Дүйшөмбү, 22 Октябрь, 2018 - 1:47
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Саясат

Мавлян Аскарбеков: Соттон акталышым кызматка келишим менен байланышпайт

Жарандык активист, «Жаңы муун» партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков Биринчи Май районунун акиминин турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов 2-октябрда кол койду. […]

Исакунова жоопкерчиликке тартылбайбы?

Акыркы жумада Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өзгөчө жарнама болду министрдин бир орунбасары Зууракан Каденова «дары» ичип, мас болуп кызматынан айдалса, дагы бир орун басары Лунара Мамытова азыр «звезда». Ал […]

“Кыргыз темир жолун” карышкырга, “тоюс”, Канатбекке кайтартып коюштубу?

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын туш тараптан кемирип келген «карт бөрү» Алмазбек Ногойбаевди ызы-чуу менен араң кетирип, ордуна Канатбек Абдыкеримов деген немени жетекчи кылып кондурушту. Болору болуп, бойоосу канды дегендей […]

Кочкор элинен кайрылуу: Биздин кулунубуз Сапар Исаков күнөөсүз, ак жеринен УКМКнын түрмөсүндө отурат

Кайрылуу Биз, Кочкор районунун эли ушуну менен экинчи жолу бийлик бутактарына кайрылып отурабыз. Түпкүлүгү кыргыз тарыхында өздөрүнүн ишмердүүлүгү, элине кылган кызматтары менен тарыхый инсандарга айланган атуулдарга бай Кочкор өрөөнү өзүнүн […]

Адил Турдукулов: Атамбаев менен жолугуп, сүйлөшкөнгө моралдык укугубуз бар

Айрым жоон топ саясатчылар менен балтыр эти ката элек жаңы муундагы «балапандарга» караганда, каарманым саясаттын ой-кыры менен миң түрлүү сырларын жакшы билет. Ошондуктанбы, биздин кандай соболдорубуз болбосун, Адил мырза чечмелеп, […]

Жаш саясатчылардын көрүнүктүүлөрү кызматтарга тартылууда

Мурдагы бийликке сын айтып жүрүшкөн Эдил Байсалов, Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков, Тимур Саралаев өңдүү жаш саясатчыларга майлуу-сүттүү кызматтардан ыроолонору күтүлүп келген (кокус бир айга чейин мамлекеттик кызматтардан орун алышпаса, анда […]

Генерал Исраиловдун эл ичинде жүзү жарык

Экс-министр Улан Исраилов кызматтан кеткени туристтер менен иштешип, башкалардай жансакчылар менен жүрбөстөн эле көчөдө эркин басканы – анын тазалыгынан кабар берет эмеспи. Ушу тапта Атамбаевдин айланасындагы айрым бузукулардын качып кетишкенин […]

Азыркы бийлик экс-президенттерден кол тийбестикти ала албайт

Экс-президенттердин кол тийбестигине байланыштуу маселе каралды. Жогорку соттун Конституциялык палатасы юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчү менен бул маселе көтөрүлүп чыкты. Бул маселеге, деги эле экс-президенттин кол тийбестиги алынышына […]

Каптагаевдин чакырыгына кандай жооп болот?…

Башкы «атамекенчи» Омүрбек Текебаевге карата мурунку бийликтин жасалма документтер менен жалаа жаап, каралоо ишинин ойрону чыкты. УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден эч кандай документтер келбегенин мойнуна алды. Мунусу Текебаевди «Белиз […]

Турсунбек Акун: Президент адабият, искусство тармагына абдан жакшы көңүл бөлүүдө

– Турсунбек мырза, улуу Айтматовго бийликтин мамилеси кандай болуп атат, эмнени байкап атасың? – Быйыл заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өлкө аймагында кеңири белгиленип атат. Эл аралык ТҮРКСОЙ […]

Закир Шарапов, депутат: Чек ара маселесин эл менен кеңешип чечкен оң

– Закир мырза, чек ара боюнча элдин кайрылуулары тууралуу көп маселе көтөрүп жүрөсүз. Көйгөйдүн өзөгү эмнеде? – Чек ара маселеси көптөн бери, биз эгемендик алгандан бери козголуп келатат. Кытай, Казакстан […]

Карамат Орозова, депутат: Абдилатов жөө жүрүшкө чыгып, өз үнүн угузгусу келди

– Карамат Бабашевна, уулунун иши калыс иликтенишин талап кылып, Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыккан Баткендин Бужум айылынын тургуну, 63 жаштагы Саитраим Абдилатов тууралуу эмне айта аласыз? – Абдилатовдун жөө жолго […]

Бишкек мэри “виртуалдык сүйүүлөр” ишке ашпасын билбейби?

