Шаршемби, 15 Август, 2018 - 22:20
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Криминалдык хроника жана окуялар

Улюкаевдин жарым миллион рублга бааланган мүлкү камакка алынды

Орусиянын Тергөө комитетинин өтүнүчү менен сот коррупцияга айыпталган мурдагы экономиканы өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевдин жарым миллиард рублга бааланган байлыгын жана 15 кыймылсыз мүлкүн камакка алды. Бул тууралуу мекеменин төрага орун […]

Фото – Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында жер көчкү жыла баштады

Быйылкы жылдын 3-январынан баштап Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында чоң көлөмдөгү жер көчкү акырындап жыла баштады. Анын натыйжасында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын адистери 11үй-бүлөгө тез […]

Ооганстанда жолугушуу маалындагы жардыруудан дипломаттар жаракат алды

Ооганстан бийлиги маалымдагандай, өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясында 10-январь кечке жуук болгон жардыруудан беш киши мерт кетип, 14 адам жарадар болду. Жарадарлардын арасында аймактын губернатору жана Бириккен Араб Эмирлигинин элчиси да […]

Өзбекстан жарандары шишкебек бышыруу аракети маалында каза болушту

Тольяттиде Өзбекстандын эки жараны жаңы жыл түнү шишкебек бышыруу аракети маалында чыккан өрттөн каза болушту. 31-декабрда Тольяттинин Комсомол районундагы гараждан чыккан өрт өчүрүлгө соң анда эки адамдын күйгөн денеси табылган. […]

Тажик чек ара кызматы эки маңзат аткезчинин жок кылынганын тастыктады

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасында маңзат аткезчилиги менен алектенген эки киши жок кылынгандыгы тастыкталды. Тажик чек ара кызматы билдиргендей, окуя былтыр 26-декабрда болгон. Операция учурунда башка аткезчилер түн жамынып качып […]

Актөбөдө террорчулукка айыпталып 7 киши соттолду

Актөбөдө террорчулукка айыпталып жети киши соттолду. Алар террордук топту түзүү, террорчулукту үгүттөө, диний кастыкты козутуу боюнча күнөөлүү деп табылып, алты жылдан тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышты. Тергөө материалдарында жети адамдан […]

Полиция Стамбулдагы терактты өзбекстандык жаран жасаган болушу мүмкүн дейт

Түрк полициясынын маалыматы боюнча Стамбулдагы 39 кишинин өмүрүн алган кол салууга шектүү адам Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн. Полициянын маалыматтарына таянып, түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, шектүү 180 жолу ок чыгарган. Тергөөнүн […]

Эл ишеничин актай албаган Атамбаевдин тактысын өткөрүп кетериндеги элине кылган жакшылыгы – бул Бакиевчилерди биринин артынан бирин абактан бошото баштаганы

Кайран гана тал чыбыктай кыйылган жаш өмүрлөр. Жалгызынан, сүйгөнүнөн, атасынан айрылган шордуу кыргыз элимди учурда бийлик­те турган бир дагы чиновник ойлонуп койгон жок. Ал тургай кеп кылууга биринин дагы чамасы […]

Жантөрө Сатыбалдиевдин түштүктөгү кыңыр иши унутулдубу? Жымырылган миллиондогон акчаларга жооп бербейби?

Бири кетсе, бири келип, кылган ишине отчет берген эч ким жок. 2012-жылы өкмөт башына келген Жантөрө Сатыбалдиев, 2014-жылдын 25-мартында өз каалосу менен кызматынан кеткен эле. Мунусу жоопкерчиликтен оңой кутулуунун жолу […]

Данияр Абдыкаров маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнөн бизнес кылганбы?

