Шаршемби, 20 Июнь, 2018 - 16:10
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ВИДЕО

Видео – Депутаттарды кагыштырган депутаттык комиссия маселеси

Кечээ Жогорку Кеңеште “Ата Мекендин” үч депутаты Текебаев, Салянова, Шыкмаматов боюнча депутаттар тарабынан түзүлгөн комиссия боюнча чыр чыгып, эл өкүлдөрү кер-мур айтышты. Алгач сөз алган Садык-Шер төрагалык кылган Төлөнов Даниярга […]

Видео – Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлдөрү Европага сапар жана өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон басым жөнүндө айтып беришти

Кыргызстандын Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлдөрү Адил Турдукулов, Бегалы Наргозуев жана Равшан Жээнбеков өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон басым жөнүндө айтып беришти. Булак: СентябрьТВ

Видео – Европа Өмүрбек Текебаев менен Атамбаевдин тирешине кунт коюу менен көз салууда

Европага иш сапары менен барып кайткан кыргыз оппозициялык саясатчылары Равшан Жээнбеков жана Бегалы Наргозуев Европарламенттин, Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлигинин жана башка демократиялык институттар Кыргызстандагы саясый абалга, депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка […]

Видео – Ислам Каримовдун кайнисинин адвокаттары Өзбекстанды сынга алышты

Адвокаттар Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайниси Акбарали Абдуллаевди Ташкентке өткөрүп бербөөнү өтүнүп жатышат. 7-мартта алар Киевде маалымат жыйынын өткөрүп, Өзбекстанды ишенимге татыксыз өлкө деп аташты. 23-февралда Киев шаардык соту […]

Видео – КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылды

Коомдук телерадио корпорациясынын учурдагы директору жол кырсыгына кабылды. Такталып жаткан маалыматтарга караганда кырсык бүгүн 1-мартта түнкү саат 03.00дө болгон. Карыпбеков Аалы Токомбаев (Түштүк магистралы) көчөсү менен чыгышты көздөй келе жаткан. Окуя […]

Видео – Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданек жана жубайы Айгүл Текебаевалар да нааразычылык митингине катышышты

Кечээ, 27-февралда Бишкектин борбордук аянтында өткөн камактагы депутат Өмүрбек Текебаевди колдоо митингине анын тарапкерлери менен кошо кызы Айданек Текебаева менен жубайы Айгүл Текебаева да катышышты. Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“

Видео – Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери мөөнөтсүз митингге чыгып, Бишкек-Ош жолун тосууда

Бүгүн, 27-февралда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуда мөөнөтсүз митингге чыгышкан депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Текебаевдин боштондугун талап кылып, Бишкек-Ош жолун тосушууда. Видео: Каганат

Видео – Бишкекте Өмүрбек Текебаевдин боштондугун талап кылган митинг өтүүдө

Бүгүн, 27-февралда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында кечээ УКМК тарабынан камакка алынган депутат Өмүрбек Текебаевдин боштондугун талап кылган митинг өтүүдө. Митингге болжол менен 500дөн ашык киши катышууда. Эсиңерге сала кетсек, кечээ, 26-февралда таңкы […]

Видео – Айгүл Текебаева: “Биз кылмыш иши козголгонун Венада эле билгенбиз, Иса Өмүркулов Москва аркылуу кетип калды”

“Биз, СДПКнын лидери Иса Өмүркулов, “Республика-Атажурт” фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаева, Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Абдыманап Кутушев болуп, чоогу Венага эл аралык парламенттик жыйынга барганбыз”, – деп билдирди камакка алынган депутат […]

Видео – Генерал Токон Мамытов: “УКМКны итбай менен чотбайлар башкарып калды”

Генерал Токон Мамытов “УКМКны итбай менен чотбайлар башкарып калды” деп чындыкты айткан экен. Бүгүн УКМК кыргыз мамлекетинин коопсуздугун кайтаруунун ордуна жалгыз эле Атамбаевдин көлөкөсүн кайтарып калды. УКМКнын мындай абалга келишине […]

Видео – Роза Отунбаева УКМКнын алдына, Өмүрбек Текебаевди колдоо митингине келип сүйлөдү

