Бейшемби, 21 Сентябрь, 2017 - 7:36
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Биз жөнүндө

“Кыргызстан бүгүн” – Kyrgyztoday.kg  маалымат агенттиги 2009-жылы январь айында негизделген. Ошол эле жылы бул долбоордун Kyrgyztoday.kg  интернет-телевидениеси иштеп, тараткан маалыматтарынын оперативдүүлүгү, жаңычылдыгы менен тез эле коомчулуктун көңүлүнө илинген. Бирок, 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүш учурунда мародер-талоончулар Kyrgyztoday.kg  интернет-телевидениесинин студиясындагы видеоаппаратураларды, тележабдыктарды уурдап кетишкенинен телеканалдын иши токтоп калган.

2012-жылдын 1-февралынан тартып Kyrgyztoday.kg  маалымат агенттигинин экинчи долбоору –  маалыматтык-серептик Kyrgyztoday.kg  порталы иштей баштады. Биздин сайт күн сайын өз окурмандарына коомдук-саясый, экономикалык, каржылык, социалдык актуалдуу маалыматтарды оперативдүү таратып турат. Андан сырткары  сайт коомдогу ар бир кубулушка сереп салып, аналитикалык материалдарды, комментарий-жорумдарды жарыялап келет.

“Кыргызстан бүгүн” – Kyrgyztoday.kg  маалымат агенттиги келечекте Kyrgyztoday.kg  интернет-телевидениесинин ишин кайра жандантуу максаттарынын үстүндө иштөөдө. Андан сырткары маалымат таратуунун бардык усулдарын, формаларын, каражаттарын жана жабдыктарын пайдалануу менен дүйнөнүн маалымат айдыңында өз ордун табууга аракеттенет.

Биздин дарек:

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары
Чүй проспекти 130/8
Телефон: +996-312-62-20-23
Электрондук даректер: todaykg@gmail.com

2 comments

  • Алайдан says:

    Кыргызда “иштеп баштады2 деген соз жок “иштей баштады” делет.

  • Алимбай Колдошев, Жалал-Абад шаары says:

    ЖТРде “тайраңдоо” сезону күчөөдө

    Үстүбүздөгү жылдын июль айы “атактуу” ЖТР үчүн тайраңдоо, ишти, эч нерсени уруп ойнобогон учурлардын бири болгонсуп турат. Анткени 6-июлдан 12-июлга чейин 20дан ашык кызматкерин Ысык-Көлгө ойнотуп келсе, эми 14-июлдан 18-июлга чейин Нарын областына ойноп келүүгө дагы 20дан ашык кызматкери менен чыгып кетти. Бул тууралуу билдирген ЖТРдин бухгалтери Өктөм Тагаева төмөндөгүлөргө токтолду:
    – Ал эми мамлекеттин жумушун уруп ойногон жери жок. 5-6 гана кызматкери имаратка караан болуп калды. Эфирди камсыздап, элге күнүмдүк маалыматтарды жеткирүүнү, мамлекеттик кызматкерлер катары жоопкерчиликти эске алышкан жок. Бул мыйзам боюнча “прогул” болуп калаарын билсе да “жогору жактагылар колунан келгенин кылып алсын” дегендей мамилеге барууда. Мунун айынан аналогдук каналда сигнал жетпей көрсөтүүлөр үч күндөн бери айыл элине жетпей, көрсөтүлбөй калды-дейт.
    Ошондой эле өз билемдик менен тайраңдап кетип калуу боюнча ЖТР түздөн-түз баш ийген КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана министрликтин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин жетекчилери билишпейт. Атайын иш сапар менен келген Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин жетекчиси Бактыгүл Норузбаева дагы жогорудагы жагдайды көрүп, таң калганын билдирди:
    – Биз булардын мындай кадамдарын билбейт экенбиз, ушул жерге келгенде билип жатам. Эфирге да чыкпай калганын тиешелүү кызматтар билдиришүүдө. Буга тийиштүү чараларды көрөбүз. Бул боюнча жеринен тиешелүү адамдарды жыйнап, акт түздүк-деди департаменттин жетекчиси.
    Ал эми башкы эсепчи Өктөм Тагаева “мага да атайын өндүрүштүк жыйын кылышып, 10 күн мөөнөт беришти, эгер жумуштан кетпесем, мага күч колдонушуп, үй-бүлөмө коркунуч жаратаарын кыйытышууда. Мен бул боюнча органдарга да билдирүү жаздым”-дейт.
    Өктөм Тагаеванын белгилешинче аны тынчсыздандырган олутуу жагдайлар бар. Анткени Куттумидин Базаркулов жана анын тарапташтары канчалык мыйзамсыз иштерди жасаганына карабастан, мурдараак жумуштан кеткен бир кызматкерди өкүл балдары менен сабап коюшкан. Дагы бир жагдай Тогуз-Тородо Куттумидин Базаркулов музейде директор болуп турган кезде бухгалтери асынып өлгөн. “Ошентип, өмүрүмө коркунуч келтиреби деп корком”-дейт Өктөм Тагаева.
    Ал эми ЖТРдин жетекчилигине нааразы тараптар “Куттумидин Базаркуловдун акылга сыйбаган, мыйзамсыз иштери чегинен ашып кетсе да ага министр эмнегедир эки жылдан бери сөгүштөн башка чара көрбөй жатканына таң калышканын” белгилешет. Айтор, “мындай эрке жетекчинин тайраңдоосуна суктангандар, ага чек коюлабы?”-деген талаптарын билдиришет.
    Нааразы тараптар: Ө. Тагаева, Б. Кайназарова, Ж. Айдарбеков, Ж. Темирова, ж.б.
    Алимбай Колдошев, Жалал-Абад шаары

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *