Дүйшөмбү, 23 Октябрь, 2017 - 17:50
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ММК ДАЙДЖЕСТ

“ЖКда Турускулов деген депутат барбы?”, – дешет го…

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов президенттик шайлоодо тыным албай иштеди. Өмүрбек Бабановдун Нарын областы боюнча ишенимдүү адамы болуп бекигенине жетине албай буту күйгөн тооктой эле чуркап жүрдү. Же аны Нарындын […]

Төралиева эми өкмөттү сындай албай калды

Кыргызча ооз ача албаган, «киргиз» бирок, билим жагынан анча-мынча атаандаштарын алдыга салбаган Гулнара Төралиева өкмөт башчы Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп дайындалды. Анын ордуна Чыңгыз Эсенгулов келди. Эмне дейбиз, ийгиликтери болсун. Убагында […]

Түгөлбай Казаков кызматтан кетип, жоопко тартылабы?

Биздин өлкөдө динчилдер менен көзү ачыктар көбөйүп, мамлекеттик саясатка чейин аралаша баштаганы аяк салууда. Анын толгон-токой далилдери бар, биз азыр бирөөсүн айтсак, тарых музейинин казынасында баалуу экспонат катары сакталып келген […]

Москвада кордук көргөн кыздардын тагдыры татаал

Москва шаарында 17 жаштагы кыргыз кыз милицияга кайрылып, аны бирөө күчкө салып зордуктап койгонун, айткан. Кыздын айтуусунда окуя эки күн мурун кечки саат тогуздар чамасында болгон. Кызды киши көрбөгөн караңгы […]

Бир киши атылган октон жарат алса, бирөөнүн өздүгү такталбай жатат…

18-октябрь күнү эртең менен Бишкектеги “Баят” базарынын жанынан эркек кишинин сөөгү табылды. Болжол менен ал 45-50 жаштагы жаран экен. Учурда анын ким экени билинбей жатыптыр. Милициялар каза болгон жарандын өздүгүн […]

Нарында эки жаран белгисиз жоголууда, көргөндөр барбы?

Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы М.Байдөлөтов атындагы орто мектебинде техникалык кызматкер болуп иштеген 52 жаштагы Кожошева Темиркул изделип жатат. Бул тууралуу айыл тургундары билдирди. Алардын айтымында, ал 3-октябрда саат 07:30 чамасывда […]

Кайыповду кызматтан албаса Нарын эли өздөрү жетелеп көчөгө чыгарып койгону турат

Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыповго дубандын эли аябай нааразы. Кайыпов жетекчи болуп келгени облуста чечилбеген көйгөйлөр арбып, анын иштин көзүн билбеген мажүрөөлүгүнүн кесепетинен эл запкы жеп жатат. Мына өткөн жылы […]

Сариев камакта калды

Бишкек шаардык соту “Иска строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Нарынбек Сариевди эки айга тергөө абагына камоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Сот иши 18-октябрда каралып, Сариевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү […]

Шайдиновдун шайын Ат-Башылыктар оодуруптур

Бийлик менен кирди-чыкты мамиле күтүп, керек учурда өз кызыкчылыгын ишке ашыра койгонго уста Эрик Шайдинов деген «ноен» бар. Саясатка ал Өмүрбек Бабановдун арты менен аралашкан. Бабановдун арты менен 2011-2012-жылдары «Манас» […]

Компьютерге ишенбеген кокуйлар…

Кыргызстанда акыркы жылдары шайлоо бюллетендерин атайын автоматтык саноочу урналар менен өткөрүлүп келет. Бул компьютерлешкен урналар мурдагы Акаев, Бакиев убагындагы шайлоолордой болуп пачкалап бюллетендерди урнага салганга бөгөт коёт. Дагы бир өзгөчөлүгү, […]

Эки фронтко ойногон Болсунбек Казаков

Ырыстуу «неменин» мурдунан бок кетпейт» – деген кеп бар. Бул сөздү бүгүнкү коомдо, кызматтан-кызматка секирип, улам бир жерди курутуп жүргөн, жүргөн жерине чөп чыгара албаган атка минерлерибизге айтсак жарашчудай болуп […]

Самат Ибраев деле бир караан окшойт…

Самат Ибраев деген эрен Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеп жатканына бир топ убакыт өттү. Сакадай бою болгону менен амбициясы аттын башындай экенин жанында жүргөн «жанбагарлар» айтып калат. Аппаратка келгени кыйраткан бир […]

“Иттин өлүгү жыттанат”

Кыпчактардын дүйнөлүк экинчи курултайы деп аталган жыйын Баткен шаарында 20-22-октябрда өтөт. Курултайга өлкө ичинде, Өзбекстанда, Казакстанда Тажикстанда жана башка өлкөлөрдө жашаган кыпчактардын өкүлдөрүнөн 100дөй адам катышат. Булардан сырткары Орусияда, Египетте, […]

Баарын сатып кеткен Муратбеков кичине кошоматчылыктын да чегин билсе…

Бул саясат деген неме көптөрдүн бет пардасын ачып бүтсө деле, уяты жоктор аралашып жүрө берет экен да. Баягы, «Акбаш» каймана аттуу экотехинспекциянын жетекчиси Канат Муратбеков учурда Сооронбай Шариповичти кантип сүрөөнгө […]

Сооронбай Жээнбеков элдин ишенимин актаган элдик президент боло алабы?

