Ишемби, 22 Сентябрь, 2018 - 15:07
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Видео – Өмүрбек Бабанов: “Текебаев чоң саясатчы, бирок күнөөсү болбосо жөн эле күнөөлөй бербешибиз керек”

“2012-жылы мен премьер-министр болгом, “Мегаком” боюнча ошол эле Соутфилд компаниясы менен биз да кармашып келгенбиз. Жакшылап изилденсе мунун баары чыгат. Ошол кезде депутаттык комиссия да түзүлгөн. Анын ичинде бир нече […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Алмаз Атамбаев 10 гектар жерге Обама менен Меркель куралбаган үй салып жатат. Бул мүңкүрөгөн элди көзгө илбөө, байлыкка чиренүү, мансапка манчыркоо”

“АКШ дүйнөдөгү жападан жалгыз супердержава, эң бай өлкө. Анын президенти дүйнөдөгү эң чоң кызмат адамы. Январда Барак Обама кызматтан кетет. Ал Вашингтондо 8 бөлмөлүү үйдү ижарага жалдап, ошол жерде жашаймын […]

Видео – СДПКчы депутат Төрөбай Зулпукаров спикер Чыныбай Турсунбеков менен мушташууга неге жулунду?

Кечээ, 16-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда депутаттар УКМКнын атамекенчилер Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдор 2012-жылы “Мегаком” мобилдик компаниясынын 51%ын коррупциялык жол менен сатып жиберүү аракетин жасашкан деген дооматын кечке талкуулашты. […]

Видео – Бүгүн экс-генпрокурор, депутат Мыктыбек Абдылдаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтык профессионалдуулугуна шек келтирди

Бүгүн, 16-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин жыйынына чакырылган УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев атамекенчи депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алманбет Шыкмаматовдор коррупция менен айыпталып жаткан “Белиз-гейт” чыры боюнча депутаттардын алдында билдирүү […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев өлкөнү зордук-зомбулук менен ачык башкара баштады, биз аны токтотушубуз керек”

“Оппозицияны куугунтуктоо бул кулай турган бийликтин агониясы. Атамбаев жасалма документтерди бетке кармап өзүнүн оппоненттерин куугунтуктап кирди. Биз эл аралык адвокаттар менен келишим түзүп, Атамбаев менен Сегизбаевдин калпын далилдеп беребиз. Ошондо […]

Видео – Роза Отунбаева 31-августтагы Атамбаевдин “парламент Отунбаевага ооз ачырбай калган” деген дооматтарына жооп берди

“Азимбек Бекназаров экөөбүз 2005-жылы революциянын алдында Ошто, Жалал-Абадда бирге жүрдүк. Анан 22-мартта Бишкекке бирге келдик. Анан эле 24-мартта кошулгандар көбөйүп кетти. Көкүрөгүн кагып эле бийликти биз алдык, революцияны биз жасадык, […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги, инвестклимат боюнча Кыргызстан Бакиевдин учурунда дүйнөдө 41-орунда эле, азыр Атамбаевдин учурунда 67-орунга түшүп кеттик”

“Урматтуу депутаттар! Кыргызстанда чын эле абал абдан чатак. Биз толук изоляцияда калгандай көрүнөт. Премьер-министр ондоп-жыйырмалап маселе койгону менен Таластын алмасын, Чүйдүн сүтүн, Нарындын этин коңшу өлкөлөргө чыгарганга мүмкүндүк болбой жатат. […]

Видео – Бакыт Төрөбаев: “2010-жылы Кыргызстанга жылына 5 млрд сомго дары-дармек кирсе, 2015-жылы 13 млрд сомго кирип калды, 5 жылда кыргыз эли дары ичип эле жашап калды”

“Азыр эми Конституцияны өзгөртүү боюнча чечим кабылы алынды. Бирок, азыркы өзгөртүлө элек конституция боюнча да Сооронбай Шарипович сизде өтө чоң, эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар. Сизди президент колдоп жатат, мурдагы башкаруучу коалиция […]

Видео – Канат Исаев, ЖК депутаты: “Алмаз Атамбаев конституцияны одоно бузуп жатат, мыйзам алдында жооп бериши керек. Кыргызстанга 1937-жыл кайра келди”

“Конституциянын гаранты президент деп айтабыз. Кантип президент гарант болот, өзү конституцияны бузуп жатса? Конституциянын 63-беренесинин 3-пунктунда так жазылып турат “Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясый партияга мүчөлүгүн […]

Видео – Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Журналист Дайырбек Орунбековду 2 млн сом айып пулду төлөй албайсың деп камакка алуу бул – репрессия!”

