Menu

 “KG Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовду каралоонун артында ким турат?

Бөлүшүү:

Бир-бирибиздин корообузга котур таштарды чарчабай-чаалыкпай ыргытуудан, көралбастыктын айынан “сложный  шыбоодон” дүйнөдө алдыбызга ат салдырбасак керек.

Жок эле нерсени чукул таап,бар нерсени  бат эле таап  жугундуну баштан ылдый ушундай куйабыз…калпты чындай ышкырткан Гитлердин Гэббельси ара жолдо калып кетет.

Мисалга, кечээ жакынга чейин кыргыз экономикасына аздыр-көптүр салымын кошуп келген  “KG Групп” курулуш компаниясына жана анын жетекчиси Имамидин Ташовдун дарегине жылуу сөздөр айтылып, жети дубанга мамлекеттик желекти желбиретүү идеясын кубаттап, Чүйгө орноткондо тебетейлерди көккө ыргытканбыз. Эми, жакшыны жакшы эле дейбиз да акыры. Бирок, кези келсе сур булуттан, дейди ач шамалдан айырмабыз деле жоктой сыяктанып кетет.

Ким бирөөгө жакпай калдыбы же кимдир бирөөнүн жолун кесип өттүбү, айтор кээ бир басылмалар каратып туруп эле Ташовду жана анын курулуш компаниясын каралап кирди.

Кыпкызыл пиарчы бу жигит, ишмердүүлүгү күмөн жаратат, шопурдун куйругу, ызы-чуулуу деген сыпаттар менен согуп калышты. Эгерде басылмага ишенсек, “акысыз батир берем дегени жомогу менен нечесинин башын айлантып, эчесин уятка калтырган имиш” Тообо! Кала берсе  көз бойомоочулук кылып, элден тыйын чогултуп сыздатып кеткенине чейин терип-тепчип жазышыптыр. Мисалга,  үй алуучу үлүш ээлери 1 миллион 120 миң баксты чогултуп беришсе, же андан жок, же үйдөн жок жүрүшүптүр шол үй ээлери…

Эң эле кызыгы И.Ташов шопурга таянып алып тумшугу  менен көктү челип жүрдү эле, эми шопур жокто кимге ишенип алды деген соболду да кабыргасынан коюшканы кызык. Демек, Ташовду жана анын компаниясын тыкыр иликтеп чыгып, өз жайына койбосоңор, бир кудай болот арты не менен бүтөрүн деген кыстырмада жатпайбы иттин өлүгү.

Баягы эле буйрутма, баягы эле  киндиктен ылдый тебүү… Биздин оюбузча, эгерде кылдат текшерүү жүрсө Ташовдун  жана анын компаниясынын бир катар жышаандуу иш –аракеттери ачыкка чыгар. Жаш мекенчил жигиттин шагын сындырууга кызыкдар тараптардын кара жолтойлугу анын асыл максаттарына жолтоо боло албас.

Ким эмнени айтса айтсын, ойлосо ойлосун, бирок дили таза, ыймандуу жигит дайыма ошол калбынан жазбас. Элим үчүн, жерим үчүн деп  соккон жүрөгүнөн чыккан да Алыкул кайрыгы бул: “Сен ооруба мен ооруйун Ата-Журт!”

Мамытбек Таштанов, Ош дубаны, Чоң-Алай ооданы.

Булак: “Кабар” 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: