Шаршемби, 15 Август, 2018 - 15:26
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Шоу-бизнес

Алып баруучу Салтанат Саматова каза болду

Бүгүн түндө узакка созулган оорудан белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова көз жумганы белгилүү болду. Бул тууралу дагы бир алып баруучу Эркин Рыскулбеков фейсбук аркылуу билдирди. “Кыргызымдын ак куусу асманга учту!” […]

Улан Осмон уулу: Көздүн эмес, көөдөндүн сокурдугунан корком

“Көзүмдүн көрбөй калганы кудайдын берген сыноосу” – Менин көзүмдүн көрбөй калуусу тубаса болду. Менден башка бир туугандарымдын баарынын көздөрү көрөт, ден соолуктары жакшы. Мен эле эмне үчүн минтип төрөлүп калганымдын […]

Назим Байзакова: Кыска чачым көбүнө жаккан жок

Акыркы убакта бул ырчы айым куйөрмандарын уккулуктуу ырлары, сүйкүмдүү стили менен кубантып келет. Үй-бүлөнүн, балдардын түйшүгүнөн сырткары чыгармачылыкты аксатпай алып кетүү ырчы айымдар үчүн эрдик экени талашсыз. – Назми айым, […]

Ким кандай талисманга ишенет?

Шерон Стоун. Чычкандын бутунан жасалган брошка Голливуддун айымдарынын ичинен эң акылдуусу Шерон Стоун чычкандын бутунан жасалган брошкасын көптөгөн кечелерге тагынып жүргөнүн байкасаңыз керек. Актрисанын тарыхка кызыккандыгынанбы орто кылымда шотландияда чычкандын […]

Гүлзинат Суранчиеванын мактоого татыган 5 сапаты

Шоу чөйрөдө үлгүлүү айымдардын сап башында Гүлзинат Суранчиева турат. Сахнада аты таанылгандан бери элдин оозунан бул ырчы айым тууралу жалаң гана жакшы кептерди, алкыштарды угуп калабыз. Анда эмесе эл эмне […]

Расулдун “жылдызы” жандыбы?

Имиштен чындык жараткысы келгендер тим жатпай калышты го? Өткөндө Айчүрөк Иманалиеванын уулу Аргенге ата таап жиберишти. Көрсө алыстан убара болуп издебей эле оңой таап алышыптыр. Кадимки шоу-жылдыз Расул Маматкуловдон Айчүрөк […]

Бек саясатка келеби?

Жарым кылым жашап койгон, ырдын ырыскысын ашап койгон атактуу Бек Борбиевдин таскагы акыркы убакта “саясат” жыттанып баратат. Ал тургай ыгы келсе парламентке депутат болуп келүүгө ышкылуу экенин ачыктап койду. Ким […]

Розанын “дүбүртү”

Маданият, искусство жаатында белгилүү болуп келген КР эл артисти Роза Аманованын акыркы салган “дүбүртү” кээ  бирөөлөрдүн ээгин кемшейтти. Ток этерин айтканда эларалык медициналык окуу жайдын ректору болгонуна териси шылынган “достору” […]

Өмүрзак Төлөбеков, кинопродюсер: Эл аралык “Ак Бата” интернет телеканалын ачканы жатабыз…

– Өмүке, массалык маалымат каражаттарында сиздин демилгеңиз менен интернет телеканалы ачылганы турганын кабарлашты. Бул каналды ачуу ою кандайча жаралганы, анын максат-мүдөөсү тууралуу айтып берсеңиз. – Мындан 3-4 жыл мурда Москвада […]

Нурсулуу Карабекова, модель: «Өтө акылдуу, амбициялуу саясатчы Өмүрбек Бабановду баалайм»

Сулуулукту баалаган, назик, бирок күчтүү, ачык мүнөздүү, айдай сулуу, кымча бел кызыбыз Нурсулуу Карабекова ой бөлүштү. – Нурсулуу, алгач өзүң тууралуу кененирээк маалымат уксак? – 1998-жылы жарык дүйнөгө келгем. Азыр […]

Эллада Асылбекова, ырчы: «Жолдошум Замир мага арнап көп ырларды жаратып, көңүлүмдү тапкан

Таланттуу түгөйлөр, коңур, назик үндөрү менен сонун чыгармалардын жаратмандары, керемет обондордун авторлору Замир Саламатов менен Эллада Асылбекова эл жүрөгүнөн орун тапкан ырчылар. Бүгүн Эллада айым бизде конокто болуп, чыгармачылыктагы жаңылыктар […]

“Ак бата” каналы ачылат: Кинокомпаниянын оператору Кайрат Аттокур уулу кеп салат

– Кайрат мырза, сиз “Президент жана бомж-3” тасмасына катышып жүргөнүңүздү кино тартуу аянтчасынан көргөнүбүз бар… – “Президент жана бомж-3” тасмасында президенттин жансакчысынын ролун жараткам. Ал кыска эле эпизод. Бирок, киного […]

Назира Кадыева, алып баруучу, ырчы: Мен евро, доллар эмесмин жага тургандай

Жайдары мүнөзү менен көп айымдарга үлгү болгон Назира көлдүн ак кууларынын бири. Анан да көп кырдуу талант. Мукам үндүү ырчы, тилинен бал тамган ди джей, тамада. Төркү коногубуз болгон Назира […]

Зарина + Жан = “без нике”

Азыркы жаш муунга таанымал 21 жаштагы бийчи жана хореограф Жан Воинов тээ ала кышта эле 25 жаштагы бийчи Зарина Алмасованын колун сураганы туурасында жар салып чыккан. Ошол суранычтын убакыт сааты […]

Эстрада ырчысы Назми “Алтын эне” сыйлыгына татыды

Эстрада ырчысы Назми Байзакова өткөн жуманын соңунда “Алтын эне” сыйлыгын алганы туурасында билдирди. Бул маалыматты Назми өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады. Ырчы кызыбыз алган сыйлыгы тууралуу кабарын айтуу менен «Алтын эне» […]

Канышай Рысбекова, телеалпаруучу: Калтырбай көңүлдөрдү тирүү кезде, кадырлашып жашасак колдон келсе…

НТС телеканалынын «Таң шоола», «Кош жылдыз», «Kg Tai» берүүлөрүнүн алпаруучусу, таланттуу кызыбыз Канышай Рысбекова Инстаграмдагы өз баракчасына ырларды көркөм окуу менен да окурмандардын жүрөгүнөн орун тапкан. Жакынкы күндөрү алып чыккан […]

Назгүл Токтакунова: Өзүмдү ташкындаган таланттардын катарына кошпойм

Ырчы Назгул Токтакунова бир ай нурда “Резидент ТНТ MUSIC” музыкалык конкурсунун жеңүүчүсү аталып, мындан сырткары көрүүчүлөрдүн назарына түшкөндүгү үчүн 3-орунга татып, 1 миллион рубль уткан. – Назгүл айым, быйылкы жылды […]

Алина Болотбек, “Вице -Мисс-Бишкек 2018”: Украиналык модель Алла Костромичеваны кумир тутам

Ар бир саныбызда сулуулар сынактарында жеңүүчү болгон кымча бел сулуулар менен маек куруп келебиз. Бүгүн «Мисс-Бишкек-2018» сынагынын 1-вице сулуу байгесинин ээси Алина Болотбекова жооп узатты. – Алина, өзүң тууралуу кененирээк […]

Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “Кайда?» аттуу ыр кыргыз шоу чөйрөсүнө таштаган алгачкы кадамым болду”

Казак эстрадасынын эң алдыңкы ырчы айымы Эрке Эсмахандын “Кайда” аттуу ыры Орто Азия мамлекеттеринде өтө тездик менен популярдуулукка ээ болгон. Мындай мыкты ырларды сөзсүз түрдө боордош элдердин өкүлдөрү өз тилинде […]

Акжуурат Эргешалыева: “Майрам Акаевага жолугуп, аңгеме-дүкөн кургум келет”

