Шаршемби, 14 Ноябрь, 2018 - 0:36
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Криминалдык хроника жана окуялар

Ооганстанда күч түзүмдөрүнүн башчылары отставкага кетишти

Ооганстанда талиптер Балх провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн аскер базасына кандуу чабуул жасагандан кийин, өлкөнүн коргоо министри, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы жана бир нече жогорку кызматтагы офицерлер отставкага кетишти. Ооганстан президенти […]

Тажикстанда микрокредиттик уюмдун кызматкери 115 миң доллар кымырып алган

Тажикстанда «кардарлардын аманатка сактаган 115 миң доллар акчасына ээлик кылып алган микродепозиттик «Имон Интернешнл» уюмунун кызматкери кармалды. Согди облусунун ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Хамроз Ёкубов кардарлардын акчаларын баланска киргизбей, өз […]

Видео – Жыргалаңда дайынсыз болуп жаткан эки жумушчу аман табылды

Ысык-Көлдүн Жыргалаң көмүр кенинде дайынсыз болуп жаткан эки адам аман-эсен табылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаев кабарлады: – Саат 10до табылды. Жаңы чыгардык. Өзүлөрү басып […]

ЕБ ЕККУ байкоочусунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырууда

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча төрагасы Федерика Могерини Украинанын Луганск облусундагы ЕККУнун байкоочусунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды. Могерини билдирүүсүндө Украинанын Чыгышындагы жаңжалды тынч жол менен чечүү зарылдыгын […]

Донбасста ЕККУнун байкоочусу каза болду

Жекшемби эртең менен Украинанын Луганск облусунун Киевдин көзөмөлүндө болбогон аймагында ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын кызматкери каза болуп, дагы бирөөсү жаракат алды. Бул тууралуу 23-апрелде ЕККУнун атайын мониторинг миссиясынын Украинадагы өкүлү […]

Өзбекстанда пенсионер газга болгон карызын сурап келген кызматкерлерге ок чыгарды

13-апрелде Самарканд шаарынын 62 жаштагы тургуну көгүлтүр отунга болгон карызын төлөөнү талап кылып келген газ ишканасынын кызматкерлерине аңчылык мылтыктан ок чыгарды. Шаардык прокуратуранын маалыматы боюнча ок «Самарканд-газ» ишканасынын кызматкеринин көйнөгүн […]

Сирияда ИМ тобунун лидеринин жакын санаалашы өлтүрүлдү

Сирияда «Ислам мамлекети» террордук тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин жакын санаалашы Абдурахман Узбеки өлтүрүлдү. Америкалык аскерлердин маалыматына караганда, ал Майадин шаарында 6-апрелде жасалган атайын жашыруун операция маалында жок кылынган. «Ал […]

Видео – Казакстандын жети облусун суу каптап, алты киши өлдү

Кардын эриши жана дарыялардагы суунун деңгээлинин жогорулашынан улам Казакстандын Актөбө, Караганда, Павлодар, Түндүк-Казакстан, Чыгыш-Казакстан, Костанай жана Акмоло облустарында жалпысынан 52 айылды суу каптады. Суу борборго жакындап, Астана суу сактагычындагы суунун […]

Жыргалаң көмүр кениндеги шахтерлорду издөө иши уланууда

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң көмүр кенинде шахтерлорду издөө иштери уланууда. 22-апрелде шахта көчүп, ал жерде иштеп жаткан Кайрат Нурбеков менен Азамат Тойматовду басып калган. Расмий маалыматтар боюнча, куткаруу операциясына жергиликтүү тургундар, […]

УКМК: Бүгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун акыркы айыбы угузулду жана баш коргоо чарасы чечилди

Бүгүн, 21-апрелде тергөө тарабынан жыйналган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевге жана Кыргыз Республикасынын мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) […]

Дүйшөмбү мэриясынын паракорлукка айыпталган аткаминерлери 18 жылга соттолду

Дүйшөмбү соту мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Саидшариф Анваровду 18 жылга эркинен ажыратуу жана мамлекетке 9 млн. сомони ($1,1 млн.) төлөтүү өкүмүн чыгарды. Ал Дүйшөмбүдө «Истиклол» медициналык борборун курууда […]

Париждеги чабуул үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Париждин борборундагы полицияга кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды. BFM TV телеканалы кабарлагандай, Елисей аянтында болгон атышуудан бир полициячы мерт болуп, экөөсү жаракат алган. Кол салган адам […]

Бүгүн Нариман Түлеевдин “Сапат Центр” бизнес-борборун бийлик конфискациялап жатат

Бүгүн, 21-апрелде таң атпай саат 05:00дө сот аткаруучулары 200дөн ашуун милиция кызматкерлери менен келип, Нариман Түлеевге таандык “Сапат Центр” имаратын курчап алып, конфискациялоо процедурасын жүргүзүп жатат. Милиция кызматкерлери имараттын ээси […]

Исраилов, чекит кой!

