Бейшемби, 22 Февраль, 2018 - 8:47
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Башкалар

Британ скульпторун Ислам Каримовдун эстелигин жасоодон баш тартууга үндөштү

Өзбек саясий эмигранттары британиялык скульптор Пол Дэйге ачык кат жазышып, аны Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелигин жасоодон баш тартууга чакырышты. Каттын авторлору эгер Дэй бул чакырыкка көнбөсө, анын буга […]

Тажикстанда уландарды армияга чүчүкулак аркылуу тандашууда

Исфара районунун Чорку жамаатында акыркы эки жылдан бери балдарды чүчүкулак аркылуу аскерге алып кетишүүдө. Демилгечилердин билдиришинче, бул аскерге чакыруудагы теңсиздикти жоюуга жардам берүүдө. Бул ыкмага ылайык, жалгыз уул жана аскерге жарабагандардан […]

Астана аэропорту бороонго байланыштуу убактылуу жабылды

Астана аэропорту жагымсыз аба ырайына байланыштуу авиакаттамдарды тейлөөнү токтотту. Жарандык авиация комитетинин билдиришинче, Эл аралык Нурсултан Назарбаев аэропорту метеошарттарга байланыштуу учуулардын коопсуздугун камсыздоо максатында убактылуу жабылды. Аэропорт сайтындагы маалыматтар боюнча […]

“ON1” телеканалында жетекчилик алмашты

“ON1” (“Он бир”) телеканалына журналист Дмитрий Ложников директор болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин “Бешинчи каналдын” шеф-редактору болуп иштеп, кызматтан кеткенин жарыялаган Ложников өзү менен кошо […]

Тажикстанда NGN-байланышы калыбына келтирилди

Тажикстандын уюлдук операторлору 9-январдан тарта Next Generation Network (NGN) түйүнүнүн ишин калыбына келтиришти. Өткөн айдын ортосунда өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматы өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо максатында уюлдук операторлор менен интернет-провайдерлерден NGN-байланышын өчүрүүнү […]

2018-ж. март айында Швейцарияда Билим берүү менен карьеранын Эл аралык көргөзмөсү болот

2018-ж. 14-15-мартында Цюрих шаарында (Швейцария) «ZurichEduCaExpo 2018» аттуу Билим берүү менен карьеранын экинчи Эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлигин басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чаранын уюштуруучусу […]

2018-жылдан тартып мамлекеттик органдардын бюджеттик программаларынын натыйжалуулугу бааланат

2018-жылдан тартып бардык мамлекеттик органдар бюджеттик программалардын натыйжалуулугунун индикаторлоруна жетишүү тууралуу отчётторду беришет. Бул туурасында Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Бул 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесинин […]

Окумуштуулар тамак-аш жок калган учурда адам эти канчага жетээрин эсептеп чыгышты

Планетада тамак-аштын бардык булактары жок калган учурда адамзат дагы 1149 күн жашай алат, алар бири-бирин жешет. Мындай жыйынтык британиялык окумуштуулардын Journal of Physics Special Topics журналына жарыяланган изилдөөсүндө келтирилгенин жазат lenta.ru. […]

Кыргызстанда бүгүн күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыгызстанда бүгүн, 5-январь күнү саат 02:15те жер титирөө катталды. Бул туурасында КР УИАнын Сейсмология институтунан маалымдашты. Жер титрөөнүн очогу Алай тоолорунун жээктеринде, Кара-Тейит айылынан түндүк-батышка карай 26 км, Карамык айылынан […]

“Валюта курсу”: Доллар 69,16 сомдон сатылууда

5-январга карата Бишкектин акча алмаштыруу бюролорунда доллардын сомго карата базар наркы 68,81 сомду (сатып алуу) жана 69,16 сомду (сатуу) түздү. Кечээ, 4-январь күнү болсо доллардын курсу 68,90 сомду (сатып алуу) […]

Алишер Усманов Энрике Иглесиастын Ташкенттеги концертине демөөрчүлүк кылат

28-декабрда Ташкентте белгилүү испан ырчысы Энрике Иглесиас концерт коёт. Art Uz Promotion Agency маалымдагандай, бул иш-чара өзбек тектүү белгилүү орус олигархы Алишер Усмановдун колдоосу менен өтөт. Билеттерди Өзбекстан Маданият министрлиги […]

Тажикстанда “Google салыгын” киргизүүнү сунушташууда

Тажикстан салык комитетинин башчысы Нусратулло Давлатзода өлкөдө физикалык жактарга электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялардан кошумча нарк салыгын алууну сунуштады. Анын айтымында, Орусияда интернет аркылуу электрондук кызмат көрсөткөн – Google, […]

