Шейшемби, 19 Июнь, 2018 - 4:46
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: САЯСАТ

Өлкөдөгү саясий, экономикалык абал оппозициянын башын бириктирди

“Кыргызстандын бирдиктүү оппозициялык күчү” деген жаңы оппозициялык кыймыл түзүлдү. Оппозиция өкүлдөрү узакка созулуп кеткен каатчылыктан, өлкөдөгү оор абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалышы керектигин айтып, бийликке 7 талабы бар экенин […]

Канайым Бердибаева, Апрель Баатыры: “СДПКчы Чыныбай Турсунбеков Нарындагы мектептин пол жуугучуна чейин аралаша береби?”

“Нарын шаарынын N8-мектебинин мурунку директору Кубан Мамбетов Акаевдин режимине кандай кызмат кылса кийин Бакиевдин, Атамбаевдин режимдерине да ошондой эле кызмат кылып келген, принциби жок директор болгон”,- деп билдирди бүгүн, 2-мартта […]

КРнын Башкы прокурору Индира Жолдубаева Таш-Көмүр шаардык прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 2-мартта КРнын Башкы прокурору, юстициянын 2 класстагы мамлекеттик кеңешчиси Индира Жолдубаева Таш-Көмүр шаардык прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы буга […]

Ош шаардык кеңешине 27-мартта өтө турган шайлоого катышуу үчүн 13 саясый партия тизмелерин тапшырып каттоодон өттү

Ош шаарында 27-мартта өтө турган Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн шайлоо комиссиясынан 13 саясый партия каттоодон өтүп, депутаттыкка талакерлеринин тизмесин тапшырып, шайлоого камданышууда: – «Ата-Журт» – «Күч биримдикте» – […]

Рамзан Кадыров: Немцов кара ниет максаттын курмандыгы болду

Чечен лидери  Рамзан Кадыров  бир жыл мурун Борис  Немцовдун киши колдуу өлүм табышына маркумдун ысымын өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жаткандар айыптуу экенин  «Интерфакс» агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтуусунда, азыр […]

Ош: Текебаевге кошулгандан бери Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы чачырады

Оштогу «Улуттар биримдиги» партиясы 27-марттагы шаардык кеңешке болгон шайлоого катышпастыгын билдирип, байкот жарыялады. Партиянын саясий кеңеши коомчулукка кайрылуу таратып, анда бийликчил күчтөр шайлоону таза өткөрбөйт деп жазылган. Серепчилер, лидери сыртта […]

АКШдагы президенттик жарышта Трамп менен Клинтон алдыда

АКШда быйыл күзүндө өтө турган президенттик шайлоонун алкагында   алдын ала добуш берүү өнөктүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды. “Супер шейшемби” аталган шайлоодо 1-мартта  республикачыл  жана демократтар партиялары он эки  штатта добуш берүү уюштурду. […]

Кыргызстанда “Оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси” – ОКБ түзүлгөндүгү тууралу БИЛДИРҮҮ

Кыргызстан өз башынан оор сыноолорду өткөрүп жатат. Өлкөдө кеңири кулач жайган коррупция жана бийликтин популисттик куру кыйкырыктары карапайым элибиздин ансыз деле оор турмушун андан ары татаалдатууда. Белгилей кетчү нерсе, бүгүн […]

Эгемендүүлүгүбүздүн 25 жылдыгына карата: “100 саясий портрет”. Исхак Масалиев

Исхактын, атасы Абсамат Масалиев учурунда Кыргызстандын Коммунистик партиясынын башында туруп, Кыргызстанды башкарган белгилүү инсандын уулу болгондугу үчүн эле кыргыз саясатына илешип калды деген ойдон алыспыс. Учурунда аталары мамлекеттик бийликтин башында […]

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Пиночет жок, бирок, кимге өлүм өкүмү чыгат, кимге ырайым болот, ким мандаттуу болорун Ак үй чечет”

– Табылды мырза айтсаңыз, бүгүн Сириядагы абал өтө коооптуу болуп турат. Д.Медведев да “маселени үчүнчү дүйнөлүк согушка жеткирбей чечели” дегендей билдирүү кылды. Сирияда абал эмнеге мынча тез арада өнүгү жатат?  […]

Киев: Донбасстагы жаңжалда 2600дөн ашуун украин аскери мерт кетти

Донбасстагы салгылашуулардын натыйжасында Украина   2600дөн ашуун аскеринен айрылды.  Тогуз миңден ашууну ар кандай жаракат алышты.  Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Минск келишиминин аткарылышына байланыштуу билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка караганда, акыркы […]