18-апрелде МАИ кызматкерине баш ийбей сүзүп, зөөкүрдүк көрсөткөн айдоочуга карата тергөөчү кылмыш ишин козгоодон баш тарткан экен. Эмне себептен деген суроого жооп жок. Зөөкүрдүк кылып жаткан айдоочунун тааныш-билиштери күчтүү окшойт, […]

Петербургдагы теракты уюштурууга жардам берди делген Азимов камакка алынды

Москванын Басман райондук соту Санкт-Петербургда теракт уюштурууга жардам берген деп шектелген Акрам Азимовду 3-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Сот залында Азимов өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, ал […]

Казакстанда террорчулук шеги менен 11 жаран кармалды

Казакстан Улуттук коопсуздук комитети ички иштер органдары менен бирге Актөбө жана Түштүк-Казакстан облустарында атайын операцияларды өткөрүп, диний кастыкты козутууга, терроризмди үгүттөөгө шектелген 11 жаранды кармаганын жарыялады. Атайын кызматтын билдирүүсүндө эл […]

Тажикстанда майыптарды алдап жүргөн топтун иши сотко өттү

Тажикстанда кайрымдуулук уюмунун кызматкерлерибиз деп майыптардын ишенимине кирип, алардын акчаларын алып кеткен төрт адамга карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМинен билдиришти. Маалыматка караганда, шектүүлөр ири […]

АКШда белгилүү теле алып баруучу сексуалдык ыдык үчүн жумуштан алынды

Америкалык Fox News телеканалы кабелдик каналдар арасында эң популярдуу саясий шоу эсептелген «Фактор О’Райли» берүүсүнүн алып баруучусу Билл О’Райлини жумуштан алды. Тараптардын ортосундагы макулдашууга ылайык, О’Райлинин телеканалдан кетишинин так себептери […]

Видео – Орусияда террорчулукка шектелген эки борборазиялык жаран өлтүрүлдү

Орусиянын Коопсуздук кызматы билдиргендей, Москванын түштүгүндөгү Владимир облусундагы атышууда террорчулукка шектелген борбор азиялык эки согушкер жок кылынды. Орусиянын маалымат каражаттары жазышкандай, 26 жана 30 жаштагы эки адам колго түшүп берүүгө […]

ФСБ: Петербургдагы терактты уюштурууга шектелген жарандын бир тууганы кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Москвада Санкт-Петербург метросундагы терактты уюштурууга шектелип жаткан Аброр Азимовдун бир тууганы Акрам Азимов кармалганын билдирди. 3-апрелде Петербург метросундагы теракттан 14 киши өлүп, элүүдөн ашууну жарадар […]

Ташкент сойкуканалардан «тазаланууда»

11-апрелдеги селектордук жыйында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин Чиланзар районунда сойкуканалардын көп экенин айтып, РИИБ башчысын, прокурорду жана район акимин жемелеген. Ал окуядан кийин райондогу бир катар кафе, түнкү клуб […]

Алманбет Шыкмаматов, атамекенчи депутат: «Комиссия Текебаев менен Болот Шерди мародер кылууга эле басым жасап, башка маселелерди унутуп калыптыр”

“Урматтуу депутаттар! Силердин токтомуңар менен ушул убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн эле. Ал комиссия Бакиевдердин мүлкү, тонолгон банк ячейкалары, БНК нефть компаниясы, “Манас Банкы”, “Дастан” заводу, “Кыргызкөмүр” ишканасы жана башкалардын мыйзамдуулугун […]

ИМ тобу Ирактагы америкалык кеңешчилерге каршы химиялык курал колдонду

Ирактагы аскер бөлүктөрдүн биринде АКШ менен Австралиядан барган аскердик кеңешчилерге каршы ууландыруучу иприт газы колдонулду. CBS телеканалынын маалыматына караганда, химиялык чабуулду «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жасаган. Телеканал чабуулдан ирактык аскерлер […]

Өзбекстанда уруксатсыз диний үгүт жүргүзгөн имам айып пул төлөйт

Өзбекстандын Наманган облусунун Чодак айылындагы мечиттин имамы Ахмаджон Эшматов уруксатсыз диний үгүт жүргүзгөндүгү үчүн административдик жоопко тартылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти. Маалыматка караганда, 44 жаштагы имам санаторийде эс […]

Тажик аманатчылары микрокредиттик уюмдан 1,5 млн долларды кайтарып берүүнү талап кылышууда

