10 ай ичинде МККда онлайн режимде калкка 85 миң кызмат көрсөтүлдү

Мамлекеттик каттоо кызматынын portal.tazakoom.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын онлайн кызматтарынан 10 айдын ичинде жарандар 85 533 жолу колдонушкан. Баарынан көп сурамжылоолор ЖЖКны бузгандыгы үчүн айыппулдарын текшерүү – 36 217 жолу жана Калктын мамлекеттик бирдиктүү реестринен көчүрмө алуу – 21 161 жолу боюнча келип түшкөн. Паспортту тариздетүүгө карата электрондук берилген арыздар санынын жогорулоосу катталган, бардыгы болуп 146 паспорт тариздетилген.

Порталдын ишинин негизги максаты – калкка үйүнөн чыкпастан кызматтардан колдонуу жана маалымкаттарды алуу мүмкүндүгүн сунуштоо, жана бул мамлекеттик санариптик трансформациялоодону маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Портал интернет аркылуу көрсөтүлө турган Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтарына карата жеткиликтүүлүктүн бирдиктүү чекити болуп саналат. Авторизациялануу жеке кабинеттен Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын-паспортун пайдалануу менен жүргүзүлөт.

Кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн ыңгайлуу болушу үчүн

Колдонуучуларга акы төлөө ыкмасын тандоо мүмкүндүгүн бере турган: банк карталарын же электрондук капчыкты колдонуучу төлөм тутуму ишке киргизилген.

Бүгүнкү күндө Порталда төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөр ишке ашырылышкан:

– никегу туруусун каттоого карата арыз берүү;

– үй-бүлөлүк абалын текшерүү;

– паспорттун жарактуулугун текшерүү;

– жалпы жарандык паспортту (ЖЖП) алууга карата арыздарды берүү (биринчи жолу алуу, экинчи ЖЖП, жарактуулук мөөнөтүнүн аяктоосу, виза барактарынын аяктоосу) жана паспорттун даяр болгондугун текшерүү;

– аттестаттардын жана дипломдордун аныктыгын текшерүү;

– жашаган жери боюнча каттоого туруу;

– Табылгалар бюросундагы жокументтерди текшерүү;

– кыймылсыз мүлк жана транспорт каражаты боюнча көчүрмөлөр;

– айдоочулук күбөлүк боюнча көчүрмө;

– ЖЖКны бузгандыгы үчүн айыппулдарды текшерүү.

Мындан башка мамлекеттик каттоо кызматтарын сунуштоону электрондук форматка баскычтуу өткөрүү боюнча иштер улантылууда.

 

Портал ишке киргизилгенден тартып 2018-жылдын 2-августуна карата абал боюнча электрондук түрдө 85533 кызмат көрсөтүлгөн, алардын ичинде:

Кызмат көрсөтүүнүн аталышыСаны
1ЖККны бузуу айыппулдарын текшерүү36217
2КМБРден көчүрмөлөр (юридикалык жактар тарабынан)21066
3Каттоо дарегинин бар экенин текшерүү8059
4Паспорттун даяр болушун текшерүү6600
5Үй-бүлөлүк абалын текшерүү6032
6Паспортту текшерүү4799
7Табылгалар бюросу1514
8Дипломдун аныктыгын текшерүү489
9Транспорт каражаты боюнча көчүрмөлөрдү алуу103
10КМБРден көчүрмөлөр (жеке адамдар тарабынан)95
11Аттестаттын аныктыгын текшерүү94
12Айдоочулук күбөлүк боюнча көчүрмөнү алуу87
13ДМБ маалымкаты58
14Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын мамлекеттик реестринен алынган көчүрмө57
15Жалпы жарандык паспортту алгачкы жолу алуу53
16Жалпы жарандык паспортту экинчи жолу алуу52
17Жалпы жарандык паспортту жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин алуу41
18Никеге туруусун каттоо25
19Кыймылсыз мүлккө карата укуктарды жана чектөөлөрдү каттоого карата арыз берүү22
20Жалпы жарандык паспортту виза барактары аяктаган учурда алуу15
21Кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат14
22Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын тарыхы14
23Укук аныктоочу жана укукту чектөөчү документтердин чыгарылгандыгы тууралуу электрондук билдирме12
24Жашаган жери боюнча каттоосу11
25Убактылуу каттоосун узартуу4
  

БАРДЫГЫ БОЛУП КЫЗМАТТАР

 

85533

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *