Шаршемби, 23 Май, 2018 - 12:59
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Кызмат-мансап

Кыргызбай Осмонов тамада болуп эле жүрө берсе жарашмак

«Таанышың болсо таңкасың, болбой калса маңкасың» дегендей, Кыргызбай Осмонов деген тамада жогору жактагы тааныштарынын күчү менен Кырдрамды бир нече жыл башкарды. Эл сыйлаган актрисалар кан какшап, тыным албай күрөшүп, акыры […]

Видео – Түркмөнстанда мурдагы башкы прокурор камакка алынды

Түркмөнстанда экс-башкы прокурор Аманмырат Халлыев жана прокуратура, ички иштер органдарынын мурдагы элүү кызматкери камакка алынды. Президент Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин 4-майдагы жыйынында Халлыевди жемкорлукка каршы күрөш жүргүзбөй жатат деп айыптаган. […]

Иран лидери президенттик шайлоону тынч өткөрүү зарылдыгын эскертти

Ирандын Жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи 19-майга белгиленген президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети болсо катуу чара көрүлөрүн жарыялады. Хаменеинин 10-майдагы билдирүүсүндө улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар күчтүү соккуга кабыларын эскертти. Иран […]

Түркмөнстан: Башкы прокурор Азиадага акча чогулта албагандыгы үчүн иштен алынды

Түркмөнстандын башкы прокурору Аманмырат Халлыев ишкерлерден Азия оюндарын каржылоого акча чогулта албагандыгы үчүн кызматтан алынды. Аны менен бирге прокуратуранын бир нече кызматкеринин дагы иштен айдалганы айтылууда. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз […]

Түштүк Кореянын жаңы президенти ант берди

Түштүк Кореянын жаңы президенти Мун Чжэ Ин бүгүн ант берди. 64 жаштагы либерал президенттик кызматка киришип жатып, Корей жарым аралындагы коопсуздук кризисин жөнгө салуу боюнча токтоосуз түрдө иш алып барарын […]

АКШ президенти Дональд Трамп ФБР жетекчиси Жеймс Комини иштен алды

АКШ Сенатында президент Трамптын коопсуздук боюнча мурдагы жардамчысы Майкл Филинндин орусиялык саясатчылар менен байланышы тууралуу ишти угуудан бир сутка өткөндөн кийин Акүй ФБР башчысы Жеймс Комини иштен алды. Сенаттын юридикалык […]

Дүйнө лидерлери Эммануэль Макрондун жеңишин кубатташууда

39 жаштагы Эммануэль Макрон Франциянын тарыхындагы эң жаш президент болуп калды. Ал шайлоодогу жеңишинен кийин өлкө жарандарына кайрылып, европалык баалуулуктарды сактай тургандыгын убадалады. АКШ президенти Дональд Трамп Эммануэль Макронду “ири […]

Чолпонкул Арабаев академияны жетектей турган болсо, жыргаган экенбиз

Илимпоздордун ит жыгылыш интригасы аяктабай, «спектакль» аябай көп актылуу болуп баратат. Чын эй, бир топтон бери Кыргыз Улуттук Илимдер академиясына жаңы жетекчини дайындай албай убарабыз. Абдыганы Эркебаев өз каалоосу менен […]

Мурат Джуматаев Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти белгиленген тартипте шайланганга чейин Джуматаев Мурат Садырбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин […]

КР УИА президентин шайлоо маселесине байланыштуу Өкмөттүн түшүндүрмөсү

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентин шайлоого байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан бир катар жаңылыктар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет. Бул туурасында Аппараттын басма сөз кызматы билдирди. […]

Жалал-Абад шаарынын мэри кызматын таштап, депутаттыкка аттанды

 Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов бүгүн кызматтан убактылуу кетүү тууралуу арызын жазып, шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышмак болду. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Шаар мэринин милдетин […]

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтүшү мүмкүн

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштады. Иса Өмүркулов бул тууралуу 2-майда “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам […]

Ректор шайлоо

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын флагманы Кыргыз улуттук университети азыркы убакта ректорсуз турат. Улуттук университеттин атагын чыгарып, жогорку даражага жеткирем дегендерге кулак кагыш. Ректор шайлоо 27-майга белгиленди. Ректор болот элем дегендер […]

Өзбекстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулду

Өзбекстандын АКШдагы элчиси Бахтияр Гулямов кызматынан бошоп, өткөн аптада Ташкентке кайтып келди. Расмий маалыматтарга караганда, ал “дипломатиялык миссиясынын” аякташына байланыштуу мекенине келген. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жана АКШдагы Өзбекстан элчилиги […]

JIA Бизнес Ассоциациясынын Башкаруу Кеңешинин төрагасы шайланды.

2017-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында Бизнес Ассоциации JIA Жалпы жыйыны өттү. Анда 180ден ашуун ишкер-мүчөлөр катышып, дирекция тарабынан жалпы жана каржылык отчету сунушталды. Ассоциациянын Жобосуна ылайык, Башкаруу кенешинин мүчөлөрү жана төрагасы […]

Мурдагы депутат Заирбек Жоошбеков Эсептөө палатасынын аудиторлугуна бекитилди

Жогорку Кеӊеш талапкерлиги КР Президенти тарабынан сунуш кылынган Жоошбеков Заирбек Сулаймановичти Эсептөө палатасынын аудиторлугуна бекитти. Бул кызмат орду буга чейин убактылуу бош турган. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады. […]

Евробиримдик Бишкекти таза шайлоолорду камсыздоого чакырды

Евробиримдик Кыргызстандагы демократиялык реформаларды жүргүзүүгө жардам берүүнү жактайт. Бул тууралуу Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан 24-25-апрелде өлкөгө жасаган сапары учурунда билдирди. Ал өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана […]

Ашхабаддын коммуналдык кызматтары «жалган жумушчулардан» тазаланууда

Түркмөнстан борборунда көчөлөрдү көрктөндүрүү чараларын күчөтүү менен катар мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде коммуналдык кызматтардын штаттары текшерилүүдө. Бул тууралуу көз карандысыз маалымат булактары билдиришүүдө. «Эми көчө шыпырган жумушчулар мурдагыдай таңкы саат […]

Ооганстанда күч түзүмдөрүнүн башчылары отставкага кетишти

Ооганстанда талиптер Балх провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн аскер базасына кандуу чабуул жасагандан кийин, өлкөнүн коргоо министри, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы жана бир нече жогорку кызматтагы офицерлер отставкага кетишти. Ооганстан президенти […]

Франциядагы шайлоодо экинчи айлампага Макрон менен Ле Пен чыкты

Францияда 11 талапкер катышкан президенттик шайлоонун биринчи айлампасы аяктады. Болжолдуу маалыматтар боюнча биринчи орунга добуштардын 24 пайызын алып Эммануэль Макрон чыкса, экинчи орунда 22 пайыз менен Марин Ле Пен келатат. […]

Иранда 137 аял президенттик шайлоого катышуу ниетинде

Иранда 137 аял президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкер катары каттоодон өттү. Алардын арасында 73 жаштагы Азам Телагани дагы бар. Чүмбөттөнгөн, темир таянгычтардын жардамы менен араң баскан Ислам революциясынын аялдар коомунун […]

Ахмадинежад президенттик шайлоого катышпайт

Ирандын экс-президенти Махмуд Ахмадинежад президенттик шайлоого катышууга уруксат алган жок. Бул тууралуу иран медиасы кабарлоодо. Иранды 2005-2013-жылдары башкарган Ахмадинежад президенттик шайлоого катышуу үчүн 19-майда каттоодон өткөн. Бирок кечээ, 20-апрелде Иран […]

Калиман Маматова Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Маматова Калиман Тойчубековна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз […]