Коомчулукта Камила Дүйшөбаеванын өлүмү ушу кезге чейин резонанс жаратып турат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ошол кезде кайсы бир саунадан Камила менен бизнесмендер сууга түшкөнү барышканы, а жерден чыр-чатак чыгып, Камиланын […]

Измирдеги жардырууда эки адам мерт кетти

Түркиянын Измир шаарында 5-январь кечке жуук болгон жардыруудан эки киши – полициячы жана сот кызматкери набыт кетти. Жаракат алгандардын саны онго жетти. Бул тууралуу Измирдин губернатору Эрол Айилдиз билдиргенин Рейтер […]

Өзбекстанда Жазаларды аткаруу башкармалыгы виртуалдуу кабылдама ачты

Өзбекстан ИИМинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы виртуалдуу кабылдама ачты. Анын жардамы менен жетекчиликке соттолгондордун туугандары, абактын кызматкерлери тарабынан кыйноого же кордукка кабылгандар кайрыла алышат. Вуртуалдуу кабылдаманын сайтында маалымдалгандай, башкармалыктын башчысына […]

Кыргыз жараны Тажикстанда кыйноого кабылды

Кыргызстандын жараны Акжол Калбаев Тажикстанда кыйноого кабылды. Бул маалыматты Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги ырастады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны Калбаевди мурдагы ишкердик боюнча өнөктөшү, “Таджирон” деген компаниянын ээси Набижон Набиев алдоо жолу […]

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев абактан чыкты

29-декарда Бишкектин 1-Май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жакындары кабарлашты. Учурда Нарымбаев абактан чыгуу үчүн тиешелүү […]

Казакстанда атайын кызматтын мурдагы башчысы кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Нартай Дутбаев башка чиновниктер менен бирге мамлекеттик сырды ачыкка чыгарууга, ыйгарым укуктарынан аша чабууга айыпталып кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Дутбаев Нартай, […]

Кыйраган Ту-154түн үч «кара кутусу» тең табылды

Кара деңизде кыйраган Ту-154 учагынын үч «кара кутусу» тең кургактыкка чыгарылды. “Интерфакс” агенттигинин булагы алардын абалы канааттандыраарлык экенин жана жазууларын чечмелөөгө мүмкүн экенин билдирди. Алгачкы «кара куту» куткаруучулар тарабынан 27-декабрда […]

Кабулдагы жардырууда Ооганстан парламентинин депутаты жарадар болду

Кабулда жардыруу болуп, кеминде эле үч адам жаракат алды. Алардын арасында Ооганстан парламентинин депутаты дагы бар экени кабарланууда. Ооганстан ички иштер министринин орун басары Наджиб Дани билдиргендей, жардыруучу зат көпүрөнүн […]

Кыйраган Ту-154түн «кара кутусу» табылды

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, суучулдар жекшембиде Кара деңизде кыйраган Ту-154 учагынын бортундагы «кара кутуну» табышты. Бул маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги ырастады. “Кара куту” жабыркаган эмес жана ал иликтөөчү борборго жөнөтүлдү. […]

Азимбек Бекназаров автокырсыкка кабылды

Ишемби күнү, 24-декабрда Аксыдан Бишкекке келаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун автоунаасы Токтогул районунун аймагында тайгак жолдон тормозу кармабай жолдун четинде токтоп турган автоунааны жана анын ээсин сүзүп кеткен. Бул тууралу Азимбек […]

«Боярышниктен» уулануу иши боюнча төрт адам камалды

«Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, Орусияда курамында спирт бар суюктуктан адамдардын жапырт уулануусу боюнча төрт айыпталуучу камалды. Лосьон косметикалык каражатын ичип каза тапкандардын саны 76га жетти. Иркутск шаардык сотунун чечими менен […]

Орусия Сочидеги аба кырсыгынын курмандыктарына аза күтүүдө

Орусияда бүгүн Сочидеги аба кырсыгынын курмандыктарына жалпы улуттук аза күтүү күнү. Жекшембиде  Сирияга учуп бара жаткан Ту-154 аскерий учагы деңизге кулап түшкөн. Анын ичиндеги 92 адамдын баары курман болгонун орус […]

Сириядагы орус аскерлерин куттуктаганы бараткан “ТУ-154” учагы Сочиде кулап 92 адам мүрт кетти

