Menu

Kyrgyztimes сайтынын журналисти камакка алынды

Бөлүшүү:

Kyrgyztimes сайтынын кабарчысы Кенжебек Жумабаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Ал 2013-жылы Саруу окуясында ошол кездеги өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катышкан деп шектелүүдө.

Аны бошотуу талабы менен бир канча тарапкерлери УКМКнын жанында пикет да өткөрүштү.

Атайын кызмат Жумабаев тийиштүү маалыматтардын негизинде кармалганын билдирүүдө. Ал 2013-жылы да күбө катары суракка чакырылган эле.

Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын бир канча тургуну 2013-жылы “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг өткөрүшкөн. Алардын айрымдары митингдер учурунда мыйзамсыз аракеттерге барган деп камалышкан. Ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаев митингчилер менен жолугушууга келгенде аны акция катышуучулары барымтага алып, бир нече саат унаа ичинде кармап турушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: