Шаршемби, 21 Ноябрь, 2018 - 3:32
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Кызмат-мансап

Каназаров «Азаттыктан» кеттиби?

“Азаттык” радиосунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Султан Каназаров ээлеген кызматынан бошотулганы кеп болуп жа­тат. Бирок бул боюнча “Азаттык” үн ката элек. Султан мырзанын кызматтан алынышына пре­зидент Алмазбек Атамбаевдин “Азаттык” демократиянын нугунда […]

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

КР Президентинин аппаратынын басма сөз кызматынын кабарлаганына караганда, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Алмазбек Атамбаевге судьялык кызматтарга талапкерлер сунушталды: – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунунун судьялык кызматына – 1 адам; – […]

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жаӊы депутаты Канат Керезбеков парламентте ант берди

Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Канат Керезбеков ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Тилектеш […]

Болот Саткеев Сокулук районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн кабарлашына таянсак, Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Саткеев Болот Джантайбекович Чүй облусунун Сокулук районунун мамалекеттик администрация башчысы – акими болуп […]

Искендер Асылкулов мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта кол койгон буйрукка ылайык, Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн […]

Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчиси, БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы КРнын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев КРнын Лихтенштейн Княздыгындагы Элчиси болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев 3-мартта кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү […]

Тажик президентинин уулу депутаттыкка аттанды

Тажикстан президентинин тун уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рустам Эмомали шаардык мажлистин депутаттыгына талапкер болду. Аны өлкөнүн Элдик-демкоратиялык партиясы көрсөттү. Рустам Эмомалинин атаандаштары –Агрардык партиядан Фазлиддин Икромов жана демократтардан […]

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматтардагы пенсионерлер жумуштан алынууда

Түркмөнстандын бардык министрликтеринде, мекемелеринде жана мамлекеттик ишканаларында пенсия курагындагы кызматкерлер жумуштан алына баштады. Бул тууралуу «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» басылмасы билдирүүдө. Маалыматка караганда, пенсия курагындагы жарандар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өткөн […]

Эсептөө палатасынын аудитору Э.Самыкбаевди мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берилди

КР ЖК Басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеӊеш КР Президентинин Эсептөө палатасынын аудитору Эсентур Самыкбаевди үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушуна макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин […]

Мирбек Асанакунов кайрадан кызматка жармашты

  Экс-депутат, КСДПнын кадыры менен Ысык-Көл облусун, кийин Биш­кек СЭЗин башкарганы менен ишинен тыңгылыктуу натыйжа бербей, миллиондор боюнча шектүү шыбырларга илешип, куулуп кеткен Мирбек Асанакунов Кыргызстан профсоюздар федерациясынын башчылыгын аркалай […]

Фарид Ниязов Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев  кол койгон Жарлыкка ылайык, Ниязов Фарид Абилезимович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп,  Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туралуу Президенттин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди

Муфтийлик такты талашып жатышабы?

  Өлкө калкынын 80%ын түзгөн мусалмандар жамаатынын башкы кеңсеси – муфтиятта да азыр абал тынч эмес. Молдокелер саясатчылардан айырмаланып, пикет, митинг уюштуруп, көчөгө кыйкырып чыгышпаган менен тирешуүлөр катуу эле жүрүүдө. […]

Сапар Исаков Президентик Аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Исаков Сапар Джумакадырович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды. Бул туралуу президенттик Аппараттын басма сөз кызматы […]

Назарбаевдин жээни Футбол федерациясынын вице-президенти болду

Казакстан президентинин жээни Айсултан Назарбаев Футбол федерациясынын вице-президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал эл аралык ФИФА, УЕФА уюмдары жана Улуттук Асссоциациялар менен иш алып барат. Федерациянын сайтында белгиленгендей, эл аралык […]

Бердымухамедов шайлоодогу атаандашын жогорку кызматка дайындады

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн мурдагы атаандашын жогорку кызматка дайындады. 12-февралда өткөн президенттик шайлоодо экинчи орунду алган Максат Аннанепесов Мамлекеттик тамак өнөр жайы бирикмесинин төрагасы болду. Ал буга чейин аталган […]

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчилик кызматын убактылуу Алмамбет Шыкмаматов алып барат

Учурдагы “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин орун басары Алмамбет Шыкмаматов фракциянын лидери Өмүрбек Текебаевдин жок болгондугуна байланыштуу убактылуу “Ата Мекендин” жетекчилик кызматын алып барат. Бул туурасында “Ата Мекен” фракциясынын басма сөз […]

Муфтийлик орунга бир талапкер катталды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси – муфтийди шайлоо үчүн сынак жарыялап, арыздарды кабыл алуу башталган 2-февралдан бери бир гана талапкерден арыз түштү. 21 уламадан куралчу Аалымдар кеңешинин мүчөлүгү үчүн азырынча […]

Айбек Бегимкулов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Бегимкулов Айбек Карыбекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо […]

Таалайбек Долдоев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Долдоев Таалайбек Анарбекович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрация башчысы– акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз […]

“Сомон Эйрдин” жетекчилиги кызматтан кетти

Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Тажикстандын “Сомон эйр” компаниясынын коммерциялык директору Алишер Рустамов кызматынан бошотулду. “Сомон эйрдин” 21-февралдагы маалымдоосуна караганда, Рустамов жана анын кызматкерлери Ташкент аба майданын тийиштүү документтер […]

Жалал-Абад ОИИБнын башчысы болуп милициянын подполковниги Мамасейитов Акылбек дайындалды

КРнын Ички иштер министри Улан Исраиловдун 16-февралдагы буйругунун негизинде Жалал-Абад ОИИБнын башчысы болуп милициянын подполковниги Мамасейитов Акылбек Садырбекович дайындалды. Бүгүн, 17-февралда жаңы жетекчини Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамына КРнын ИИМнин орун […]

Сабира Солтонгельдиева ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев  кол койгон буйругуна ылайык Солтонгельдиева Сабира Самидиновна ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалды.

