Ишемби, 24 Февраль, 2018 - 5:56
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: СПОРТ

Эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын “Жаш күч” клубу Чеченстандын “Ахмат” клубун жеңип алды

Ишемби, 9-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн ММА JFC Fight Night 2017  турниринде Кыргызстандык депутат Алтынбек Сулайманов аталык кылган “Жаш күч” клубу менен Чеченстандын президенти Рамзан Ахматович Кадыров аталык […]

Видео – Мыктыбек Мамасалиев (Ак аюу) менен Юрий Проценконун таймашы

Ишемби, 9-декабрь күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргызстандык Мыктыбек Мамасалиев (Ак аюу) менен Украиналык Юрий Проценконун JFC чемпиондук куру үчүн таймашы болуп өттү. Таймашта уруштун техникасы менен чеберчилигин мыкты […]

Жалал-Абад: мэрия тележурналисттер менен топ тепти

 Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жигиттерден турган мини-футбол командасы менен шаардагы телекомпаниялардын журналисттеринин курама командасы жана мэриянын волейбол боюнча кыздар командасы менен тележурналисттердин курама командасы өз ара мелдешип, журналисттер чиновниктерди утуп алышты. […]

Орусия кышкы Олимп оюндарынан четтетилди

Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салды. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгону айтылды. Анткен менен […]

Иранда аялдар залына киргиси келген эркек машыктыруучуга хижаб кийүүгө туура келди

Иранда өткөн Кабадди боюнча Азия биринчилигинин мелдештеринде Таиланддын аялдар командасынын машыктыруучусу залга кирип, оюнчуларды кубаттоо мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн хижаб кийди. Иранда аялдардын пайдалануусундагы спорттук жайларга эркектердин кирүүсүнө тыюу салынат. […]

Спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдар оптималдаштырылууда

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет. 2-окуудагы мыйзам долбоорун Социалдык […]

Самат дүйнө чемпиону

Самат Эмилбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн эрежесиз эр уруштун ММА эрежеси боюнча дүйнө чемпиону наамын тастыктай турган кемер курду багынтты. Бул боюнча Бүткүл дүйнөлүк Кулатуу федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогонов жеринен […]

Канат Бегалиев эми саясатты “сапырат”

2008-жылы өткөн Пекин олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, грек-рим күрөшү боюнча улуттук башмашыктыруучу Канат Бегалиев өз ыктыяры менен жумуштан кетип атканы тууралуу кечээ коомчулукка айтып, ошону менен бирге беш жылдык ишинин […]

Оор атлетика боюнча 2018-жылкы дүйнө биринчилиги Ашхабадда өтөт

Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын аткаруу комитети (IWF) 2018-жылкы дүйнө биринчилигин Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги уюмдун басма сөз кызматына шилтеме кылып […]

2-даражадагы “Манас” орденине татыган Талант Дүйшөбаев

«Менин колумдан 2-даражадагы «Манас» орденин алганга куштарлыгын билдирген Талант Дүйшебаев бүгүн Испания жергесинен келе албай калганы мени өкүндүрөт» деди кечээ өлкө президенти Алмазбек Атамбаев. Ажонун ою боюнча кыргыз спортчулардын ичинен […]

Сочи шаарында өткөн самбо боюнча дүйнөлүк мелдеште милициянын кызматкери Улан Абдиманап уулу коло медаль тагынды

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк мелдеште жеңишке жетишкен Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абаддагы өзүнчө ротасынын кызматкери Улан Абдиманап уулун салтанаттуу түрдө […]

ИИМ спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиондорун куттуктады

Спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиондугу 2017-жылдын 10-12-ноябрь күндөрү Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн. Кыргызстандан барган команданын курамына 17 спортчу (15 эркек жана 2 кыз ) кирген. 2017-жылы Россияда […]

Ошто «Мухаммед-Умар Ош» коомдук фондунун колдоосу менен диний окуу жайлар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ош шаарында “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Ош облусунун мусулмандар казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук фонду тарабынан Ош облусундагы диний окуу жайлардын студенттери арасында спорттун футбол жана волейбол […]

EREM командасы Кыргызстандын чемпиону болуп, энелер лигасы старт алды

Кыргызстандын волейбол оюну боюнча эркектер арасында улуттук лиганын чемпионаты аяктады. 6-ноябрь күнү акыркы турдун кезектеги оюндары старт алып, оюн талаага биринчилерден болуп EREM командасы менен «Жаңы муун» чыкты. 3:2 эсеби […]

Отар менен Юра немистерди багынтты

Отар Бестаев менен Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Германиянын клубдук биринчилигинде экинчи ирет чемпион наамын багынтты. Эске сала кетсек, спорттун дзюдо түрү Германияда абдан жакшы өнүккөн. Бундес лигада 12 команда эки […]

Энелер лигасы түзүлдү

Кыргызстанда расмий түрдө волейболдук энелер лигасы түзүлдү. Алар 2016-жылдан бери жөнөкөй шартта 6 команда арасында ойноп келген. Быйылкы жылдын ноябрь айынан баштап, тактап айтканда, эркектер арасындагы өлкө чемпионатынан кийин старт алат. […]

Жаш топ тепкичтердин агачкы ийгилиги

31-октябрь күнү ордо калаабыздын Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча жаштары 19га чейинки Азия чемпионатына иргеп алуу мелдешинде биздин жаш топ тепкичтерибиз Непал командасын кабыл алды. Стадионго келген сүрөөнчү, […]

Кыргызстанда Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт  боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасын оптималдаштыруу максатында,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 664 Токтомунун 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө […]

Бишкекте жөрмөлөгөн наристелердин чемпионаты өтөт

Бишкекте 4-ноябрда жөрмөлөп жүргөн кичинекей наристелер арасындагы I чемпионат өтөт. Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чарага 36 айдан аша элек наристелер катыша алат. Сынактын шарты боюнча, балдар 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүүсү керек […]

Футбол академиясына жаш спортчуларды тандоо башталды

Жаңы пайдаланууга берилген Оштогу футбол академиясына жаш спортчуларды тандоо башталды. Учурда машыктыруучулар 600гө жакын баланын футболго болгон шыгын текшерип жатышат. Жыйынтыгында мыктылар аныкталып, контрактык негизде кабыл алынат. Анда да балдардын […]

Атактуу балбан Абакир Рысовдун 70 жашка чыгышы Грецияда белгиленет

Белгилүү балбан, спорттун беш түрү боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу, чеберлер арасында дүйнө чемпиону, профессор Абакир Рысов баштаган чакан делегация 20-октябрда таңында олимпиаданын мекени болгон Грецияга […]

Семетей эл аралык чеберлердин эсебин берди

Россиянын Челябинск шаарында «Мемориал А.Н.Панченко – 2017» аттуу эл аралык шахмат боюнча мелдеш аяктады. Мелдешке Россия, Украина, Чехия, Сербия жана Кыргызстандан Семетей Төлөгөнтегин баш болуп шахмат оюну боюнча 10 эл аралык чеберлер […]

Депутат Азия жабык оюндарында байге алып келген кыргыз спортчуларын сыйлоону сунуш кылды

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында эл өкүлдөрү спорт жаатында маселе көтөрүштү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет. Бир катар эл өкүлдөрү Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) өткөн Азия жабык оюндарында […]

Спортчуларга каралган стипендия

КР Жаштар иши, дене тарбня жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 2017-жылдын экинчи жарымында стипендия ала турган спортчулардын тизмесин жарыялады. Агенттиктин комиссиясынын чечими менен 7 баскычта 227 спортчуга стипендия каралып, алды […]

Ардагерлер алтынга жетпеди

Болгариянын Пловдив шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты болуп өттү. Кыргызстандан 10 балбан аттанган эле. Арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону Чынарбек Изабеков жана дүйнөнүн коло медалынын […]

Казакстан спорчулардын бир жыл мелдештен четтетилиши боюнча түшүндүрмө берди

Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын (IWF) аткаруучу кеңеши 30-сентябрда Казакстан сыяктуу тогуз улуттук федерацияны бир жылга мелдештерден четтетүү чечимин кабыл алды. 2016-жылы июнда Тбилисиде Оор атлетика боюнча эл аралык […]