Бишкек мэри Азиз Суракматов көзгө көрүнө турган кадамдарга бара элек. Баягы эле кылдыраган система, «өгүз өлбө, араба сынба» деген жүрүш. Бирок, калаа башчы социалдык булактардан убактылуу колдоочуларды козутуп, өзүн пиар […]

Канатбек Исаевдин келечекке карай олуттуу коңгуроосу

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Канатбек Исаев камалгандан кийин анын бир топ санаалаштары, кесиптештери жүздөрүн тескери бурушуп, бийликтен корккондору үчүн сатып кетишкен. Урмат Самаев гана эр жүрөктүгүн, жигитчилигин көрсөтүп жүргөнүн байкаганбыз. Башка […]

Канатбек Мурзалиев, БШК депутаты: Абировдун көмүр чырына тиешеси жок, Суракматов жерге мораторий киргизүүдө

– Канат мырза, шаардык кеңештин депутаттары төрагалыкка Жаныбек Абировду шайлагандан бери коомчулукта ар кандай сөздөр бүтпөй жатат. «Абиров ар бир депутатка миңдеген доллар берип, добуштарын сатып алды» дешүүдө. Чындыгы канчалык? […]

Мелис Турганбаев: Маселени эркекче чечем, бирөөнү сатуу, же жалган айтуу мага жат көрүнүш…

Македониянын Скопье шаарында эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты аяктады. Кыргыз жергесинен Кубан Эркинбеков (70 кг.), Талант Бегалиев (60 кг.), Чынарбек Изабеков (100 кг.) жана мурунку ички иштер министри […]

Абиш Халмурзаев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: Чек ара боюнча өтө татаал маселе Тажикстан менен болууда

Эти баткендик болгону менен сөөгү ноокаттык бу жергиликтүү чиновник менен да ар квартал сайын баарлашып, өрүкзарлуу аймактын абалынан кабар алып турмайыбыз бар. Маектешим быйыл 63 жашка чыкса да, жаштардан кем […]

Кожобек Рыспаев, депутат: Мени фракциядан чыгаруу сунушун Мурадыл Ганыевич айтты

– Кожобек Жайчыбекович, КСДП фракциясы өткөн жумада сиздин маселеңизди карамак эмес беле, ал иш эмне болуп бүттү? – Ал маселе бүткөн жок. Талкуулап бүткөнбүз. Фракциядан чыгаруу, КСДПнын сунушу боюнча суроо-жооптор […]

“Кыргызалтындагы” башаламандыкка чекит коюлса…

Эмне үчүн Кыргызстанда алтын казуу жагынан аксап келебиз. Себеби, баары кадрларга такалат. «Кыргызалтында» канча жылдан бери башаламандык уланууда. Кумтөрдүн эле акчасын карал турган, өзүн кыйын менеджер эсептеген директорлор кеңешинин төрагасы […]

Данияр Абдыкаров ИИМ жетекчилигине келгени калдыбы?

ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаровду Алайдын аттуу-баштуу аксакалдары колдоп атышканы, кайрадан кызматка алып келишери боюнча кеп кызуу жүрүүдө. «Токочу бар бала сүймөнчүктүү» дегендей, Данияр саясый элитадагы байлардын катарына киреринен […]

Атамбаев камактагы Исаковго, Кулматовго, Ибраимовго моралдык-материалдык колдоосун көрсөтүүдө

Экс-президент Алмазбек Атамбаев камактагы Сапар Исаковго, Кубанычбек Кулматовго, Албек Ибраимовго моралдык-материалдык колдоосун кылып, алардын үй-бүлөлөрүнө камкордук көрүп келатканынан кабар алдык. О.э. камалгандардын күнөөсү жок экенине, саясый басымдын гана айынан убактылуу […]

Конушбаев мырза Кудайбердиеваны катуу сындады

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Конушбаев билим берүү министрин мектептердеги класстарда 50 баладан окуган көрүнүштү катуу сынга алды. «Баланы алып келди, киргизди, окуп атат» деген жөн эле соз. 40-50 […]

Гүлнара Каримова жеке каттам менен Дубайга учуп кеткени кабарланууда

Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримова жеке каттам менен Дубайга учуп кетти. Бул тууралуу “Озодлик” радиосуна Каримова жайгашкан мейманкана өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди. Бул маалыматты бир нече көз карандысыз булактар […]

Жээнбековдун тушунда адилеттүүлүк орной баштадыбы?

Чубактын кунундай чубалжып келаткан жарандык активист Мавлян Аскарбековдун ишине акыры чекит коюлду. Жогорку сот Мавлян Аскарбековдун доо арызын канааттандырып,  мөөнөтүнүн өтүп кеткенине байланыштуу, жазадан куткарды. Эске салсак, активист коомчулукту бийликти […]

Туй байке, Карышкыр жана арадай жерге чарадай чыр салгысы келген Аслан…

Өткөндө “Чындык” сайтына “Атамбаев үчүн Камчыбек Ташиев менен Асланбек Сартбаев кер-мур айтышты…”- деген куш тилиндей маалымат жарык көрдү. Анда, Камчыбек Ташиевди телефон аркылуу туулган күнү менен куттуктаган Аслан Сартбаев (“Азия […]

Социалдык өнүктүрүү министрлигиндегилер өздөрүн өнүктүрүп жүрүшкөнбү?

Башкы прокуратурага Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайгүл Исакунова менен анын орун басары Лунара Мамытова сүйлөшүүгө чакырылганы маалым болду. Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка ылайык, эки айым министрлик тууралуу коомчулукта […]

Мавлян Аскарбеков, активист: “Эл душмандары да мындайга барбайт…”

“Мамлекеттин акчасы” деген жок, элден салык иретинде чогулган жалпы казына болот. Айрыкча элчилерибиз, депутаттарыбыз, мамлекеттик кызматкерлер эл эсебинен жашап, анысы аз келгенсип үй-бүлөлөрү менен чет жакка эс алып жүргөнү булардын […]

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Чиновниктердин үй-бүлөсү менен бюджеттин эсебинен саякаттоосу Атамбаевдин учурунда көп эле кездешти”

– Министрби, орун басарыбы, ким гана болбосун, бюджеттин эсебинен үй-бүлөсү менен чет өлкөлөргө эс алууга барат дегенге анчалык ишене албайм. Себеби, министр болгон адам, мыйзамдарды жакшы билет да. Ал кылмыш […]

Бакиевдер чын эле өлкөдөн жүздөгөн миллион долларларды чыгарып кетишкенби?

Бир нече жумадан бери коомчулукта кайсы бир кезде канзаада Максим Бакиев менен табакташ болуп жүргөн аферист Евгений Гуревичтин билдирүүсү катуу талкууга алынып келе жатат. Видеокайрылуусунда Гуревич: “Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион […]

Адахан Мадумаров: “Бакиевдики делген байлыктардын баарын 2010-жылы бийликке келгендер ич ара бөлүштүрүп алышкан”

– Бул маселенин ачылбай жатканына 3 себеп бар: Биринчи себеп. Убактылуу өкмөттө бийликке келгенде Бакиевге карата койгон дооматтары калп болгон. “Ак Үйдүн үстүнөн көзгө атар мергендерди кармадык. Алардын 17си жер […]

Сагынбектин ишенгени ким?

Кыргыз элине таанымал сүрөтчү, даңазалуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун айкелин эптеп тургуза албаган бир чаңкылдак киши пайда болду Сагынбек Абдракманов деген. Желип-жортуп жүргөн жеринде КСДПнын лидери мен болом, Атамбаевди сүрүп таштайбыз деп […]

Суракматов “жайлап” жатат

“Курбан ыраазы болсун” деген мэр Азис Суракматов өзүн толук кандуу мэр сезип, акырындык менен өз өнөрүн, тактап айтканда жеке кызыкчылык алдындагы максаттарын ишке ашырып жатканы байкала баштады. Маселен, ал Бишкектеги […]

Абировдун аракети

Ю. Фучик жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жолчырак орнотуу пландалууда. Борбордун Биринчи Май районунун тургундарынын кайрылуусу боюнча, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана спикердин орун басары Русланбек Жакышов, шаар кызматтары […]

Кыргызстанга 200 мектеп, 162 бала бакча жетишпейт

Кыргызстан мектеп маселесин чече албаган бечел мамлекет болдук. Экономикабыздын түбү да, төбөсү да тешик. Эч эле бүтөлбөдү. Кыргызстанга 162 бала бакча жана 200 мектеп жетишпей турганын Жогорку Кеңеште Билим берүү […]

Алмаз Ногойбаев кутулуп кетти…

«Кыргыз темир жолдорунан» жакшы тоюнуп келген Алмаз Ногойбаев деген акыр-аягы кызматтан алынды. Бул эң сонун чечим болду. Бирок, анын далай иштери айтылып, жазылып келди эле, эч кандай жоопко тартылбай эле […]

Көңдөй челек катуу калдырайт

“Өнүгүү” деген ат менен партия ачып, саясатка камбыл киришкен Бакыт Төрөбаев шайлоо учурунда аймактарга трактор таратып, элге күйүмдүү, мекенчил болуп чыга келет. Бирок эшеги суудан өткөн соң, элдин маселесин ойлобой, […]

Келдибеков келин алып, “Раиммиллион” менен куда болду

Өткөн аптада атактуу коррупционер” Ахматбек Келдибеков деген Бекболот аттуу уулун үйлөнтүп, Бишкекте дүңгүрөтө үлпөт той өткөрдү. 2016-жылы Болгариядагы “Биволь” иликтөөчү сайты Келдибеков Бекболоттун “Евразия кг” компаниясынын менеджери экенин жазып чыккан. […]