Акжуурат карындашымды өзү теңдүүлөр арасында өзгөчөлөнүп, көптөрүнө үлгү болчу дымагы бар жаштардын бири катары билем. Журналистика чөйрөсүнө адашып келип калбаганын айта отурду. Бош учуру жокко тете, билимге сугарылып туруу эң […]

Марк Бернес аз жерден өлбөй калган

РСФСРдин эл артисти Марк Бернес азыркы күнгө чейин Россиянын музыкасы менен киносунун эң белгилүү жылдыздарынын бири болуп саналат. Бирок, анын турмушунда кооптуу учурлар да болгонун элдин баары эле биле бербейт. […]

“Салам Кыргызстандын” эки айымы кайрадан кайтып келдиби?

Чектен ашкан тамашалары, сындары жана өзүнүн эфирдеги жүрүм-турумдары менен көпчүлүктүн сынына кабылып иштен четтетилген “Салам Кыргызстан” шоусунун эки алып баруучусу Назира Жетигенова менен Гүйжайна Атаканова кайрадан эфирге кайтып келгендиктери тууралуу куудул […]

Дүйнө сулуусу Сания Шакированын өлүмүнө болочок жолдошу шектелүүдө

Үч баланын энеси, жеке ишкер, визажист, дүйнө сулуусу Сания Шакированын кайтыш болгонуна билинбей эле 40 күндөн ашкан учур. Дүйнө сулуусу кырсыктан улам көз жумду деген маалымат тараган эле. Бирок тилекке […]

Ырчы Чолпонай жана жолдошу Эрнест кызынын тушоо тоюн өткөрүштү

Көпчүлүк суктанган жылдыздуу түгөйлөр Эрнест жана Чолпонай турмуш жолуна бирге кадам таштап, жумурай журттун батасын алышкан. Алар бал айын Дубайда өткөрүшүп, өмүрлүк жар болууга шерттешишкен. Жыл айланып түгөйлөр наристелүү болуп, кызы […]

Казак ырчысы Эрке Эсмахан сынга кабылды

Өздүк баракчасына тынымсыз жаңылыктары менен бөлүшүп турган казак жылдызы Эрке Эсмахан бул ирет Светлана Лободанын “SuperStar” ырынан алынган “Элдин баары жөнөкөй эле эл, а мен супер жылдызмын” деген сөзүн цитата […]

Видео – Ырчы Арсен сүйлөшкөн кызынын колун сурап, чөгөлөп туруп, шакек салды, жакында үйлөнүшөт экен

Кыргыз эстрадасынын “жылдыздарынын” бири Арсен өзүнүн кезектеги “Love Story”  клибин тартып жаткан учурда сүйлөшүп жүргөн кызы Бегайымдын колун сурап, чөгөлөп туруп, шакек салды. Бул тууралу видеотасманы ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасында […]

Шумкар Бейшеналиев, актер: Казакстанда киного тартылып, каскадер болуп жүрөм

Шумкар (Шума) иним жай турмушта куудум-шуудуму жок, түз жүргөн жигит. Бирок, тааныган, билгендер аны бир көргөндө жылмайбай коё албайт. Комедиялык жанрдагы «Бажарики», «Бажарики-2» ж.б. кинолордо тиешелүү кейипкерлердин образын мыкты аткарганы […]

Сезим Асранкулова, “Мисс-Бишкек-2018”: Мени чет өлкөлүк мырзалар кызыктырбайт

Жакынкы убактарда эле Рыскүл Намазбекова уюштурган «Мисс-Бишкек-2018» сынагында баш байгенин ээси болгон ай чырайлуу, кымча бел кыздарыбыздын бири Сезим Асранкулова менен маек курдук. – Сезим, сенин жеке турмушуң окурмандар үчүн […]

Кабылбаева Индира, ырчы: “Дил билет” аттуу таятамдын ыры мени элге таанытты

Жалал-Абад областынын, Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында төрөлүп өскөн. – Индира, “Дил билет” аттуу таятаңдын ыры менен эл алдына чыккансың, бул ыр сен үчүн чыгармачылык ак жолуңду ачты окшойт эл […]

Кыздаркан Келдибекова, ырчы: Эл аралык сынактарга сунуш түшсө баш тартпайм , кудайга шүгүр талантым бар..

