Шаршемби, 21 Ноябрь, 2018 - 5:54
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Коррупционерлердин атын атагыла деген Президентке жана прокурорлорго кулак кагыш: Нурлан Сулайманов “Бублик” кафесинде олтурат

2010-жылы 7-апрелде бийликке келген Убактылуу өкмөт кармасак эле камайбыз деп Бакиевдик режимдин коррупционерлери катары 100 чиновникке расмий издөө жарыялаган. Алардын бири Бакиевдик бийликтин Транспорт министри Нурлан Сулайманов эле. Ал кезде […]

КР Президентинин аппарат жетекчилигине Болот Отунбаев даярдалып жатат

КР Президентинин аппарат жетекчиси кызматы  өлкөдөгү эң маанилүү кызматтардын бири. “Вазир жакшы хан жакшы”  дегендей эгер президенттин аппарат жетекчиси бардык жагынан такшалган  уюштургуч , билимдүү, саясый оюндардын мыйзамдарын жакшы билген, […]

Россиянын “Коммерсантъ” гезити: “УКМКнын абагындагы Атамбаевдин досторунун бири кытай кредитинен өөнөп калган $5 млн акчасын казынага өткөрүп бергенге даяр экен”

Экс-президент Атамбаевдин соратниктери биринин артынан бири камалып жатышат. УКМКнын тергөө абагына экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” АККнын директору Айбек Калиев сыяктуу […]

Атамбаев Ардак грамота берген кытайлык жаранды Жээнбеков каматып салды

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 19-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Бишкек ТЭЦин модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясынын бир өкүлү камакка алынганын билдирген. Биз ал маалыматты Кyrgyztoday.кg сайтына […]

КР Юстиция министри Айнур Абдылдаева кызматынан отставка сурап, арыз жазыптыр

Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген КР Өкмөтүнүн составындагы Юстиция министри Айнур Абдылдаева өкмөттүн иштөө стили өзгөрбөй, мурдагыдай эле, Атамбаевдик режим учурундагыдай командалык система менен иштеп жатканына нааразы болуп, кызматынан кетүү үчүн отставка […]

Бактыбек Алайчиев, Өзгөн районунун акими: “Жантөрө Сатыбалдиевди колдогон жердештерин дегеле көргөн жокмун!”

Жаңы эрежеге ылайык Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөн районунун акимдигине Бактыбек Алайчиевди дайындады. Жаңыдан бекилген 54 жаштагы район жетекчиси аймактар өнүксө, мамлекетибиз жакын арада кудуреттүү өлкөгө айланат деген терең ишеничте. […]

Видео – Экс-премьер-министр Сапар Исаковду сотко колуна кишен салып, алып келишти

Кечээ, 31-июлда экс-премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын абагынан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна колуна кишен салып, алып келишти. Жарым жыл мурун муну элестетүү мүмкүн эмес болучу. Эми Кыргызстанда да уурулук […]

Азиз Суракматовду Бишкектин мэри кызматына кайсы “серый кардинал” көшөгө артында жетелеп келатат?

Кыргызстан 6 млн гана калкы бар чакан мамлекет, кыбыр эткендин баарын көрүп-билип турушат. Депутат кезинде эки ооз сөздү бириктирип, бир омоктуу ой айталбаган Азиз Суракматов деген жигитти өлкөнүн борбор шаары […]

Сот Райымбек Матраимовду Бажыдагы кызмат ордуна кайра кайтаруу тууралу чечим чыгарды

Бүгүн, 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев КР Бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду 2017-жылы 23-ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков мыйзамсыз кызматтан алган деп таап, […]

Албек Ибраимовго Бишкектеги жер участокторун ири өлчөмдө коррупциялык жол менен сатуу фактылары боюнча дагы бир жаңы айып тагылды

Ишемби күнү, 21-июлда КР УКМКнын Башкы тергөө бөлүмү шаардагы жер участокторун жеке жана юридикалык жактарга бөлүп берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголуп, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын экс-мэри Албек […]

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: Атамбаев мурас катары ач көз, коркок, кошоматчы саясий элитаны калтырып кетти

Сиздердин гезитте 04.07.2018 жарык көргөн Жусуп Молдобаевдин “Үзөңгү же бийлик кумары жөнүндө” деген макаласын окуп, пикир кошууну чечтим. Элдик мугалимдин философиялык ой жүгүртүүсү, эл турмушун талдоосу, экс-ажолорго баасы көңүлдү бурду. […]

Атамбаев “Сексенге чыгып төшөккө чычып өлгүчө, аянтта Соке менен атышып өлгөнүм артык” деп айттыбы?