Бүгүн, 26-февралда УКМК тарабынан кармалган депутат Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги саат 13.00. дөн бери УКМКнын алдында өтүп жатат. Митингдин катышуучулары Текебаевдин тез арада камактан бошотулушун талап кылышууда. Саат 15.30.дарда митингге […]

Видео – УКМКнын алдында Өмүрбек Текебаевдин камактан бошотулушун талап кылган митинг өтүп жатат

Бүгүн, 26-февралда саат 13.00.дөн тартып таңкы саат 03.00.дө “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга алынып кеткен КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин камактан бошотулушун талап кылган митинг өтүп жатат. Кечээ, 25-февралда КР […]

Видео – Бизнесмен Алексей Модиндин депутат Өмүрбек Текебаевге каршы УКМКга берген видеокөрсөтмөсү

Бүгүн, 25-февралда бизнесмен Алексей Модиндин депутат Өмүрбек Текебаевге каршы УКМКга берген видеокөрсөтмөсү интернетке жарыяланып кетти. УКМК экс-атамекенчи Өмүрбек Абдрахмановдун маалыматынын изи менен кеткендиги көрүнүп турат. Видеотасма орус тилинде.  

Видео – УКМКнын Өмүрбек Текебаевге каршы россиялык бизнесмен Леонид Маевскийден алган видеокөрсөтмөсү

Бүгүн, 25-февралда УКМКнын Өмүрбек Текебаевге каршы россиялык бизнесмен Леонид Маевскийден алган видеокөрсөтмөсү “капыстан” интернетке тарап кетти. УКМК экс-атамекенчи Өмүрбек Абдрахмановдун маалыматынын изи менен кеткендиги көрүнүп турат. Видеотасма орус тилинде.  

Видео – Депутат Алманбет Шыкмаматов УКМКдан сурактан чыккандан кийин билдирүү жасады

Бүгүн, 24-февралда КР Жогорку Кеңешинин атамекенчи депутаты Алманбет Шыкмаматов ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча УКМКга 9 сааттай сурак берип чыккандан кийин “Сентябрь” телеканалы аркылуу билдирүү жасады. Видео: Сентябрь

Видео – Бүгүн УКМКнын алдындагы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг

Бүгүн, 24-февралда КР УКМКнын алдында бийликтин саясый оппоненттерин каралоо, жалаа жабуу, куугунтуктоо аракеттерине каршы митинг өттү. Митингдин катышуучулары жасалма кылмыш иштерин токуган УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкасын тынымсыз талап кылып […]

Видео – Бүгүн атамекенчи депутат Алманбет Шыкмаматов УКМКга 9 саат сурак берип чыкты

КР Жогорку Кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Алманбет Шыкмаматов бүгүн, 24-февралда ага каршы ачылган кылмыш ишинин алкагында УКМКга суракка барып, эрте менен саат 10.30.да кирген боюнча кечки саат 19.50. дө чыкты. […]

Видео – Атамбаевдик бийлик оппозиционер Текебаевдин 8 жашар кызы менен 86 жашар энеси канча салык төлөдү деп тактап жүрөт

Алмаз Атамбаевдин өлкө ичиндеги жана сыртындагы байлыгын издеген оппозиционер Өмүрбек Текебаевге жооп кылып Атамбаевдик бийликтин прокурорлору Текебаевдин 8 жаштагы кызы Айсара менен 86 жаштагы энеси өткөн жылы канча салык төлөдү деп […]

Видео – Ким Чен Намды өлтүрүү учуру видеотасмага түшүп калган

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын аталаш бир тууганы Ким Чен Намды Малайзиянын Куала-Лумпур аэропортунда өлтүрүү учуру аэропорттун видеокамераларына түшүп калган. Ал видеотасманы Түштүк Кореянын телеканалдары таратты. Видеотасмада көрүнгөндөй Ким […]

Видео – Карганбек Самаков соттон кийин тарапкерлеринин алдында жалындуу сөз сүйлөдү

Жума, 17 февраль күнү экс-депутат  Карганбек Самаков үстүнөн сот иши кайра уланды. Ал эми экс-депутаттын тарапкерлери Октябрь райондук сотунун алдына нараазычылык акциясына чыгышып Самаковду куугунтуктоону токтоотуну талап кылышты. Соттон кийин […]

Видео – Эмомали Рахмон мэр болгон уулун Дүйшөмбүнү башкарууга үйрөтүүдө

Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыяланган Эмомали Рахмон январда уулун Дүйшөмбүнүн мэри кылып дайындаган. Рустам Эмомали 30га чыга элек жана КМШ өлкөлөрүндөгү борборлордун эң жаш мэри болуп эсептелет. Эмомали Рахмон уулу катышкан […]

Өзбекстанда аз камсыз үй-бүлөлөргө бекер жөжө берилүүдө

Жизак облусунун Зафарабад райондук администрациясы аз камсыз үй-бүлөлөргө 20дан жөжө берүүдө. Жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, алар демөөрчүлөрдүн акчасына сатылып алынган. Элдин үй канаттууларын көбөйтүүгө болгон кызыгуусун арттырып, аларды материалдык жактан колдоо […]

Видео – Малайзияда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын агасын өлтүрүп кетишти

Ким Чен Ындын агасы 13-февралда Куала-Лумпур аэропортундагы кол салуудан каза болду. Ал узак мезгил чет өлкөдө жүрүп, Түндүк Кореядагы үй-бүлөлүк бийлик үстөмдүгүн сынга алып келгендиги менен белгилүү болгон. Анын 45 […]

Видео – Нарындын активисттери СДПКны, Атамбаевди, Отунбаеваны жана башка бүгүнкү бийлик өкүлдөрүн катуу сындашты

Нарын шаарында Сөз эркиндиги комитети 3-февралда уюштурган Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча тегерек үстөлдө Нарындын активисттери бүгүнкү кыргыз бийлигин, СДПКны, Атамбаевди жана Отунбаеваны катуу сынга алышты. Видео: “Республика”

Видео – Равшан Жээнбековдун “Мураскерсиз жана бурмаланбаган таза шайлоо” форумунда сүйлөгөн сөзү

Кечээ, 13-февралда Бишкекте Сөз эркиндигин коргоо комитети менен башка саясый күчтөр биригип уюштурган  “Мураскерсиз жана бурмаланбаган таза шайлоо” форуму болуп өттү. Анда оппозициячыл саясатчылар жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү бийликтен кетип жаткан […]

Видео – АКШ кар көчкүдөн жапа чеккен Тажикстанга жардам берет

АКШнын Тажикстандагы элчилиги Вашингтон табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга жардам көрөсөтөрүн билдирди. Өлкөнүн тоолуу аймактарында акыркы бир нече күндө 40тай кар көчкү түшүп, 8 киши курман болуп, бирөө дайынсыз жоголгон. Бул […]

Видео – Ташкентте “Манас” рестораны өрттөнүп кетти

Өзбек ММКларынын кабарлашынча, 7-февралда Ташкент шаарында “Манас” рестораны өрттөнүп кетти. Кырсык болгон жерге жети өрт өчүрүүчү автоунаа барды. Күбөлөр жарылуунун үнүн укканын кабарлашты. Бирок Ташкеттин өрт коопсуздугу башкармалыгы бул маалыматты […]

Видео – Балыкчы-Корумду жолун куруучу 621 киши 3 айдан бери айлык алалышпайт

Темир Сариев баштап кеткен Балыкчы-Корумду жолун куруп жатышкан 621 жумушчу акчанын жоктугунан 3 айдан бери айлык алалышпайт. Көрсө жол курулуш иштери каржы булактары жок эле башталып кеткен экен. Өз убагында […]

Видео – Орусия үйлөмө танктарды сатып алууну эки эсеге көбөйттү

2016-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги үйлөмө танктарга, учактарга, ракеталык жабдууларга буюртма берүүнү эки эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу «Русбал» компаниясынын өкүлү Алексей Комаров билдирди. Анын айтымында, 2016-жылы бул продукцияга болгон буйрутма 2015-жылга […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Үй кожейкеси болуп жүргөн Алмаз Атамбаевдин аялында 2010-жылы 3 миллион доллар кайдан пайда болду?”

