Кулов Өмүкеге “жуучу” болуп барганда

Бу саясат дегениң эмнелерди гана кылдырбайт. Чырынан да кызыгы көп нерсе да. Кечээ эле кучакташып жүргөндөр, беш мүнөттөн кийин бет келсе, бетине жаба түкүрө турган кас боло калат, кас болгондор […]
Бу саясат дегениң эмнелерди гана кылдырбайт. Чырынан да кызыгы көп нерсе да. Кечээ эле кучакташып жүргөндөр, беш мүнөттөн кийин бет келсе, бетине жаба түкүрө турган кас боло калат, кас болгондор […]
Өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров бозгун болуп жүрүп да тынч жатпай, өзүн акмын деп кыргыз бийлигинен кордук көргөн өзбек улутунун лидери катары кыргыз бийлигин дүйнө жүзүнө мокочо кылып көрсөтүп […]
У6агында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баары теңата болушкан. Балким алардын көбү Атамбаевден кыйын болушкандыр. Ал эми Атамбаев болгону алардын 3-4 сабында жүргөн саясатчы гана болгон. Алар Атамбаевдин ким экендигин жакшы билишет. Аны […]
Бүгүн, 7-октябрда Ак үйдө “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Анын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев бул иш-чарадан майнап чыкпастыгын билдирди. “Бул парламенттик угууда Конституцияны өзгөртүү боюнча […]
Башкы прокуратура июнь коогасын уюштурган деп сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан кандай жагдайда чыгып кеткени боюнча кылмыш иш козгоп, иликтөө жүрүүдө. Батыров “Азаттыкка” курган маегинде […]
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы айрым макалаларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараттынын маалыматтык саясат бөлүмү кайрадан төмөндөгүнү билдирет: Алмазбек Атамбаевдин айтылуу Кадыржан Батыров менен жолугушуусу бир гана жолу 2010-жылы апрелде болгон. Бул […]
ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты Кыянбек Сатыбалдиев Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 39 жаштагы эл өкүлү эми маселелери арбын облустун ишин алдыга сүрөп, өзүнүн мыктылыгын көргөзөбү же […]
Беларус президенти Александр Лукашенко бейшемби күнү жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды. Самаркандда ал өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Лукашенко кызматташуу үчүн өлкөлөр ортосунда чоң потенциал […]
Түркмөн президенти Бердымухамедов 5-октябрда гольф багытында адистешкен америкалык «Никлаус Дизайн» компаниясынын башчысы Жек Никлаус менен жолукту. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө. Сүйлөшүү учурунда Ашхабадда гольф-корт курулушунун долбоорунун алдыга жылдыруу жана […]
Бийликтин Башмыйзамды өзгөртүү тилегине каршы чыккан УӨ активдүү мүчөсү Эмилбек Каптагаевге өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кан кудасы Алиярбек Абжалиевди жөнөтөт, ортомчу кылып. Баягы эле “артка кайтсын, референдумга каршы чыкпасын” ж.б. […]
Мурда мамлекеттик геология кызматын жетектеп, азыр андан да ирилешкен Мамлекеттик өнөр-жай, энергетика жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча комитетти жетектеген Дүйшөн Зилалиевдин ишмердиги анчалык жакшы болбой калды. Жыл башындагы амбициялуу пландарынын […]
“Ата Мекен” фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов партлидер Өмүрбек Текебаев тууралуу сырларды бийликтин “шестеркаларына” ачыктап, сатып жүргөнү каңкуланууда. Бийликтеги мен-мен деген персоналардын, президенттердин, байлык-бийлиги колдо турган саясый күчтөрдүн башын жеген Өмүрбек […]