Атамбаевдин авантюрист, ой-кыялында чек жок экенин элдин баары билет. Туруп эле ойдо жок сөздөрдү айтып каларына далай ирет күбө болгонбуз. Бу саам да берегидей сөздөрдү айтканы, тар чөйрөнү дүңгүрөтө баштаганы […]

Аны оңой көрбөгүлө, же  Албек Ибраимовдун жашыруун империясы

Бул күндөр кызыктарга бай болчудай. Дегенибиз, Мамкаттоо кызматы  Албек Ибраимовдун  мүлктөрүнүн тизмесин ачыкка чыгарды. Ал маалыматка ылайык, кечээ жакында эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ишеним көрсөтпөй коюшкан мэрдин үй-бүлөсүнө ири […]

Абдил Сегизбаев Эркиндик бульварында эркин баса албай калды

Алмаз Атамбаевдин колдоосу менен өзүнүн түшүнө кирбеген кызматка – КР УКМКнын төрагалыгына жеткен “агроном-журналист” Абдил Сегизбаев “атасы” Атамбаевди тез эле сатып кетти. Жаңы бийликке “Атамбаевге экинчи жолобойм, анын жаңы бийликке […]

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Темир Сариев баштаган Убактылуу өкмөттү элди алдагандыктары үчүн самолетко салып алып, Сириянын үстүнөн ыргыткым келет”

“2009-2010-жылдары Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Темир Сариевдер президент Курманбек Бакиевди жамандашса эле ишене бериппиз. Бизге келишип: “Нарын облусуна электрэнергиясы бекер болуш керек, Бакиев 1,5 сомго чыгарып жиберди, биз бийликке келсек […]

Болот Шер менен Молдомуса Коңгайтиевдин ортосундагы акча жаңжалы $250 миң долларга көтөрүлдү

Өткөн жумада биз 2010-жылы 7-апрелде Таласта сабалып, барымтага алынган генерал Молдомуса Коңгайтиевдин башын аман-эсен куткарып, Бишкекке жеткирип берүү үчүн ошол күндөрү Убактылуу өкмөт тарабынан жаңы эле дайындалган Ички иштер министри […]

Камчыбек Жолдошбаев кайсы 3 облусттун губернаторуна суур тумак саттырып, бутуна тургузган

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев жаш кезинде, 80-жылдардын аягында алгач бизнесин Ат-Башынын суурларынын терисинен тумак тиктирип сатып баштаган экен. Ал Ак-Сай менен Арпанын чабандарынан суурдун терисин жүздөп сатып келип, атайын […]

Бир эле сугунганда 20 миллион сомду жутуп койгон деп кылмыш иши козголгон Нурканбек Момуналиев суудан дагы кургак чыгабы?

Быйыл март айында премьер-министр Сапар Исаковдун аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев апасына каттатып койгон  «АйМар Энержи» ЖЧКсына Бишкек ТЭЦинин от казандарын оңдоду деп 20 млн сом котортуп алып жеп койгон, бирок […]

“Беш-Сары” базарында соода-сатык кылып жүрүп, өсүп чыккан депутат менен министрлер кимдер?

Айтылуу “көмүр королу” Камчыбек Жолдошбаевдин Бишкектеги Ош базарына жанаша жайгашкан “Беш-Сары” базары да көптөгөн депутат жана министрлерди өстүрүп чыгараганын угуп биз кубандык. Бул тууралу “Беш сары” базарынын ветеран соодагерлери айтып […]

Молдомуса Коңгайтиев акталды, эми Болот Шер $150 миң долларды кайтарабы?