Түркмөнстандын түндүгүндө мал жандыктары кырылууда

Дашогуз облусунун көптөгөн райондорунда акыркы бир нече айда белгисиз жугуштуу илдеттен улам мал жандыктары кырылууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирүүдө. “Илдет жугузган мал бир жума жашабай, тез өлүп калууда. […]

Муфтиятка Түркиянын Диянет фонду тарабынан басылган Куран китебинин кыргызча котормосу белек кылынды

Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал, Түркия Диянет фондунун жетекчисинин орун басары,  Түркиянын элчисинин дин иштери боюнча жетекчиси Мустафа Шанвер Мустафа Шанвер жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар […]

Кыргызстанда мектептердеги окутуу 5 күндүк тартипке өтүүдө

Кечээ, 18-декабрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карап, жактырды. Анда мектептердеги окуу мөөнөтүн жумасына 5 […]

Ашхабадда кармалган жолбун ит-мышыктар ачкадан өлүшү мүмкүн

Ашхабадда бийлик тарабынан ачылган жайлардагы ондогон жандыктар өлүп калуу коркунучунда турушат. Бул тууралуу жергиликтүү жаныбарларды коргоочулар билдиришти. Жарандык активист Наталия Шабунцтун айтымында, учурда коммуналдык кызматтын жумушчулары тарабынан кармалган ит-мышыктар Ашхабаддын […]

Кыргызстан Түркиядагы туристтик көргөзмөгө катышты

Кыргызстандык туроператорлор Түркияда өтүп жаткан 11-эл аралык Travel Turkey Izmir 2017 Tourism Fair and Congress аттуу эл аралык көргөзмөсүндө алгачкы жолу катышышты. Бул туурасында ЮСАИД кызматкерлери маалымдашты. 5 туроператор, алардын […]

КР Муфтийинин орун басары Катар мамлекетинде өткөн XXIV Куран жарышына катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Катар мамлекетинин Вакф жана дин иштери боюнча министри шейх Гаит бин Мубарак аль-Куваринин чакыруусу менен Катар мамлекетинде шейх Жасим бин Мухаммад […]

Сальма Хайек продюсер Вайнштейнди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады

Америкалык киноактриса Сальма Хайек Голливуддагы көптөгөн башка актрисалардай эле продюсер Харви Вайнштейндин сексуалдык ыдык көрсөтүүлөрүнө кабылганын билдирди. Бул тууралуу ал “Нью-Йорк таймс” гезитине жарыяланган макаласында жазган. “Ал көптөгөн жылдар бою […]

Света Тойгонбаева, төлгөчү: “Атамбаевдин кадрлары Сооронбай Жээнбековду аңга түртүп коюшу мүмкүн”

“Сооронбай Жээнбеков бараткан жолунан адашса, чоң жаңжалга кабылат” – Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кимдир бирөөлөрдүн сөзүнө азгырылбай, башкаларга жетеленбей, өз жолу менен иштесе ага оомат келет деген аян келди. Ошондой […]

Дастанбек Жумабеков: «Урматтуу мекендештер, улуттук көркөм дөөлөт майрамыӊыздар кут болсун!»

Дастанбек Жумабеков өз мекендештерине Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет. Төмөндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын кайрылуусунун текстин толук келтиребиз: […]

Орто-Токой суу сактагычын башкаруу укугу толугу менен кыргыз тарапка өтөт

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле […]

Курманбек Ниязбеков: “Окшоштурсам мен Чыңгызды тоолорго, Оркойгон тоо улам көзгө урунаар”

Чын айтамын балким жалган туюлар, Чыңгыз десем ыр өзүнөн куюлар. Окшоштурсам мен Чыңгызды тоолорго, Оркойгон тоо улам көзгө урунаар.   Улуксуң сен учурунда улуу жолду баштаган. Учу кыйырсыз мейкиндикке учуп […]

Өлкөдөгү бир катар айыл аймактары менен айылдардын атын өзгөртүү демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өлкө аймагындагы бир катар айылдардын атын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Демилгечи – Өкмөт. […]

Видео – Испан архитектору Астанадагы көчөлөрдүн бирин купол менен жабат

Белгилүү испаниялык архитектор Сантьяго Калатраванын долбооруна ылайык, алдында «түбөлүк жай мезгили» боло турган купол Астанадагы борбордук көчөлөрдүн бири эсептелген Нуржол бульварын жабат. Калаа бийлиги долбоорго мамлекеттик бюджеттен каражат кетпей турганын, […]

Кыргыз-казак чек арасындагы тигилген чатырлар чечилип алынды

Кыргыз-Казак мамлекеттик чек араларындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги түзүлгөн кырдаалды, ошондой эле аба ырайынын суук болушун эске алып жана Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмасынын негизинде 2017-жылдын 11-октябрынан баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан чек ара […]

Актёр Марат Козукеев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеев 47 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул туурасында актердун кесиптештери жергиликтүү ММКларга билдирген. Маалыматтарга ылайык, актер буга чейин кант диабети оорусу менен алпурушуп жүргөн. […]

Чоң-Алай районунун тургуну ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды

Ушул жылдын 6-декабрь күнү Чоң-Алай РИИБне Чак айылынын 38 жаштагы К.М. аттуу тургуну 28-калибрдеги “ИЖ-17” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет. Ал […]

Индияда радикалдардын бири болливуд актрисасы жана режиссерун өлтүрүп же майып калтырып салуусу үчүн 100 млн.рупий убадалады

Индияда радикалдардын бири «Падмавати» (Padmavati) деп аталган тасмасы үчүн Индия кино жылдызы Дипика Падукон менен болливуд режиссеру Санжай Лил Бхансалды майып кылып же өлтүргөн адамга 100 миллион рупий (130.000 евро) […]

АКШ тажикстандык куткаруучуларга химиялык коргонуу боюнча курстарды уюштурду

АКШнын Тажикстандагы элчилиги химиялык, биологиялык, радиациялык жана өзөктүк булгануу маалындагы куткаруучулардын аракетине багытталган курстарды уюштурду. Терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргеликте аракет көрүү боюнча программанын алкагында жергиликтүү куткаруучуларга атайын жабдуулар дагы […]

Бишкектин борборунда бука сүзгөн эки адам жабыркады, бирөө ооруканада

Аркандалган жеринен бошонуп, Бишкектин борбордун көчөлөрүнө чыгып кеткен буканын ээси милицияда сурак берүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, бодо мал […]

Видео – Швейцариялык компания шоколаддын кызгылт түрүн ойлоп чыгарды

Швейцариянын Barry Callebaut компаниясы ак, сүттүү жана ачуу шоколадга кошумча кызгылт түстөгү шоколаддын жаңы түрүн ойлоп чыгарды. Компания өкүлдөрү кызгылт шоколад 80 жыл мурда Nestle ойлоп тапкан ак шоколаддай эле […]

Отунбаеванын УӨнү жетектеп туруп, «Мегаком» чырына аралашканына, Лондондон элиталык батир алганына тарых баасын береби?

«Уялбаган кыз уялгандын бетин тырмайт» деген учкул кеп бекеринен айтылбаган экен да. Оо, 2010-жылы «Жаңы Конституцияны кабыл алганы атабыз» деп референдум өткөрө салышып эле, анын жыйынтыгы менен Роза Отунбаева өткөөл […]

Назарбаевдин небереси: маңзат колдонуудан баш тартуума таятам жардам берген

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев Фейсбуктагы баракчасына кантип маңзатка берилип кеткендигин жана андан баш тартуусуна таятасы жардам бергенин жазды. “Кудайга шүгүр, мен таятама чындыкты айтып туура кадам жасадым. […]

“Сентябрь” телекомпаниясы өчүрүлдү

28-август күнү түнкү саат 12:00дө “Сентябрь” телекомпаниясы өчүрүлдү.  “Сентябрь” көз карандысыз, эркин жана оппозициялык канал катары санарипте бир жыл беш ай иштеди. Канал ишке өтө ынта менен берилген ыктыярчылардын деми, […]

Азиада-2017: Түркмөнстанда жолбун ит-мышыктар үчүн атайын жай ачылды

Түркмөнстанда Азия оюндарынын алдында расмий түрдө алгачкы жолу жолбун мышыктар менен иттер үчүн баш калкалоочу жай ачылды. “Нейтралдуу Түркмөнстан” басылмасы билдиргендей, бул жер жергиликтүү тургундар тарабынан негизделди жана мамлекет тарабынан […]

Ди Каприо ак илбирсти коргоого үндөөдө

Голливуд жылдызы Леонардо Ди Каприо экологдордун ак илбирсти коргоого багытталган аракеттерин колдоого, айрым өлкө лидерлерин бул жандыкты сактап калуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө үндөдү. Актер бул чакырыгын Instagram желесине жайгаштырган, […]

Түркмөн президенти атасына арнап жаңы китеп жазды

Түркмөнстан ИИМинин аскер бөлүктөрүнүн биринде президент Гурбангулы Бердымухамедовдун “Кайраттуу жигиттер эрдик үчүн төрөлөт” аттуу китебинин бет ачары өттү. Түркмөнстандын расмий ММКлары кабарлагандай, жаңы чыгарма өлкө ИИМинин тарыхына багытталган. Мамлекет башчы […]