Шухрат Сабиров Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Сабиров Шухрат Маматалиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Эркинбек Маматаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Маматаев Эркинбек Садирбекович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Бекполот Айтиев Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы– акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Айтиев Бекполот Баратович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы– акими кызматынан бошотулду.

Бектеналы Дүйшөбаев Талас облусунун Манас районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Дүйшөбаев Бектеналы Бошкоевич Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Абдрахман Осмонов Жалал Абад облусунун Ноокен районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Осмонов Абдрахман Куватович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысы– акими кызматынан бошотулду.

Улан Карагулов Чүй облусунун Кемин районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Карагулов Улан Айтбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы– акими болуп дайындалды.

Давран Маматалиев Ноокат райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Маматалиев Давран Маматалиевич Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими болуп дайындалды.

Бекжан Супаналиев КР президентинин пппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык Супаналиев Бекжан Торобаевич Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Зайырбек Эргешов КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев 13-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Эргешов Зайырбек Жолчуевич Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды.

Азимкан Жусубалиев КР Транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Жусубалиев Азимкан Ильясович Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп дайындалды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматынан бошотуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунуштамасын кароо үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратуранын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы    мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди аткарган кызматтык милдеттеринен бошотуу тууралуу сунуштамасын кароо  боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү […]

Жергиликтүү соттордун жаңы шайланган 11 судьясы Жогорку Сотто ант берди

Кечээ, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жалал-Абад облусунун шаардык жана райондук сотторунун, Ош облусунун райондук сотторунун жана Чүй облусунун райондук сотторунун жаңы шайланган судьялары салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун […]

Данияр Сатимов Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Сатимов Данияр Иркабаевич Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Алмазбек Карасартов Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Карасартов Алмазбек Оганович Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды.

Уларбек Шаршеев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын зардалы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Шаршеев Уларбек Зарлыкович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын зардалы болуп дайындалды.

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо, жиберүү жана кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Алмаз Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын  жергиликтүү сотторунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө” Жарлыктарга кол койду. Кыргыз […]

Октябрь Абдыкаимов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Жалал-Абад облустук милициянын начальниги Жеңиш Жоробеков кызматынан бошотулду

Кечээ, 3-февралда КР Ички иштер министрлигинин жыл жыйынтыктары боюнча кеңейтилген коллегиясы болуп өттү. Коллегиянын ишине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышып, ички иштер органдарынын аз натыйжалуу иштерин сынга алган. “Силер уюшкан кылмыштуу […]

Эльвира Сариева КР президентинин аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев  Сариева Эльвира Кубанычбековнаны мурда ээлеген кызматынан бошотуу менен Кыргыз Республикасынын  президентинин  аппарат жетекчисинин орун басарлыгына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Айзада Субакожоева КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык Субакожоева Айзада Муратбековна Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

«Кыргызтелеком» жетекчиси Эмил Эшеналиев интернет чырынан кийин кызматынан бошотулду

“Кыргызтелеком” ишканасынын Директорлор кеңеши мекеме жетекчиси Эмил Эшеналиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы Бекзат Үсөнканов билдирди. Былтыр казакстандык ишканалар менен интернетти кымбат баада […]

Калыбек Алышбаев Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Алышбаев Калыбек Кенешович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев кызматтан кетип, ордуна Дүйшөнбек Чоткараев келеби?

Президент Алмазбек Атамбаевге “Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын “МегаКомго” байланышкан Белиз өлкөсүнөн келген материалдарды берип, коомчулукка чуу жараткан УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин жакын […]

Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 20-январда, өкмөттүк буйрукка кол койду, ага ылайык, Казаков Болсунбек Күмүшбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды.

Болсунбек Казаков Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруудан бошотулду

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 20-январда, өкмөттүк буйрукка кол койду, ага ылайык, Казаков Болсунбек Күмүшбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин […]

Видео – Алмаз Атамбаев уулун аскердик технологиялар боюнча ири ишкананын директору кылып дайындады

Алмаз Атамбаев уулу Раис Бектемировду Кыргызстандагы аскердик технологиялар боюнча ири ишкананын директору кылып дайындады. Атамбаев АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасын чыгаргандыгы үчүн Россия Кыргызстанга 1 миллиард 200 миллион доллардык аскердик техникалык […]

Эмомали Рахмон уулун Дүйшөмбүнүн мэри кылып дайындады

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун улуу баласы Дүйшөмбү шаарынын администрация башчысы болду. Рустам Эмомалинин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалгандыгы тууралуу жарлык өлкө президентинин сайтына жарыяланды. 2015-жылдын мартында 29 жаштагы Рустам […]

Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп кайра шайланды

Бишкекте шаар кеңештин депутаттары жаңы мэрди шайлашты. Шайлоо жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттарынын 29у Албек Ибраимовго, ал эми 12cи Нурдин Абдылдаевге добуш беришти. Шайлоо өтүп жаткан кезде сырттан Албек Ибраимовдун колдоочулары […]