Худжандда банкрот деп табылган “Хамдаси” микрокредиттик уюмунун кардарлары акчаларын кайтарып алуу үчүн коррупцияга каршы мекемеден жардам сурашууда. Алардын айтымында, микрокредиттик уюмдун башчысы төлөмдөрдү кайтарып берген эмес. Аманатчылар уюмдун жооптуу кызматкерлерин […]

Петербургдагы терактты уюштурууга шектелген жаран күнөөсүн мойнуна алган жок

Санкт-Петербургда теракт уюштурду деп шектелген Аброр Азимов өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул тууралуу ал 18-апрелде Москванын Басман райондук сотунда билдирди. Сотто ал белгисиз адамдан буйрук алганын жана теракт уюштурууга […]

Самаркандда милиция кызматкери автоматтан ок чыгарды

Самаркандда Ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматынын 24 жаштагы катардагы күзөтчүсү чебердебей, жумуш маалында автоматтан ок чыгарды. Облустук прокуратура бул окуя боюнча кызматтык териштирүү баштады. Прокуратурадагы өз булак кабарлагандай, иликтөө “байкабастыктан […]

Тажикстанда бозгундагы экс-командирдин уулу камалды

Тажикстандын атайын кызматы өлкө ИИМинин атайын бөлүгүнүн мурдагы башчысы жана «Ислам мамлекети» тобунун аскер министринин милдетин аткаруучу Гулмурод Халимовдун 18 жаштагы уулун камакка алды. Бехруз Гулмуродов үч жума мурда ата-энесинин […]

Казакстанда Журналисттер бирикмесинин төрагасынын жаза мөөнөтү кыскарды

Мамлекеттин акчасын уурдоого айыпталып соттолгон Казакстан Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин өтөлүп бүтө элек жаза мөөнөтүнүн жарымы кыскартылды. Анын адвокаты Мадина Бакиеванын билдиришинче, абактын өтүнүчү менен Сейтказы Матаевдин жаза мөөнөтү […]

Соттолгон оппозициячылардын жакындары жогорку инстанцияга кайрылат

Соттолгон оппозициячылар Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановдун жубайлары, жакындары, адвокаттар бүгүн, 18-апрелде Бишкекте маалымат жыйын куруп, сот өкүмүнө нааразылык билдиришти. Алар Биринчи Май райондук соту туура эмес жана […]

Арам ойлуу арабдардын ою ишке ашпады

17-апрель күнү таң эрте “Манас” эл аралык аэропортунан Бишкек- Дубай каттамы аркылуу Дубайга учуп кетүүнү көздөп жаткан үч араб атуулу кармалды. Алар Канаданын жараны деген жасалма виза ачтырып алышкан экен. […]

Оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелдеги отурумунда “Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деген айып менен камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнө өкүм чыгарды. Белгилүү болгондой, Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек […]

ФСБ: Петербургдагы терактты уюштурууга шектелген дагы бир адам кармалды

Москвада Санкт-Петербург метросундагы терактты уюштурууга тиешеси бар деп айыпталган дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынан (ФСБ) билдиришти. Мекеменин маалыматы боюнча, 1990-жылы туулган теги борборазиялык Аброр Азимов […]

Видео – АКШнын Ооганстандагы соккусунан ИМдин тажикстандык жоочулары өлдү

АКШнын Нангархор провинциясындагы соккусунан «Ислам мамлекети» тобундагы тажик жоочуларынын лидери Шермухаммад Сафаров жок кылында. Андан тышкары соккудан анын кол алдындагы 11 согушкердин өлгөнү кабарланууда. ИМ согушкерлеринин арасында «Шери Язгуломи» («Язгуломдук […]

Өзбек-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду

Тажик-өзбек чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, жыйынтыгында өзбек чек арачылары Тажикстандын бир жаранын атып салышты. Өзбекстандын Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 15-апрелде өзбек чек арачылары […]

Казакстанда «экстремисттик билдирүүлөрү үчүн» бир жаран кармалды

Павлодар шаарынын полициясы социалдык түйүндөргө экстремисттик билдирүүлөрдү жайгаштырган деген шек менен жергиликтүү тургунду кармады. Полициядан билдиришкендей, 21 жаштагы жаран 10-апрелдеги рейд маалында кармалган. Ал социалдык түйүндөр жана мессенджерлер аркылуу терроризм […]

Тажикстанда маркум козголоңчу генералдын акыркы мүлкү конфискацияланууда

Тажикстанда бийлик 2015-жылдагы куралдуу козголоң учурунда жок кылынган Абдухалим Назарзоданын Дүйшөмбүдөгү үйүн бошотууну талап кылууда. Маркумдун кызы Файзигүл Назарованын билдиришинче, өткөн аптада укук коргоо органдары мал-мүлктү конфискациялоо боюнча ордер менен […]