Кубанычбек Кадыров, “Улуттук оппозициялык кыймылдын” (УОК) лидери: “Акаев, Бакиев түптөп, бекемдеген коррупциялык схемаларды Атамбаев ийгиликтүү улантып жатат”

Жакында дагы бир революция болуп кетиши мүмкүнбү-жокпу, бул туурасында “Майдан.kg” гезитине УОКтун лидери К.Кадыров маек куруп берди. – Буга чейин УОКко карата коомчулук тарабына бир топ сын-пикирлер айтылып, “социалдык тармактардан […]

Адил Турдукулов, УОКтун мүчөсү: “Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү кайрадан эле эскиче аңдымай, компромат топтомойго өтүштү”

“Азыркы бийликтегилер ѳздѳрү оппозицияда туруп, мурдагы президент Курманбек Бакиевди “электр энергиясынын баасын кымбаттатты” – деп бийликтен кетиришкен.   Анда азыркы өлкө башчыбыз, “Эмне үчүн супер арзан энергия мынчалык болуп жатат” – […]

Өзбекстанда акимдерге автономдуу орун басарлар дайындалат

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов облус акимдерине өз алдынча иштеген автономдуу орун басарларды дайындоону сунуштады. “Мамлекеттик башкаруудагы аймактык органдардын түзүмүн жакшыртуу” боюнча 24-февралда кол коюлган жарлык дубан башчыларынын жер-жерлердеги чексиз үстөмдүгүн […]

Бектур Асанов, “Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери: “Эки жүздүүлүктүн, жалганчылыктын, кошоматчылыктын, коррупциянын доорунда жашап жатабыз”

Азыркы бийлик деле 2009-жылдын декабрындагы бийликтин түспөлүн кийип отурат. Алмазбек Шаршеновичтин тынчтык жолу менен кеткени кыргызга жасаган чоң жакшылыгы болмок. Бир да иш кылбады, революциянын максаттарын актабады. Революциянын максаттарынын жок […]

Тимур Саралаев, УОКтун мүчөсү, “Жаңы муун” саясий кыймылынын өкүлү: “Эл арасында экономикалык жана тарифтик саясатка нааразычылык күчөп бара жатат”

Кечке эле карапайым калкты кысып, жон терисин сыйрый берсе бир күнү эсебин берип коёт.    Революция болобу же болбойбу, аны убакыт көрсөтөт. Бирок бир нерсени белгилей кетиш керек, коомдун басымдуу бөлүгү […]

Назарбаев үч тилди үйрөнүүгө үндөдү

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанада кечээ белгиленген Алкыш күнүнө карата уюштурулган иш-чарада сүйлөп жатып, азыркы тапта үч тилди билүү зарылдыгына токтолду.   Назарбаев орус тилин эзелтен бери келаткан коңшулук алаканын тили […]

Замира Сыдыкова, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, журналист: “Атамбаев деле танбаса керек, 2010-жылкы революцияны Кремль, орустарга таянып жасашкан”

Коомдук ишмер, экс-элчи, мыкты журналисттердин алдыңкы сабында турган Замира Сыдыкова менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык. Анда кеп башынан болсун. –Замира эже, дасыккан журналистсиз. Ар бир окуяны анализ жасап, кырдаалды […]

Кайып Шери, Апрель Баатыры: “Сегизбаев мени издесе атамдын үңкүрүнө келсин! Атамбаев Койташ тарапта 5 гектар жерге Чынгызхандын “Алтын Ордосундай” кылып Атамбаевдин “Алтын резиденциясын” салдырып жатат”

– Сиз кимсиз? Бүгүн элди ушул суроо кызыктырып турат? – Мен мекенчил, прогрессивдүү идеяларды колдогон 6 миллион кыргызстандык жарандардын биримин десем жанылбайм. Биз мекенчил прогрессивдүү жаштарды, күчтөрдү колдойбуз. Өлкөбүздүн өнүгүп […]

Отунбаева төмөнкү баскычтагы “иллюминаттардын минервалыбы?”