Болот Шамшиев, СССРдин Эл Артисти: «Мен да элдин катарынан калбай ишеним көрсөтүп Сооронбай Жээнбековдун тазалыгы үчүн, добуш бердим» — Сооронбай Жээнбеков элдин ишенимин актаган президент болууга милдеттүү. Элдин баары ишеним артып […]

Чолпон Султанбекова, вице-премьер-министр: «Памирдеги кыргыздарды алып келүүдө Ооган бийлигинин өкүлдөрү тарабынан көптөгөн бут тосууларга дуушар болдук»

Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон тартып эле Памирде жашаган кыргыздарды жергебизге алып келүү маселеси көп ирет көтөрүлгөн. Бирок, кандайдыр себептерден улам боордоштор негедир мамлекетибизге алынып келинбей калчу. Жакында эле ошол Памир […]

Борончу Кудайбергенов, куудул: «Атамбаев Жээнбековдон башка талапкерди алып чыкканда, аны түштүктө эл кабыл албай коймок»

— Борончу мырза, шайлоо бүткөндөн кийин эле дымыңыз чыкпай калды. Үгүт учурунда тапкан тыйынды санап, чыгармачылыкты унуттуңузбу? — Чыгармачылыкка аралашканыма 30 жыл болгон экен. “Элүү жашка элүү концерт” деп бир сыйра Кыргызстандын […]

Сооронбай менен Өмүрбектин дебаттагы айтышы

Шайлоо өнөктүгү башталган учурда президенттик такты ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген Өмүрбек Бабанов “Алдыга жол!” аттуу программасын кантип ишке ашыруу тууралуу аябай кыялданып жүргөн кербези экен. Ошентип үгүт иштери токтогон […]

Талай Масабиров, Жогорку Кеңештин депутаты: «Жубайым менен таанышканда эле ушул периште мендик болот дегем»

— Талай Айтмаматович, эң алгач бала чагыңызга көз чаптырсак. Дүйнөнү багынткан чемпиондун балалыгы кандай өттү экен? — Ааламга жол айылдан башталат дегендей, менин балалыгым да айыл жеринде өттү. Эл катары мал багып, […]

Бегиш Аматов, легендарлуу парламенттин депутаты: «Кыргыздын биринчи Конституциясын Нурсултан Абишович менен Аскар Акаевдин биргелешкен иши талкалаган»

— Бегиш аке, мындан бир жыл мурун казак президенти Нурсултан Назарбаев эгемендүүлүк алган жылдардан баштап эле биздин ички ишибизге кийлигишип баштаган деп айттыңыз эле. Кечээки шайлоодогу көрүнүш, чек арадагы абал кайрадан […]

Токтайым Үмөталиева: «Мага бере турганыңызды берсеңиз, сиздин добушуңузду көбөйтүп коёлу деп компьютерди билгендер келишкен»

— Токтайым эже, шайлоо деп бир ай тынбай жүгүрүп жүрүп, шайлоо да аягына чыкты. Талапкерлер 14-октябрда эртең кандай жыйынтык болот деп жатышты. Сиз 15-октябрда шайлоонун жыйынтыгын кайсыл жерде карап олтурдуңуз? — Мен […]

Мамбет Мамакеев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик: «Сооронбай президент болуп ишти алып кетерине көзүм жетет»

— Мамбет агай, сиз аксакал катары бул шайлоодо кимди президенттикке ылайыктуу деп ага жан тарттыңыз? — Мен Сооронбай Жээнбековдон башкасы президенттикке жарабайт деп башында эле айткам. Анткени, жалгыз гана Сооронбай Жээнбековду эмес, […]

Жерге берилген мумия эбак эле сатылып кеткен эмеспи? Кеп ошондо!..

1960-жылдан бери борбордук тарых музейинде сакталып турган аял кишинин мумиясы жерге берилди. Бирок анын арты чоң чууну жаратууда. Буга чейин унчукпай отурушкан илимпоздор “мумияны жерге бербеш керек болчу, кайрадан казып […]

Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду камактан чыгарабы?