Бухарада журналист базарды сүрөткө тартканы үчүн кармалды

Бухара милициясы 14-апрелде ташкенттик көз карандысыз журналист Алексей Волосевичти Газли шаарында жергиликтүү базарды сүрөткө тартып жүргөндө кармап кеткен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери журналисттин эки флешкасын алып койгон. Алексей Волосевич “базарды […]

Бозгундагы тажик полковниги Мосулда өлгөнү кабарланууда

Тажикстан ИИМинин атайын бөлүгүнүн (ОМОН) мурдагы башчысы Гүлмурод Халимов Ирактын Мосул шаарында өлтүрүлдү. Бул тууралуу “Таймс” журналы билдирди. Маалыматка караганда, Халимов “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун аскер министринин милдетин аткарып жүргөн. […]

Видео – Азимбек Бекназаров: “2010-жылы апрелде мен 3 миңдей банк ячейкаларынын 20сын гана ачканга катышкам, калганы эмне болгонун билбейм”

2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн куралдуу төңкөрүштүн катышуучусу, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, акыркы убакта анын дарегине карата мамлекеттик бийлик тарабынан жасалып жаткан “кара пиарларга” каяша […]

АКШнын бомбалоосунан ИМдин 36 жоочусу жок кылынды

Ооганстандын Нангархан провинциясына АКШ тарабынан ташталган эң чоң өзөктүк эмес бомбанын натыйжасында “Ислам мамлекети” тобунун кеминде эле 36 жоочусу жок кылынды. Бул тууралуу Ооганстандын Коргоо министрлиги билдирди. Мындан тышкары жер […]

Тажикстан Орусияга терроризмге шектелгендердин тизмесин берди

Тажикстан бийлиги соңку жарым жылда террордук топторду жактоого шектелген 100дөй шектүү кишинин тизмесин Орусияга берди. Тажикстандын укук коргоо органдарындагы булак билдиргендей, бул жарандар Орусияда жашашат жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна […]

АКШ Ооганстандагы ИМ тобуна өзөктүк эмес ири бомба менен сокку урду

Америкалык аскерлер Ооганстандын Нангахар провинциясында дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомбаны колдонду. Пентагондун билдирүүсүнө караганда, GBU-43 бомбасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:32де «Ислам мамлекети» согушкерлери пайдаланып келген Ачин районундагы туннелдер […]

Казакстанда үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн камоо мөөнөтүн көбөйтүү сунушталууда

Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук үчүн административдик камоолорду үч сааттан бир суткага чейин узартуу сунушталууда. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Жакип Асанов билдирди. Көзөмөл орган маалымдагандай, 2016-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан 36 аял […]

Видео – Атамекенчи Аида Салянова менен СДПКчы Анвар Артыковдун кайым айтышы

Кечээ, 13-апрелде КР Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында 2010-жылдын 7-апрелиндеги революционерлердин мародерлугу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, СДПКчы Анвар Артыков отчет берип, аны талкуулоо учурунда атамекенчи депутат Аида Салянова экөөсү кайым […]

АКШ Ооганстандагы ИМ тобуна өзөктүк эмес ири бомба менен сокку урду

Америкалык аскерлер Ооганстандын Нангахар провинциясында дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомбаны колдонду. Пентагондун билдирүүсүнө караганда, GBU-43 бомбасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:32де «Ислам мамлекети» согушкерлери пайдаланып келген Ачин районундагы туннелдер […]

Тажикстанда адвокат Ёров жаңы кылмыш иши боюнча жактоочуга муктаж болууда

Тажикстандын Башкы прокуратурасы соттолгон адвокат Бузургмехр Ёровдун жубайы Заррина Набиеваны маектешүүгө чакырды. Анда Ёровду жаңы кылмыш иши боюнча жактоого алуу маселеси талкууланды. Заррина Набиева азырынча бул иш боюнча сотто күйөөсүн […]

Орусия Беслан курмандыктарына 3 млн евро төлөп берүүгө милдеттендирилди

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияны 2004-жылы Бесландагы терактта каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга үч миллион евро төлөп берүүгө милдеттендирди. Дагы 88 миң евро сот чыгымдарынын ордун толтуруу катары төлөнүп […]

Өзбекстанда чыккынчылыкка айыпталган полковник эркиндикке чыкты

2010-жылы мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен 15 жылга эркинен ажыратылган Өзбекстандын Коргоо министрлигинин 63 жаштагы жогорку аткаминери Александр Мокеев эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Uzmetronom интернет басылмасы билдирди. Мекеменин куралдуу […]

Алишер Усманов Алексей Навальныйды жана анын фондун сотко берди

Орусиялык миллиардер Алишер Усманов оппозициячы Алексей Навальный менен анын Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна каршы доо арыз жазды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирүүдө. Арыз Москванын Люблинск сотуна 12-апрель кечинде берилди. […]