Ишемби, 24 Февраль, 2018 - 6:21
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: КООМ

Эт жегиң келдиби? Ошко бар, арзан!

Ош шаардык мэриясы “Эттин бир килосу 315 сомдон гана сатылсын!”- деп баа бычты. Бул жөнүндө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров кабарлады. – Жергиликтүү бийлик үчүн шаардыктардын кызыкчылыгы башкы орунда […]

Өзгөн – Оштогу мыкты район

Өткөн жылдын жыйынтыгына ылайык Өзгөн району Ош облусунун социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн 1-даражадагы Диплом жана 70 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Бул сыйлыкты вице-премьер-министр Дайыр […]

Целофан баштыктар жоголуп, кагаз баштыктарга өтөбүз

  Мына ушундай маселени Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги көтөрүп чыкты. Учурда бул маселе өкмөт тараптан колдоо таап жатат. Белгилүү болгондой целофан баштык 200 жылга чейин чирибей сакталып тура берет. Ал эми […]

М.Калиев: Биз акы төлөтүү ме­нен “Тез жардам” кызматын оңдойбуз”

Саламаттыкты сактоо министрлиги аз күн мурун жылдык жыйын өткөрүп, көп маселени талкуулады. Анда министрдин орун басары Калиев: “Тез жардам” кызматына акы төлөтүү маселеси каралып жатат. Мындай ыкма дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө […]

Тиешелүү мыйзамдарга баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо ага жеке идентификациялык номер ыйгаруу киргизилүүдө

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Үй-бүлө кодексине, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана […]

Кыргыз-Тажик чек арасы жабылып, чыр-чатак чыгып кете жаздады

Лейлек Өткөн жумада республикабыздын эң четки аймагы болгон Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында аз жерден чыр-чатак чыгып кете жаздады. Күбөлөрдүн айтуусунда, алгач куралчан тажик чек арачылары 8-февралда түшкө чейин […]

Медициналык тез жардам кызматы үчүн акы алынабы?

М.Калиев Азыр айрым мамлекеттик чиновниктер өздөрүнүн көзгө көрүнөрлүк үлгүлүү иши менен эмес, тескерисинче мыйзамды мындай кой, элди таң калтырган билдирүүлөрү аркылуу таанылууда. Мисалы, өткөн жумада Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси […]

Видео – Акыйкаттык үчүн кыйылган өмүр

Укук коргоочу, экономист Шералы Назаркулов Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы саясий ачкачылык жарыялап, 2002-жылы 7-февралда акциянын 22-күнү каза болгон. Назаркуловдун өлүмү Кыргызстандын тарыхындагы айрым орчундуу окуяларга себеп болду. Булак: “Борбор Азия […]

Чоң-Алай районунда жер астынан чыккан суулардан турак жайларды сактоо үчүн дренаждык канал казуу иштери уланууда

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 9-февраль күнү Кара-Кабак айылында жер астындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери алдын алуу жумуштары жүргүзүлүп […]

Видео – Тойдо ууланган беш адамдын абалы оор

Ош облусунун Кара-Суу районунда тамакка ууланып ооруканага түшкөн 12 бейтаптын бешөөнүн абалы дагы эле оор. Алардын төртөө эки жарым жаштан үч жарым жашка чейинки наристелер. Дарыгерлер бейтаптардын саламаттыгы көзөмөлдөнүп жатканын […]

14-февралда күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир […]

Казакстанда жолдо калган 55 өзбек мигранты куткарылды

Повладарда полиция кызматкерлери облус борборуна жетпей жолдо бузулуп калган автобустун жүргүнчүлөрүнө жардам берди. Салондо Өзбекстандын 55 жараны болгон. Алар Орусияга баратышкан. Патрулдук полиция кызматкерлери автобусту Достык айлынын жанынан табышкан. Алар […]

Депутаттар демилгелеген Айтматов сыйлыгы түзүлүшү керекпи?

Жогорку Кеңештеги КСДП жана “Ата Мекен” фракцияларынын айрым депутаттары Кыргызстанда жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык түзүүнү демилгелешүүдө. Аталган демилге учурда коомдук талкууга  коюлду. “Чыңгыз Айтматов” ордени  маданият, агартуу, илим, адабият […]

Жаңы төрөлгөн кыргызстандыктардын бардыгы сүйүнчү алалышабы?

“Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбооруна кол коюлуп, ал формалдуу түрдө иш жүзүндө аткарыла баштаганы менен сүйүнчү төлөөнүн айланасында талаш-тартыштар күчөй баштады. Ал эмес Жогорку Кеңеште бирдиктүү пикир жок, мыйзам […]

Шашылыш билдирүү: 12-февралынан 14-февралына чейин аба ырайы кескин өзгөрөт

2018-жылдын 12-февралынан 14-февралына чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370- чакырымдарында […]

Тармактык комитет турак-үйлөрдү ижарага берүүнү жөнгө салган мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында салык тармагын электрондук тейлөөгө, анын ичинде электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өткөрүү үчүн салыкты электрондук жана аралыктан башкаруу усулун киргизүү […]

Мектепке кам көрбөгөн мамлекеттин келечеги жок

Булан институтунун иликтөөсү боюнча учурда Кыргызстанда  2,222  орто мектеп бар. Алардын ичинен 193 мектеп учурда авариялык абалда.  Бул мектептердин ичинде 127 жыл илгери курулгандары да бар.    Ош облусунун Сузак районунда […]

Электрондук капчыктын айланасындагы чыр-чатак

Электрондук тармакта дейбизби же медиа тармакта дейбизби, акыркы убакта медиа өнөктүктөрү менен банктардын ортосунда бири-бирине бут тосуулар, чыр-чатактар уланууда. Анын эӊ негизги себеби Улуттук банк уюлдук байланыштардын ишине тоскоолдук жаратып […]

Парламент комитети Айтматов сыйлыгынын акчасы жоголушун жабык талкуулады

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча маселени жабык талкуулады. […]

Тармактык комитет унааларды каттоо мөөнөтүн узартууга багытталган мыйзам долбоорун колдоого алды

Бүгүн, 13-февралда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам […]

Тажикстанда банктар эки жылдан бери кардарлардын акчасын берише элек

Тажикстандагы эки ири банк дээрлик эки жылдан бери аманатчылардын акчаларын төлөп бере албай жатат. Алар банкрот болушканын расмий түрдө жарыялашкан жок. Бирок кардарларга бир күндө 22 доллардан гана беришүүдө. Бирок […]

“Кыргызкөмүр” ишканасы спортчуларды колдоодо

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы спортчуларды колдоого алып келе жатат. КРда спорттун хоккей оюнунун түзүлгөнүнө 20 -жыл болгонуна байланыштуу, 20 -жылдык юбилейди белгилөө мааракеси 10- февралда Жумгал районунун Чаек айылынын “Шортон” муз […]

ЖККУнун жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо протоколуна түзөтүүлөр киргизилүүдө

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө […]

Видео – Кыргыз каналдары тартпаган айыл

Баткен районундагы Кыштут айылынын бир топ тургундары Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар менен окуялардан кабарсыз. Миңден ашык калк жашаган бул айылдын тургундары жаңылыктарды бири-биринен оозеки угушат. Анткени, айылда уюлдук байланыш тартпайт. […]

Видео – “Эски мектепти оңдой берип тажадык”

Таластын Кара-Буура районунун Көк-Дөбө айылында окуучулар сегиз жылдан бери авариялык абалдагы мектепте окуп жатат. Жаңы салына баштаган мектептин курулушу беш жылдан бери бүтө элек. Мугалимдер урайын деп турган имаратты жыл […]

Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала

(Энеси эшиктен кирет) Э. – Таалай, Таалай, ээ ботом, эшикти ачык таштап каякка кеткен? (Энеси  колуна эки жоолук кармап турат да) Э. – Ата-бабамдан калган бул жоолукту салсам бекен же […]

Түркмөнстанда ун тартыштыгы жарандардын «ашыкча унун» конфискациялоо аркылуу жоюлушу мүмкүн