“Үй кожейкеси болуп жүргөн Алмаз Атамбаевдин аялында 2010-жылдын аягында 3 миллион доллар кайдан пайда болду? Эмне үчүн башка Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аялдарында мындай акча пайда болбойт да Алмаз Атамбаевдин аялында […]

Видео – Өмүрбек Текебаев үзөнгүлөшү Алмаз Атамбаевдин байлыктарын санап, мандемдүү жерлерине токтолду

Бүгүн, 6-февралда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынын өткөрүп, анда үзөнгүлөш жолдошу Алмаз Атамбаевдин байлыктарын санап, мандемдүү жерлерине токтолду. Видео: Сентябрь  

Видео – Темир Сариев президенттик шайлоого катышарын билдирди

Бүгүн, 4-февралда Бишкекте “Ак шумкар” саясый партиясынын конференциясы болуп өтүп, анда партиянын лидери Темир Сариев күзүндө өтчү президенттик шайлоого катышарын билдирди. Булак:  Кyrgyztoday.org

Видео – Өмүрбек Бабанов: “Президенттикке талапкерлердин күрөө акысын 500 миллион сомго көтөрбөсөк ондогон талапкерлер чыгып, бүт дүйнөгө шылдың болобуз”

“Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, азыр президенттикке талапкер 100 миң сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөп, телеэфирден акысыз үгүт жүргүзө алат. Бул сумма аз болгондуктан ондогон талапкерлер […]

Видео – Адахан Мадумаров: “Эл калыс болгондо бийлигиң калыс болот. Эл таза болгондо бийлигиң таза болот. Эл бузулса бийлигиң кошо бузулат”

«Аида Салянова оппозициялык көз карашка өткөн жок, тек гана болгонун болгондой айтып жатат. Бүгүнкү күндө чындыкка арамдык оппозицияда, жалганга чындык оппозицияда, акка караңгы оппозицияда. Ошондуктан Салянованын оппозициялык көз карашка атырылып […]

Видео – Депутат Өмүрбек Бабанов СДПКчы спикер Чыныбай Турсунбековдун кызматынан отставкага кетишин талап кылды

Бүгүн, 2-фералда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “Республика-Атажурт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов парламенттин СДПКчы спикери Чыныбай Турсунбеков парламенттин ишин алып баралбай жаткандыгына, калыс эместигине, депутаттардын сөзүнө комментарий берип, жеке […]

Видео – Жогорку Кеңештин фракция лидерлери СДПКчы премьер Сооронбай Жээнбековдун жана СДПКчы спикер Чыныбай Турсунбековдун отставкасын талап кылышты

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин фракция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов жана Бакыт Төрөбаевдер СДПКчы премьер Сооронбай Жээнбековдун жана СДПКчы спикер Чыныбай Турсунбековдун отставкасын талап кылышты.  

Видео – Депутаттар СДПКчы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн ишине нааразы

Бүгүн, 2-февралда КР Жогорку Кеңешинде өкмөтүк саат болуп, өкмөт депутаттардын алдында Кыргызстандын ЕАЭБге кошулгандан кийинки абалы боюнча отчет берди. Депутаттар өкмөттүн иштей албай жатканын фактылар жана цифралар далилдешип, СДПКчы премьер-министр […]

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отставкага кетиш керек”

“Сооронбай Шарипович, мен сизге чынымды айтайын, сиз премьер-министр болуп иштеп келатасыз, мен өлкөдө өзгөрүү болот деп ишенбейм. Ошон үчүн өзүңүз карап, өзүңүз менен өзүңүз кеңешип, отставкага кетип калсаңыз туура болот! […]

Видео – Депутат Өмүрбек Текебаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кайым айтышы

Бүгүн, 2-февралда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Өмүрбек Текебаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кайым айтыша кетишти. Өкмөттүк саатка келген премьер-министр менен өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна алгылыктуу жооп бере алышпай эптеп […]

Видео – Алмаз Атамбаев “Жер үй” алтын кенинен түшкөн 100 млн долларга 2 жылда 100 мектеп курабыз деген убадасын аткарган жок

Атамбаев 4 миллиард доллардык алтыны бар Жер үй алтын кенин 100 миллион эле долларга Россиялык бизнесмендерге саткан. 2015-жылы эл алдына чыгып “”Жер үй ” алтын кенинен түшкөн 100 млн долларга […]

