Menu

“,,,,,news_ky 92830,Соода борборлоруна бойкот жарыялоо тууралуу талап тарап жатат”

Бөлүшүү:

Бишкекте жарандык активисттер соода борборлорунун ээлеринен коопсуздук чаралары боюнча элге маалымат берүүнү талап кыла баштады. Кемерово апаатынан улам киргизилген бул сунушта адам өмүрү кымбат экенин белгиленет.

Социалдык тармактарда тарап жаткан чакырыктарда 31-мартта соода борборлорун жапырт бойкот кылуу жөнүндө сунуш айтылды. Талапка ылайык, эс алуу жайларынын жана чоң дүкөндөрдүн ээлери өрт коопсуздугуна кандай көңүл бурулганы тууралуу маалымат каражаттары аркылуу жарандарга түшүндүрмө бериши зарыл. Андан тышкары, адамдарга тажрыйба иретинде эвакуация машыгууларын көрсөтүшү керек.

Бул сунушту “Asia Mall” соода борборунун жетекчилиги колдоп, 30-мартта эвакуациялык тажрыйба өткөрүлөрүн билдирди.

25-мартта Орусиянын Кемерово шаарындагы соода борборунда чыккан өрт 60тан ашуун кишинин өмүрүн алды. Анын 41и балдар.Күбөлөр курмандыктардын саны мындан көп деп күмөн санашууда.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экотехинспекция өлкөдөгү бардык базарлардын, соода борборлорунун, окуу жайларынын жана эл көп чогулуучу жайлардын коопсуздугун текшере баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: