Дүйшөмбү, 18 Июнь, 2018 - 17:32
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ВИДЕО

Видео – Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы, азыр КСДПдан ИИМ министрлигине сунушталган Улан Исраилов Кыргызстанда канча райондук, шаардык милиция бөлүмү бар экенин билбей койду

Бүгүн, 9 -ноябрда КР Жогорку Кеңеши өзүнүн кезектеги отурумунда КСДП, “Кыргызстан” жана “Бир бол” фракциялары түзгөн башкаруучу коалиция сунуштаган өкмөттүн составын талкуулады. Анда “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов КР Ички […]

Видео – Бакыт Төрөбаев: “”Өнүгүү-Прогресс” фракциясы өзүн бийликке оппозициялык фракция деп жарыялайт, биз конструктивдүү эмес, альтернативдүү оппозиция болобуз”

“Мен, Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери катары билдирем, биздин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы өзүн бийликке оппозициялык фракция деп жарыялайт. Биздин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы конструктивдүү фракция болбойбуз!  Биз ар дайым альтернатива чыгара турган фракция […]

Видео – Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Журналист Дайырбек Орунбековду 2 млн сом айып пулду төлөй албайсың деп камакка алуу бул – репрессия!”

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аламбет Шыкмаматов 9-ноябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ИИМ министрлигине көрсөтүлүп жаткан Улан Исраиловго суроо берип жатып айтты: “Бүгүн, коомчулуктун эң көп талкуусунда Улан мырза сиздин […]

Видео – Алмаз Атамбаев: “Жанагы балашка Жанар Акаев билбейт го, анткени анын шайлоодо дагы каражатын биз көтөрүп бергенбиз”

“Мен карапайым элге биздин саясатчыларга караганда көбүрөөк ишенем, ачык айтайын, таарынбасын саясатчылар. Бирок мен көрүп турам элибиз дагы кудай буйруса президентке ишенип калды. Ошондуктан мына 1 жыл калды, бир жылдын […]

Видео – Сирияда орусиялык тик учак аткылоого кабылды

Интернетте болжолдуу түрдө Сириянын Хомс провинциясындагы тик учакты аткылоо учурунда тартылган  видео тарады. Тик учак жерде турган маалда аткыланган. Буга чейин SITE Intelligence Groupмониторинг тобу Amaq жихадчыл агенттиги аркылуу ИМ […]

Видео – Россиянын НТВ телеканалы “Кыргызстан конституциясын жоготуп алыптыр, Атамбаев барактап көргөнү алып кетсе керек” деп шылдыңдады

Кечээ, 3-ноябрда Россиянын НТВ телеканалынын “Международная пилорама” аттуу сатиралык теледолбоорунда алып баруучу Тигран Кеосаян Кыргызстанда конституция жоголгонун шакаба чегип, Алмаз Атамбаевдин конституцияга бир колун коюп, президенттике ант берип жатканын видеоархивден […]

Видео – Мыктыбек Абдылдаев, ЖК депутаты: “Президенттик аппараттагы “крысалардын” баарын тазалаш керек!”

“Бүгүн референдумду дайындоо боюнча мыйзамдын долбоорун талкуулап жатабыз. Чыныбай Акунович, сиздин арткы бөлмөңүзгө кирип, президенттик аппараттын башчысы болуп чоогу сүйлөшпөдүк беле? Конституциядагы “референдумду Жогорку Кеңеш дайындаш керек” деген норманы сиз […]

Видео – Аида Салянова конституцияны өзгөртүү боюнча СДПК элди кантип алдап жатканынын бетин ачып берди

“Бүгүн бийлик демилгелеп, 3-окуудан өтүп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору мыйзамсыз экенин тарых үчүн айтып коюш керек. Бул демилге башталганда эле мыйзамда, конституцияда жок нормалар менен башталды”, – деп […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “СДПК Келдибековду спикерликтен аларда “Ата-Журт” фракциясын лох кылган, бүгүн да айрым фракцияларды ошондой кылганы жатат, эртең ким “лох” болгонун көрөбүз”

“Бир чечилбеген табышмак бар, “тоок биринчи жаралганбы же тукумбу?” деген. Ошондой кырдаал 2005-жылы жана 2010-жылы болду. 2005-жылы революиядан кийин Кыргызстанда легитимдүү бийлик органы болбой калган. 2010-жылы да бир да легитимдүү […]

Видео – Мыктыбек Абдылдаев: “Чыныбай Акунович, сиз мага айттыңыз эле “президент менден кичине кызганып атабы, ушул токтомду чыгарганга максат уруксат бербей жатат” деп

Бүгүн, 2-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “Бир бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев адатынча КСДПчы спикер Чыныбай Турсунбековдун талуу жерин кармап алып, жарга такап жүдөттү. Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео – Жанар Акаев: “Акаевчилер, Бакиевчилер дейбиз, эмне өсүп-өнүгөлү, реформа жасайлы десек азыр Акаев менен Бакиев жолтоо болуп жатабы? “

“2010-жылкы ыңкылаптан кийин эмне өзгөрдү? Экономикабыз дүңгүрөп өсүп, бир өнүккөн 50 мамлекеттин катарына кошулуп кеткен жерибиз жок. Болгон мактанычыбыз сөз эркиндиги эле. Бирок, ошол сөз эркиндигибизди сактап калышыбыз керек да. […]

Видео – Өмүрбек Бабанов: “Иса Шейшенкулович, биз башкаруучу коалицияга кирбейбиз, каалаганыңыз менен түзүп алыңыз!”

“Айтылбай турган сөз эле, бирок, өз убактысында айтпаса сөз өлөт дегендей айтып калалы, Өмүрбек Чиркешович эки жакты каранып сүйлөсө, биз бир жакты карап эле сүйлөйбүз. Бүгүн Кыргызстандын эң чоң жетишкендиги […]

Видео – Бүгүн парламентте Сотторду тандоочу кеңештин мүчөлөрүн шайлоо учурунда фракция лидерлери ким оппозиция, кимдер башкаруучу коалиция экенин талашып кетишти

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоочу кеңешинин мүчөлөрүн тандоо учурунда оппозицияга бөлүнгөн 3 орун боюнча фракция лидерлери Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Өмүрбек Текебаев жана Бакыт Төрөбаевдер […]

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Шайлоочулардын тизмесин эмитен эле фалсификациялап башташты, мына N1105 -шайлоо участогунда 1 адам жашаган квартирага 5 адамды каттап коюшкан”

“Мына шайлоочулардын тизмеси боюнча, Бишкектеги N1105 -шайлоо участогун алып көрөлү, анда катталган Ормонбекова Венера Садырбековна деген жаран менен кокустан учурашып калдым. Байтик баатыр көчөсүндөгү N 6-үйдүн 12-квартирасында жашайт экен. Анан N1105 […]

Видео – Улуу үркүндүн 100 жылдыгына карата коомдук активисттер Сөөк ашуусуна автожүрүш жасашты

Коомдук активисттер 29-октябрь күнү таң эртең Бишкектен автоунаалар менен чыгып, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Сөөк ашуусуна автожүрүш жасашкан.  Улуу үркүндүн 100 жылдыгына карата куран түшүрүп, моло таш түптөшкөн.

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан кандидаттар! Эч нерседен коркпогула! Биз сиздерди коргойбуз! 2017-жылы президенттик шайлоого да чыгабыз!”

“Урматтуу делегаттар! 11-декабрда өтө турган Жергиликтүү кеңештерге шайлоо биздин партия үчүн өтө маанилүү кампания. Биз Жогорку Кеңештин депутаттары, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шайлоого мониторинг жүргүзөбүз. Биз шайлоонун таза өтүшүн талап кылабыз. Мыйзам […]

Видео: Осмонкул ата – жаңы доордун аксакалы

Карылыкка моюн сунбаган Осмонкул Насыранбеков 71 жашта экендигинде карабастан күүлүү-күчтүү. Өзун айрым жаштардан шайдоот алып жүрөт. Бүгүнкү күнгө чейин спорт менен алектенип, бир жылдан бери англис тилин үйрөнүп келет.   […]

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Эл менен милициянын ортосундагы ажырым улам чоңоюп кетип баратат, нааразычылыктар өсүүдө”

“Азыр биз саясый окуяларга алек болуп, коалиция ыдырап, эми жаңы коалиция түзүлөт, бирок биз элди эч качан унутпашыбыз керек. Сузак районунда 2002-жылкы бала, 14 жаштагы жигит өз өмүрүнө кол салып […]

Видео – Канат Исаев: “Азыр спикер да, премьер-министр да СДПКдан болуп калды, ошондуктан комитеттин төрагалыгын “Өнүгүүгө” бериш керек болчу”

“Биз 2015-жылы башкаруучу коалиция түзүп жатканыбызда премьер-министр СДПКдан эмес болучу, ал компромистүү фигура (Темир Сариев) эле, ошондуктан Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагалыгын СДПКга бергенбиз. Быйыл […]

Видео – “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун калпын чыгарды

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү, референдум өткөрүү жана парламенттеги башкаруучу коалициянын ыдырашы боюнча кечээ айткандарын, “Ата-Мекен” […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев эч нерсени түшүнбөгөн адам экен, өзүн да, өлкөнү да уят кылды. 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке мыйзамсыз келген”

Кечээ, 25-октябрда Алмаз Атамбаевдин аппараты КР Конституциясынын түп нускасынын жоголушуна Өмүрбек Текебаев баш болгон 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн айыптап билдирүү таратышкан. Ошол эле учурда Атамбаев демилгелеп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү […]

Видео – “Чабыт”: Бегалы Наргозуев менен Качкын Булатов Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын ыдырашы тууралу ой бөлүшөт

Кечээ, 24-октябрда КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясы парламенттеги башкаруучу коалициядан чыккандыгын жана былтыр ноябрда түзүлгөн КСДП, “Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Өнүгүү” фракцияларынан турган көпчүлүк коалиция ыдыраганын билдиришти. “Сентябрь” телеканалынын “Чабыт” берүүсүндө экс-депутат […]

Видео – Француз полициясы Кале лагерин тазалай баштады

Франциянын бийлиги Кале портундагы мигранттардын лагерин тазалоо операциясын баштады. Лагерде Ооганстандан, Сириядан, Эритреядан жана Сомалиден барган качкын (6,5 миңден 10 миңге чейин), анын ичинде 1300 кароосуз бала жашайт. Бийликтин божомолунда […]

Видео – XXI кылымдагы жаш араб саякатчысы Кыргызстан тууралу 5 видеотасма жарыялады

Дүйнөнү кыдырып саякаттап жүргөн Египеттик араб жигит Мухамед Элбанги (Mohamed Elbangy) быйыл жайында Кыргызстанга келген. Өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн коён жатагына чейин түрө кыдырып, зыярат кылган Элбанги эми биринин артынан […]

Видео – Бүгүн КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын ыдыраганын жарыялады

Бүгүн, 24-октябрда КР Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттеги башкаруучу коалициядан чыгышарын жана көпчүлүк коалициянын ыдыраганын жарыялады. Мунун себептери катары коалициядагы “Ата-Мекен” жана “Өнүгүү” фракциялары менен саясый келишпестик […]

Видео – Сиднейдин опера театрында кыргыз артисттери «Кыргыз бийин» бийлешти

Дүйнөдөгү жети кереметтин бири деп эсептелген Австралиядагы Сидней опера театрынын концерттер залында кыргыз артисттери “Кыргыз бийин” бийлешти. Бул тууралу маалымат фестивалдын расмий сайтында жарыяланган. 2003-жылдан бери дүйнөлүк маданий жарманке катары […]

Видео – Кайрат Примбердиев Россиянын “Голос / The Voice Russia” долбоорунда Владислав Венгли менен Майкл Джексондун «Black And White» аттуу ырын ырдап чыгышты

Мурда күнү, 21-октябрда Россиянын “Голос / The Voice Russia” (“Добуш”) теледолбоорунун катышуучулары Владислав Венгли менен Кайрат Примбердиев  5-сезондун Таймашуу этабында Майкл Джексондун  «Black And White» аттуу ырын ырдап чыгышты. Шоунун шарты […]

Видео – “Ордо сахна” этнофольклордук тобу америкалык “Такты оюндары” фильминин саундтрегине өз вариациясын иштеп чыкты

Америкалык “Такты оюндары” телесериалынын саундтрегине кыргыздын “Сахна ордо” фольклордук-этнографиялык музыкалык тобу өз вариациясын иштеп чыгып, элге тартуулады. https://www.youtube.com/watch?v=sQ-_BM1YpCM&feature=share

Видео – КСДПчы депутат Анвар Артыков менен атамекенчи Аида Салянованын кайым айтышы

Кечээ, 19-октябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда КР Президентинин кеңсесинен жоголуп кеткен КР Конституциясынын түп нускасы боюнча талаш учурунда КСДПчы депутат Анвар Артыков менен атамекенчи депутат Аида Салянова кайым айтыша […]

Видео – Атамбаевдин мурунку секретаршасы, азыркы КСДПчы депутат Асел Кодуранованы орунсуз суроосу үчүн атамекенчи депутат Аида Салянова жерге казык каккандай кагып, оозун жап кылды

Кечээ, 19-октябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда 2010-жылы кабыл алынган КР Конституциясынын түп нускасы президенттин кеңсесинен жоголуу фактысы боюнча талаш жаралып, анда орунсуз суроо берген Атамбаевдин мурунку секретаршасы, азыркы КСДПчы […]

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Мыйзамды бузуу менен Конституцияны өзгөрттүңөр деп тарых алдында жооп берип калабыз”

“Конституцияны өзгөртүүдө мыйзамдарды бузуу жолу менен эмес туура жол менен кетели. Мыйзамды бузуу менен Конституцияны өзгөрттүңөр деп тарых алдында жооп берип калабыз. Азыр өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтөлү деп жатабыз. Бирок анын […]

Видео – Кыргызстандын Конституциясынын түп нускасынын жоголушу боюнча депутаттар менен аткаруу бийлигинин кайым айтышы

Кечээ, 19-октябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда 2010-жылы кабыл алынган КР Конституциясынын түп нускасынын жоголуш фактысы боюнча кызуу талаш-тартыш жаралды.