Видео – Өмүрбек Текебаев “Белизгейт” жаңжалы боюнча бийликтин калпын чыгарган жаңы документтер менен тааныштырды

Бүгүн, 31-январда Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынын өткөрүп, “Белизгейт” жаңжалы боюнча бийликтин калпын чыгарган, Белизден жаңы келген документтер менен тааныштырды:  

Видео – Эрнис Кыязов: “Шайлоодо ким депутат болорун чөнтөгү жука “балашкаларга” бата берген “аташкалар” чечкен өлкөдө кулаган учактагы жүк кимдики экени табылышы кыйын…”

Кулаган учактын ичиндеги жүк кимдики деген суроого берилген расмий жооптор канчалык ынанымдуудай туюлбасын ошончолук тумандуу болууда. Парламентаризм демиш болуп бирок, парламенттеги депутаттардын теңинен көбү эмне үчүн илгеркидей эле президентке бүгүлүп, […]

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн коомдук-саясый күчтөр биригип, “Таза жана акыйкат шайлоо – 2017″ бирикмесин түзүүнү сунуштайм”

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев маалымат жыйынын өткөрүп, Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана андан кийинки аймак жетекчилерин шайлоолор ыплас жана мыйзамсыз өтүп жатканын фактылар менен белгилеп, быйыл күзүндө өтчү президенттик шайлоону […]

Видео – Дача СУУнун жашоочулары: “Самолет кулаганда милициялар бизди кууп чыгып, лента тартып, өлгөндөрдү унутуп салышып, товарларды жүктөп жүрүштү”

Белгилүү акын Бурулкан Карагулова 16-январдагы Дача СУУ айылында болгон авиакырсыктын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн, фотолорун жана видеотасмаларын жарыялай баштады: “Куткаруучулар 10 мүнөт, 20 мүнөттө келишти” дешкендери жалган. Биз 80 пайыз сөөктөрдү чыгарып […]

Видео – Шавкат Мирзиёевдин аткаминерлерди “сөккөнү” эфир аркылуу көрсөтүлүүдө

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кол алдындагылардын жумушуна нааразы. Мамлекет башчы селектордук жыйында аткаминерлерди катуу зекиди. Мурда бул сыяктуу “жемелер” жабык эшик артында болуп келсе, азыр алар телеканалдар аркылуу көрсөтүлүүдө. Жыйында […]

Видео – Эми Кыргызстанда адам укугун бузган мамлекеттик кызматкерлер “Акуновдун тизмесине” киргизилип, дүйнөгө жайылтылат

Бүгүн, 25-январда Бишкекте Кыргызстандагы Саясый туткундарды коргоо комитети менен Сөз эркиндигин коргоо комитети биргелешкен жыйын өткөрдү.  Анда Атамбаевдик режим абакта кармап жаткан саясый туткундардын абалы, жабык эшик артында өтүп жаткан […]

Видео – Эрнис Кыязов: “Атамбаев элин кырсык торуп, зарлап турганда басып келип көңүл айтып, жетим калган баланын башынан сылап койсо кандай чоң дем, кубат болор эле”

“Журт атасы Атамбаев Алмазбек Шаршенович элин кырсык торуп,  ыйлап, томсоруп, зарлап турганда басып келип өз оозу менен көңүл айтып, жетим калган баланын башынан сылап койсо кандай чоң дем, кандай зор […]

Видео – Кыйраган “Боингдин” экипажы учак кулар алдында эмнени сүйлөшкөн

Бүгүн, 24-январда Бишкекте 16-январда “Манас” аэропортунда кыйраган “Боингдин” себептерин иликтеп жаткан КМШнын Мамлекеттер аралык авиация комитетинин комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский биринчи маалымат жыйынын өткөрдү. “Боинг” кыйроонун астында экипаж мүчөлөрү эмнени […]

Видео – Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү аяктады

Астанада Сирияда ок атууну токтотуу режимин орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү аяктады. Ага Сирия өкмөтүнүн жана оппозиция өкүлдөрүнүн катышканы менен алардын ортосунда тикелей сүйлөшүү болгон жок. Сирия оппозициясынын өкүлү Яхья […]