Түркмөнстандын түндүк аймактарында ун тартыштыгын жергиликтүү калктын ашыкча унун конфискациялоо аркылуу жоюу жолдору караштырылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашөгүздөгү өз булактары кабарлашты. “Абалдан чыгуу жолдорунун бири катары колунда бар […]

Тажикстанда унга уулангандардын саны өсүүдө

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда гелиотроп чөбү кошулуп кеткен унга уулангандардын саны 39га жетти. Өткөн аптанын соңунда 20га жакын бейтап «гелиотроптук гепатит» диагнозу менен ооруканага жаткырылып, алардын көбү 3-5 жаштагы […]

Кээ бир илимпоздорду ит да тааныбайт

Кыргыздардын ичинде азыр илимпоздордун саны асман чапчыйт. Тилекке каршы айрым профессормун,академикмин  дегендерди ит да негедир тааныбайт. Анткени илгери Акаевдин, Бакиевдин мезгилинде акчасы самандай чачылган байлар  бирөөлөрдү  жалдап илимий иш жаздырып,анысын […]

Күңүрттүк өкүм сүргөн жерде каралар бийликке келет

Биздин баардык иштерибиз, ойлорубуз, сөздөрүбүз бизди ээрчип жүрөт, ошондуктан жакшы иштерди гана жасагыла. (Байыркы Индия накылы) Эгер акылдуу, даанышман адамдар келесоо жана пас адамдарды башкарышса, тартип өкүм сүрөт. (Мо-Цзы) Билесиңби, […]

Депутат Алмазбек Эргешов: «Мамлекеттин толгон-токой мүлкү бар, анан кантип алардын баары 86 млрд сом эле болуп калсын»

Ушу тапта мамлекеттик мүлктү баалоо чаралары көрүлүүдө. Мисалы, 65 мамлекеттин органдын карамагындагы негизги фондуна караштуу мүлктүн жалпы наркы 86 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ринат […]

Ачкачылык кармагандардын бири суу ичти

“Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди” деген айып менен соттолгон Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков ачкачылык кармоону улантып жатышат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр […]

Мал жандыктарын идентификациялоо жана малдын өлүктөрү көмүлгөн жайларды кайтаруу эрежелерин бузгандардын жоопкерчилиги жогорулатылат

Бүгүн, 12-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин […]

Түркмөнстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттады

10-февралдан бери Түркмөнстанда доллардын баасы 14-15 манатка чейин өстү. Анын натыйжасында азык-түлүк дагы кымбаттады. Эн биринчи импорттук товарлардын наркы жогорулады. “Түркмөнстан хроникасы” билдиргендей, 5 литр күнкарама майынын баасы 46дан 58 […]

Ташкенттеги жаңы мечитке шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун ысымы берилет

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен Ташкенттин Чиланзар районунда курулуп жаткан мечитке шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун ысымы ыйгарылат. Шавкат Мирзиёев өткөн аптада мечит курулуп жаткан жерде болуп, иштин жүрүшү […]

А. Рузбехани: «Иран банкынын Кыргызстанда ачылышы эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын жандандырмак»

1979-жылы 10-февралда Иранда элдик революция жеңишке жетишип, Иран Ислам Республикасы (ИИР) түзүлгөн. Ал эми жакында ИИР менен КРнын ортосундагы дипломатиялык мамилеге 25 жыл толду. Бул эки датанын кандай белгиленип жаткандыгы […]

Карапайым жарандар Кыргызстандын динге сугарылышын жактырышпайт

Кийинки жылдары Кыргызстанда диний ишенимге берилгендер арбыды.  Эксперттер диний абалдын барган сайын курчуп жатканын белгилеп келишет. Буга байланыштуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен диний кырдаалды изилдөөгө алган социологиялык сурамжылоожүргүзүлгөн. Натыйжада кыргызстандыктардын […]

Кана анда, аттандык!

Төгүлдүк, чачылдык, Тепселдик, басындык. Жер болуп кайрадан, Гүлдөрдөй ачылдык.   Ыйладык, кыйналдык, Ыймандан жыйналдык. Өз эмес жатты да, Өзсүнтүп сыйладык.   Жол болуп төшөлдүк, Жоону да көтөрдүк. Көк Теңир күчтөнтүп, […]