Кечээ, 6-июлда КР УКМК мурунку Ички иштер министри, генерал Молдомуса Коңгайтиевге 2010-жылы апрелде Убактылуу өкмөт козгогон кылмыш ишин анын ал кездеги иш-аракеттеринде кылмыштын составы болгон эмес деп жапкандыгын расмий билдирди. […]

Аксылык Бакыт Узенбаев Оогандан келген кыргыздарга 2 гектар жерин бергенге даяр

Өткөн жылы Памирден көчүп келген кыргыздарга өкмөт далысын салып жаткандан улам кайра Ооганстанга кайтып кете турушкан болду деген маалымат элди чоң талкууга салды. Памирлик кыргыздар “Бизге жер берип, үй салып […]

Экс-президенттин былык иштеринен: Иттей кирешелүү ителги бизнеси же Ысык-Көл боюнан 860 га жер тилкесин ээлеп алган А. Атамбаевдин аппетити

“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”, — ​демекчи, буга чейин мурдагы президент А. Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнүн мамлекеттин казынасына миллиондогон зыян келтирген коррупциялык иштери ашкереленип, алды океандын ары жагына качууга үлгүрүп, кача албагандарына кылмыш […]

Икрамжан Илмиянов ден соолугуна жана үй бүлөлүк шартына байланыштуу КР Көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан кетти

Кечээ, 5-июлда КР Көк бөрү федерациясынын президенти, айтылуу “Шоопур” Икрамжан Илмиянов өзү жазган арызына ылайык, ден соолугуна жана үй бүлөлүк шартына байланыштуу кызматынан кетти.  Бул тууралу КР Көк бөрү федерациясынын […]

КР Эсеп палатасы Кытайдын Улуттук аудит кеңсесинен Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун кытай тарабын текшерүүгө көмөк көрсөтүүнү суранат

“Бүгүн, 4-июлда Бишкекте өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын IV жолугушуусунун алкагында биз көп нерселер жөнүндө сүйлөштүк, анын ичинде өлкөбүздөгү коррупция менен күчөтүлгөн күрөш тууралуу да сөз […]

Премьер Абылгазиев менен вице-премьер Кубатбек Боронов кызмат сурагандарга “биз эч нерсе чечпейбиз” деп алакан жайып жатышыптыр

Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр, Кубатбек Боронов вице-премьер болуп дайындалышкандан бери алардан кызмат сурап кайрылышкан эски тааныш-тунуш, жек-жаат көбөйүп, айлаларын алты кетирип жатышканы айтылууда. Тигилер болсо “биз эч нерсе чечпейбиз, жадагалса министрдин […]

Видео – Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбековго уулу үчүн ыраазычылыгын билдирди

Бүгүн, 3-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ЖРТнын жыйынтыктары боюнча 66 бүтүрүүчүгө “Алтын сертификаттарды” тапшырган. Анын ичинде президенттик шайлоодогу Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы, азыр кылмыш иши ачылып, бозгунда […]

Мээрбек Мискенбаев: “Мен бир тууган Жээнбековдордун далай кылыктарын ачам, мага ушундай мамиле кылыштыбы? Асилбек Жээнбековдон кечирим сурабайм”

«Мага кылмыш иши 2016-жылы мен депутат кезде Текебаев менен тиреше кетип, ошондо козголгон, анан 2 жыл текшерилип, эч нерсе таппай, кайра жабылган болучу (Атамбаев жаптырган – Кыргызтудэй). Эми ошол ишти […]

Фото – Президент Жээнбеков шайлоодогу негизги атаандашы Бабановдун баласына “Алтын сертификат” тапшырды

Бүгүн, 3-июлда КР президенти Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында быйылкы окуу жылынын аягында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган 66 бүтүрүүчүгө “Алтын сертификаттарды” тапшырды. “Алтын сертификаттардын” ээлери […]

Атамбаевдин арзыматтары: “Мандикер жазмакерлери” аталган Тилек Рыскулов менен Каныбек Сапаровдун чыныгы жүзү…

Тилек Рыскуловдун “Фабула”, Каныбек Сапаровдун “Багыт” гезиттери аркылуу мага берген жообун окуп, алардын чыныгы жүзүн, калемгерлик дареметин, дэңгээлин көрдүм. Атамбаевдин короосунда чынжыр менен байланган эки “эшик ырчысы” кабанак итчесинен мага […]

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Сооронбай Жээнбековдун душмандары акыркы 7 жылда эбегейсиз байып, акчанын үстүндө олтурушат”

-Бегалы агай, Кулматовго кылмыш иши козголгондо гана анын Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алганы билинип отурат. Буга чейин ал кызматтык секириктерди жасаганда неге анын жарандыгынан шек санашкан эмес же аны кимдир бирөө […]