Трамптын Нью-Йорктогу мейманканасында Путиндин сүрөтү пайда болду

АКШнын президенти Дональд Трампка таандык Нью-Йорктогу Trump SoHo мейманканасынын маңдай тарабында Орусия президенти Владимир Путиндин элеси түшүрүлгөн сүрөт, Орусиянын желеги жана “Happy to help, bro!” (“Жардам бергендигим үчүн кубанычтамын”), “Follow […]

Мирзиёев жаңы курулган резиденцияга көчүп келди

Ташкент облусунун Кибрай районунун “Байткурган” айлында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге арналган резиденциянын курулушу аяктоодо. Бийик дубалдар менен курчалган резиденциянын аянты бир нече гектарды түзөт. “Байткурган” айылында ондогон үйлөр түрттүрүлгөн, көчөлөр […]

Түркия Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди сатып алды

25-июлда Москва менен Анкара Түркияга С-400 зениттик-ракеталык системаларды жеткирүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди. “Макулдашууга кол коюлду. Кудай кааласа биз өлкөбүздө С-400 рекаталарын […]

Дүйшөмбүдө «I love Dushanbe» инсталляциясы пайда болду

Тажикстан борборунда жаңы туристтик жай — «I love Dushanbe» деп аталган инсталляция тургузулуп, ачылышы 24-июль кечинде болду. Ал шаардагы соода борборлордун биринин алдына орнотулду. Скульптуралык кызыл жүрөктөн жана көлөмдүү ак […]

Орусия чочко тумоосунан улам Казакстан менен чек арасында карантин жарыялады

Орусиянын Новосибирск бийлиги ай башында коңшу Омск облусунун аймагында африкалык чочко тумоосунун очогу табылганына байланыштуу Казакстан менен чек арасында карантин зонасын киргизди. Жугуштуу ылаңды жуктурган жаныбарлар Омск облусунун бир нече […]

Time журналы Путиндин сүрөтүн жаңы санынын башкы бетине жайгаштырды

Time журналынын жаңы санынын башкы бети Орусия президентинин сүрөтү менен чыгат. Владимир Путиндин жүзү боз түстөгү коллаж менен жасалган. Журналдын негизги макаласынын темасы –“Путиндин шайлоо боюнча кутумун үзгүлтүккө учуратуу боюнча […]

Кыргызстанда Экологиялык коопсуздук жана Жибек-Жолундагы айлана-чөйрөнү коргоо” аталышындагы Эл аралык симпозиуму өтөт

     Аталган иш-чара  22-24-августта өтөт, – деп билдирди Улуттук илимдер академиясынын маалыматтык борбору. Симпозиумдун негизги милдети – Борбор Азия жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн, практиктердин, мамлекеттик ишмерлердин башын бириктирүү […]

Чубак ажынын Гүлен менен жолукканы коомчулукта талкуу жаратты

Мусулмандар дин башкармалыгынын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов менен АКШда бозгунда жүргөн дин аалымы Фетхуллах Гүлендин жолугушкандыгы жөнүндө алардын чогуу түшкөн сүрөтү интернетке жарыялангандан кийин белгилүү болгон. Фетхуллах Гүлен менен […]

Тажикстанда «Аймактык кызматташтык» машыгуулары өтөт

Кийинки жумада Тажикстанда Азиянын бир нече өлкөсүнүн жана АКШнын коопсуздук күчтөрүнүн катышуусунда эл аралык масштабдагы машыгуулар өтөт. Дүйшөмбүдөгү АКШ элчилигинин маалыматына караганда, иш-чарага беш өлкөдөн 200дөн ашык өкүл катышат. Эки […]

“Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө бекети жаңыланат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө бекетин жаңылоо пландалууда. Ремонттон кийин бекеттин калкты тейлөө мүмкүнчүлүгү эки эсеге жогорулайт. Учурда “Чалдовар” күнүнө 5 миң киши жана 300 автоунаа өткөрүүгө кудуреттүү. Чек ара […]

Facebook колдонуучуларынын саны эки миллиардга жетти

Facebook социалдык түйүнүнүн активдүү колдонуучуларынын саны эки миллиардга жетти. Бул тууралуу 27-июнда компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдирди. “Баарын кошуу үчүн дагы узак жол басып өтүшүбүз керек. Бирок кошуп эле койбой, […]

Мирзиёев Өзбекстанда жылкы өстүрүү тармагын өнүктүрүү ниетинде

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө жылкы өстүрүү жана ат спортунун түрлөрүн өнүктүрүү тууралуу токтомго кол койду. Документке ылайык, жыл соңуна чейин улуттук «Өзбекмунайгаз» компаниясынын колдоосу менен Кашкадарья облусунда Карабаир тукумундагы […]