Видео – Кыргызстанда 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын түп нускасы президенттик аппараттын кеңсесинен жоголгон

Кыргызстанда 2010-жылы кабыл алынган КР Конституциясынын түп нускасы президенттик аппараттын кеңсесинен жоголуп кеткендиги дайын болду. Ошол эле учурда КР Адилет министрлиги басып чыккан Конституциянын тексти менен КР Өкмөтүнүн органы “Эркин […]

Видео – Жылдыз Жолдошева: “Алмаз Атамбаев 31-августта айткан мародёрлорду, банк ячейкаларын тоногондорду жана Кадыржан Батыровго тийиштүү адамдарды табам деген убадасын аткарбаса саясый өлүк болуп калат”

“Мен Алмаз Атамбаевди да, Өмүрбек Текебаевди колдобойм. Алар 2010-жылдагы кандуу окуяларды өздөрүнө саясый курал катары пайдаланбаш керек. Эгер Алмаз Атамбаев 31-август күнү кан төгүлгөн Ала-Тоо аянтында айткан “2010-жылдагы мародёрлорду, банк […]

Видео – Тажикстанда жаңыртылган сейсмостанция жердин термелүүсүн так аныктайт

25 жылдан кийин АКШ жана Канаданын жардамы менен кайра калыбына келтирилген «Симигандж» сейсмикалык станциясы азыр дүйнөдө мыкты деп табылды. Бул станция Вахдат шаарында жайгашкан. Тажикстандын Геология жана сейсмология институту билдиргендей, […]

Видео – Тажикстанда аталыкты ДНК-анализ аркылуу текшере башташты

Тажик эркектерин ДНК-анализ тапшырууга түрткөн башкы себептер — жубайына ишенбөө жана өзүнүн чынында ата экенинен күмөн саноосу. Тажикстанда мындай анализдер жыл башынан бери жүргүзүлүп, андан бери аталыкты аныктоо боюнча 40 […]

Видео – Екатеринбургда маянасын ала албай жаткан мигранттар иш ташташат

«Екатеринбург шаар куруу компаниясы» эки айдан бери мигранттарга маяна төлөп бере элек. Мигранттардын опузасынан кийин жергиликтүү бийлик бул окуяны иликтеп баштады. Жумушчу Мирсодик Мамадов карызга батканын, аласаларын үстөк пайызы менен […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Албек Ибраимовду Атамбаев “Дастан” заводуна директор кылып койсо ал Бакиевдер даярдап койгон 12 торпедону Индияга 16 млрд сомго саткандан башка иш кылбаптыр”

“Албек Ибраимов эки жума ойлонуп, бийлик менен макулдашып Акипресстен мага жооп бериптир. Бирок, кайра ал сочинениесин Акипресстен алып салышты. Тупой ответ. Бирок биз көчүрмөсүн алып калдык. Анда мен айткандардын баарын […]

Видео – Программист атасына функционалдуу протез жасап берди

Минск шаарынын программисти Олег Гальцев атасы үчүн Arduino платасынын базасында анча кымбат эмес жана функционалдуу кол протезди иштеп чыкты. Протездин негизги тетиктери 3D-принтерде басылып, ар кыл кыймыл-аракеттерди аткарууга жөндөмдү. Жасалма […]

Видео – Дүйшөмбү мечиттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Мындан ары Дүйшөмбүдөгү борбордук мечитке киргендер жардыруучу заттарды аныктай турган металл издөө жабдуусу менен текшерилет. Хожи Якуб мечитине алынып келинген жабдуулар жакынкы күндөрү анын кире беришине орнотулат. Дүйшөмбүнүн борбордук мечитиндеги […]

Видео – Жылдыз Жолдошева, экс-депутат: “2017-жылы Атамбаев, Текебаевдер баш болуп Убактылуу Өкмөттүн бир да мүчөсү бийликке келбеши керек! Алардын моралдык укугу жок!”