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аламбет Шыкмаматов 9-ноябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ИИМ министрлигине көрсөтүлүп жаткан Улан Исраиловго суроо берип жатып айтты: “Бүгүн, коомчулуктун эң көп талкуусунда Улан мырза сиздин […]

Бегалы Наргозуев: “Кыргызстан соңку 25 жыл ичинде биринчи жолу быйыл “басма сөз эркиндиги жок” деген өлкөлөрдүн катарына кошулду”

Бегаалы Наргозуев. Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Маалымат каражаттарындагы эркиндик тууралуу “Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюмунун өкүлү Бегалы Наргозуев “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди. “Азаттык”: Кыргызстанда […]

Видео – Россиянын НТВ телеканалы “Кыргызстан конституциясын жоготуп алыптыр, Атамбаев барактап көргөнү алып кетсе керек” деп шылдыңдады

Кечээ, 3-ноябрда Россиянын НТВ телеканалынын “Международная пилорама” аттуу сатиралык теледолбоорунда алып баруучу Тигран Кеосаян Кыргызстанда конституция жоголгонун шакаба чегип, Алмаз Атамбаевдин конституцияга бир колун коюп, президенттике ант берип жатканын видеоархивден […]

Алмаз Атамбаев: “Биз конституцияны жиндиден сактаныш үчүн өзгөртүп жатабыз, ким билет президенттикке бир жинди келип калабы кайра”

“Мен Москвада окуп жатканда сопромат, теория машин и механизмов дегендерди окугам да, биринчи институттан, анан ошол жерден үйрөткөн бизди, Советтер Союзунда “защита дураков” деген бар болчу да. Бир жинди келип, […]

Алмаз Атамбаев: “Революциянын атасымын деп бакылдагандарга айтып калайын, 2010-жылы Түлеев менен Урмат Ак үйдү басып алабыз дешкенде баары качып кетишкен, Ак үйдө жалгыз Атамбаев калган”

“Азыр баары бакылдап жатпайбы революциянын атасы болуп, мына айтып калайын, баягыда айтпай калып, ошол бойдон томолонуп кетемби деп кайгырдым ачык айтканда больницадан. 2010-жылы 10-майда Нариман Түлеев контрреволюцияга чыкканда Ак үйдө, […]

Өмүрбек Текебаев: “2010-жылы Убактылуу өкмөт 1993-жылдагы Конституцияга эле кайталы деп туруп алышты, мен Темир Сариев менен Атамбаевге “анда силердин завод-фабрикаларыңар, гектарлаган жерлериңер элге кайтарылып берилет” десем өзгөрүштү…

“2010-жылы 18-майда эрте менен мен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө жаңы Конституция жазылып бүткөнүн жарыялап, талкууну баштоону сунуш кылдым. Ошол учурдун драматизмин силерге айтып берейин. Бирок, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү каршы чыкты. […]

Өмүрбек Текебаев: “Мен “Убактылуу өкмөт” деген китебиме Атамбаевди киргизбей койгондон тартып, ал Конституцияны өзгөртүүгө, биздин беделибизди түшүрүүгө киришти”

“Менден көп адамдар сурап жатышат, “Атамбаев эмнеге Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жанталашып жатат, анын эмне кереги бар?” деп. Быйыл март айынын аягында Атамбаев бизге, фракция лидерлерине “Конституцияны өзгөртпөш керек” деп айткан. […]

Өмүрбек Текебаев: “Роза Отунбаева 2011-жылы 31-декабрга чейин президент болуп олтурмак, Атамбаев аны шаштырып, кетирип, 30 күн мурун эле, 1-декабрда президент болуп олтуруп алды”

