Дүйшөмбү, 22 Октябрь, 2018 - 0:49
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Саясат

Башкы прократура Сарпашевдин сары изине түштү

Кыргызстандын экс- вице-премьер-министри, Мамлекеттик каттоо кызматынын (ГРС) экс-же­текчиси Тайырбек Сарпашевге козголгон кыл­мыш иши кайрадан жандандырылды. Бул туу­ралуу жума башында Башкы прокуратурадан билдиришти. Мындайда айрым атуулдар «кай­сынысы же канчанчы кылмышы боюнча […]

Нурсултан Назарбаев: «Кыргыздарды карагылачы…»

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өткөн жумада Казахстандын бардык активдерин чогултуп алып калкына кайрылуу жасады. Бир топко чейин бир топ маселелерди айтты. Кээ бир чиновниктерин жарга катуу эле такады дагы. Ал […]

КСДПчы «күн карамалар»

Эмне үчүн бийлик бекем принциби жок адамдардан куралат? Ар бир партиянын Саясий Кеңеши бар. Адатта ошол Саясий Кеңеш партиянын ишин, келечек багыттарын аныктайт жана бекитет. Ал эми Саясий Кеңеш чыгар­ган […]

Манаска эч ким тийишкен жок, Манас ээн-эркин эле

Өткөндөгү президенттик аппараттын соттук реформа жана мый­замдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Манасбек Ара­баев деген жигит “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен 2018-жылдын 15-майында кызматынан бошотулган. Анан калса анын дарегине […]

Ташиев шайлоого катуу даярданууда

Жакында HewTB каналында «Бийликке кандай тартип ке­рек?» деген темада түз эфир­деги көрсөтүү болуп, анда бийлик, саясат, мыйзам, парламент тууралуу ар кандай суроо-жооптор айтылып, көрсөтүүгө ка­тышканы келген Камчы­бек Ташиев берилген суро­ого: […]

Жакында өкмөттүн жаңы структурасы каралабы?

Облустарды, райондорду жо­юу маселеси парламентте ток­той элек, токтомок турсун күчөп баратат. Андай болсо «120лар­дын» санын да кыскартуу мез­гилдин талабы болмок турсун накта талабы болуп жатка­нын эл өкүлдөрү эмнеге үн ка­тышпайт? […]

Байболов эмнени айткысы келди?

Бир кезде, 2007-жылы Жогорку Кеңеш Ак үйдүн 7-кабатынын буйру­гу менен ит куугандай таркатылып жатканда андагы депутат Кубатбек Байболов ошондогу Жогорку Кеңеш­тин акыркы сессиясында: «Кыргыз эли, бүгүнкү күндү эстеп койгула, демокра­тиянын […]

КСДП чыккынчылар атка конобу?

КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясынын таанымал депутаттарынын бири Ирина Карамушкина социалдык тармактарга өзүн жана партиялаштарын кабатырга салган “КСДПны рейдерлик жол менен басып алуу даярдалууда» деген маалыматты жазып чыкты. Анын жазганын толук […]

Карыпбеков кызматтан кеткиси келбейт

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Белизгейт» иши Илим Карыпбековдун абийирине коюлганын айтып, КТРКнын башчысы жигитче убадага турбаганын сынга алды. Өз кезегинде Илим мырза: «Мыйзамда КТРКнын башкы мүдүрү кайсы бир мамлекеттик […]

Төраганын пикири талаш жаратты

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Анталиядагы жолугушууда Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володинге: «Биздин Россиясыз бир нерсе кылышыбыз кыйын, экономикабыз да аларга байланган. Биз аны дайыма сезип турабыз. Биз муну ачык эле […]

Сапар Исаковдун адвокаты Нурсулуу Ахметованы дагы суракка алууну талап кылууда

Камактагы Сапар Исаковдун жактоочулары тергөөчүгө президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметованы ТЭЦ чырына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алуу өтүнүчүн келтиришти. Улуттук коопсуздук комитети иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн президенттин аппаратынын […]

“Кара кулак шер менен арстандын” түрпөтү жок

Өзүн Оштун кожоюну атап, борбордук бийликти тоготпой тайкылыгын айгинелеген Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголуп, керт башын калкалап Кыргызстандан чыга качкан. Оштогу чыңалган саясий кырдаалдан пайдаланып өзүн пиарлап «кара кулак шер, […]

Президенттин демилгеси жакшы, бирок тизмеге аяр мамиле керек

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Талас облусуна иш сапары менен барды. Эл менен жолугушуу учурунда, президент жакынкы аралыкта Кыргызстандын мурунку премьер-министрлери, Жогорку Кеңешинин мурунку спикерлери менен жолугушууну пландап жатканын билдирди. […]

Эми мэр болом дегендер кыйшаңдай алышпайт…

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине талапкерлердин мамлекеттик тилден сынак тапшыруусу боюнча эрежеге өзгөртүү сунуштайт. Тийиштүү мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Долбоордо талапкерлер милдеттүү түрдө «Кыргызтесттен» өтүп, «ортодон […]

Дамира Ниязалиева, мурдагы өкмөт башчынын орун басары:«Жакшылыктан күдөр үзбөй, алдыга карай умтулуу кажет»

“Кызмат деген колдун кири”- деп айтылат нукура элдин ичинде. Антсе да мамлекеттик кызматтын жоопкерчилиги, ысыгы, суугу болору белгилүү. Эгерде бийлик бутагында жүргөндө элдин жылуу пикирине алынсаң анда сени маанайды көтөргөн […]

Журтчулукка аттын кашкасындай таанымал – Аскарлар

Акаевдин тунгуч президент болуп калганына мурдагы дөө-шаалардын бири-бирине жасаган кыянатчылыгы түздөн-түз себепкер болуп берди. Ошентип ойдо жок жерден академик журтту башкарууга киришти. Башында жөнөкөйлүгү, элпектиги, ийкемдүүлүгү, маданияттуулугу аркылуу карапайым элдин […]

Лунараны министр кылышса болмок

Интриганын баары парламенттен башталары ырас. Айрым убакта кызматтагыларга атайын аңчылык кылынат. Эгерде айтканы дал келбесе билмексен болуп кутулушат. Капыстан кичине илинчегин таап алышса тимеле кайта-кайта микрофонго чыга калып, биротоло күм-жам […]

Бай аялдардын сап башындагылары

Союздун ыдырап кетиши керек болсо аялдардын да көз карашын өзгөртүп, мурдагы ой-жооруларынан кайттырып башкача чыйыр салдырууга демилге көтөрттү. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында жылдызы жанган бизнесмен, банкир, чыгаан кызматкер айымдардын тобу […]

Кожобекке сарсанаа болбой эле койгула

Фракциядан Кожобек Рыспаевди чыгарат экен деген имиштер элди аралап жүргөн. Ага “жоон” чекит коюлду, Кожоке фракциядан чыкпай калды. Ой тигил Жанар деле кабагым-кашым дебей даңкылдап эле калкты аралап иштеп жүрбөйбү? […]

Айнура Осмонова, депутат: Армениянын калкы бизден эки эсе аз, бирок экономикасы эки эсе күчтүү

– Айнура айым, ЖКнын отурумунда акыркы жылдары инвесторлордун саны азайганын, ЕАЭБге кирген өлкөлөр ичинен арткы катарда калганыбызды күйүп-бышып айтып келесиз?.. – Сиз берген суроо, бүгүнкү күндөгү өлкөбүздүн экономикасынын талуу жерине […]

Айбек Мырза, жарандык активист: «Курултай саясый абалды өзгөртүү үчүн курч мааниде өтөт» 

Ошентип, былтыр 15-октябрда шайлоодо жеңип чыккан КСДП талапкери Сооронбай Жээнбековдун алты жылдык кызматынын бир жылынын сапары карыды. Президенттин бир жылдык ишине баа берүү, сын айтуу зарыл. Бул максат менен туруктуу […]

Кыянбек мааракелер менен көз будамайлап атабы?

Жалал-Аабад облусун башкарган Кыянбек Сатыбалдиев деген эргул бар. Өтө эле «шустрый» өңдөнөт? Облустун кадрдык маселесин бир кылкай жердештеринен коюп атканынан кабарыбыз бар, андайлар уркуюп көрүнүп ка-һлат деп ойлобойбу? Анысы ал, […]

Бакыт Төрөбаев “Манас” орденинин мааниси түшкөнүн айтты

Депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин комитетинин жыйынында 2017-жылы мамлекеттик сыйлыктардын деңгээли түшүп кеткенин белгиледи. «Учурунда Абсамат Масалиев экинчи даражадагы «Манас» орденин алган. Ал өмүрүн өлкөнүн өнүгүшүнө арнаган. Мен акыркы учурларда берилген […]

Махабат Мавлянова, депутат: Менде дагы саясый оппоненттер пайда болду

– Махабат Эргешовна, Жогорку Кеңештин ар кыл маселелер түрмөгүндө сүйлөгөн сөзүңүз коомчулукта кызуу талкууну жаратып, сиздин дарегиңизге сын айткандар көбөйдү. Мен залда сиздин өзүңүздү угуп отургам, анда «чек араны таптакыр […]

Өкмөттүн кышка карата даярдыгы кандай?

Сыртта күз. Доллардын оош-кыйышы менен күйүүчү майга болгон баанын тымызын күн санап көтөрүлүшү каржалып турган карапайым элди убайымга салууда. Кышка даярдык тууралуу алчы-таасын жеген отун, энергетика жаатындагы эксперттер бийликтин күз-кыш […]

Президенттин айкөлдүгүнө Бабанов кандай жооп кайтарат?