Сагынбек Исмаилов жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Исмаилов Сагынбек Сардарбекович  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо […]

Икрамжан Илмиянов коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды

Атамбаев бүгүн, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Илмиянов  Икрамжан Саттарович коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Видео – БШКнын жетекчилиги: Азыркы президент мөөнөтүнөн ашып, кызматын уланта берет. Конституцияда так 6 жыл деп жазылган эмес

«Ата-Мекен» фракциясынын депутататтары Президенттик шайлоону өткөрүү датасы туура эмес белгиленип, мыйзамдардын бузулушуна жол берилип жатат деп чыккандан бери, коомчулук бул маселени терең иликтөөгө ала баштады. Медиа эксперт Азамат Тынаев уюштурган […]

Самат Курманкулов ГУУРга барса, кылмышкерлер кынга киреби?

Буга чейин Бишкек шаардык милицияны башкарып келген полковник Самат Курманкулов мындан ары ИИМдеги кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын башчьшыгын аркаламай болору каңкууланууда. Кырктын кырындагы Чүйдүн кулуну жаштыгына карабай милициядагы бир катар […]

Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоо күнү туралуу талкуулар уланууда

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө президенттик шайлоо ноябрда өтүшү керектигин билдирди. Бирок оппозициячыл “Ата Мекен” фракциясы мамлекет башчыны август айында шайлоону сунуштап, аны ноябрга белгилөө мыйзамга каршы келерин айтып чыкты. Жогорку […]

Нарын областтык сотунда жетекчилер шайланды      

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 22-октябрь 2004-жылдагы №9 ”Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун регламенти” жана Кыргыз Республикасынын   Жогорку сотунун 29-декабрь 2012-жылдагы №12 Пленумунун токтомунун негизинде  Нарын областтык сотунун төрагасын жана төраганын орун […]

“Ата Мекен” фракциясынын Президенттик шайлоо күнү жөнүндө шашылыш билдирүүсү

«Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоону быйылкы жылдын 19 ноябрында белгилөө бул Конституцияга түзмө түз кашы келет. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы жана бийлик дал ошол күнү мамлекеттик башчысынын шайлоосун өткөрсө, өлкөнүн укуктук […]

Видео – Рустами Эмомали Дүйшөмбү мажлисинин төрагалыгына шайланды

Дүйшөмбүнүн мэри, Тажикстан президентинин уулу Рустами Эмомали шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды. Мажлистин сессиясы 18-апрелде өттү. Рустами Эмомали сессияда сөз сүйлөп, шаардыктарды татыктуу жашоо менен камсыздоону убадалады. Ал депутаттардын көңүлүн […]

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы Аза­мат Үсөнов Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун карачечекей күйөө баласы Аза­мат Үсөнов Кыргыз Республикасынын Кытай Эл республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Буга чейин президент Алмаз Атамбаевдин экинчи шоопуру Эркин […]

Эркин Сопоков Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Сопоков Эркин Мамасалиевич Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы  Башкы консулу болуп дайындалды. Бул туурасында КР Президенттик Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Канайым Бактыгулова Кыргыз Республикасынын Кытайдагы, Пекин шаарында резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Монголиядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Джумадиловна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы,  Пекин шаарында резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде  Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул […]

Азамат Усенов Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды

Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Усенов Азамат Эркинбекович Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын  басма сөз кызматы маалымдады.

Улан Доконбаев Ак-Суу районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Доконбаев Улан Ишембаевич Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы- акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык […]

Президенттик шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» «7-апрель жаштар кыймылы» партиясы менен биргеликте катышат

Кызматташуу туурасында мемарандумга 2017-жылдын 13-апрелинде эки саясий партия тарабынан кол коюлду. Бул туурасында Өнүгүү-Прогресс фракциясынын катчылыгы тараткан маалыматта айтылат. Меморандумда көрсөтүлгөндөй, эки партиянын кызматташтыгынын негизги приоритеттүү багыттарынын бири – бул алдыдагы […]

