Шаршемби, 21 Ноябрь, 2018 - 3:40
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Архивдер

Чет элден башпаанек сурап, келбей койгон Кылычбек Султан Кыргызстанга кайтып келди

Бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралу ал өзү Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди. Буга чейин Кылычбек Султан 12-октябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасында […]

Кара-Балтадагы атышууда жабыркаган эки адам ооруканада жатат

Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бириндеги атышууда жабыркаган милиционер да, кылмышка шектүү адам да ооруканада жатат. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева билдиргендей, окуя 18-ноябрда таңкы саат алтыларда […]

Кытайда кыргыздар жапырт камалуудабы?

Шинжан уйгур автономиялуу райондун партиялык жетекчиси  Чэнь Цюаньго. 19-октябрь 2017-жыл. Кытайдагы 1500дөй кыргыз жашаган Кайыз айылында 300 киши камакка алынганы кабарланууда. “Эркин Азия” радиосу бул тууралуу 13-ноябрда кызылсуулук кыргыздын маалыматына таянуу […]

Сооронбай Жээнбековдун туулган күнүнө келишкен чиновниктерге жана депутаттарга юбилярга белек берүүгө тыюу салынган

16-ноябрь күнү кечинде мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдык торколуу тою өтүп, ага аз сандагы чиновниктер жана депутаттар чакырылганын жазган элек. Негизинен тойдо президенттин элчи агасы Жусупбек Шарипов […]

Эдил Байсалов: “Азыр Атамбаевдин негизги карасанатай ою, жалгыз үмүтү – бул кыргызды түндүк-түштүккө бөлүп, бири-бирибизге кайра тукуруу”

“Атамбаев өзүнүн интервьюсунда Бакиевдин атын бир канча жолу кайталап жатат. “Бакиев эле Бакиев, Жээнбековдор жаңы Бакиев” деп. Анын бул айткандарына биз таң калышыбыз мүмкүн”, – деп билдирди бүгүн, 20-ноябрда коомдук […]

Прокурордун өлүмү. Маркум менен аңчылыкка чыккан прокуратура кызматкерлери кызматтан четтетилди

Каза болгон Баткен облусунун башкы прокурорунун 2 орун басары, облустук прокуратуранын 2 бөлүм башчысы жана райондун прокурору кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирген. Маалыматка караганда, Баткен […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекетти өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында өлкө парламентинин жана өкмөттүн мурдагы жетекчилери менен дайыма жолугушуп турат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сороонбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, өлкө парламентинин жана өкмөттүн мурдагы жетекчилери менен жолугушту. Экс-премьер-министрлер менен экс-спикерлер коомдун түрдүү өкүлдөрү менен күн тартибиндеги проблемаларды талкуулоо аркылуу коомдун башын бириктирүү […]

Фото – Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын саны көбөйүүдө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Кара-Буурадагы мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери буга чейин орнотулган фото-капкандарын алышкан. Аталган фото-капкандар агенттиктин жана аталган парктын кызматкерлери тарабынан орнотулган. Фото-капкандардан […]

Жапония – Кыргызстан 4-0

Футбол боюнча Кыргызстан  курама командасы Жапониянын Тойота шаарындагы “Тойота” стадионунда болуп өткөн жапондук курама команда менен жодоштук беттешинде 0-4 эсебинде утулуп калды. Бул оюнду кыргызстандыктар КТРК Спорт телеканалы аркылуу түз […]

Президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары. Сот реформасы

«Сот системасын реформалоонун негизги милдеттеринин бири — судьялыкка талапкерлерди тандоонун сапатын арттыруу менен судьяларга карата ишенимди жогорулатуу. Бул маселеге президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө көңүл бурат. Талапкерлердин кесипкөйлүгүнө талап жогорулоодо», — деп баса […]

Акын Жолон Мамытов 78 жашка чыкмак…

1969-жыл. Жалал-Абад зооветеринардык техникумуна тапшырарым менен Жолон агага 18 ырымды почта аркылуу жөнөттүм. Көп өтпөй жооп кат келди. Анда: – Абдилаатбек, ырларыңды ынтаа коюп окуп чыктым. Поэзияга болгон далалатың айрым […]

Темир Сариев: “Алмазбек Атамбаев өлкөнү эмес, өзүн ойлоп жатат”

Алмазбек Атамбаев өлкө үчүн эмес, өзү үчүн санаа тартып жатат. Бул тууралуу 24.kg сайтына мурунку премьер-министр Темир Сариев билдирген. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин маегинен ал актанууларды гана уккан. “Мен өлкөнүн […]

Руслан Ибрагимов кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык  Рустам  Ибрагимов кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында  дүйнө чемпиону болду. Алматыда  IBU Kyodokyokushin бирикмеси тарабынан эл аралык турнир болуп өттү. Ибрагимов К1 бөлүмүндө чемпиондук кур үчүн, 70 килограммга чейинки салмактык […]

Нарында жоголгон 15-жаштагы Азирет уулу Саадак азыркыга чейин изделүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Сары-Ой (Пионер) айылынын тургуну, 15-жаштагы  Саадак уулу Азирет 16-ноябрдан бери изделүүдө. Бул маалыматты KyrgyzToday сайтына жоголгон баланын байкеси билдирди. Ал 16-ноябрь күнү үйдөн чыгып кеткен […]

Айдаркен сымап комбинатынын директору Толубай Салиевдин былгыган “былыктары”

Билсеңиздер, кезинде Баткендеги Айдаркен сымап комбинаты айына 50 тонна сымап өндүрүп, 12 миң адамды жумуш менен камсыз кылган, өлкө бюджетине ири төлөмдөрдү түшүрүп, Айдаркен шаарынын инфраструктурасын, экономикалык-социалдык абалын болуп көрбөгөндөй […]

Турсунбек Чынгышев: “Региондорду өнүктүрүү үчүн губернаторлор институтун кайтаруу керек”

Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин мурунку башчыларынын  президент менен болгон жолугушуусунда Сооронбай Жээнбековго мурунку өкмөт башчы  Турсунбек Чынгышев өз сунушун киргизген. Анын айтымында, аталган жолугушуунун катышуучулары мындай иш чаралар өтө маанилүү […]

Наталья Никитенко, ЖК депутаты: “Жарандар “Коопсуз шаар” ишке ашаарына ишенбей калды”

Кыргызстандын жарандары “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашаарына ишеним артышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда өткөн укук тартибин камсыздоо,  кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин көчмө жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди. Анын […]

Видео – Парламентте келерки, 2019-жылдын бюджети талкууланып жатат

Кечээ, 19-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитети Кыргызстандын келерки, 2019-жылга карата бюджетин кеңейтилген жыйында карады. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Жыйынга Кыргызстандын премьер-министри  Мухаммедкалый Абылгазиев баш […]

Абдылдажан Акматалиев, академик: Тайлак баатыр – улуттук боштондук кыймылдын баштоочусу

Тайлак баатыр тууралуу маалыматтар кытайдын жазууларында [Кузнецов В.С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. – Новосибирск. – Наука. -1983], эмгектерде [Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. – Бишкек. – 1-китеп; Аттокуров […]

Прокурордун өлүмүнө шектүүнүн эжеси: “Менин инимди аңчылыкка прокурорлор өздөрү алып кетишкен”

Прокурордун өлүмүнө шектүү делген Баткен шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин эжеси, аны аң уулоого апасы экөө жибергиси келбегенин айтып берди. Бул тууралуу маалыматты Дариха Калыкова super.kg басылмасына билдирди. Баткен ККБнын […]

Дамир уулу Максат Туризм департаментинин жетекчиси болуп дайындалды

Дамир уулу Максат туризм департаментинин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди. Премьер-министр кол койгон жарылыкка ылайык, Дамир уулу Максат КР маданият, маалымат жана туризм […]

Япония-Кыргызстан жолдоштук беттешинин башталышына 45 мүнөт калды. “Ак шумкарлар” төмөндөгүдөй старттык курамда оюн баштайт

Бул жолдоштук беттешке байланыштуу берген интерьвюсунда Кыргызстан футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюн тең атаандаштыкта өтө тургандыгын, анткени, командалар оюн талаасына 0-0 деген эсеп менен чыгаарын айткан. Эскерте кетсек, […]

Саудия ханзаадасы журналисттин өлүмүнө байланыштуу тактан куру-жалак калышы мүмкүн

Сауд Арабиянын королдук үй-бүлө мүчөлөрү журналист Жамал Хашоггини өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталган ханзаада Мухаммед бен Салман Аль Сауддун такты мурастап калышына каршы чыгышууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлоодо. Агенттик […]

Орусияда Казакстандан келаткан автобус авария болду

Казакстандан Орусиянын Екатеринбург шаарына бараткан автобус Свердловск облусунда жол кырсыгына учурап, бир киши жаракат алды. Мамлекеттик жол кыймыл коопсуздук инспекциясынын аймактык башкармалыгы кабарлагандай, жол кырсыгы 19-ноябрда Астана убактысы менен таңкы […]

Түркмөнстанда жапырт гезит-журналдарга жазылуу өнөктүгү аяктоодо

Түркмөнстанда жарым жылга мамлекеттик гезит-журналдарга жазылуу өнөктүгү аяктоодо. Мамлекеттик кызматкерлер жана студенттер өкмөттүк басылмаларга милдеттүү түрдө катталышы керек. Катталган соң, каражат айлык акы, же стипендиядан кармалат. “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, […]

Шаардык кеңештин депутаты мэр Азиз Суракматовду сындады

Бишкек шаардык кеңешинин “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Канатбек Мүзүралиев Бишкектеги түштүк магистралдын боюнда салынып жаткан тротуар жана велосипед жолчосу кайсы каражаттарга курулуп жатканына кызыкты. “Азиз Суракматов жаңы тротуар […]

“Катталарга” кабыргадан коюлган суроолор -Жаратылыш менен токой чарбасынын түбүнө жеткени калган Абдыкалык Рустамовго: Козголгон кылмыш иштин аягы эмне болду?

Өкмөттүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин деректири Абдыкалык Рустамовдун кыңыр иштери боюнча маалыматтар көптөн бери ЖМК беттеринде жарыяланып, соцтармактарда байма-бай жазылып келе жатканы маалым. Көзгө […]

Москвада кардардын капчыгын кайтарып берген таксистке жаңы жумуш жана бекер машина сунушташууда

Бардыгыбызга маалым болгондой, Москва шаарында унаага унутуп кеткен капчыкты ээсине берүү үчүн, 8 саат күткөн айдоочуга  эми жаңы жумуш сунуштаган адамдар чыкты. Айдоочунун жасаган ишинен улам, анын чынчылдыгы менен адилеттүүлүгүн […]

Депутат Алмасбек Акматов жооп берди

«Мантыш» гезитинин 6-ноябрдагы №53 санында Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Алмасбек Акматовго «Катталарга» кабыргадан коюлган суроолор» рубрикасынан Бакиевдер менен болгон байланышы боюнча собол таштаган элек. Эл өкүлү байланышка чыгып, […]

Батыш элчилери Хожент түрмөсүндөгү тополоңду кылдат иликтөөгө чакырууда

Батыш өлкөлөрүнүн элчилери шейшемби күнү Тажикстан ТИМинин жана Башкы Прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушууда Хожент колониясындагы козголоң тууралуу толук маалымат алууга ниеттенишүүдө. Бул тууралуу АКШнын Тажикстандагы элчилигинин ишенимдүү өкүлү Кевин Коверт […]

Акылбек Жамангулов, “Мегакомдун” башкы директору: Директордун маянасын 75%га кыскарттым

Жаш болсо дагы ийгиликтерге жетишкен жаштарыбыз арбын. Алардын бири Акылбек Жамангулов, жакында «Альфа Телекомго» («Мегаком» мобилдик компаниясы) жетекчи болуп дайындалды. Жогорку Кеңеште депутат болуп иштеп турган убагында деле активдүү болуп, […]

Дүйнөлүк олимпиада оюндарынын кызыгы кеттиби?

Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын өткөрүү барган сайын кызыксыз болуп бара жатат. Ага коротулган чыгымдын көптүгү мунун негизги себеби. 2004-жылы Афинада Олимпиаданы өткөрүү үчүн дүйнөнүн 11 шаары арыз жазган болсо, 2024-жылкы оюндарды […]

«Хизб-ут-Тахрирдин» мурдагы эмири партиядан чыкканын билдирди

Өзбекстанда тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний партиясынын алгачкы жетекчилеринин бири Хафизулло Насыров уюмдун катарынан чыкканын билдирди. Хафизулло Насыров 1997-1999-жылдары «Хизб-ут-Тахрир» диний партиясынын Өзбекстандагы бөлүмүнүн «эмири» болуп эсептелген. Ал 1999-жылы 16-февралда Ташкенттеги […]

Өзбекстанда президенттик мектептерди чет өлкөлүк адистер жетектейт

Өзбекстандын билим берүү министри Шерзод Шерматов президенттик мектептер аймактардагы таланттуу жеткинчектерди аныктоо жана алардын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн түзүлүп жатканын билдирди. Өткөн аптада Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев президенттик мектептер тууралуу: -Өлкөнү […]

Фото — Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мурдагы төрагалары жана премьер-министрлери менен жолугушууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн премьер-министрлери менен жолугушууда. Жолугушууга экс-төрагалар Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, […]

Үч-Коргон ГЭСинде авария катталды

Үч-Коргон ГЭСинде авария болду. Андан улам экинчи гидроагрегаттын генератору жабыр тартып, ишин токтотту. Бул туурасында “Электр станция” ААКнун маалымат кызматы билдирди. ГЭСтеги авария статордун оромдорунун жабыркашынан келип чыкты. Азыркы убакта […]

АКШ Гюленди Түркияга бербей турганын айтууда

АКШнын NBC телеканалы кээ бир чиновниктердин маалыматына таянып, Вашингтон өлтүрүлгөн журналист Хашокжи окуясы боюнча Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды жибитүү жана Сауд бийлигине кылган басымын токтотуу максатында дин аалымы Ф.Гүленди […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек

«Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, […]

Аймактардагы аэропорттор оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат

Өлкөдөгү үч облустун аэропорттору оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Эл аралык «Манас» аэропорту ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди. Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарындагы аэропортторго модернизация жасалат. Жалал-Абад облусунун «Казарман» […]

9 айда 63 млдр сомдон ашык салык чогултулду

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын январынан баштап, октябрь айына чейин 63 млрд 909,3 млн сом салык ж.б. төлөмдөрдү чогултту. Мекеменин маалыматында, коюлган план 100%га аткарылып, салык 68,2 млн сомго ашыгы менен […]

Евразия өнүктүрүү банкы: Кыргызстанда ИДПнын көлөмү өсөт

Евразия өнүктүрүү банкы алдыда Кыргызстандын ички дүң өнүмү жогорулай турганын болжолдоодо. Аталган банктын айлык отчетунда белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 9 айында ИДПнын көлөмү 1,2 пайызга өскөн. Сентябрь айынан тарта өнөр жай […]

Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароого олуттуу себеп түзүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына ушинтип жазып, өз оюн төмөндөгүдөй түшүндүргөн: -Мен “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынан депутаттык суроо-талап аркылуу тиешелүү маалыматтарды алдым. Орус жараны, шылуун Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүндө […]

Элвира Жаркеевага карата дагы бир кылмыш иши козголду

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурунку судьясы Элвира Жаркеевага карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет. Ал коррупция, пара алуу боюнча айыпталууда. Маалыматка […]

“Охо-хо-хо холдинг” деген эмне?

«Улуттук Энергохолдинг» деген аталыштагы башкармалык бар. Айбек Калиев камалып кеткени башкармалыктын эки тизгин бир чылбыры Азамат Абдыкадыров деген немеге тийген. Эмнени кыйратып атканын билбейбиз, бирок 200 000 (эки жүз миң) […]

Статком: Улгайган адамдардын 40 пайыздан ашыгы иштейт

Өлкө аймагында улгайган адамдардын 40 пайыздан ашууну иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматта улгайыңкы деп 50 жаштан жогоркулар каралган. Ага ылайык, улгайган адамдардын 41,3 пайызы иштеп […]

Рекорд: Японияда 11 жаштагы бала эң оор  математикалык маселени чыгарды

Японияда 11 жаштагы мектеп окуучусу университеттин математика бөлүмүндө окуган студенттерге берилчү тесттен өттү. Муну менен ал эң оор эсепти чыгарып, рекорд койгон эң  жаш математик болуп табылды. Хирото Такасаки Токиодо […]

Айтматовдун 90 жылдыгы Токиодо белгиленди

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата Япониянын борбору Токио шаарындагы Акасака концерт залында маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Япониядагы Кыргызстандын элчилигинин демилгеси […]

Шек жараткан тизме керек беле бизге?

2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында жана шайлоого чейин коротулду деген каражаттардын тизмесин юрист Нурбек Токтакунов интернетке жарыялады. Ошол учурда штабды башкарган Фарид Ниязов, «Ооба, тизмедеги фамилиялар туура, бирок, мен штаб башчысы […]

Прокурор А. Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү жаран 2 айга камалды

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүү жаран Ош шаарындагы №5 убактылуу кармоочу жайына эки айга киргизилди. Бул тууралуу милициядан кабарлашты. Маалыматка караганда, аталган чечимди Баткен шаарынын соту чыгарган. Эске салсак, 18-ноябрда […]

Анвар Артыков “даврага” түшкүсү келип жүрөбү?

Мурунку бийликтин оту менен кирип күлү менен чыгып, күн сайын күпүлдөп, гезит бетин бербеген Анвар Артыков чээнге кирген аюудай эле болду. Алмазбек Атамбаевге ким каршы сүйлөсө, туурадан арсылдап чыга калган […]