Мамытова “маңыз” турбайбы

Теледен чыгып алып, созулуп кооз сүйлөп, элге таанылгандардын бир тобун көпчүлүк укмуш, деңгээли бийик, акылдуу деп ойлошот. Чынында андай эмес. Аны турмуш өзү тастыктап жатпайбы. Мана ушундайлардын бири телеалыпбаруучу болуп […]

Жээнбек Кулубаев элчи болду

Тышкы иштер министрлиги Жээнбек Кулубаевди Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кылып дайындоону Жогорку Кеңешке сунуш кылды. Парламенттин тармактык комитети бул сунушту колдоого алды. Кыскасы, Кулубаев элчи болууга ажонун батасын алып, андан соң, […]

Элдин эсебинен жыргагандар сурак беришти

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова эки күн мурун Башкы прокуратурага бюджеттик каражаттан чет өлкөлөргө чыккандыгы тууралуу маалымат берүү үчүн суракка чакырылып, экөө […]

АШАны кузгун деш керекпи же жорубу?

Акыркы убактарда АШАнын жана анын айланасындагылардын көзөмөлүндөгү ЖМКлар анын мурдагы соратниктери Эмил Каптагаев менен Кеңеш Дүйшөбаевди жаманатты кылууга жанталашып, катуу аракет кылышууда. Алардын артында АША өзү тургандыгын бешиктеги бала деле […]

Лунара Мамытова пенсионерлердин оозун ачырып, ээсин оодарды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматтан алынган орун басары Зууракан Каденованын Түштүк Кореядагы окуясынан кийин бул мекемедеги башка да министр, орун басарлардын огородуна таш түшуп, бар же жок экендиги билинип […]

Кош жарандыгы бар депуттар канча?

Бизде кош жарандуулугу бар депутат же жогорку кызматтагы чиновниктер тууралуу эл арасында алгач имиш имиш сөздөр жүрөт. Бирок алардын башка өлкөнүн жараны экендиги кылмыш иши козголгондо гана билинет. Алсак, “Кыргызстан” […]

Крышасы тайыганда алдастаган Данияр Аттокуровго эмне жетишпейт?

АША учурунда тайрактап эрке талтаң болгон Данияр Аттокуров деген депутат бар. Кезегинде көзүн май басып, президенти “крышам” деп, Ысык-Көлдө өзү каалагандай жүрүп калган. АШАга таянып, “Кумтөрдү” толук көзөмөлүнө алып, болуп […]

Барманов Токтосун, Кара-Суу районунун экс-акими: “Үн чыгарба, башың кетип калат дешти”

Өзүнчө эгемендүү мамлекет болгондон бери канчалаган майлуу-сүттүү кызматтарда манчыркап иштегендер болду, ак иштегендери болду, так иштегендери болду дегендей. Бүгүнкү биздин маектеш да бир кездери азыркы май талкандуу Кара-Суу районунун акими […]

Кубатбек Байболов, коомдук ишмер: Түзүлгөн саясий жагдайдан демократиялык процедуралар менен чыгаарыбыз өтө күмөн

Кубатбек Калыбекович, кадр саясатында жаңылыштык кетиргенин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев деле мойнуна албадыбы. Азыр деле ошондой кадр саясатында калпыстыктар кетип жатса керек. Булганбаган, таза кадрларды бийлик башына алып келүү үчүн […]

Гүлнара Каримованын кызы Ташкенттен Лондонго учуп кеткени айтылууда

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси, Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова Ташкенттен Лондонго учуп кетти. Бул тууралуу дүйшөмбүдө “Фергана” агенттиги жазды. “Фергана” мындай бүтүмдү анын Инстаграм аккаунтундагы фотобаянга таянып чыгарган. […]

Илмияновго кылмыш иши козголду

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин шоопуру, кийин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап, 6-жыл аралыгында далай мен деген саясатчыларды кол куушуртуп, көзүнүн агы менен тең айланткан Икрам Илмияновго кылмыш иши козголгону […]

Өлкөнүн аброюна зыян келтиргендер кимдер?

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги чет мамлекеттерде өткөрүлчү иш-чараларга бара турган адистерди тандоодо бийликти кылдат болууга чакырды. Элчиликтин 1-октябрдагы билдирүүсүнө ылайык, туура эмес тандалган адистер өлкөнүн аброюна зыян келтирүүдө. Маалыматта: “Курорттор […]

Руслан Акматов контрабандачылар менен команда түзүп алганбы?

Дары-дармек департаментинде Руслан Акматов деген кызматкер иштейт. Жөнөкөй кызматкер эмес, директордун бакыйган орун басары. Сырттан кирип жаткан препараттарга уруксат бере коймой өнөрү бар. «ФС-1» деген биокошулмага да уруксат бере салып, […]