыргызстандан чыгып кетти

Бийлик тарабынан куугунтуктоолор күчөгөнүнө байланыштуу “Искра” гезитинин редактору Адилет Айтикеев Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу ал “Республика” гезитине берген маегинде билдирген. Анын айтымында Минск шаарына барып, Жаныш Бакиевден интервью алып келгенден кийин […]

Фото – Айсулуу машыккан спорт зал мышык ыйлай турган абалда, анан кайсы арыбызга алтын үмүт кылабыз?

Риодогу Олимп оюндарында кыргыздын намысын сактап, медалдан артык сыйга татыган Айсулуу Тыныбекова окуучулук күндөрүндө машыккан спорт залдын абалын көргөн адам эмес, мышык дагы ыйлай тургандай. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев […]

«Твиттер» экстремизм үчүн 300 миңден ашык аккаунтту жапты

“Твиттер” социалдык түйүнү бир жыл ичинде терроризм менен экстрмизмди жайылтуу аракети үчүн 360 миң аккаунтту жапты. Алардын 200 миңден ашыгы акыркы жарым жылга туура келет. Бул тууралуу компаниянын бейшемби күнү […]

Журналист Дайырбек Орунбеков өмүрүнө коркунуч жаралганын билдирди

Алмазбек Атамбаевдин абийирине шек келтирди деп айыпталып, 2 млн сом доого жыгылган журналист Дайырбек Орунбековдун өмүрүнө коркунуч жаралып жатат. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында билдирди. Анын айтымында кечээ түнү, саат […]

Аалы Туткучев, төкмө: “Калыстар элди алдап жатышат”

… Нааразычылык жеке меники эмес, канчалаган жаш акын балдардын нааразычылыктары. Биз балдар менен кеңешип, жыйынтыгын элге жеткирдим. Ал жерде ынтымакты кетирип “Бул мунун, тигил тигинин шакирти” деген бөлүнүүгө барышты. Элге […]

Премьер-министр ишкерлерди логистикалык борборлорду курууга активдүү катышууга чакырды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-августта, Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Араван районундагы логистикалык борборго жана жер-жемиш базасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Аталган борбордун жетекчилигинин маалыматына […]

Темир Сариев Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө каршы пикирин билдирди

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев бир топ тыныгуудан кийин үн катып, Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө каршы пикирин билдирди. Ал Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө ашыгып жаткан Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлерине жолдогон кайрылуусунда артка […]

Өкмөт маданият кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөбөгөнүн билдирди

Өкмөт мындан мурда ММКларда маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлгөндүгү тууралуу жарыяланган маалыматка комментарий берип, маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлбөгөндүгүн расмий түрдө билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө өкмөт маданият тармагынын […]

Айтыштан чыккан чырга байланыштуу өкмөт түшүндүрмө берет

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаковго «Айтыш» фонду менен биргеликте Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагындагы иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен фестивалга катышуу максатында уюштурулган төкмө-акындарды […]

Түркмөнстан президенти Көчмөндөр оюндарына келет

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу президентnин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, түркмөн лидери Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келет. Жумуш сапардын […]

Таласта жол куруп жаткан түрк компаниясы мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды

Талас облусундагы Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолун салып жаткан “Чакыр Япы Санайи Ве Тижарет” түрк компаниясы бүгүнкү күндө мыйзам бузуулар менен иш алып барууда. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка […]

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков талаштуу делген чек ара тилкелерин көрүп чыкты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жумушчу сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Иш сапар алкагында ал Араван, Ноокат, Алай жана Чон-Алай  райондорундагы талаштуу делген чек ара тилкелерин көрүп […]

Коомдук комиссия 1916-жылдагы окуяны геноцид деп тапты

Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия Орусия падышачылыгы тарабынан 1916-жылдагы көтөрүлүштү басуу аракетин геноцид деп тапты. Комиссия башчысы Азимбек Бекназаровдун айтымында, мындай бүтүм орус жана кытай бийликтери берген архивдик маалыматтарга […]

“Кыргыз бар!” элдик кыймылынын Атамбаевдик режимге каршы билдирүүсү

“Кыргыз бар!” элдик кыймылы президент А. Атамбаев жана анын жан-жөөкөрлөрү колундагы бийликти кыянаттык менен пайдаланып, шайлоонун биометрикалык деген, эч ким кайра барып текшерип алууга мүмкүн болбогон шылуун системасын ойлоп таап, […]

Жеңишбек Жумакадыр, төкмө: “Кечирип койгула, биз айтышка баралбайбыз”

Аалы экөөбүз упайыбыз аз болуп калды же биз кыйынбыз деп нааразы болгон жокпуз. Экөөбүз жок деле айтыш өтөт. Мен далай жолу жаштарга жол берип, далай байгеден баш тартып эле жүрөм. […]

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган айтышка 8 эмес, 12 акын катышмай болду (тизме)

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган X эл аралык айтыштын тандоо турунун жыйынтыгы боюнча өзгөрүү болду. Ага ылайык, элдин пикирин эске алуу менен 8 акын эмес, 12 акын Кырчын жайлоосундагы айтышка […]

Өлкөдө педофилдерди өлүм жазасына тартуу маселеси талкууланууда

Жогорку кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясы педофилдерге өлүм жазасын колдонуу боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Анда Баш мыйзамдын 21-беренесине «Өлүм жазасына жаш балдардын жыныстык кол […]

Электр жана жылуулук энергиясына, жылуу сууга тарифтер көтөрүлбөйт

Өкмөт тарабынан электр жана жылуулук энергияга, жылуу сууга тарифтердин өсүшүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул туурасында бүгүн, 16-августта, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча […]

Видео – Чолпон-Ата шаарын сел каптады

Бүгүн, 16-августта, саат 12лер чамасында Ысык-Көлдүн аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Чолпон-Атада унаа жолу жабылып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратты. Маалыматка караганда транспорт каражаттарынын кыймылы жарым сааттай убакыт токтоп калган. Селден бир […]

Аалы Туткучев Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган айтышка катышуудан баш тартты

Кечээ, 15-августта Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында төкмө акындарды тандоо туру өттү. Аталган төкмө акындардын тандоо туру нааразылык менен коштолуп, көрүүчүлөр жана катышуучулар тандоонун жүрүшүндө калыстар туура эмес иш алып […]

Орусия ГЭСке жумшаган 37 миллион долларын доолады

Орусия Кыргызстандан Жогорку Нарын каскадын курууга кеткен 37 миллион долларды кайтарууну талап кылды. Буга жооп кылып, Улуттук энергохолдинг эл аралык көз карандысыз аудиттин жыйынтыгы чыккандан кийин “Кыргызстан кеткен акчаны төлөп […]

Оштун Билим берүү башкармалыгын Асанов аксакал Илмиянов менен соодалашып алганбы?

Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгы көптөн бери кожоюнсуз турат. Бош турган орунга далайы көз кызартып, ак үй, көк үйгө чейин барышып, акыры көпчүлүгүнүн көкшүнү сууп, “БиМдин экс-деканы А.Асанов болгону калыптыр, […]