Кичи футбол  боюнча Жогорку  Соттун төрагасынын  өтмө  кубогу жыйынтыкталды

Кичи футбол  боюнча Жогорку  Соттун төрагасынын  өтмө  кубогу жыйынтыкталды. Бул туурасында Жогорку Соттун пресс-кызматы маалымдады. Иш-чара   КРнын  Президенти тарабынан  жарыяланган Ыйман,адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү.  Жалпысынын  12 курама  команда […]

Генерал Субанбеков кыргыз спортчуларына моралдык жактан дух берип кайтты

Ушу тапта Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имарат алдындагы 5-Азия оюндарына кыргыз спортчулары да ийгиликтүү оюн көргөзүшүп, айрымдары алдыңкы орундарды багындырып, спорт күйөрмандарына жакшы маанай тартуулашууда. Кыргыз спортчуларын моралдык […]

Ашхабадда Азияда оюндары аяктады

Ашхабад шаарында имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары аягына чыкты. Түркмөнстан мелдеште чемпион аталды. Оюн ээлери 245 медаль алса, алардын ичинен 89у алтын. Экинчи орунга 42 алтын […]

Ашхабад: Азия оюндары жабылар алдында билет сатып алууда ажиотаж жаралды

Ашхабадда өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары жабылар алдында спорттук мелдештерге билет сатып алууда ажиотаж жаралды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө. Маалыматтарга караганда, спорттук […]

Спорттун улуттук түрлөрү менен салттуу оюндарды мыйзам алкагында сактоо жана өнүктүрүү чаралары каралууда

Жогорку Кеӊеште кыргыз элинин унутулуп бараткан улуттук спорт оюндары менен салттуу оюндарын өнүктүрүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү […]

Айсулуунун алтыны алдыда

Кыргыздын мыкты спортсмен кызы Айсулуу Тыныбекова менен, сөзсүз сыймыктанабыз, мына ошол бардыгыбыз жакшы көргөн кызыбыз бешинчи Азия оюндарынан экинчи орунду алып, биздин жүрөктү оорутуп турган кези. Ооба, күмүш медаль дагы […]

Ашхабаддагы Азия оюндары: 26-сентябрда кыргызстандыктар 5 алтын,2 күмүш,4 коло байге утту

26-сентябрда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында  өтүп жаткан жабык имараттардагы жана жоокер өнөр Азия оюндарынын мелдештеринде Кыргызстандын куржунуна 5 алтын медаль кошулду. Бул туралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди. Кыргызстандык Ызатбек […]

Уэйн Руни айдоочулук күбөлүгүнөн эки жылга ажыратылды

Mac абалында унаа айдап жүргөнү үчүн Англия футбол курамасынын мурдагы капитаны жана “Эвертон” клубунун оюнчусу Уэйн Руни айдоочулук күбөлүгүнөн эки жылга ажыратылды. Ага кошумча 100 саат коомдук жумуш, 170 фунт стерлинг […]

Шевченко салмак ченемин өзгөртөт

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн беттеште Аманда Нуньестен жеңилүү ызасын тарткандан кийин салмак ченемин өзгөртүү чечимин кабыл алды. Шевченко мындан ары атаандаштары менен […]

“Алай” чемпион!

Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты – ,Топ-Лиганы Оштун “Алай” клубу жеңип алды. Өлкө биринчилигинин аякташына үч тур калганда жеңишти камсыздаган оштуктар, ушуну менен үчүнчү жолу катарынан алтын медалды тагынышты. Чемпиондук оюнда […]

Азия оюндарында Түркмөнстан алдыда келе жатат

Ашхабадда өтүп жаткан жабык жайдагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында Түркмөнстан расмий эмес медалдык эсепте атаандаштарынын ат чабым алдыда келе жатат. Азиа сайтынын маалыматтарына караганда, 24-сентябрга карата түрмөн […]

Ашхабаддагы Азия оюндары: 23-сентябрда кыргыз балбандары 3 алтын, 2 күмүш, 1 коло байге утту

23-сентябрда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында  өтүп жаткан жабык имараттардагы жана жоокер өнөр Азия оюндарынын мелдештеринде алыш-бел боо күрөшү боюнча таймашууларда кыргыз балбандары өнөрү менен таанылды . Себеби кыргыздын бул күрөшү […]