Орусиянын Федерация кеңеши менен Мамлекеттик Думадан кабарлашкандай, Сочиде кыйраган ТУ-154 учагынын бортунда теракт болушу мүмкүн деген версия жокко чыгарылды. Парламенттин эки палатасынын коргоо комитеттеринин өкүлдөрү Виктор Озеров менен Андрей Краснов […]

ИМ тобуна азгырылган ММУнун студенти төрт жарым жылга кесилди

ММУнун мурдагы студенти Варвара Караулова Тажикстандын жасалма паспорту менен Сирияга барып, “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулууга аракет жасаган. Бул тууралуу Москванын аскер соту чыгарган өкүмдө айтылат. Сот Караулованы “Ислам мамлекети” […]

Токтосунов Улан (“Сакал”) жана башкаларга карата чыгарган Биринчи май райондук сотунун өкүмү

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2016-жылдын 22-декабрында Токтосунов Улан, Алиев Зыпарбек жана Таштанбеков Дастанга карата өкүм чыгарды. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди. Токтосунов Улан Акмолдоевич […]

Кримтөбөл Улан Токтосунов (“Сакал”) 17 жылга эркинен ажыратылды

Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев кримтөбөл Улан Токтосуновду (“Сакал”) 17 жылга эркинен ажыратты. Кримтөбөл Улан Токтосунов (“Сакал”) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (“Коля киргиз”) уюшкан кылмыштуу […]

Чүй облусунда 7 жана 12 жаштагы кыздарды өз атасы бир нече жылдан бери зордуктап жүргөн

Чүй облусунун Кемин районунда 7 жана 12 жаштагы өз кыздарын бир нече жылдан бери зордуктап жүргөн жаран кармалды. Аялы менен ажырашып кеткенден кийин кыздар атасы менен калышкан жана чон энесинин […]

Шымкенттик тургун облустук прокуратура имаратынын алдында өзүн өрттөдү

Шымкент шаарында жергиликтүү тургун облустук прокуратура имаратынын алдында өзүн-өзү өрттөдү. Бул тууралуу жеке булактар билдирди. Кечээ 46 жаштагы Нуркен Айнабеков түштөн кийин өзүнө өрт койгон. Аны тез жардам унаасы менен […]

Казак атайын кызматы экстремизмге шектелгендерди кармады

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өлкөдө тыюу салынган «Ак-Такфир уаль-Хиджра» уюмуна тиешеси бар делген 16 кишини кармаганын билдирди. Атайын кызматтардын рейди бир эле учурда Алматы, Актөбө, Атырау облустарында жана Алматы шаарында […]

Иркутскта “Боярышник” лосьонун ичип мерт кеткендердин саны 60тан ашты

Сибирдин Иркутск аймагында парфюмериялык кошулма – лосьон косметикалык каражатын ичип каза тапкандардын саны 60тан ашты. Бул тууралуу “Интерфакска” саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык маалымат катчысы Татьяна Шкурская билдирди. Ооруканада 40 адам […]

Өзүнүн чоң энесин мыкаачылык менен өлтүргөн 26 жаштагы Алишер Кыргызбай уулу 15 жылга эркинен ажыратылды

2015-жылдын 1-сентябрында, болжол менен саат 17.30 чамасында 1990-жылы туулган Алишер Кыргызбай уулу үйүнүн короосунда мас абалда чоң энеси О.Т.ны эч бир себепсиз үйдүн короосунда шыпыргы менен кубалап, жетип барып шыпыргы […]

Берлинде жүк ташуучу унаа базардагы адамдарды тепселеп, 12 киши мерт кетти

19-декабрь күнү кечинде Рождество базарына чогулган адамдарды жүк ташуучу унаа тепсеп кетип, 12 киши каза болду, ондогон адам жаракат алды. Полиция окуяны  теракт болушу мүмкүн деп  иликтөөдө. Бийлик айдоочу унааны базардагы адамдарды […]