-Президенттин аппараты «эмне үчүн Отунбаеванын президент болгонун шашып, ошол күнү жарыялап коюшту. Шашпай эле референдумдун жыйынтыктары гезитке жарыяланган соң жарыялашайбы?» деген суроону коюп жатышат. Эмне үчүн? -Эми шашмалык жөнүндө кеп. […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев эч нерсени түшүнбөгөн адам экен, өзүн да, өлкөнү да уят кылды. 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке мыйзамсыз келген”

Кечээ, 25-октябрда Алмаз Атамбаевдин аппараты КР Конституциясынын түп нускасынын жоголушуна Өмүрбек Текебаев баш болгон 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн айыптап билдирүү таратышкан. Ошол эле учурда Атамбаев демилгелеп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү […]

Видео – “Чабыт”: Бегалы Наргозуев менен Качкын Булатов Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын ыдырашы тууралу ой бөлүшөт

Кечээ, 24-октябрда КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясы парламенттеги башкаруучу коалициядан чыккандыгын жана былтыр ноябрда түзүлгөн КСДП, “Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Өнүгүү” фракцияларынан турган көпчүлүк коалиция ыдыраганын билдиришти. “Сентябрь” телеканалынын “Чабыт” берүүсүндө экс-депутат […]

Кыргыз кызынан өлкө президентин өстүрүп чыгууну максат койгон саясатчы аялдардын “Аракет” саясый клубу түзүлдү

Кыргыздын Жаңыл мырзадай тайманбас Замира Сыдыкова, Клара Сооронкулова, Чолпон Жакупова, Камила Шаршекеева, Мира Жангарачева, Рита Карасартова, Элмира Ибраимова, Динара Ошурахунова, Элмира Ногойбаева баштаган ондогон саясатчы кыздары өткөн жумада саясатчы аялдардын […]

Эмилбек Каптагаев: “УКМКнын ар бир башкармалыгында бирден Россиянын ФСБсынын кызматкери “куратор” болуп олтурушат”

Кыргызстандын көз карандысыздыгы жана коопсуздугу тууралу кыргыз жарандарынын социалдык түйүндөрдөгү талкуусунан бир шиңгил сунуш кылабыз. Эдил Байсалов: КР Президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков эч нерсени жашырбай, ачык эле […]

Лейлектен кат: “Үка, бир сураныч, Икрамды жазбай эле койсоң, андан көрө Текени жаз, Текенин шоопуру 2010-жылы шоопурлуктан сразу зам.начальник Аламүдүнский РЭО болгон”

Аскат Тейит деген жаш активист жигит социалдык тармактарда байма-бай постторду жазып, өлкөдөгү коомдук-саясый турмушка өзүнүн позициясын билдирип, оозго алынып келатат. Акыркы учурларда ал Текебаевдин эрдигине шыктанып, аны колдогон постторду жаза […]

Видео – Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын экс-төрагасы: “Мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Алмаз Атамбаевдин бийликке келишине үлүш кошконум үчүн улуу кыргыз элинен кечирим сурайм!”

“Мен Алмаз Атамбаевге дагы кайрылуу жасагым келет. Алмаз Шаршенович, мамлекет жетекчиси өзүнүн элге берген кооз убадалары менен эмес, реалдуу жасаган иштери менен тарыхта калат. Сиз бийликтен кеткенден кийин байлыгымды кантип […]

Жылдыз Мусабекова, КСДПчы депутат: ”Мугалимдер уйчудай, койчудай деп айтты деп арданып бүтө албай жатышат. Арданса оңолушсун. Айрым досторум мен депутат болуп шайлангандан бери ичтеринен көрө албастык кылып келе жатышат”

— Жылдыз Аманбековна, мугалимдерге ачуу сын айтканыңызга эмне түрткү болду? — Биздин комитетке билим берүү тармагын реформалоо боюнча контракт ишти 36 млн Евро, 6 млн евросу техникалык жардам деген маселени карап жатканбыз. […]

Болот Шер шайлоодон кийин Атамбаевди “Алмаз, сен катын экенсин, мобу жоолукту башыңа салып ал!” деп жоолук ыргытканын Бекназаров да далилдеп китеп жазды

У6агында  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баары теңата болушкан. Балким алардын көбү Атамбаевден кыйын болушкандыр. Ал эми Атамбаев болгону алардын 3-4 сабында жүргөн саясатчы гана болгон. Алар Атамбаевдин ким экендигин жакшы билишет. Аны […]

Азимбек Бекназаров, экс-башкы прокурор: “Эркебаев “ит куйрук” болсо, Сариев кубулма жүздүү”

Туура бир айдан соң каарманыбыз 60 жашка чыгат. Алтымыштан ашса да арыдым-карыдым дебеген “Бульдозер” журналисттердин, үзөңгүлөштөрүнүн коштоосунда саясатта жүргөн жылдарын, эки революциядагы мээнетин, саясатчылардын чыныгы жүздөрүн камтыган китептерин, документалдуу фильм, […]

Туйгуналы Абдраимов, БШКнын экс-төрагасы: “Икрам Илмиянов менин шоопурум болгон, анан кызматтан бош калганымда Алмаз Атамбаевге өткөрүп бергем”

-Азыр өлкөдө президенттен кийин эле Икрам Илмияновдун таасири чоң болуп атпайбы. Ал убагында сиздин шопуруңуз болгону айтылып жүрөт. Чынбы? –Ал чын. Икрам мага келгенде, мен өкмөттүн алдындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу […]

Туйгуналы Абдраимов, Саламаттыкты сактоо экс-министри: “Атамбаевдин чын эле ден соолугу начар, ушунчалык тез карыды, орустардын «Тяжело шапка Мономаха» деген сөзү бар”

– Акыркы учурда эски досуңуз Алмазбек Шаршенович ооруп калды. Ага кандай каалоо-тилегиңиз бар? –Каалаганым – батыраак жакшы болуп кетсин. Сакайып алсын. Атамбаевдин он жыл мурдагы сүрөтү менен азыркы сүрөттөрүн салыштырсаңар, […]

Бактыгүл Жумабаева, мурдагы Апрель Баатыры: ““Көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей Атамбаев менен Текебаев бийликке жетишкенде көөп кетишти”

“Эгер Кыргызстан бүгүнкүдөй, мышык ыйлагыдай  абалга кептелерин билгенде биз 2010-жылы Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдерди колдомок эмеспиз. Булар бийликке келери менен мародерлук, банк ячейкаларын тоноо,  бажы кызматынын жетекчи кызмат орундарын сатуу, коррупция […]

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: “Текебаев жалаң калп менен жашап келген бактысыз саясатчы…”

  — Өмүрбек байке, кечээ күнү мурунку кесиптешиңиз Өмүрбек Текебаев журналисттерге мүлктөрүн көрсөтүп, Орто-Сай 2 шаарчасындагы курулушу бүтө элек үйүнүн участогун сиздин жубайыңыз Бейиль эже сунуштап, жарым акчасын төлөп алып […]

Болот Шер менен Садык Шерден неге үн чыкпай калды?

Кыргызда “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз” деген мааниси терең улуу сөз бар.  Анын сыңарындай азыркы күндө өлкөбүздө Текебаев менен Атамбаевдин,  “Ата-Мекен” партиясы менен КСДПнын тиреши […]

Зулфия Марат, укук коргоочу: “Алмаз Атамбаевдин эки баласы Кыргызстандын электроэнергиясын 5 жылдан бери ортомчулук кылып сатып келатышат. Бул коррупция!”

“Алмаз Атамбаевдин эки баласы Кыргызстандын электроэнергиясын 5 жылдан бери ортомчулук кылып сатып келатышат. Бул коррупция! Мына ушул чындыкты элге айтканы үчүн Атамбаевдик бийлик Эрнис Карыбековду камап салды”, – деп билдирди […]

Өмүрбек Абдрахманов: “Текебаев Москвалык “Мегафон” компаниясынан силерге “Мегакомду” алып берем деп $ 1 млн алган, алар менен Текебаевдин кабинетинде жолугушканбыз”

-Өмүрбек байке, сиз Текебаев жетектеген “Ата-Мекен” партиясы 2010-жылы россиялык бир компаниядан “Мегакомду” силерге алып беребиз деген убада менен 1 миллион доллар акча алып, парламенттик шайлоого пайдаланганын, бирок, кийин убадасын да […]

Өмүрбек Бабанов менен Путиндин оң колу Дмитрий Песков эмнеге жолугушту?

Жакында эле, 16-сентябрда КМШнын Бишкекте өткөн саммити учурунда  Россиянын президенти Путиндин оң колу, президенттик администрациянын жетекчисининин орун басары, пресс-катчысы  Дмитрий Песков КР Жогорку Кеңешинин “Республика-Атажурт”  фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен […]

Өмүрбек Абдрахманов: “Максим Бакиевге тиешелүү БНК компаниясын революциядан кийин Текебаев баш болгон “Ата-Мекенчилер” башкарышып, $ 60 млн турган компанияны $ 3 миллионго саттык дешкен, ортодон $ 57 млн пайда табышкан”

— Россиянын биздин мамлекетке болгон үстөмдүгү күчөп жатканы билинүүдө. Стратегиялык маанидеги ишканалардан тартып жеке мекемелерге чейин орустардын компаниялары сатып алып жатканы да көп нерсени билдирсе керек. Жакында эле “БНКны” орустардын компаниясы […]

Селсаяк “ичкичтин” элесин жараткан АКШдагы кыргыз элчиси же кыргыз дипломатия кейпи “ичкичтердин” деңгээлинен өйдө көтөрүлө албай калганбы?

Төмөндө президент Алмазбек Атамбаевдин экс-басма сөз катчысы, Кыргызстандын АКШдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогуловдун социалдык түйүндөргө жарыяланган сүрөттөрүн гезит окурмандарына да тартуу эттик. Көргүлө да, бааңарды бергиле […]

Топчубек Тургуналиев, УӨ мүчөсү: “2010-жылы эле Отунбаева менен Каптагаев Убактылуу өкмөткө 22 бөлүм ачып, 13 бөлүм башчыны көлдөн, 8 бөлүм башчыны Таластан коюп алышыптыр, бул трайбализм…”

– Арыбаңыз, Топчуке. – Бар бол. Сен да арыба, айланайын. – “Топчуке саясий майданга кайра чыкты” деген сөз өлкөнү аралады. Себеби? – Элди сестенткен, ойду оргуштаткан көйгөй маселелер өзгөчө курчуганда […]

Бегалы Наргозуев: “Корбашынын абийирин кантип ачышмак эле?”

-Президент А.Атамбаев Текебаевдин 2,7 гектар мурда Максим Бакиев ээлик кылган жердин азыркы ажого коррупциялык жол менен өтүп кеткени тууралу билдирүүсүн, о.э. учурунда түштүк коогалаңынын башкы уюштуруучусу катары саналган Кадыржан Батыровдун […]

Пан Ги Мун, БУУнун Генкатчысы: «Көп мамлекет башчылары бийликти кармап калуу үчүн конституцияны өзгөртүшүп, шайлоолорду будамайлап жатышат”

Азыр Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун 71-Генералдык Ассамблеясында, 20-сентябрда БУУнун Генкатчысы Пан Ги Мун чыгып сүйлөп, дипломаттык этикетти мындай жыйыштырып коюп эле бүгүнкү күндүн курч көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз мамлекет […]

Өмүрбек Текебаев: «Кадыржан Батыров менен Алмаз Атамбаев 2010-жылы 5-июнда Атамбаевдин үйүндө жашыруун жолугушкан»

«Кадыржан Батыров менен Алмаз Атамбаев 2010-жылы 5-июнда Атамбаевдин үйүндө жашыруун жолугушкан», – деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан  маалымат жыйынында. “Атамбаев 2010-жылы 5-июнда Кадыржан Батыров, Салахудинов […]

Алмаз Атамбаев өзүнүн туулган күнү менен КМШнын саммитин кандай өткөрдү?