Көз ачып жумганча Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланганына да бир жыл толуп калыптыр. Өткөн жылкы президенттик шайлоо чыныгы атаандаштык негизде, демократиянын принциптерин кармануу менен өткөндүгүн баса белгилеп коюшубуз керек. Өлкө […]

Таабылды Тиллаев, депутат: Курманжан энебиздин өз эмгеги бар

– Таабалды мырза, комитетте мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам талкууланып жатканда, сиз айрым ордендердин макамына макул эмес экендигиңизди билдирдиңиз. Ошону чечмелеп бере аласызбы? Бир топ депутаттар демилгелеп, улуу агабыз Чыңгыз Айтматов […]

Ажобуз экс-премьерлер менен спикерлердин акылына муктажбы?

Апта башында президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапары менен барып, бир катар социалдык объектилердин ачылышы, ага удаа карапайым эл менен жолугуп кайтты. Таластык туугандарыбыз менен жолугушууда өлкө башчыбыз Жээнбеков […]

Жакын арада саясый күчтөрдүн биригүүсү күтүлөт

Быйылкы күз саясый көз караш менен алганда кызыктуу окуяларга бай болору ажеп эмес. Өзгөчө жаңы кадрдык орун алмаштыруулар, саясый күчтөрдүн 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңешке шайлоого карата активдешүүлөрү, өкмөттүн жумушундагы […]

Маданият министрлигине Алтынбек Максүтовдун көчүк басары чынбы?

Маркум Султан Жумагуловдун ордуна экс-министр Алтынбек Максүтов кайрадан келери чынбы? Бул жагын Акүйдөгү өздүк булактарыбыз да шардана кылышууда. Эгерде бул жигитке бул сапар да оомат оосо, тармактан чыккан татыктуу кадр […]

Канышай Мамыркулова, журналист: «Суракматов мага батир бермек беле, «тынч отур» десе керек да»

Журналист, жарандык активист Канышай Мамыркулова өкмөттү, БШК төрайымын, президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасын шалаакылыкка айыптап, сотко берди. Мамыркулова Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Ош шаарынын мэри […]

Улан Примов, депутат: Айыл чарба министрлигин реформалоо-заман талабы

– Улан мырза, парламенттеги бир катар кесиптештериңиз «азыркы шартта айыл чарба министрлигинин кереги жок болуп калды, аны жоюп эле салыш керек» деген сунуштарын айтышууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? – […]

Азиз Суракматов, Бишкек шаарынын мэри: Таза жана жашыл, кооз шаар курууга бел байладым

Азиз Суракматовдун Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап жатканына туура үч ай толду. Чынын айтканда, башында аны кабыл албай жаткандардын көбү азыр Суракматовдун калаа  башчысы катары ишмердигине ыраазы болуп жатышат. Баарынан […]

Рыскелди Момбековдун “единицасы” түгөнсө, Таластын мэри кызматтан кетеби?..

Кыргыз парламентинин «клоунуна» айланган Рыскелди Момбеков деген депутат бар эмеспи. Биринчи класстын баласынчасынан жаттап алган жамак сөзү менен элдин көңүлүн өзүнө буруп, айрым учурларда «тескери учкан жагалмайлыгын» карматып турат. Бул […]

Эшимканов урматтаган Туйгун байке сыйга татыктуу

Раматалык Мелис байке Эшимканов айтып калчу: «Туйгун байке менен сүйлөшсөм чер жазылып, жан дүйнөм жай алып, бир жыргап, эс алып калам…» деп. Агезде мен Туйгунаалы Абдраимов менен ара-чолдодо саламдашып калганым […]

Өлкөдө альтернативдүү үчүнчү күч калыптанууда

Барган сайын саясаттын казаны кайнап, жакынкы күндөрү түрдүү кызыктарга күбө болот окшойбуз. Президент Жээнбековдун бир жылдык иш үзүмүнүн жыйынтыгын утурлай өлкө башчысына экс-президент Атамбаев баш болуп, бир катар суроолор менен […]

Кыргызстан Кытай менен визасыз режимге өтүшү керекпи?

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү туризм тармагынан түзүлгөн ички дүң продукциянын 30 пайызын дал ушул Кытай […]

Бишкек ЖЭБи боюнча камалгандардын конкреттүү күнөөлөрү эмнеде, АША эмнени чаташтырууда?