Ашхабадда чет өлкөлүк журналисттерди экиден гид коштоп жүрөт

Ашхабадда Азия оюндарын чагылдырап жаткан чет өлкөлүк журналисттер тыкыр көзөмөлгө алынууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы менен маектешкен чет өлкөлүк кабарчы медиа өкүлдөрүнүн көбүнө мелдешти видеого жана сүрөткө тартууга уруксат берилбегенин айтты. […]

Спорт ден соолугуңду гана эмес, капчыгыңды да чыңдайт

Кыргыз спортчуларына акыркы жылдары мамлекет тарабынан эң мыкты колдоолор болууда. Албетте Ааламдык масштабда алганда биздин спортчуларга төлөнгөн акча арзыбаган эле тыйын деңизчи, бирок Кыргызстандын масштабында жакшы эле колдоо. Мисалы буга […]

Спортчулардын жетишкендиктери үчүн стипендияларды төлөө тартибин аныктоо мыйзамдаштырылат

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт […]

Азиаданын жабылышында Бердымухамедов өз рекордун жаңыртат

Азиаданын уюштуруучулары оюндардын жабылуу аземинде өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовго өз рекордун жаңыртууга мүмкүндүк түзүп берүүгө ниеттенип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өз булактары кабарлашкан. Булактын билдиришинче, жергиликтүү уюштуруучулар оюндардын […]

Ашхабаддагы Азия оюндары: Учурда кыргызстандык спортчулар 17 байге утту

17-сентябрдан 27-сентябрга чейин Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында  жабык имараттардагы Азия оюндары курч мүнөздө өтүп жатат.  19-сентябрда дагы кулак сүйүнткөн кабар келди. Бул күнү Ашхабадда  бел боо күрөшүнүн эркин ыкмалары боюнча […]

Сапар Исаков белгилүү Россиялык боксерлор Дмитрий Бивол жана Сергей Кузьмин менен жолукту

Сапар Исаков Кыргызстанга  мелдештин алдынан машыгууга келген белгилүү Россиялык боксерлор Дмитрий Бивол жана Сергей Кузьмин менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады. Өкмөт башчы спортчулар менен учурашып, алар менен […]

Ашхабадда Азия оюндары башталды

17-сентябрда Түркмөнстандын борборунда Уруш искусстволору боюнча жабык имараттарда өтүүчү V Азия оюндары башталды. Мелдештердин ачылуу аземи 45 миң көрүүчү сыярлык атайын курулган Olympic Stadium стадионунда өттү. «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, […]

Сапар Исаков ата мекендик спортчуларды жабык аянтта өтө турган V Азия оюндарына узатты

Сапар Исаков бүгүн, 15-сентябрда, Кыргызстандын атынан жабык аянтта өтө турган V Азия оюндарына катышуучу ата мекендик спортчуларды узатуу салтанатына катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады. Өкмөт башчы эл аралык […]

Шахматчы Султай Чыңгыз Шри-Ланкадагы чемпионатта эки күмүш тагынды

11-сентябрда Шри-Ланкада жыйынтыкталган шахмат боюнча Батыш Азия чемпионатында кыргызстандык жаш шахматчы Султай Чыңгыз эки күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Шахмат федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чемпионатта Султай Чыңгыз 8 жашка чейинки […]

Азия оюндарына катыша турган жүздөн ашуун индиялык спортчу аэропорттон өткөрүлгөн жок

Ашхабаддагы V Азия оюндарына катышуу үчүн жол алган жүздөн ашуун индиялык спортчу Дели эл аралык аэропортунан өткөрүлгөн жок. Маалыматтарга караганда, алар мелдешке катышуу үчүн Индиянын Спорт министрлигинен атайын уруксат алышкан эмес. […]

Спорттун улуттук түрлөрү менен салттуу оюндарды мыйзам алкагында сактоо жана өнүктүрүү чаралары каралууда

Жогорку Кеӊеште кыргыз элинин унутулуп бараткан улуттук спорт оюндары менен салттуу оюндарын өнүктүрүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи […]