Шаршемби, 22 Февраль, 2017 - 21:10
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Иса Өмүркулов спикер Чыныбай Турсунбековду кызматынан жыга чаба албай убара тартууда

Өткөн жуманын акырында КСДПнын жоош депутаттарынын бири Узарбек Жылкыбаев парламентте “Чыныбай Акунович, УКМКга тапшырма бериңиз, Өмүрбек Текебаевдин Кипрге сапарын текшерип, бизге маалымат берсин. Түрк басылмалары Кипрде Текебаев экс-президент Курманбек Бакиев […]

Бакыт Төрөбаев түштүктүн жаш күчтөрүн бириктирип жатыптыр

Кыргызстандын президенттигине талапкер Бакыт Төрөбаев жакында түштүктүн төбөсү көрүнүп келаткан жаш күчтөрүн жыйнап, тымызын чоң масилет курганы айтылууда. “Үсөн Сыдыков,  Жантөрө Сатыбалдиев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, […]

Темир Сариев жеп койду деп айыпталган 6 миллион доллар ага жетпей, ортодо олжолонуп кетиптир

Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун курууда  кытайлык “Лонг-Хай” фирмасынан 6 миллион доллар пара алган деп айыпталып, кызматынан кетүүгө аргасыз болгон экс-премьер Темир Сариев “жебеген самсысына пул төлөп” жүрүптүр. Биздин маалымат булактар кабарлагандай “Лонг-Хай” […]

Атамбаевдин оң колу Икрамжан Илмиянов абактан чыккан Бакиевдин оң колу Каныбек Жороевдин башын куттуктап, “Кайнар” ресторанында сый тамак берди

Алмаз Атамбаевдин оң колу Икрамжан Илмиянов бая күнү Курманбек Бакиевдин оң колу Каныбек Жороевдин абактан чыкканына байланыштуу башын куттуктап, Бишкектин “Кайнар” ресторанында сый тамак бериптир. Эрендердин эми бири-бирин сыйлашканы жакшыдыр, […]

Өмүрбек Текебаев, ЖКнын депутаты: «Бийлик Атамбаевди мынча тез бузуп жиберет деп ойлогон эмесмин»

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев биздин гезитти “Мага асылганды гана жамандаганды билет” деп өзү тууралуу гезит жазган  сын макалаларды окуп, бир тараптуу гезит деп эсептеп келчү. Биз Өмүкенин саясаттагы “мыкты […]

Видео – Дача СУУнун жашоочулары: “Самолет кулаганда милициялар бизди кууп чыгып, лента тартып, өлгөндөрдү унутуп салышып, товарларды жүктөп жүрүштү”

Белгилүү акын Бурулкан Карагулова 16-январдагы Дача СУУ айылында болгон авиакырсыктын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн, фотолорун жана видеотасмаларын жарыялай баштады: “Куткаруучулар 10 мүнөт, 20 мүнөттө келишти” дешкендери жалган. Биз 80 пайыз сөөктөрдү чыгарып […]

Жакшылык Бердибек уулу, “Де-Факто” гезитинин экс-редактору: “Азыр “Де-Факто” гезитин Илим Карыпбековдон Иса Өмүркулов сатып алган, ал кимди шыба десе Амантур Мусагулов ошону шыбап жүрөт”

Бул сүрөт 2014-жылы тартылса керек. (Сүрөт төмөндө тиркелген – ред.) Сүрөттүн тарыхы мындай. 2014- жылы “Де-Факто” гезитинде чогуу иштеген жамаатыбыз менен тоого эс алууга чыкканбыз. Барган жерибиз муногул эле Ала-Арчанын […]

Бийлик Текебаев менен жарашкысы келип, эми соодалашууга өтүптүр

Атамбаевдин командасындагылар маалыматтык согушта Текебаевге уттуруп коюшканын түшүнүп, эми Текебаев менен жарашуу жолдорун издеп, соодалашууга өтүшүптүр. Бул тууралу бизге Ак үйдөгү жеке булактарыбыз кабарлады. “Биз “Белиз-гейтти” жаап салалы,  УКМКнын төрагасы […]

Бегалы Наргозуев: «УКМК жоюлуп, Контрчалгын кызматы түзүлүш керек. Укук коргоо органдарынын баары саясаттан четтетилиши зарыл”

“Мына, баарыбыз сындап жатабыз, бирөөбүз жаман көрүп, бирөөбүз ыйлап атабыз, укук коргоо органдары анын ичинде Коопсуздук комитети эмне иштерди жасап жатканын бирден санап берип жатышат. Айтсак, мисалы былтыр жазында Кубанычбек […]

Интриган Иса Өмүркулов СДПК фракциясын ичинен бөлүп-жарып, 3 топко бөлүп салды

Эзелтен бөлүп-жаруунун устаты, интриган Иса Өмүркулов парламенттеги СДПК фракциясына Алмаз Атамбаевдин ырайымы менен лидер болуп келген 1 жылдын ичинде фракциянын ынтымагын кетирип, бөлүп-жарып, 3 чоң топко бөлүп салды. Фракция лидери […]

Атамбаевдин азыркы командасы “мураскерди” колдобой, президенттикке реалдуу кандидаттар Бабанов менен Төрөбаевге тымызын иштей башташты

Биздин ишенимдүү булактар билдиргенине караганда  Алмаз Атамбаев 5-январда, Кытайга учуп кетер алдында резиденциясына өзүнүн жан-жөкөрлөрүн жыйнап, мураскерин жарыялап, баардыгын бир максатта иштөөгө мобилизациялайт. “Күзүндө өтчү президенттик шайлоого СДПКнын атынан талапкер […]

Бегалы Наргозуев: “Рустам Мамановдон мен тургай көчөдө жөргөлөп бараткан чычкан коркот бекен?”

-Бегалы мырза, өткөн жумаларда экс-депутат Рустам Маманов менен чекише кетип, анан араңарга депутат Азиз Турсунбаев түшүп жараштырганы тууралу гезиттер жазды, чын эле ошондой болдубу? -Мага караштуу сайтка Рустам Маманов тууралу […]

Баяна Кулова, журналист: “Эгер эркек болгонумда Сабыр Муканбетов байкени былчылдатып сабап, “итке иттей мамиле” деп атка сүйрөтмөкмүн”

Сабыр Муканбетов: “Акаевден кутулдук, эми бекем турабыз, 25 жыл бийликке аркалыктарды жолотпойбуз” деп ошол эле Үсөн аке үкалары менен жыйын курган…” Бүгүн, дал ушул макаланы окуп жатып аял болуп жаралганыма […]

СДПКчы Иса Өмүркуловдун “Де-Факто” гезити Чүйдүн тыңчыкмаларын каралоону улантууда

КТРКнын гендиректору кызматын беришкени үчүн Илим Карыпбековдон “Де-Факто” гезитин тартып алышкан СДПКчылар “кара пиардын” араанын Иса Өмүркуловдун атаандаштарына карай ачырды. Акыркы эле санында чүйлүк тыңчыкма Темир Сариевди жамандаган, каралаган 4 […]

Видео – Алмаз Атамбаев уулун аскердик технологиялар боюнча ири ишкананын директору кылып дайындады

Алмаз Атамбаев уулу Раис Бектемировду Кыргызстандагы аскердик технологиялар боюнча ири ишкананын директору кылып дайындады. Бул тууралу Сентябрь телеканалы жарыя кылды. Атамбаев АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасын чыгаргандыгы үчүн Россия Кыргызстанга 1 […]

Иса Өмүркулов Чүйдүн тыңчыкмаларын бир-бирден саясый оюндан чыгарып жатабы?

Бир кезде “Кыргыз темир жолу”  ишканасын башкарып, ал кызматынан Чубактын кунундай чубалган чоң чуу менен кеткен Иса Өмүркулов 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.  Ал жерден да […]

Бегалы Наргозуев: “Мени СДПКчы Иса Өмүркуловдун “Де факто” гезити чет элдик атайын кызматтардын агенти деп жарыяласа, “Ата-Журтчу” Ташиевдин сайты ички кызматтардын агенти деп, супершпион кылып салышты.”

Өткөн жумада эң башкы СДПКчы Иса Өмүркуловдун “Де факто” гезити мени чет элдик атайын кызматтардын агенти деп атады. Бирок кайсы мамлекеттер үчүн иштеп, кандай маалыматтарды берип жатканым тууралу бир да […]

Тийген эри жарашса кара катын ак болот…

Сөз эмес бекен?! Бул сөз Сооронбай Жээнбеков үчүн жаралгандай. Бу кишинин бакандай болгон премьер- министр болоорун ким билиптир десеңиз. Эми минтип Атамбаевден кийинки президент болоору тууралуу сөз болуп жатат. Алмазбек […]

Алтынбек Сулайманов бизнесмен Рустам Маманов менен журналист Аслан Сартбаевди “суулады”

Кытайга таштанды темир сатып байыган Рустам Маманов деген бирөө бар, ошол журналист Аслан Сартбаевге “керек болсо Алтынбек Сулайманов менин шоопурум болуп иштеген” деп мактанат. Аны Сартбаев өзүнүн “Азия ньюс” деген […]

Азамат Кыязов, журналист: “Урматтуу Алмазбек ага! «Менин доорум келди, мен жешим керек!», – деген жапайы инстинкт менен бийлик жүргүзүп жатканыңыз ачыкталды”

Урматтуу Алмазбек ага! Сиз, кечээ өлкө элин президент катары алтынчы жолу жаңы жыл майрамы менен куттуктадыңыз. Анын ичинде мени да. Мен дагы жооп катары, Сизди бир ирээт куттуктагым келди… Сиз, […]

Фото – Икрам Илмиянов өлкөдө ким кожоюн экенин көрсөттү

Бул сүрөткө жакшылап баам салып караңыздар, 24-декабрь күнү Ош шаарында жаңы салынган спорт комплексин ачуу учурунда тартылыптыр. Биринчиден, Икрамжан Илмиянов азыр жумушсуздардын катарына кирет. Президенттин кеңешчиси кызматынан октябрь айында бошотулгандан […]

Видео – Сөз эркиндигин коргоо комитети 2016-жылдын мыктыларын жана арзыматтарын атады

Сөз эркиндигин коргоо комитети 23-декабрь күнү 2016-жылды жыйынтыктап, комитеттин версиясы боюнча жылдын мыктыларын атады. Андан сырткары “Жылдын арзыматы”, “Жылдын дүжүрү” жана “Жылдын балитологу” антисыйлыктары да аныкталды. Булак: Кyrgyztoday.kg Видео: Res Publica

Фотобаян – Сөз эркиндигин коргоо комитети 2016-жылдын мыктыларын атады

Кечээ, 23-декабрдын кечинде Сөз эркиндигин коргоо комитети жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана саясатчылар менен бирдикте жаңы жылдык кече өткөрдү. Анда 2016-жылдын мыктылары аталып, комитеттин атайын сыйлыктары тапшырылды. […]

Равшан Жээнбеков: “Американын президенти Трамп өзүнө кеңешчи кылып Илон Маскты, Цукербергди, Билл Гейтсти алып жатат, ал эми Атамбаев шоопурун, жан сакчыларын, секретарларын алып жатат”

“Мен акыркы 5 жылда тынбай, байма-бай айтып келатам, мамлекетте бүгүнкү күндө саясый чечим кабыл алган, экономикалык чечим кабыл алган, социалдык негизги чечимдерди кабыл алган бир эле институт бар. Ал президенттик […]

Равшан Жээнбеков: “Атамбаевдин түндүктөн болгону, бийликтин борбору, борбор шаар түндүктөн болгону маселени татаалдантууда”

“Биз чынын айтышыбыз керек, Кыргызстан көбүнчө регионалисттик-трайбалисттик адамдардан жана саясатчылардан турат. Бүгүнкү күндө президент Атамбаевдин түндүктөн болгону, бийликтин борбору, борбор шаар түндүктөн болгону кандайдыр бир деңгээлде саясатчыларды жана коомду же болбосо […]

Өмүрбек Текебаев: “Кой-Таштагы жерди Албек да, Атамбаев да ата-бабаларымдын жери деп жатышат, биринин ата-бабалары Кашкардан, бириники Кокондон келишсе анан каяктан алардыкы болуп калат?”

Жума күнү, 9-декабрда  Бишкектин Биринчи май райондук сотунда  Өмүрбек Текебаев менен Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун ортосундагы сот кайрадан уланды. Албек Ибраимов  “Текебаев менин ар намысыма шек келтирди” деп 1 миллион […]

Оштун “үч баатырынан” кем калбай биригебиз деген Чүй кланынын “үч баатырынын” чайлашуусу мушташ менен аяктады

Президенттик дымактары бар түштүктүн “үч баатыры” Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев 30-ноябрда саясый күрөшкө биригишкенин, “чоң казатка” чоогу аттанышканын, алардын ичинен бирөөсү президенттикке ат салышарын жарыялашкан. “Манастан Чубак […]

БШКнын экс-төрагасы Туйгуналы Абдраимов түндө журналист Асланбек Сартбаев менен мушташты

Кечээ, 7-декабрдын кечинде саат 20.00.дө Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Охота на овец” ресторан-түнкү клубунда мушташ чыкты. Анда БШКнын экс-төрагасы Туйгуналы Абдраимов кызуу абалында журналист Асланбек Сартбаевдин ыңгайсыз суроосуна ызаланып, колунда […]

Иса Өмүркулов “Де факто” гезитин Жанар Акаевден кайра тартып алыптыр

Алмаз Атамбаев өзүнүн айланасындагы ар бир жан-жөкөрүнө бирден ММК ачып, саясый оппоненттер менен күрөшүүгө, оппозицияны каралоого тымызын тапшырма бергени эбактан белгилүү.  Натыйжада: Абдил Сегизбаев “Эгемен” гезити менен сайтын каржылап, оппозицияны […]

Азимбек Бекназаров: “2011-жылы Атамбаев премьерликтен алынарда Ахматбек Келдибеков сактап калып, Атамбаев аны бетинен өөп, ыйлап, «Ахмат, өмүр бою бул жакшылыгыңды унутпайм» деген”

Белгилүү революционер Азимбек Бекназаров жакында эле “Мен кыргызмын” аттуу II томдон турган жана “Бизге кандай реформа керек” аталыштагы эскерүү китептерин жарыкка чыгарды. Анда автор акыркы 20 жылдагы өзү аралашкан саясый […]