Экс-президентибиз Роза Отунбаеваны мурда-кийин масондор, иллюминаттар, Билдерберг клубу менен кандайдыр бир  алакасы бардыгы айтылып келчү. Эми эжекебиз «Минерва сыйлыгына татып , ошол кептердин чындыгын чыгарып койду көрүнөт, тагыраак айтканда ал […]

Темир Сариев айыл чарба жана маданият министрлеринин орун басарлары Эркинбек Чодуев менен Айнура Темирбековаларга сөгүш берди

Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн аппаратынын жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев 2015-жыл жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик органдардагы ченемдик-укуктук актыларды жана келип түшкɵн тапшырмалардын аткарылышы, аткаруучулук тартиптин абалы тууралуу маалымат берди. Өкмɵтүнүн аппаратынын жетекчиси маалымдагандай, ɵткɵн […]

Турсунбек Акун, экс-омбудсмен: “Бийлик “Нарынга оппозицияны киргизбейбиз” деп милицияга жол тостуруп, ар бир машинаны тинтип жатышат”

“Бүгүнкү бийлик кайрадан мурунку режимдердин жолуна түштү. Нарынга баратсам шаарга кире бериш жерде милиция машиналарды тосуп тинтип, оппозиционерлерди издеп жатышыптыр”, – деп билдирди бүгүн, 29-февралда Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине экс-омбудсмен Турсунбек […]

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор: “Аман эле болчу, Текебаев! Сен көбүнчө оппозиция терисин жамынып 25 жылдан бери саясатта жүргөнүң менен, тымызын ар качан бийлик менен жүрөсүң”

Өмүрбек  Чиркешович, сен айткандай “Майдаланбай, дүңүнөн ой жүгүрткөн баатыр” катары мен жөнүндө ММКага чыккан интервью-маалыматтарга, анын ичинде буюртма ушактарга да жооп бербей, сага окшоп журналисттер менен соттошуп көрбөгөн жаным бу […]

БУУ: Кыргызстандагы адам укугу боюнча баяндама жасалат

Кыргызстандын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Женевада Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинин 31-сессиясында сөз сүйлөйт. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу кеп козголот. Өлкө 2016-2018-жылдар аралыгында […]

«The Current Time» теледолбоору «Борбор Азия» программасын сунуштайт

«Учур» («The Current Time») телеберүү долбоору жарым сааттык «Борбор Азия» маалымат көрсөтүүсүн обого чыгара баштады. «Борбор Азия» -«инфотаймент» стилиндеги ачык, динамикалуу, интерактивдүү программа, деген пикирде долбоордун жетекчиси Кенан Алиев. «Борбор […]

Адилет Айтикеев, журналист: “Мелис Мырзакматов Кыргызстандагы китепти эң көп окуган саясатчылардын катарына кирет, бул кишиде нукура башкаруучулук талант, көрөңгө, тубаса саясый акыл бар”

“Мелис Мырзакматов менен күндөп-түндөп, жумалап маектешип, сүйлөшүп отурган адам катары ал киши туралуу абдан бийик ойдомун. Мелис Мырзакматов Кыргызстандагы китепти эң көп окуган саясатчылардын катарына кирет жана ал киши кызыкпаган, […]

Жанар Акаев, КСДПчы депутат: “Мырзакматов чоң саясатты жакшы деле түшүнгөн эмес, баарын мен жасадым деп өзүнө ыйгарып алган”

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов эмнеге эл арасында кадыр баркка ээ болду? Ал ошол кезде чоң саясатты жакшы деле түшүнгөн эмес. Бирок, ал чарбаны жакшы түшүнгөнү үчүн элдин көп […]

Абибилла Кудайбердиевге дубай-салам айтышкан кыргыз генералдары

Редакцияда 23-февралда кызык жагдай орун алды. Мекенди коргоо майрам-шаңына карата бир катар офицер, генералдар телефон чалышып, жазуу жүзүндө кат-кабар жиберишип, экс-коргоо министри, генерал-майор Абибилла Кудайбердиевге  дубай-салам айтып коюшубузду суранган өтүнүчтөрүн […]

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Кыргыз бийлиги өлкөдө бандиттик режимди, зулумдукту толугу менен орнотту”

-Кыргыз бийлиги өлкөдө бандиттик режимди, зулумдукту толугу менен орнотту. ИИМ министринин аты адам өмүрүнө кол салуу, өлтүрүүгө аракет кылуу фактысына аталып жатат. Мындай мамлекетте жашоо – бийликке сын айткан оппозиция […]

Зарыл Рысалиев, экс-министр: «Парламент «СИЗО — 2″ болуп калды, мен мандатка жетейин, «ичеги-карындарын чубайм»!»

Генерал менен эч кандай жасалмасы жок эле ачык-айкын суроолор менен баарлаштык. Кө-өп сырларды жана сөздөрдү «чигинен жаткызды». Эмесе, күбө бололу да! -Зарыл мырза, инсульт кармап, катуу ооруга чалдыккан турбайсызбы? Азыр […]

Ахматбек Келдибеков: «Айтыңызчы, Өмүрбек Чиркешович, менин иш бөлмөмдө беш фракциянын жетекчилери менен талкуулаганыбызды моюнга аласызбы?»