Видео – Россия элчисин атып өлтүргөн Мевлюд Мерт Алтынташ 22 жашта болгон жана полицияда кызмат кылган

Кечээ, 19-декабрда Анкарада Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду атып өлтүргөн адамдын аты жөнү Мевлюд Мерт Алтынташ  болгон, жашы 22де  болуп түрк полициясында кызмат кылган. Бир маалымат боюнча ал бүгүнкү күнгө чейин […]

Видео – Анкарада Россиянын элчисин атып өлтүргөн адам “Мен бул жерде өлөм! Бул менин Аллепону бомбалоо үчүн өч алганым!” деп кыйкырган

Кечээ, 19-декабрда Түркиянын борбору Анкаранын Заманбап искусство музейинде “Россия түрктөрдүн көзү менен” фотокөргөзмөсүн ачып жаткан Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов атып өлтүрүлгөн. Кол салган адам музейге сырттан Андрей Карлов менен […]

Видео – Түркияда Россиянын элчиси Андрей Карлов атып өлтүрүлдү

Кечээ, 19-декабрдын кечинде Анкара шаарында Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов “Россия түрктөрдүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсүн ачып жатканда артынан азырынча ким экени белгисиз адам кол салып, атып өлтүргөн.  Ал […]

Иорданиядагы казак туристтерге сак болуу кеңеши берилди

Казакстан Иорданияда жүргөн туристтерин коопсуздук чараларын сактоого, эл көп топтолгон жайлардан оолак болууга жана Иордания бийлигинин талаптарын аткарууга чакырды. Туризм индустриясы департаментинин директору Марат Игалиев Фейсбуктагы баракчасында казакстандык туристтерди Иорданиядагы […]

Кадыров: Грозныйдын жанындагы атышуулардан 11 согушкер жок кылынды

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Инстаграм социалдык түйүнүндөгү баракчасында жазгандай, ишембиден жекшембиге караган түнкү атышуулар учурунда алгач полиция төрт согушкерди жок кылган. Андан кийин 18-декабрда да коопсуздук күчтөрү башка куралчан топтун […]

“Сакалдын” тагдыры чечилгени калды

«Мыйзамдагы ууру» аталган Улан Токтосунов, каймана аты «Сакалдын» тагдыры чечилээр алдында турат. Ал учурда Камчы Көлбаевдин кылмыш дүйнөсүндөгү активдүү мүчөсү Дамир Сапарбековду атууга буйрутма берген деген кине менен камакта жатат. […]

Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Бишкектеги элиталык үйдүн 1 чарчы метринин өздүк наркы 500 доллар турса россиялыктар контейнерден жатакана салып, анын 1 чарчы метрин 1300 доллардан баалашкан”

-Алмамбет Насырканович, “Русгидро” компаниясы кыргыз өкмөтүн Эл аралык сотко берүүгө ашыгып жатат. Алар соттон утуп алат дегенге толук негиз барбы? -Эл аралык арбитраждык сотко берүүгө Русгидронун 100% укугу бар. Бирок […]

Магнитогорскто тажик диаспорасынын мурдагы башчысы өлтүрүлдү

Магниторгорск шаарында жүрөгүнө ок тийип, тажикстандык Асадулло Махмудов өлтүрүлдү. Бир нече жыл мурун ал бул шаарда тажик диаспорасын жетектеп турган. Жергиликтүү ММКлар кабарлашкандай, окуя 14-декабрда Асадулло Махмудовдун үйүнүн алдында болгон. […]

Москвада кыргызстандык аялдын 24 миллион рубль акчасын уурдап кетишти

Москвада базарда иштеген кыргызстандык 30 жаштагы аялдын 24 миллион рубль акчасын уурдап кетишти. Life.ru тараткан кабарга ылайык, ал ири суммадагы рублди долларга өткөрүү максатында акча алмаштыруучу жайга алып келгенде жоготкон. […]

Немис эксперти: Рахат Алиевди муунтуп өлтүрүшкөн

Германиялык эксперт Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев кимдир бирөө тарабынан өлтүрүлгөнүн билдирүүдө. Анын жансыз денеси өткөн жылы Австрия түрмөсүндө табылган болчу. Асынып жана тумчуктурулуп өлтүрүлгөн учурларды […]

Актөбөдө мунай уурдады деп шектелген «кылмыштуу топ лидери» камалды

Актөбө шаардык соту «мунай уурдаган деп» шектелген уюшкан кылмыштуу топтун башчысын камакка алуу чечин чыгарды. Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча биринчи топтогу майып Еркин Избасар менен анын […]

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча негизги күбө неге дайынсыз жоголду же Калыбек Салянов неге жалган көрсөтмө берген?

2014-жылы төбө чачты тик тургузган, бүткүл республика жарандарынын көңүлүн ооруткан кылмыш окуясы болуп өткөн. Тактап айтсак, 2014-жылдын жазында он гүлүнүн бир гүлү ачыла злек Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча резонанс жараткан […]

Кыргызстандын өкмөтүндө Тажикстан ГКНБсынын агенти иштеп жатат

Тажик чалгыны өз агенттерин өжөрлүк менен, жеткире жакшы аткара албаса да, коңшулаш мамлекеттерге киргизип жатат. 9-сентябрда республикалык ГКНБнын (улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин) борбордук аппаратында Тажикстандын Көз карандысыздык Күнүн майрамдоо […]

Видео – Депутаттар Аида Салянованын, Алманбет Шыкмаматовдун жана Өмүрбек Текебаевдин Нарында эл алдында сүйлөгөн сөздөрү

7-8-9-декабрда Нарын облусуна эл менен жолугушууга барып келген КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары Аида Салянова, Алманбет Шыкмаматов жана Өмүрбек Текебаев эл алдында бүгүнкү өлкөдөгү саясый ситуация, Атамбаевдин алешемдиктери жана […]

БШКнын экс-төрагасы Туйгуналы Абдраимов түндө журналист Асланбек Сартбаев менен мушташты

Кечээ, 7-декабрдын кечинде саат 20.00.дө Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Охота на овец” ресторан-түнкү клубунда мушташ чыкты. Анда БШКнын экс-төрагасы Туйгуналы Абдраимов кызуу абалында журналист Асланбек Сартбаевдин ыңгайсыз суроосуна ызаланып, колунда […]

Пакистанда кыйраган учактан 40 адамдын сөөгү табылды

Акыркы маалыматтарга караганда, Пакистандагы авиакырсыктан кеминде 40 киши каза тапты. Алардын сөөктөрү куткаруучулар тарабынан табылды. Жүргүнчү ташыган ATR-42 учагында жалпысынан 48 адам болгондугу жана кулап түшкөндө ал өрттөнүп кеткендиктен аман […]

Актөбөдөгү атайын операция: Мунай уурдады деп шектелгендер камалды

Казакстанда мунай уурдады деп шектелгендер камалды. Бул тууралуу 7-декабрда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Комитет тараткан билдирүүдө “мунай уурдагандарды калкалап келген, салафи агымын тутунган кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалышты” деп жазылган. […]

ӨКМ: “Сосновка” постунда чоң унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Чүй облусунун Жайыл районунда бүгүн, 7-декабрда саат 15:00дөн баштап Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымында кар жаап, жолдор тайгак болуп муз тоңгондугу жана жол тазалоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө  байланыштуу,  МАИ кызматкерлери тарабынан “Сосновка” постунда […]

Видео – “Милиционер-терминал” аткан конгон паракор жол сакчысынын өздүгү такталды

Ош облусунун Өзгөн районунда жол тосуп тынбай пара алып жаткан жол сакчысы мобилдүү телефон аппараттын видеокамерасына жашыруун тартып алынган. Социалдык түйүндөрдө ал “милиционер-терминал” деген атка конуп, кызуу талкуу жараткан. Ал […]