Айтылуу Өмүрбек Текебаев мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевге Бишкек мэри Албек Ибраимов менен анын аялына, ажонун айланасындагы Сапар Исаков, Фарид Ниязов баштаган аткошчуларына катталган дүнүйө-мүлктөрдү депутаттык мыйзамдуу укугу менен […]
Аз күн мурун “Байтур” мончосунда таластык аксакалдардын жоон тобу кичүү муунга насаат айтып, сөз аягы акыры 2010-жылдагы революцияга барып такалды. “Биз 6-апрелде Таластан элди көтөрүп, бийликти алууга чоң салым кошконбуз. […]
Парламенттеги “Республика -Ата-Журт” фракциясында Болотбек Ибраимжанов деген депутат бар экен. Анын бардыгын кечээ гана уктук. Тагыраагы, буга чейин “балык” депутаттардын катарын толуктап келген Болотбек мырза капысынан эле парламенттеги ар кандай […]
Зулумдук өтүп зулумдан, Адамдын алкы бузулган. Көрүнөө чыгып жанкечти, Көрпенде коркпой кусурдан. Бирине-бири жоо чыгып, Бийликке жиндеп жутунган. (Цюй Юань, биздин эрага чейинки 340-278-жылдар) Дагы бир Кытай булагында: «Эртели-кеч эрегишип […]
8-октябрда өтө турган бийликке каршы чыккандардын Курултайына чыныгы оппозиционерлер Өмүрбек Суваналиев менен Бегалы Наргозуев катышпай турганы белгилүү болду. Себеби, бул жыйындын башында тургандардын эмне максаты бар экени ачыкталууда. Конституциянын өзгөрүүсүн […]
Мурда чоң саясатта жүргөн Феликс Кулов “жаш бөрүлөргө” алдырып коюп, бийликке жетпей ээндеп калган чагы. Бирок, жетимишке таяп калса да болбой, “Ата Мекен” партиясына күч оосо, ал тарапка жармашууну кыялданып, […]
Саясатчы Азимбек Бекназаров коомдогу саясий абал тууралуу акыркы учурларда көп жолу маек берип, анын ичинде Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев экөөнү тең сыртынан шыбап келе жаткан. Убактылуу өкмөт учуру тууралуу […]
Кылмышкерлер менен күнү-түнү күрөшкөн Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы кесиптик майрамын белгилешти. Албетте, ары кооптуу, ары жооптуу бул кызматта иштегендердин түйшүгү оор экенин билебиз. Ички иштер министри Кашкар […]
БШКнын төрагалыгынан кеткенден бери ишсиз калган Туйгунаалы Абдраимов коомчулукту эриктирбей, өзүнүн кызыктуу маектери менен учурдун эң эле окумдуу респонденти болуп отурат. Андан дагы ал маектеринде түз эле президент менен анын […]
– Равшан мырза, Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлө баштагандан бери буга каршы пикирди карманып келе жатасыз. Бирок, депутаттар референдум мыйзамын жактырышты. Силердин “бийликтин аракетине каршы турабыз” деген аракетиңерден майнап чыкпай […]
– Алманбет мырза, өткөөл мезгилде кабыл алынган, сиздер өзгөрүшүнө каршы болуп жаткан 2010-жылкы Конституцияда президент айткандай “миналар” катылганбы? – Революцияга чейинки жазылган баш мыйзамда мина эмес, бомбалар бар болчу. Жарандык […]
Урматтуу мекендештер! Мага жеткен маалыматтарга караганда, КТРК жана башка массалык маалымат каражаттарынан “2010-жылдын апрель–июль айларында Кадыржан Батыров менен Өмүрбек Текебаев көп жолуккан” деген жалган маалыматтар тарап жатыптыр. Мага бул суроолор […]