Бишкек шаардык сотунда болуп жаткан Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук териштирүүдө, күбө катары өтүп жаткан Өмүрбек Текебаевке айыпталуучу Ахматбек Келдибеков төмөнкү суроону узатты: — Айтыңызчы, Өмүрбек Чиркешович, ошол күнү, токтомдун […]

Таласта электрэнергияга баанын көтөрүлүшү, төө бурчакка баанын төмөндөшү, тоо-кендерин иштетүүдөгү калпыстыктарга арналган төгөрөк үстөл өттү

Кечээ, 21-февралда Таласта төө буурчакка баанын кескин төмөндөшүн, электр энергиясына тарифтердин жогорулашын, облустун аймагындагы тоо-кендерин иштетүүдөгү калпыстыктарды, социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшүн, автоунааларды жана үйлөрдү милдеттүү камсыздандыруунун киргизилишин талкуулаган төгөрөк үстөл болуп […]

Кыргыз аткаминерлеринин “эркетайларынын” жашоосу коомдун талкуусунда

Кыргызстанда аткаминерлер байлыгын ачык айтпаганы менен, алардын балдары социалдык тармактарда жашоолорун көрсөтүүдөн тартынышпайт. Азыр социалдык тармактардан кимге байланыштуу болбосун маалымат табууга болот. Кыргызстандын аткаминерлеринин чүрпөлөрүнүн интернеттеги баракчаларына “саякат” учурунда “эркетайлар” […]

Асланбек Сартбаев, журналист: “Албек Ибраимовдун сабатсыз, “2” деген баага татыктуу ишин сынактан өткөргөн Эгемберди Эрматов жана комиссиянын курамы отставкага кетсин”

Белгилүү журналист, “Азия ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев КСДП партиясынан Бишкек шаарына мэрдикке талапкер катары көрсөтүлгөн Албек Ибраимовдун өтө сабатсыз жазган жазуу ишин текшерип, аны сынактан өткөргөн КР Президентинин […]

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы жума күндөрү кызматкерлерге намаз окуу үчүн кошумча 1-2 саат убакыт бөлүп берүү мыйзам демилгесин колдошту

Кечээ, 19-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин  «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында депутат Тазабек Икрамов “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуш кылды. Депутат бул мыйзам демилгесин мамлекеттик мекемелерде […]

Фото – Оппозициячыл журналист Турат Акимовду түндө сабап кетишти

“Түндө үйдө телевизор көрүп олтуруп, саат 12лерде сыртта турган машинамды короого кийирип койгону чыккамын. Машинаны кийирип коюп, дарбазаны жаап койгону сыртка чыксам бир олбурлуу неме аңдып турган экен, колундагы арматурасы […]

Алмаз Атамбаев: ” Акыркы 4 жылдын ичинде дайындалган 290 судьянын бири да пара алган же пара талап кылган эмес”

“Кыргызстандыктар менен кошо өлкөбүздүн сот системасы да калыптануу жолун басып өттү. Судьялардын X съезди кыйла татаал, бирок,  өтө маанилүү сот реформалары жүрүп жаткан учурда өтүүдө”, – деди Алмаз Атамбаев кечээ, 10-февралда Кыргыз […]

Фотобаян – Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Албек Ибраимов кыргыз тилинен экзаменди көптөгөн каталар менен тапшырды

КРнын “Борбор шаардын статусу жөнүндө”  мыйзамынын 22-беренесине ылайык Бишкек шаардык мэринин кызматына сунушталган жалгыз талапкер Албек Ибраимов мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырды. Мыйзамга ылайык шаардын мэри мамлекеттик тилди мыкты билген […]

Орусия: Коргоо министрлигинин чыгымдары 160 миллиард рублга кыскарат

Орусиянын Коргоо министрлиги экономикалык кыйын кырдаалга байланыштуу аскердик чыгымдарды 5 пайызга азайтууну максат кылууда. Быйылкы жылдын бюджетинде мекемеге үч триллиондон ашык рубль бөлүнгөн. Бул көрсөткүч өлкөнүн ички дүң продукциясынын 4 […]

АКШ Сирияда атайын бөлүк жайгашкан жер тууралуу Орусияга кабарлады

Пентагон Орусияны Сириянын түндүгүндөгү райондорго абадан сокку урбоого чакырды. Бул аймакта америкалык атайын бөлүктүн кызматкерлери өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко каршы күрөшүп жаткан жергиликтүү аскерлерди машыктырууда. Азыр бул өтүнүч […]