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп, ал үчүн өзүнүн талапкерлигинен баш тарткан Камчыбек Ташиев биринчи кезекте камакта жаткан Садыр Жапаровдун маселесин чечет дешүүдө. Сооронбай президенттик тактыга отураары менен Жапаровдун ишин кайрадан […]

Осмонованы ыйлаткан Төрөбаевди кудай өзү таразалады окшойт

“Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өз жазасын алып жатат окшойт деп калдык. Убагында Айнура Осмонованы жөн жеринен каралап ыйлатып, жаманатты кылды эле. Болбосо ошол айымдын жардамы менен банктан кредит алып, […]

Сапарга ишенип турганда сатып кетпесе экен…

Премьер-министр Сапар Исаков айланасына алты кеңешчи дайындады. Бардыгы отуз жаштын тегерегинде. Коомчулук мынча кеңешчини эмне кылат, премьер болгондон тарта жалаң эле кеңешчилерге буйруктар чыгып жатат башка маанилүү буйрук жок дешүүдө. […]

Бактыгүлдөн Неляга өткөн Урматтын сүйүүсү

Издешпей табышкан жубайлардын катарын толуктаган Урмат менен Нэлянын сүйүүсүн роман кылып жазса болчудай. Эки жаш алгач турмуш курушканда, эл ичинде ар кандай аңыздар айтылып жүрдү. Айта кетсем, бир кезде “Сүйүү […]

Аида Салянова Жогорку Кеңешке керек

Атамекенчи депутат Аида Саляновадай айымдар Жогорку Кеңешке керек. Анын мыкты юрист экенин эске алсак, карапайым адамдар үчүн укуктук жактан бир топ керектүү болгон мыйзамдар кабыл алынат. Учурда укуктук жактан айрыкча […]

Генералдык штабка реформа керек

Кыргызстандын Башкы штабынын Улан аттуу подполковниги Казакстанда наркотик менен кармалып, бир айга жабылганын билдик. Учурда аталган окуяны ар ким ар кандай божомолдоп жатышат. Коомчулукта болсо казак-кыргыз чек арасы боюнча жаралган […]

Текебаев 47ге, Чотонов 27ге которулду

Кечээ күнү Өмүрбек Текебаев №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27-түзөтүү колониясына которулду. Эми булар жаза мөөнөтүн абактарда өткөрүшөт. №47 колонияда Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда пара менен кармалган Жусуп […]

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова сүйүшпөй калыштыбы?

Оо, бул экөөнүн махабаты абдан таттуу. Кээде эле көрө албастар туз-мурчунан сээп, даамын бузуп эле койбосо. Сүйүү ушундай болобу же экөөнүн жылдызы төп келишпейби, айтор, урушканы да бат, жарашканы да бат. […]

Бат ысып бат муздаган Баястан менен Аяна

Шоу чөйрөдө “Рэп ырчысы Баястан менен Аяна Касымова кыз-жигит экен” деген кеп айтылып келип, андан көп өтпөй, Баястан Аяна экөөнүн жанаша түшкөн сүрөтүн интернеттеги өздүк баракчасына жүктөп, маалыматты тактап койгон. […]

Адахан Мадумаров тынчсызданып жатат

Президенттик жарышта бир тыйын акча коротпой эле жүз миң добушка ээ болуп 3-орунда келген Адахан Мадумаров, шайлоодон кийинки абалга тынчсызданууда. «Президенттик шайлоо бүттү. Анан эле жымжырттык өкүм сүрдү. Кечээки өлкөнүн […]

Жылкыбаев дагы такшалышы керек

Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Сооронбай Жээнбековго Ысык-Көлдөн тиешелүү добуш алып бере алган жок. Демек эл арасында авторитети жок. Жаш болгондон кийин иштеш керек, интрига менен отургандан […]

Мелис Мырзакматов кайда жоголду?

Оштун “кара баатыры”, “кабылан-шери” Мелис Мырзакматовдон дайын жок болуп кетти. Кабылан-шер эмей эле “мышык” болуп калды го мактаган байкебиз. Турцияга кеткен бойдон дайыны жок да. Эл болсо андан үмүтүн үзбөй […]

Бабанов Талас элинен айланса болот…

Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабаңовду Талас эли 87% колдоп беришти. Эми Өмүке Талас элинен айланса болот. Чакан завод куруп берсе, элди иш менен камсыз кылса деп жатабыз. Эгер ал Таласка завод […]

Спикерлик кресло Алтынбек Сулаймановго тийиши мүмкүн экен…

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун абалы оорлошу мүмкүн. Анткени ал Атамбаевдин мураскери болгусу келген жана анысын ачык эле билдирген. Бирок Атамбаевден кагуу жегенден кийин тынчып отуруп калган. Эми аны жөн […]

Жээнбековдун шоопуру ким болот?