Кыргыздар мурунку президенттерди соттун ишине кийлигишет деп айыптап келишсе, Сооронбай Жээнбековду эмнеге соттун ишине кийлигишпей жатат деп айыпташууда

Мен, тарыхтан жана болуп өткөн окуялардан жыйынтык чыгарбаганыбызга кээде кадыресе кейийм. Минтип сөзүмдү баштап жатканымдын себептери бар. Учурда аябай талкууланып жаткан окуяларга мындай пикиримди кошкум келет. Мен айта турган сөз […]

Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: «Бул жерде «Беш-Сары» компаниясынын бир нече көп кабаттуу үйлөрдү камтыган долбоору ишке ашат”

КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү Камчыбек Жолдошбаев биздин агенттикке 9-июнда берген учкай маегинде борборубуздун А.Бакаев көчөсүндө жайгашкан 2,1 гектар […]

Адилет Айтикеев, журналист: “Бизнесмен Камчыбек Жолдошбаевге асылгынча буржуй шаарчада заңгыраган үйлөрдү салган мамлекеттик кызматтагы ууруларга асылбайсыңарбы!”

Бир канча күндөн бери айрым ММКлар тим эле бир чоң резонанс таап алышкансып “Камчыбек Жолдошбаевдин 2, 5 гектар жерде 52 бөлмө үйү бар экен деп жазып жатышат. Эми Камчыбек Жолдошбаевдин […]

Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын экс-төрагасы: “Аскар Шадиевдин банк эсебинен $7 миллион накта акча чыкты, жалпы мүлкү $2 миллиард экени эсептелип чыгарылды”

“Шадиевдин банк эсебинен 7 миллион доллар накталай акча чыгып жатат. Бул эмне болгон акча? Ага жооп жок. Анын мүлкүнүн эсебин чыгарышканда 2 миллиард долларга жакын экен. Аны каяктан тапты?”, – […]

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: Уурулук менен байыгандардын алды чет өлкөгө кире качышты

-Бегалы мырза, президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү Атамбаевдин бир кездеги айланасынан башталганы коомчулуктун бүйүрүн кызыта баштады. Бул күрөштө Жээнбеков чечкиндүүлүк менен ишти аягына чыгарганга күчү келеби? Асыресе, анын жооштугу мындай […]

Райымбек Матраимов: “Атамбаев түшүнөн чочуса да менин атымды оозанып, калп айтканды көнүмүшкө айлантып алды”

— Райым мырза, учурда Сапар Исаков менен соттошуп жатканыңыз коомчулукка маалым. Сиз жумуштан мыйзамсыз алынганыңызды  ашкерелөө үчүн доо коюп атасыз да. Ушул боюнча негиздемелерди айтып бересизби, кандай мыйзам бузуулар болду […]

УКМК бүгүн КСДПчылар Сапар Исаковду, Кубанычбек Кулматовду жана Осмон Артыкбаевдерди шашылыш суракка чакырды

Бүгүн, 5-июнда УКМК КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөлөрү экс-премьер Сапар Исаковду, экс-мэр Кубанычбек Кулматовду жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Артыкбаевди, үчөөсүн тең Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында […]

Дүйшөнбек Адашпасов, экс-президент А. Атамбаевдин айылдашы: «Атамбаев тыйын таратып элди көтөрөм десе, “Чыкпайсың, мурункудай болуп элди алдабай эле кой” деп айылдаштары эле эркекче айтып коёбуз»

-Дүйшөнбек байке, сиз Арашан айылында туулуп өстүңүз да? — Ооба, ушул айылда туулуп, ушул жердин чаңын жутуп чоңойгонбуз. Уруубуз болсо солто. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы үйү эмес, мурунку үйү ушул […]

УКМК Албек Ибраимовго кылмыш ишин козгоду, “Дастан” заводуна ири көлөмдөгү зыян келтирген

28-майда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы КР кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралу мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Такталган маалыматтар боюнча 2012-жылдын январь […]

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер: “”Кумтөр” боюнча Сапар Исаковдун 2017-жылы түзгөн келишими кылмыштуу келишим, президент менен парламент аны токтоосуз жокко чыгарыш керек!”

2017-жылы 11-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков “Кумтөр” алтын кени боюнча Канадалык “Центерра голд…” компаниясы менен жаңы стратегиялык келишим түздү. Бирок ал келишимдин текстин өкмөт эмне үчүн элге жарыялаган жок? Балким алар […]

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер: “АША Кытай тарапка 30-40 миллион долларга узундугу 200 чакырымды, туурасы 10 чакырымды түзгөн бүтүндөй Алай өрөөнүн берип койду”

«Силер менин газ түтүгүнүн 4-бутагы жөнүндө жазып келатканымды окубай келесиңер. Ал боюнча биздин өлкөгө 75 миллион доллар төлөнөт деген бир да документке бекитилген эмес. Силер айткандай, ал каражат газдын транзити […]

Улуттук коопсуздук комитети Көчмөндөр оюнунун алкагында курулган ат майданды салууда эбегейсиз чоң суммадагы уурдап-тоноолорду аныктады

Кыргыз Республикасынын МУКК Коррупцияга каршы кызматы (ККК) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен биргеликте Ыссык-Көл облусунун Бостери аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылында өткөрүлгөн экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майданды курууда […]

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Бийлик коррупция менен чындап күрөшсө, КСДП жетекчилеринин 90% камалып, уурдагандарын кусуп, казынага төлөп берет”

-Эки дос, Соке менен АША тирешип, саясат кызуу болуп жатканда АКШда эс алып жүрдүңүз. Саясатта пайда жок деген үмүт менен биротоло бизнеске кетейин дедиңизби? -Андай деле эмес, мурун эле пландаштырып […]

Алманбет Шыкмаматов: “Бишкек ТЭЦин модернизациялоого Максим Бакиев Кытай менен 150 млн долларга келишим түзүп келсе кийинки бийлик 386 млн долларга чыгарып жиберип жатпайбы”

“Кыргызстандын бүгүнкү тышкы карызы 4,5 млн доллар, анын ичинен 2 млн доллар Кытай мамлекетинин Эксимбанкынан алынган карыз. Ал Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна, Ош-Сарыташ-Эркечтам жолуна, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна жана Бишкек ТЭЦине алынган кредиттер… […]

Кубанычбек Кулматовдун кечээ сурактан кийин айткандары калп болуп чыкты

Кечээ, 21-майда УКМКдан 4 сааттык сурактан чыккан экс-бажы башчы Кубанычбек Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып “Мен кызматтан өз каалом менен арыз жазып кеткенден кийин мени ээрчип бажы кызматынын жарымы […]

Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Жээнбеков Атамбаев менен достук шертин сактады, бирок Атамбаев Жээнбековго окшоп достук шертине тура алган жок”

«Кыргыз эли уңгулуу эл, кут түшкөн эл, элибиздин ырыскысы-кутун бүлдүрүүгө эч кимдин акысы жок…» Акыркы бир айда Кыргызстандын соңку тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй бурулуш болуп өттү. Айрым саясый аналиктер акыркы […]

Кубанычбек Кулматов коррупциялык жол менен 1 млн АКШ долларын уурдап жеп алган деп шектелүүдө

КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 18-майда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэрии К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303- Коррупция беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыбы угузулду. Такталган […]

Камчыбек Жолдошбаев, депутаты: “Накта жеп-ичкен жигит Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар тууралуу айткым деле келбейт”

— Камчыбек байке, өткөн жумада ТЭЦ боюнча жооп берип жаткандарды жегичтер, ичкичтер деп сындап койдуңуз эле, “Биз акпыз, коррупционер эмеспиз” деп жарылып кете жаздашты го? — Буларың акпыз, тазабыз деп актангандан башка […]

Экс-премьер-министр Сапар Исаков камакка алынышы мүмкүн

Бүгүн, 19-апрелде КР Жогорку Кеңеши ишеним көрсөтпөй отставкага айдалган Сапар Исаковдун үстүн дароо кара булут каптай баштады. Көрсө анын үстүнөн укук коргоо органдары “Манас” эл аралык аэропортуна авиакеросин ташып сатуу […]

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын составына “Республика-Ата-Журт” фракциясы да кирет

КР Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк башкаруучу коалициянын (КСДП, “Кыргызстан” жана “Бир бол” фракциялары) составына “Республика-Ата-Журт” фракциясы да кирмек болуптур. Бул тууралу биздин жеке булактар кабарлады. Мындай комбинация башкаруучу коалициянын келечеги туруктуу […]