Дүйшөмбү, 15 Октябрь, 2018 - 18:23
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Саясат

Жакын арада саясый күчтөрдүн биригүүсү күтүлөт

Быйылкы күз саясый көз караш менен алганда кызыктуу окуяларга бай болору ажеп эмес. Өзгөчө жаңы кадрдык орун алмаштыруулар, саясый күчтөрдүн 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңешке шайлоого карата активдешүүлөрү, өкмөттүн жумушундагы […]

Маданият министрлигине Алтынбек Максүтовдун көчүк басары чынбы?

Маркум Султан Жумагуловдун ордуна экс-министр Алтынбек Максүтов кайрадан келери чынбы? Бул жагын Акүйдөгү өздүк булактарыбыз да шардана кылышууда. Эгерде бул жигитке бул сапар да оомат оосо, тармактан чыккан татыктуу кадр […]

Канышай Мамыркулова, журналист: «Суракматов мага батир бермек беле, «тынч отур» десе керек да»

Журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулова өкмөттү, БШК төрайымын, президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасын шалаакылыкка айыптап, сотко берди. Мамыркулова Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Ош шаарынын мэри […]

Улан Примов, депутат: Айыл чарба министрлигин реформалоо-заман талабы

– Улан мырза, парламенттеги бир катар кесиптештериңиз «азыркы шартта айыл чарба министрлигинин кереги жок болуп калды, аны жоюп эле салыш керек» деген сунуштарын айтышууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? – […]

Азиз Суракматов, Бишкек шаарынын мэри: Таза жана жашыл, кооз шаар курууга бел байладым

Азиз Суракматовдун Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап жатканына туура үч ай толду. Чынын айтканда, башында аны кабыл албай жаткандардын көбү азыр Суракматовдун калаа  башчысы катары ишмердигине ыраазы болуп жатышат. Баарынан […]

Рыскелди Момбековдун “единицасы” түгөнсө, Таластын мэри кызматтан кетеби?..

Кыргыз парламентинин «клоунуна» айланган Рыскелди Момбеков деген депутат бар эмеспи. Биринчи класстын баласынчасынан жаттап алган жамак сөзү менен элдин көңүлүн өзүнө буруп, айрым учурларда «тескери учкан жагалмайлыгын» карматып турат. Бул […]

Эшимканов урматтаган Туйгун байке сыйга татыктуу

Раматалык Мелис байке Эшимканов айтып калчу: «Туйгун байке менен сүйлөшсөм чер жазылып, жан дүйнөм жай алып, бир жыргап, эс алып калам…» деп. Агезде мен Туйгунаалы Абдраимов менен ара-чолдодо саламдашып калганым […]

Өлкөдө альтернативдүү үчүнчү күч калыптанууда

Барган сайын саясаттын казаны кайнап, жакынкы күндөрү түрдүү кызыктарга күбө болот окшойбуз. Президент Жээнбековдун бир жылдык иш үзүмүнүн жыйынтыгын утурлай өлкө башчысына экс-президент Атамбаев баш болуп, бир катар суроолор менен […]

Кыргызстан Кытай менен визасыз режимге өтүшү керекпи?

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү туризм тармагынан түзүлгөн ички дүң продукциянын 30 пайызын дал ушул Кытай […]

Бишкек ЖЭБи боюнча камалгандардын конкреттүү күнөөлөрү эмнеде, АША эмнени чаташтырууда?

Бишкек жылуулук борборунун эң башкы милдети- борбор калаанын калкын жылуулук менен камсыз кылуу. Электр энергиясын иштеп чыгаруу — анын кошумча экинчи вазийпасы экендиги талашсыз. Бирок биз Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн парламенттик […]

Эмилбек Каптагаев: Атамбаев элдин башын айлантып, коомчулукту алдоо аракетин көрүп жатат

Саясий жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев  3 октябрда өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына экс-президент Атамбаевдин Бишкек ЖЗБин реконструкциялоого байланышкан билдирүүсү боюнча пикирин жазды. Төмөндө анын пикирин өзгөртпөй беребиз. “Жарымы төгүн, жарымы чын…” деп айтылгандай […]

Ошто мэрия кызматкерлери майыптардын батирлерин өздөрүнө жаздырып алышкан

Былтыр Ош шаарына караштуу “Анар” кичи районундагы жаны салынган көп кабаттуу үйдөн майыптарга 66 батир атайын ажыратылган. Бирок, буга дейре козголгон кылмыш ишинин алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратыла турган үйлөрдүн […]

Ошто учак асманга көтөрүлө электе дөңгөлөгү жарылды

30-сентябрда, жекшемби күнү саат тогузга чукул Ош Эл аралык аба майданында Москва шаарын көздөй учкан Boeing 737 учагы кайрадан конууга мажбур болгон. Анткени, АviaTraffic компаниясына таандык учактын дөӊгөлөгү кадимкидей жарылып, […]

Туй байке Жээнбековду укпай, 60 жылдыгында ой-да кутурду!

Кыргыз Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, же эскиче айтканда губернатору Туйгуналы Абдраимов эки күн мурда 60 жашка чыгып, бул датаны өзгөчө шаан-шөөкөт менен белгиледи. Президенттин аш-тойлор боюнча позициясы […]

Таалай Сарыбашев тилемчилик кылган кемпирге акчалай жардамдашат

Кыргызстандын түштүк башкалаасынын мэри Таалайбек Сарыбашев көчөдө тилемчилик кылган 80 жаштагы Ашым Анарбаеванын үйүн бүтүрүүгө каражат жагынан жардамдашат. Бул туурасында калаа башчысы редакциябызга өзү кабарлады. Анткени, Ош шаарына караштуу Озгур […]

Турсунбек Акун: Ысык-Көл форуму-акылдын үнү болду

Акылдын үнү болгон, эркин баарлашууга жол ачкан эл аралык Ысык-Көл форумунда көтөрүлгөн маселелер жана анда кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгын билүү максатында Турсунбек Акунду кепке тарттык. – Турсунбек мырза, 21 жылдан […]

Эрлан Абдылдаев Кыргызстанды кытайлаштыруу, туулган жерин коңшуларга тебелетүү, тизелетүү саясатын ийгиликтүү ишке ашырууда

Ашанын бийлигин өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп (бир жагынан бул кызматташуу атамбаевчилер үчүн да өтө пайдалуу болгон), элдин ырыскысын кемиткен олигархтардын көч башында Рахат Ирсалиев тургандыгы анык. Бүгүн Атамбаев баштаган кайсы долбоор […]

Ташиевдин элүүгө чыгар замат айткан сөздөрү талкууга түштү

Өткөн айдын 27 синде “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 50 жашка чыкты. Дүңгүрөтүп той берген жок, тек гана үйүндөгү жашыл шиберге чакан дасторкон жайып, жакын санаалаштары, достору, бир туугандары, партиялаштарынын […]

Атамбаев сот жообуна тартыла турган күн жакындап калды

Кыргызстанды алты жылда аңга түртүп, 60 жылда да төлөп бүтө алгыс карызга батырган, жалаң тегерегиндеги пол жуугуч, таразачы, жансакчы, шоопур сыяктуу ат кошчуларын мамлекеттик жогорку кызматтарга коюп, мамлекеттик башкаруунун ашмалтайын […]

Хабиб менен Камчыкенин окшоштугу эмнеде?

Өткөн жекшемби күнү бүткүл дүйнө жүзүнүн көңүлү UFC 229 турниринин мушкерлери дагестандык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макрегордун мушташына бурулду. Америкада болгон бул беттешти планетанын баардык жашоочулары жаш баладан тартып, […]

Атамбаев Мадумаровдун кейпин кийгени калдыбы?

Депутат Кожобек Рыспаев чынында КСДПнын “партбоссу” Алмаз Атамбаевдин дарегине өтө катуу деле сын айткан эмес. Ал партиянын акыркы кездеги мышык ыйлагыдай абалына күйүп-бышып, кийинки шайлоодо уурулук кылбаган, коррупцияга аралашпаган, таза […]

Таалайкүл Исакунова менен Лунара Мамытовага кылмыш иши козголобу?

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Т.Исакунованын эч нерсе иш кылбагандыгын бир нече ирет баса белгилеп, орун басарлары менен бирге оюн-зооктон, көңүл ачуудан башы чыкпай жатканы боюнча тынбай коңгуроо кагып […]

Илимди “Ата Мекенчилер” неге кодулашат?

Илгери Текебаевдин каруусунда күчү толуп-ташып турганда КТР ге өзүнүн жигити Кубат Оторбаевди отургузууга дымагы жеткен. Анысы колунан келишинче кызматын өтөп берди. Жакшы эле бул жердин ырыскысын ашады, курсагы тойду, каада […]

Айрымдар толук түшүнбөй эле урдура беришет

Азыр ким кааласа интернетке кирип алып  бышпаган “самсаларын” чала ийлеп чыгара берчү болду. Эми мунун тескери таасири күчөп кеткени кээ бир учурда кесепети тийип кетерин билдик. Ошондуктан чала-була бирдемкени күрмөй […]

Активисттерге устукан таратуу башталды

Азыркы бийликтин алгачкы салынган “борозу” кандай ийгиликтерге жетерин көзү ачыктык кылып айтууга эртелик кылат. Ошентсе да Дастан Бекешов, Алга Кылычовдор менен талыкпай кармашып келаткан жигиттин кылмыш иштери толук кыскартылып, ал […]

Ишке жарактуулар неге четте калышат?

Шүгүр дейли, иштин көзүн билген, кызмат берсе майын чыгара турган кадрлар жок эмес, бар. Тилекке каршы андай азаматтарды бийлик көргүсү келбей жатпайбы. Эмнегедир ким бийликти мыкчыса да өзунөн деңгээли жогору […]

Күнөөсүн моюнга алуу да эрдик

Экинчи ыңкылаптан кийин өлкөнүн баш прокурорлугуна отурган Аида Салянованын жылдызын Убактылуу өкмөттүн тизгинин колуна алган Роза Отунбаева болгону боюнча маалыматты көбү унутуп баратышат. Мунун деле жөнү бар эле. Анткени кыйынмын […]

Ошто “Улуу-Тоо” чек ара тозотунун жаңы комплекси ачылды

5-октябрда Ошто «Улуу-Тоо» чек ара тозотунун жаңы комплексинин ачылышы болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Чек ара тозотунда администривдик жайлары бар казарма, офицердик курам жана алардын үй-бүлөсү үчүн […]

Бишкектин деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгууга 24 млн.сом коротулду

Бишкек мэриясы шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгууга 24 млн сом коротту. Бул тууралуу аталган долбоорду талкуулоо маалында калаа башчы Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында, калаанын борборун деталдуу […]

Өз жетекчилигинин кыңыр иштерин ачыктаган Анара Мамбеталиева кызматка кайрадан келүүгө даяр

Мыйзамсыз иштен алынган Мамэкотехинспекциянын кызматкери мурункудай эле өз ишин сүйөөрүн билдирди, бирок кайрадан ишке чакыруу катын ала элек. Экологиялык жана техникалык коопсуздук Мамлекеттик инспекциясынын мурунку маалымат катчысы мекеменин жетекчилигинен кайрадан […]

КСДПнын депутатына эл аралык издөө салынат

Тынай Жансейитовго карата «Өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Токмок шаар кеңешинин депутаты Тынай Жансейитов айылдашын бычактаганга айыпталып, эл аралык издөө салынды. Бул тууралуу сайтына Чүй облусунун ШИИБнүн […]

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага Кайрылуу

Билим берүү министри Г.К. Кудайбердиевага, Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматовго, Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы С.Ж. Мейрмановага Кайрылуу Урматтуу билим берүү министри, Бишкек шаарынын мэри жана мэриянын астындагы билим берүү […]

Бабановго карата козголгон иштин, токтотулушу элдин үмүт отун жандандырууда

Президенттик шайлоо өткөнүнө бир жыл деле болуп калды. Ал башка мамлекеттердикине салыштырмалуу атаандаштык жана демократиялык негизде өткөнүнө көпчүлүк байкоочулар маани берген. Оппозициячыл партиядан чыгып дээрлик 600 миңге чукул добуш алып, […]

Осмонбетов комитетти ойрондотмой болду…

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов кызматка барбай жатып башаламандык кыла баштады. КСДПдан куулуп, алапайын таппай турган Кожобек Рыспаевдин көздөй адамы Мурадыл Жумадыл уулун орун […]

Исаевдерге бийликтин ичи эзилип жатканынын сыры эмнеде?

Президент Сооронбай Жээнбековго каршы шайлоодо Өмүрбек Бабановдун таламын талашып, бийликти басып алууга даярдык көрүүдө деген шек менен камалган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге бийлик ырайым кылды. Учурда үй камагына чыгып, […]

Шаршембиев “Коопсуз шаардын” таш талканын чыгарды…

“Коопсуз шаар” долбоору ара жолдо турат. Тактап айтканда, 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоору бул жолу да үзгүлтүккө учураганы калды. Анткени 4-октябрда “Коопсуз шаар” боюнча өткөн сынакка катышкан […]

Абулгазиев эшек экспортун жолго койду

Учурда өлкө экономикасы мышык ыйлай турган абалда. Экономиканын кургуйга кулашы Мухаммедкалый Абулгазиев премьер-министр болуп келгенден бери башталды. Иштин көзүн билбеген мажүрөө, чечкинсиз ымтыраган Абулгазиевдин кесепетинен бардык тармакта сенектик абал өкүм […]

Шакированын ордуна Кундашев келеби?

Дары-дармек департаментине кесиби экономист Гүлмира Шакирова аттуу айым дайындалган күнү коомчулук муну кадр саясатындагы эң чоң катачылык катары кабыл алган. Себеби медицина бул – адам өмүрү. Андай жерге кесипкөй кадрлар […]

Бийликтин жүзү Жапаровдун өңүндөйбү?

Коррупцияга айыпталып кылмыш иши козголгон Акылбек Жапаровдун эмдигиче сот жоопкерчилигине тартылбай жүргөнү, коомчулуктун көзүнө чыккан тирсектей эле болду. Президент Сооронбай Жээнбеков «Коррупционерлердин атын атагыла, чара көрөбүз» – деп айткан менен, […]

Иса Өмүркулов “саяк” жыттанган уруулук тууну көтөрүп, Атамбаевди укпай, Кожобек Рыспаевге жан тартууда

Базардан түз эле Жогорку Кеңешке «секирген» Кожобек Рыспаев кандай учурда, кантип жыланга окшоп терисин алмаштырып, хамелеондой түсүн өзгөртүш керектигин куп гана далилдеди. Эл көзүнө калп эле күпүлдөгөн менен чыныгы жүзүн […]

Абжапаров салык тармагын коррупциялаштырып жибердиби?

Учурда Салык тармагын өкмөт башчысы Абулгазиевдин кол баласы катары таанылган, соцфонддун мурдагы жетекчиси Теңизбек Абжапаров тейлеп жатат. Бул жигит Соцфондду башкарып турганда эле «эт эмес же чел эмес ортозаар жетекчи […]

Жеңиш Молдокматов: Аткаминерлер кабинеттеринен чыгышса эле дароо чет мамлекеттерге саякатташат

– Статистикадан алганда, КМШ өлкөлөрү боюнча пенсияны эң аз алган биздин өлкө болуп саналат экен. Биздин пенсионерлер алган пенсия тууралуу кандай экономикалык анализ бере аласыз? – Эмгек жана социалдык өнүктүрүү […]

Акылбек Жапаров: Чогулбай калган салык бирөөлөрдү байытууда, мамлекетке түшкөн жок

– Акылбек мырза, сиз кошумча нарк салыгын эң коррупциялашкан салык катары мүнөздөдүңүз. Эмне үчүн антип ойлойсуз? – Мурун кошумча нарк салыгын (НДС) биздин чек арадан өтөрү менен бажыкана татынакай кылып […]

Кылычбек Султан эмес, ТИМ башчысы кетиши керек!

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги чет мамлекеттерде өткөрүлчү иш-чараларга бара турган адистерди тандоодо бийликти кылдат болууга чакырды. Элчиликтин 1-октябрдагы билдирүүсүнө ылайык, туура эмес тандалган адистер өлкөнүн аброюна зыян келтирүүдө. “Курорттор ассоциациясынан […]

Туратбек Мадылбеков киришкен иштин бети сөзсүз ачылып, кылмышкерлер камалчу…

Үстүбүздөгү жылдын 5 октябрында Кыргыз Республикасынын кылмышкерлерди иликтөө кызматынын 100 жылдык мааракеси белгиленет. Бул датага байланыштуу учурда жогорку денгээлде даярдыктар көрүлүп жатат. Бир кылымды камтыган кылмыш иликтөө кызматынын тарыхында өзүнүн […]

Кашкар Джунушалиев, ИИМ министри: Кылмыш иликтөө тармагынын эр жүрөк кызматкерлери менен кыргыз эли сыймыктана алат

Кымбаттуу кесиптештер, урматтуу криминалдык милиция кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери! Сиздерди Кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөн күнүнө 100 жыл толгонуна байланыштуу маараке майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул өткөн 100 жыл ичинде […]

Атамбаев эми Сегизбаевге жолукса: “көзүң жылуу учурайт, сен ким элең?” дейт..

Негизги алкактан караганда Кыргызстан алакандай эле мамлекет. Андыктан кандай гана жаңылык болбосун, тез эле жел менен жарышып Ала-Тоону аралап жөнөйт. Демек, «укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба» деген […]

Рахат Ирсалиевдин баш айланткан афераларына качан баа берилет?

АШАнын бийлигин өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп (бир жагынан бул кызматташуу атамбаевчилер үчүн да өтө пайдалуу болгон), элдин ырыскысын кемиткен олигархтардын көч башында Рахат Ирсалиев тургандыгы анык. Бүгүн Атамбаев баштаган кайсы долбоор […]

Абдыкаров ар-намысын 1 миллионго баалады

Далай чырдуу иштерде аты аталып жүргөн Данияр Абдыкаров эч далилсиз, жалган маалымат берди деп биздин гезитти сотко бериптир. Кыргызда жакшы сөз бар “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деген. Ошол сыңары […]

Кулматов курган мектеп алтынданбы?

ЖК комитетинде депутат Данияр Аттокуров: “Калыс-Ордо” конушундагы мектеп иштеп жатса эле, мурунку мэр Кубанычбек Кулматовду эмнеге отургузуп коюшту”, – деп балп этти. Анын айтымында мектеп мыкты экен. Булар депутаттык креслого […]