“Убактылуу Өкмөттүн бир да мүчөсүнүн бүгүн элге акыл-насаат айтканга моралдык укугу жок. Элди экиге бөлүүгө же өздөрүнүн бийликтерин бекемдөө үчүн кайра-кайра азыркыдай шоуларды уюштурганга, Кыргызстандын элин, Кыргызстандын тагдырын кайрадан бир […]

Видео – Жапондуктар гамбургерлер даамы боюнча Клинтон менен Трампка добуш беришүүдө

Токиодо АКШ президенттиги үчүн башкы талапкер эсептелген Хиллари Клинтон менен Дональд Трампка адаттан тыш добуш берүү башталды. Токиодогу кафе ээлери АКШ президенттигине талапкерлердин туулган шаарлары – Нью-Йорк менен Чикагонун рецептери […]

Видео – Ташкенте «Ислам-ата» мечитинин ачылыш аземи болду

Ташкентте “Ислам-Ата” мечитинин ачылыш салтанаты өттү. Анын урматына 6-октябрь күнү эртең менен Ташкентте элдерге плов таркатылды. Даамдан ооз тийүү үчүн мамлекеттик жана диний ишмерлер, белгилүү артисттер жана мечитке жакын жашаган […]

Видео – Аида Салянова, ЖК депутаты: “Атамбаев 31-августта Убактылуу өкмөттүн ага чейинки эмгектерин жокко чыгарып, ишин нөлгө түшүрдү. Калптын күчү менен адамдардын атын булгап, кадыр-баркын тебелеп-тепсөө бул акмактык!”

“Конституцияга өзгөртүүлөрдү сунуштап жаткан бийлик анын зарылдыгы үчүн бир нече жүйөөлөрдү айтып жатышат. Парламентаризмди күчөтүү, президентти алсыздандыруу, сот реформасын жылдыруу жана башка негиздер. Бирок, мунун баары калп. Алар сунуштаган мыйзамдын […]

Видео – Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын экс-төрагасы: “Мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Алмаз Атамбаевдин бийликке келишине үлүш кошконум үчүн улуу кыргыз элинен кечирим сурайм!”

“Мен Алмаз Атамбаевге дагы кайрылуу жасагым келет. Алмаз Шаршенович, мамлекет жетекчиси өзүнүн элге берген кооз убадалары менен эмес, реалдуу жасаган иштери менен тарыхта калат. Сиз бийликтен кеткенден кийин байлыгымды кантип […]

Видео – Дайырбек Орунбеков, журналист: “Текебаев айткандай эл аралык аренада кадыр-баркы нөлгө түшкөн Атамбаевдин кадыр-баркы үчүн мага 2 миллион сом айыппул төлөткөнү жатышат”

Журналист Дайырбек Орунбековдун 8-октябрдагы өткөн элдик курултайдагы сүйлөгөн сөзү: Урматтуу бүгүнкү курултайдын катышуучулары! Мен негизинен бийлик тарабынан кысымга алынып жаткан жарандар жана  сөз эркиндигинин абалына  токтолуп кетүүнү тура көрдүм. Мен, […]

Видео – Алманбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Мегакомду” талап-тоногодор жакында Атамбаев менен Фариддин тегерегинен чыгат, бизди айыптап жатканы Фариддин бет тырмалыгы”

“Күнүгө 24 саат бою КТРден, 5-каналдан Конституцияны өзгөртүү туура эмес дегендерди Геббелстин методу менен каралап, шыбап жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 8-октябрда Бишкекте өткөн “Референдумга каршыбыз!” кыймылынын Курултайында депутат Алманбет […]

Видео – Чолпон Жакупова, ЖК депутаты: “Кыргыздын жигиттери, силерди канча жолу “кой” деп атады? Силер чыдадыңарбы ошого, чыдай бергиле”

“Мен конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорунун демилгечисимин деген Иса Өмүркуловдон сурадым, “Конституцияга канча өзгөртүү киргизип жатасыңар?” деп. Ал билбейт, 23 деп коёт. Мен ага айттым “өзүңөр билбейсиңер, 30 өзгөртүү киргизилип […]

Видео – Азимбек Бекназаров: “Акыркы 6 айда Өзбекстан эки жолу Унгар-Тоону басып алды, Атамбаев бир жолу үн чыгарганга чамасы келбеди”

“2010-жылдын апрелинде өзүнүн конституциясы менен келген бийлик, 2020-жылга чейин бул конституция өзгөртүлбөйт деген бийлик кайра өзү конституцияны эч негизсиз эле өзгөртүүгө аракет кылып жатат”, – деп билдирди бүгүн, 8-октябрда Бишкекте […]