Саматбек Ибраев Жогорку Кеӊештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 160-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун тескемеси менен Саматбек Ибраев Жогорку Кеӊештин Аппаратынын жетекчилигине дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы […]

Атамбаевдин кезектеги шоопурун Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу кылып дайындаганы жатышат

Икрам Илмияновдун кесиптеши, Атамбаевдин мурдагы шоопуру Эркин Сопоковду Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кылып дайындаганы жатышат. КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети анын кандидатурасын бул кызматка жактырды. Чынында […]

«Азаттык» радиосунун жетекчилиги Томас Кенттин Атамбаев менен жолугушуусунан кийин Каназаров жумуштан айдалды

Буга чейин биз Каназаров арыз жазыптыр, кетет экен деп жаздык элек. Анткени өлкө башчы «Азаттыктын» акыркы убактагы жүргүзүп жаткан саясатына нааразы болуп сындаган жайы бар эле. Мына ошол сөздөр Прагадагы жетекчилигине жеттип, […]

Эркебаев акыры кетти…

Улуттук илимдер академияснын президенти Абдыганы Эркебаев акыры кетти. Буга чейин айтылып да, жазылып да келгендей, Илимдер академиясында ич ара интрига күч алып, илимди ойлогон киши жок, реформа жөнүндө сөз болмок […]

Адамкулованы алып, ордуна Садыковду коюшту

КУУнун ректору Адамкулова жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып келди.Бирок жакындан таанышсак реформа кылганга дымагы бар, реформатор эле көрүнгөн. Кимге неси жакпай калды, айтор башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деген жарнак менен […]

Мендебаиров драмтеатрдын директору болду

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драмтеатрынын директору болуп актёр Назым Мендебаиров дайындалды. Назым Мендебаиров режиссёр Рысбек Жабиров менен биргеликте «Достор», жеке өзү «Кайып булак», «Дудук», «Жубайлар», «Кемпир» жана башка тасмаларды […]

Айзада “Азаттыкты” жетектейт

«Азаттыктын» белдүү журналисттеринин бири “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн алып баруучусу Айзада Касмалиева 1-майдан тарта “Азаттык медиа” мекемесинин директорлук кызматына киришет. Айзада айым 2004-жылдан бери журналистика тармагында иштейт. Төрт жыл КТРКда, алгач […]

Облустук соттордун жаңы дайындалган эки судьясы Жогорку сотто ант берди

2017-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы дайындалган эки судьясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ант берди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чара Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда өттү […]

КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлердин тизмеси аныкталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлердин тизмесин аныктады. БУл тууралуу КР ЖК басма сөз […]

Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын президенттик кызматында иштөөгө татыктуубу?

Академик Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын  президенттик кызматынан кетүү боюнча өз каалоосу менен арызын жазды. Бирок окумуштуулардын көпчүлүгү анын ишмердүүлүгүн колдоп чыгышты. Абдыганы Эркебаев бул кызматта иштөөгө татыктуубу?   Кулубек […]

Рустам Эмомали расмий түрдө Дүйшөмбүнүн мэри кызматына киришти

Тажикстан президентинин улуу баласы Рустам Эмомали расмий түрдө Дүйшөмбүнүн мэри кызматына киришти. Ал шаардык мажлистин депутатыгына болгон шайлоодо жеңишке жетип, президенттик жарлыкка кол коюлганга чейин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп […]

Чинара Адамкулова Кыргыз Улуттук Университетинин ректору кызматынан бошотулду

Кечээ, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Адамкулова Чинара Усенбековна Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ректору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын […]

Жоомарт Оторбаев академияга президент болобу?

Атагынан чатагы көп Улуттук илимдер академиясында да абал жакшы эмес. Академияда 31-мартта жалпы жыйын болуп, академиянын президенти болгону кызматкерлердин ыркын кетирип, кутун учурганы айтылып келген Абдыганы Эркебаев иштен кетүү тууралуу […]