Анкара жардыруу үчүн күрттөрдү айыптоодо

Анкарадагы 28 адамдын өмүрүн алган жардырууга катышы бар деген шек менен тогуз адам кармалды. Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу теракт үчүн Сириядагы күрт партиясынын куралдуу кошуундарын жана аларды колдоп жаткан президент […]

Жанарбек Надырбеков, Апрель Баатыры: “Аксы эли 22-февралда болуучу тынчтык митингин токтотушту”

Аксы элинин бийликке койгон беш талабына бүгүнкү күндө  көңүл буруулар болуп, 22-февраль күнү боло турган тынчтык митинги токтотулду. Бул тууралуу уюштуруучу, апрель революциясынын баатыры Жанарбек Надырбеков “Көк-Арт ИНФО” маалымат борборунда […]

Өмүрбек Текебаев: “Биз мамлекеттин үлүшү бар компаниялардын кантип сатылып жана тышкы аудит жүргүзүлүп, кийин жооптууларды таппай калган учурларды жакшы билебиз”

Бүгүн, 19-февралда парламенттик “Ата Мекен” фракциясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Анда негизги маселе катары “Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндөгү маселе каралып, талкууланды. Кыргыз Республикасынын […]

Жанарбек Надырбеков, Апрель Баатыры: “Аксыда 22-февралга белгиленген митинг өткөрүлбөйт, бизге стабилдүүлүк керек”

Аксы районунун Кербен шаарында үстүбүздөгү жылдын 22-февралына белгиленген митинг өткөрүлбөйт. Бул тууралуу аталган райондун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты, Апрель элдик революциясынын баатыры Жанарбек Надырбеков Жалал-Абад шаарындагы “Көк-Арт инфо” маалымат борборунда […]

Укук коргоочулар расмий Дүйшөмбүнү саясий туткундарды бошотууга чакырууда

Human Rights Watch (HRW) менен Norwegian Helsinki Committee (NHC) эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстандын бийлигин саясий туткундарды бошотууга чакырды. “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, укук коргоочулар Ислам кайра жаралуу партиясы […]

Меркель: Сирияда учууларга тыюу салынган мейкиндик керек

Германиянын канцлери Ангела Меркель Сириядагы гуманитардык кырдаалга тынчсызданып, бул өлкөдө карапайым калкты коргоо үчүн учууларга тыюу салынган мейкиндик түзүүгө чакырды. Бундестагда сөз сүйлөп жатып Меркель Сирияда согушкерлерге сокку уруп жаткан […]

Төлөгөн Наралиев, Апрель Баатыры: “Эртең Таласта өтө турган форум бийликке каршы нааразычылык акциясына айланып кеткени турат”

“Эртең, 19-февралга укук коргоочу Серен Бейшенов демилгелеп өткөрө турган калктын социалдык абалы тууралу төгөрөк столду бузуу үчүн Таластын губернатору Байыш Жуманазаров менен анын орун басары Данияр Кеникеев кийлигишип, аны Экономикалык […]

Мурдагы советтик президенттер Орусиянын саясатын сынга алышты

Мурдагы союздун курамындагы мамлекеттердин 12 экс-президенттери Владимир Путин жетектеген учурдагы Орусиянын саясаты совет бийлигинин аракеттерин эске салат деген пикирде. “Эркин Европа-Азаттык” үналгысынын “Орусия жана мен” аттуу жаңы долбоорунун алкагындагы маектер […]

«Улуттар биримдиги» партиясынын элге Кайрылуусу: «27-мартка белгиленген Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого бойкот жарыялап, шайлоо өнөктүгүнөн баш тартабыз!»

«Улуттар биримдиги» элдик партиясынын Саясий Кеңешинин Кыргызстандын коомчулугуна КАЙРЫЛУУСУ Урматтуу мекендештер! Урматтуу «Улуттар биримдиги» элдик партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары! «Улуттар Биримдиги» элдик партиясы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн, Улуттардын биримдигин, Саясий стабилдүүлүктү сактоого, […]

Стамбулда Умарали Кувватовдун өлүмү боюнча сот башталды

Тажикстандык оппозициялык “Группа-24” тобунун лидери Умарали Кувватовдун өлүмү боюнча Стамбулдагы жараянда негизги эки күбө көрсөтмө беришти. Алардын бири Сухроб Тураев тажик оппоиционеринин өлүмүн уюштургандардын башында Сулаймон Каюмов турганын айтты. Прокуратуранын […]