Таланттуу ырчы кыздар абдан көп. Кыргыз эстрадасында таланттан мурда шоу менен гана күн көргөн, таланты жагынан бир тбп аксагандары да жок эмес. Ал эми мен сөз кыла турган каарманым талант […]

Гүлмайрам Акматалиева, ырчы: Мени Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштургандар көп

– Гүлмайрам, кайсы жердин кызысың, балалыгың кандай өтгү? – Мен өрүкзарлуу Баткен жергесинде өрүк гүлдөрү төгүлүп жаткан учурда жарык дүйнөгө келипмин. Атам мал чарбачылык менен эмгектенген жөнөкөй, момун, мээнеткеч, өзүнө […]

Эрмек Нурбаевдин жаңы долбоору көпчүлүктү кызыктырды

Дайыма изденүүнүн гана үстүндө жүргөн, “Тамашоу” аркылуу жүздөгөн таланттардын багын ачкан, коомчулукта жакшы пикир туудуруп жүргөн таланттуу жигиттердин бири Эрмек Нурбаев жакында эле адатынча элден өзгөчөлөнүп, “Автокараоке” аттуу автордук долбоор […]

Назира Айтбекова: Уулум бир эле үйдүн эмес, эки үйдүн тең эркеси

Коомчулуктун назарын тынымсыз өзүнө буруп турган кыргыз шоу бизнесинин өкүлдөрүнүн сап башында турган, тагыраак айтканда алып баруучуларынын алдыңкы катарын ээлеген тайманбас, ачык мүнөз, позитивдүү, турмушта өтө жөнөкөй бир кыз бар. […]

Эльвира Артыкбаева: Моделдиктин арты менен арт-директорлукка жеттим

—Алгач өзүң жөнүндө айтып берсең? —Мен Нарын областынын Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлүп өскөм. Макмал орто мектебинде билим алгам. Окуучу кезимен эле активисттердин катарында болчумун. Жаңы нерселерди билүүгө кызыгып, изденип […]

Айзада Жамгырчиева: Модель кыздардан кем эмесмин, ашып түшөм

-Чыгармачыл жолуңду Тамашоуда “затравшица” болуп баштагансың, кээде ошол кезди сагынасыңбы? – Албетте, сагынам. “Затравшицалыкты” эки жылдай аркалап жүрүпмүн. Өзгөчө «кызмат», сен сахнага чыгып: «Саламатсыздарбы! Кийинки тамаша: эрди-катын урушат. Жок ай, […]

Анжелика: Марат Назарбеков менен инсаний мамиледе жүрөм…

Бу саам «Анжеликанын күңдөшү» делген Марат Назарбековдун мурдагы жубайы ырчы кызды коркутуу-үркүтүү амалына салып атканы тууралуу соцтармакта жайылып кетти. Чоо-жайын тыңдап көрөлү. -Саламатсыңбы Анжелика, сен тууралуу коомчулукта айтылган кептер ар кандай […]

Видео – Орусиялык юморист Семен Слепаков Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду ыр менен шакаба кылды

Семен Слепаковдук жаңы ырдаган “Олé-Олé-Олé!” ырын эки күндө 3,5 миллион көрүүчү көргөн. Ырда орусиялык футболчулардын ыкшоолугу, ал эми  Рамзан Кадыровго Орусиянын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу болууну сунуштаган. Бирок аларды Кадыров […]

Азамат Исмаилов: 16 жаштагы кызды алып, “Келин келгенский” ыры менен таанылган Азамат

-Азамат, куудулдук өнөр кай жактан келатат деп ойлойсуң, ата журттанбы же тай журттанбы? – Түзмө-түз куудулдук жок, ошентсе да чыгармачылык, анын ичинде Шапак Рысмендиев чоң аталар тубаса манасчы болсо, тай […]