Легендага айланган шоопур Икрам Илмиянов Алмазбек Атамбаев менен чогуу кетеби же Жээнбековго кол-кабыш кылабы? Бул учурда эң актуалдуу тема болуп турат. Эгер Илмиянов өз оокатын кылып кетсе, анда Жээнбековдун “шоопуру” […]

Элди мектеп директорлору менен райОНОлор эзип бүттү

Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Абирова деген түшпөс “ханайым” бар. Мугалимдер бул аялдан тажап бүткөн эбак эле, көрөйүн деген көздөрү жок. Мыйзам боюнча кызмат ордун бошотуп бериши керек […]

ИИМди жыргатпаган Исраилов вице-премьер болуп жыргатабы?

Жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер министр Темир Жумакадыровдун ордуна азырынча эч ким дайындала элек. Бирок ким дайындалаары тууралуу божомолдор бар. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Улан Исраилов же Сүйүн Өмүрзаков келиши […]

СДПКнын арты менен “случайно” президент болуп калган Жээнбеков Атамбаевдин өзүн камап салбайбы?

Сооронбай Жээнбеков президенттик тактыга отургандан бир жыл өтпөй өз командасы менен иш алып барат деген имиштер айтылууда. УКМКга, ИИМге өз кишилерин отургузат деген да сөздөр айтылууда. Алмазбек Атамбаевдин “эч кандай […]

Таланбек Батыралиевдин жөнөкөйлүгүн баалашат экен

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди жакшы эле тепкилеп, төпөштөдүк. Ал киши да сынды туура кабыл алып, чычалабай маселени чечип жатты. Айланасындагылар жана бийлик бу кишинин жөнөкөйлүгүн баалашат экен. Ошондой эле Батыралиевдин […]

Улан Исраилов менен Данияр Абдыкаров кызматтан кетиши керек

Ички иштер министри Улан Исраилов менен анын орунбасары Данияр Абдыкаров кызматтарынан кетиши керек. Экөөнүн тең артынан жакшы сөз ээрчибей эле. ИИМ-дин ичи интригага толуп, Исраилов Атамбаев айткан “крысалардан” тазалай албай […]

Айгүл айым эми Раиса айымдай боло алабы?

Алмазбек Атамбаевдин жубайы биринчи леди Раиса Атамбаева өзүнүн биринчи айымдык милдетин жакшы аткарды. Абдан жөнөкөй болду, саясатка аралашкан жок, интригага башын салган жок. Жөн гана өз жашоосу менен жашап, тынч […]

Жээнбековду эмитеден айланчыктап калышты…

Президенттик шайлоодо ийгиликке жетишкен Сооронбай Жээнбековду эмитеден эле айланчыктай башташыптыр. Бир туугандарын, аялы Айгүлдүн артынан ээрчип жагалдангандар толуп кетиптир. Эми муну да баягы Бакиевдин таз кейпине салып албасак эле болгону. […]

Семетей эл аралык чеберлердин эсебин берди

Россиянын Челябинск шаарында «Мемориал А.Н.Панченко – 2017» аттуу эл аралык шахмат боюнча мелдеш аяктады. Мелдешке Россия, Украина, Чехия, Сербия жана Кыргызстандан Семетей Төлөгөнтегин баш болуп шахмат оюну боюнча 10 эл аралык чеберлер […]

Аида Алымбаева: “Инаугурациядан кийин Жээнбеков саясый оюндарын баштайт”

– Сооронбай Жээнбеков эми Алмазбек Атамбаевдин реалдуу мураскери болобу, же өзүнүн саясый оюнун жүргүзө баштайбы? – Жаңы президентке лоялдуу өз комаңдасын түзгөнгө чейин Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин мураскери болуп кала […]

Спортчуларга каралган стипендия

КР Жаштар иши, дене тарбня жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 2017-жылдын экинчи жарымында стипендия ала турган спортчулардын тизмесин жарыялады. Агенттиктин комиссиясынын чечими менен 7 баскычта 227 спортчуга стипендия каралып, алды […]

Ардагерлер алтынга жетпеди

Болгариянын Пловдив шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты болуп өттү. Кыргызстандан 10 балбан аттанган эле. Арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону Чынарбек Изабеков жана дүйнөнүн коло медалынын […]

Бабановдун Чүйдөн утушу Канат Исаевдин камалышына байланыштуубу?

16-ноябрда депутат Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасын шаардык сот карап, 30-ноябрга чейин камакта калтырды. Ал азыр УКМКнын СИЗОсунда. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Канат мырза бир да айыпты моюнга алган жок, […]