Бишкек жылуулук борборунун эң башкы милдети- борбор калаанын калкын жылуулук менен камсыз кылуу. Электр энергиясын иштеп чыгаруу — анын кошумча экинчи вазийпасы экендиги талашсыз. Бирок биз Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн парламенттик […]

Эмилбек Каптагаев: Атамбаев элдин башын айлантып, коомчулукту алдоо аракетин көрүп жатат

Саясий жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев  3 октябрда өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына экс-президент Атамбаевдин Бишкек ЖЗБин реконструкциялоого байланышкан билдирүүсү боюнча пикирин жазды. Төмөндө анын пикирин өзгөртпөй беребиз. “Жарымы төгүн, жарымы чын…” деп айтылгандай […]

Ошто мэрия кызматкерлери майыптардын батирлерин өздөрүнө жаздырып алышкан

Былтыр Ош шаарына караштуу “Анар” кичи районундагы жаны салынган көп кабаттуу үйдөн майыптарга 66 батир атайын ажыратылган. Бирок, буга дейре козголгон кылмыш ишинин алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратыла турган үйлөрдүн […]

Ошто учак асманга көтөрүлө электе дөңгөлөгү жарылды

30-сентябрда, жекшемби күнү саат тогузга чукул Ош Эл аралык аба майданында Москва шаарын көздөй учкан Boeing 737 учагы кайрадан конууга мажбур болгон. Анткени, АviaTraffic компаниясына таандык учактын дөӊгөлөгү кадимкидей жарылып, […]

Туй байке Жээнбековду укпай, 60 жылдыгында ой-да кутурду!

Кыргыз Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, же эскиче айтканда губернатору Туйгуналы Абдраимов эки күн мурда 60 жашка чыгып, бул датаны өзгөчө шаан-шөөкөт менен белгиледи. Президенттин аш-тойлор боюнча позициясы […]

Таалай Сарыбашев тилемчилик кылган кемпирге акчалай жардамдашат

Кыргызстандын түштүк башкалаасынын мэри Таалайбек Сарыбашев көчөдө тилемчилик кылган 80 жаштагы Ашым Анарбаеванын үйүн бүтүрүүгө каражат жагынан жардамдашат. Бул туурасында калаа башчысы редакциябызга өзү кабарлады. Анткени, Ош шаарына караштуу Озгур […]

Турсунбек Акун: Ысык-Көл форуму-акылдын үнү болду

Акылдын үнү болгон, эркин баарлашууга жол ачкан эл аралык Ысык-Көл форумунда көтөрүлгөн маселелер жана анда кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгын билүү максатында Турсунбек Акунду кепке тарттык. – Турсунбек мырза, 21 жылдан […]

Эрлан Абдылдаев Кыргызстанды кытайлаштыруу, туулган жерин коңшуларга тебелетүү, тизелетүү саясатын ийгиликтүү ишке ашырууда

Ашанын бийлигин өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп (бир жагынан бул кызматташуу атамбаевчилер үчүн да өтө пайдалуу болгон), элдин ырыскысын кемиткен олигархтардын көч башында Рахат Ирсалиев тургандыгы анык. Бүгүн Атамбаев баштаган кайсы долбоор […]

Ташиевдин элүүгө чыгар замат айткан сөздөрү талкууга түштү

Өткөн айдын 27 синде “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 50 жашка чыкты. Дүңгүрөтүп той берген жок, тек гана үйүндөгү жашыл шиберге чакан дасторкон жайып, жакын санаалаштары, достору, бир туугандары, партиялаштарынын […]

Атамбаев сот жообуна тартыла турган күн жакындап калды

Кыргызстанды алты жылда аңга түртүп, 60 жылда да төлөп бүтө алгыс карызга батырган, жалаң тегерегиндеги пол жуугуч, таразачы, жансакчы, шоопур сыяктуу ат кошчуларын мамлекеттик жогорку кызматтарга коюп, мамлекеттик башкаруунун ашмалтайын […]

Хабиб менен Камчыкенин окшоштугу эмнеде?

Өткөн жекшемби күнү бүткүл дүйнө жүзүнүн көңүлү UFC 229 турниринин мушкерлери дагестандык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макрегордун мушташына бурулду. Америкада болгон бул беттешти планетанын баардык жашоочулары жаш баладан тартып, […]

Атамбаев Мадумаровдун кейпин кийгени калдыбы?

Депутат Кожобек Рыспаев чынында КСДПнын “партбоссу” Алмаз Атамбаевдин дарегине өтө катуу деле сын айткан эмес. Ал партиянын акыркы кездеги мышык ыйлагыдай абалына күйүп-бышып, кийинки шайлоодо уурулук кылбаган, коррупцияга аралашпаган, таза […]

Таалайкүл Исакунова менен Лунара Мамытовага кылмыш иши козголобу?

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Т.Исакунованын эч нерсе иш кылбагандыгын бир нече ирет баса белгилеп, орун басарлары менен бирге оюн-зооктон, көңүл ачуудан башы чыкпай жатканы боюнча тынбай коңгуроо кагып […]