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бүгүн, 6-октябрда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков сеператист Кадыржан Батыровдун кечээ, 5-октябрда берген интервьюсунда ага таккан айыптоолорун четке кагып, жооп берди. Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ Батыров журналисттин “Кыргызстандан кайсы күнү […]
Алмаз Атамбаев бүгүн, 6-октябрда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда Атамбаев өлкөнүн мамлекеттик башкаруу тутумундагы коррупциялык […]
«Бир Бол» партиясынан депутат болгон Алмас Акматов деген «блатной» бар. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, өлөрчө байыган. Бою бир карыш болгонуна карабай бой көтөрүп жүргөнүн кантесиң? Акматов акчага чиренүү […]
«Вечерний Бишкек» гезитинин сайты Жогорку Кеңеш депутаттары “Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Саляновалар Бакиевдер менен бирге Мегакомго үлүшкө кирген» деген макаласын “Өмүрбек Абдрахмановдун сенсациялуу билдирүүсү көп нерсени ачыктады”- деп Абдрахмановдун […]
Чеченстандын борбору Грозныйда үчүнчү жолу республиканын башчысы болуп шайланган Рамзан Кадыровдун инаугурациясы өттү. Салтанат Шаар күнүнө жана саясатчынын 40 жылдык мааракесине туш келди. Кадыров ант берип жатып: “Алланын эмири менен […]
Көптөгөн нааразылыктардан кийин Польша өкмөтү аборт кылууга толугу менен тыюу салуу идеясынан баш тартты. Бул тууралуу шаршембиде өлкөнүн билим берүү министри Ярослав Говин билдирди. Министрдин айтымында, бир канча айга созулган […]
Гезитибиздин туруктуу эксперти, саясат таануучу Т.Акеров менен конституциялык өзгөртүүлөр боюнча пикир алмаштык. Анын ою боюнча парламентин V чакырылышы иштеп чыккан долбоордо бир аз гана өзгөрүүлөр киргизилип, Ө.Текебаевдин авторлугу сакталган. Ал […]
Ырк кеткенде баржогу тигиштеринен сөгүлүп,кечээ эле кадырлап жүргөн абийилер айрандай төгүлүп, жоролор бири-бирине мокочодой көрүнүп каларын көзгө сайып көрсөтүп эле келген оозуна алы жеткендери, жетпегендери деле.. Бирок кыргыз парламенти КСДПдай, […]
Бүйүр кызыткан кеп эмес бекен? Агезде Өмүрбек Бабанов премьер-министр, Акылбек Жапаров каржы министри. Экөө президент Алмазбек Атамбаевдин кабинетинен чырлаша кетишет. Сөздөн-сөз чыгып, талашып-тартышып, аягында А.Жапаров папкеси менен Ө.Бабановду башка бир […]
Өмүрү ооз ачпаган Таабалды Тиллаев деген депутаттын тилинен кадимки Кадыржан Батыров чаң чыгарды. Ырас, Таабалды туура маселени көтөрдү. Бирок ошол эле маалда ал эл өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты экенин унутуп калды. Анткени […]
Өзбекстандын президенттигине талапкер Шавкат Мирзиеевдин буюртмасы менен Кыргызстандын 1-вице-премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев баштаган делегация кабыл алынып, Андижанда мурда болуп көрбөгөндөй сый көрүштү. Эки тараптуу мамиленин жакшырышына өбөлгөлөр түзүлүп, саясый, экономикалык, чек […]
Баягы «Кош келиңиз, Меркель айым» деген көрнөк-жарнактар жайнап, Кыргызстанга бейиштин элчиси келаткансып өлө сүйүнгөн убакчы. Ошондо Германиянын канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга келбеди беле. Келээрин келип, Кыргызстанды көргөн Ангела айым Ала-Тоонун жаратылышына […]
Атамбаев-Текебаев тирешинде кай тарапка өтүшүн билбей «талтайган» позицияны карманган депутаттар көбөйдү. Текебаев түптөгөн «Ата Мекен» партиясы аркылуу парламентке келип, бирок саясий тиреш башталып, кыйчалыш учурга кептелген чакта Өмүрбек Текебаевден жүзүн буруп, бийликке кулдук урган […]
Конституцияны өзгөртүүгө каршы добуш берүүдө «Ата Мекен» фракциясынан Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Наталья Никитенко активдүүлүгүн көрсөтүп, аягына чейин баштапкы позияларында турушкан. Ал эми Алмамбет Шыкмаматов жок шылтоо менен жыйынга катышпай […]
«Өнүгүүчүлөрдүн» таалайына тийген Айыл чарба министрлигин ушу тапта Турдуназир Бекбоев «айдап» жүрү. Ансыз да ышпалдасы чыгып бүткөн тармакты бул «шоопур» түзүктөп айдай албай атканы ырас. Башкы тракторист Бакыт Төрөбаев же бул адамды башка бир тыңыраагына алмаштырбай койду. […]
Коалициядан «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары чыкканы калганына сүйүнгөн Өмүрбек Бабанов тагдырдын өгөй баласындай болсо да, болбой эле президентке кошомат кылуу менен жакындаганы байкалууда. Эки фракция чыгып кетсе, РАЖ коалицияга кирүүгө […]
Кеңешбек Дүйшөбаевди тааныйсыңар да. Акаев доорунун бир күндүк министри да болгон. УКМКны да уучуна кармап турду. Мамлекеттен аласасы жок. Ошол Кеңеш аксакал кечээ жакында бир маек берип, «Атамбаев мени камай албайт» деп […]
Учурда билим берүү системасы артка кеткенин айылдагы кары-картаңдар да түшүнүп калды. Бир мекемеде бөлүм башчы же мектепте завуч болуп иштебеген Элвира Сариева агартуу жагын сазга батырды го. Университеттеги, мектептердеги атмосферадан […]
Чиркин, адам болгондон кийин «пендечилик» деген болбой койбойт да. Канчалаган кадыры, арттырган аброю туруп бир иш үчүн болгон сый-урматтан кол жууш жаман экенин пенде убагында сезсе кана? Ырас, кезинде мамлекет үчүн айым башы менен […]
«Спутник» сайты «гезиттердеги айың кеп» деп акылдуусунган материалдарын баштаптыр. Биздин гезитке чыккан Турсунбек Акундун Акүйгө барып Икрам Илмияновго жолукканы боюнча шек санашып, кылдан кыйкым издешкендери күлкү келтирди. Тукенин ортомчулук милдетти […]
Жогорку Кеңештеги айрым депутаттарыбыз анда-санда ой келди сүйлөп коюшат. Коомдук прогрессивди «илибой» жагынан туура кабылдагысы келгенин көрсөтүүгө ашыгып. Айталы, Жогорку Кеңештеги КСДП партиясынын депутаты Дастан Бекешов акылга сыйбай турган бир маселе көтөрдү. […]
Экс-премьер Темир Сариев Москвага учуп кетти. Бизге жеткен ишенимдүү булактарга караганда, Темике Кремлди бийлеген океңдердин «көзүрлөрү», саясат таануучулары менен Москвадагы кымбат ресторандарда жолугушуп, саясый консультацияларды жүргүзүү пландалган. Демилге океңдер тараптан […]
Тамчы-Корумду жолу али көп сырды аччудай. Дегеним, транспорт министри Замирбек Айдаровдун дагы аталган тендерге байланышкан чуулгандуу иштеринин учугу чыкты. Көрсө бул эргул аталган министрликке тиешелүү жол чарба департаментинин директору болуп турганда далай иштин көзүн будамайлаганы чынбы? Кантип […]
Жогорку Кеңеште төрт фракциядан куралган көпчүлүк коалиция бар эмеспи. Мына ушул аты бар болгону менен заты чалды-куйду позицияны карманган коалиция деген биримдиктин тагдыры чечилип калган өңдүү. Не дегенде Москвада дарыланып жаткан […]
Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу өлкө башчысы болом деген саясатчылардын дымагы күчөп турган учур. Албетте, адаттагыдай эле “атың чыкпаса, жер өрттө” принциби менен ондогон талапкерлер шайлоого барышы мүмкүн, […]