Ушул боз үйдү куруу үчүн 179 миллион сом каражат чыгымдалган.   Мындан 25 жыл мурун, 1991-жылы КМШ  түзүлгөндө кыргыздын белдүү дипломаттарынын бири, Кыргызстандын бир кездеги Тышкы иштер министри Мурат Сансызбаев […]

Видео – Алмаз Атамбаев Путинге: “Ал (Александр Невский) мага окшоп татар элинин күйөө баласы болгон”

Кечээ, 17-сентябрда Бишкекке КМШнын саммитине келген Россиянын президенти Владимир Путин Алмаз Атамбаевдин туулган күнүн жана 60 жылдык юбилейин куттуктап Александр Невский орденин тапшыруу учурундагы диалог: В.Путин: – Сизди Александр Невский ордени […]

Видео – Саясый элитада кармаш башталды

Бүгүн, 15-сентябрда “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” берүүсүндө КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаттары Бегалы Наргозуев менен Курманбек Дыйканбаев кыргыз парламентиндеги башкаруучу коалициянын тагдырына байланышкан талаш-тартыштар жана “Ата-Мекен” фракциясынын лидеринин мамлекет […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Бакиевдердин Кой-Таштагы 27 гектар жерин Алмаз Атамбаев 5 жыл катып жүрүп, эми классикалык коррупция жолу менен өзүнө каттатып, үй сала баштады”

“Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Бакиевдердин 27 гектар жерин Алмаз Атамбаев 5 жыл катып жүрүп, эми классикалык коррупция жолу менен өзүнө каттатып алып, азыр үй сала баштады. Ал жер мамлекетке өтүш керек […]

Алмаз Атамбаев кызы Алия менен күйөө баласы Костянын үйлөнүү үлпөтүндө Өмүрбек Бабановду өкүл ата кылып дайындаптыр

Алмаз Атамбаев 27-августта Бишкектеги Skyhall ресторанында той берип, 19 жаштагы кызы Алияны 24 жаштагы Константинге күйөөгө узаткан. Анда кыз тараптан 15 киши, “бүткүл кыргыз элинин күйөө баласы” тараптан 15 киши, баары […]

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор: “31-августта Отунбаева, катын киши эркек кишиге теңелбей унчукпай басып кетип калды. Бул деген “сен катындан да жаман экенсиң” дегендик да”

-Азимбек мырза, өзбектер күч менен басып олтурган Унгар-Тоо боюнча президентке кайрылуу жасап, “мага уруксат берсеңиз ала допучан туугандарды кууп түшөм” деп айттыңыз. Өзбектер болсо Унгар-Тоону биздин аймак деп жарыялашты. Кууп […]

Эдил Байсалов, жаш саясатчы: “Атамбаев 2010-жылы эле эки-үч жолу өтө одоно, чач тик турчу кадамдарга барган, ошону көрүп-билип туруп, Отунбаева ал кишиге бийликти өткөрүп берген”

– Эдил мырза,  2010-жылы революциядан кийин Роза Отунбаеванын аппаратын башкарчусуз, анан мамилеңиз эмнеден улам алыстап кеткен? – Мен дайыма айтам, ал эжеге да бетине далай айткам, “Роза Исаковна, вы очень хорошая тетушка, […]

ELLE: Кыргызстандын президентинин 19 жашар кызы Алия Шагиева күйөөсү Константин экөөсүнүн үйлөнүү үлпөтү кандай өткөндүгүн айтып берди

Алия Шагиева орус жигитке күйөөгө чыккандыктан республикада  улутчул маанайдын толкунун жаратты. Өткөн жумада президент Алмаз Атамбаевдин кызынын жана анын орус улутундагы күйөөсү Константиндин  жашыруун өткөн үйлөнүү үлпөтү жөнүндөгү маалымат Орусиялык […]

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова президент Алмаз Атамбаевге психиатриялык комплекстүү экспертиза өткөрүүнү талап кылды

“Мен президент Алмаз Атамбаевге психолого-психиатриялык комплекстүү экспертиза өткөрүүнү сунуштайм. Бул үчүн менде эки негиз бар. Быйыл Энелер күнүндө Алмаз Атамбаевдин укук коргоочулардын дарегине айткан акаарат сөздөрүн Астанадан филология илимдеринин доктору, […]

Бүгүн Роза Отунбаева жумуш издеп Европага учуп кетти

Бүгүн, 6-сентябрда Роза Отунбаева Европага учуп кеткенин биздин булактар кабарлады. Айтымдарында Атамбаевдин кылык-жоругунан тажаган Роза Исаковна Батыш тараптан, эл аралык уюмдардан жумуш караштырып жүргөн экен. Азыр ЕККУнун Улуттук азчылык боюнча […]