№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Бишкек мэриясы деталдуу пландоо долбоору үчүн 20 млн сом алды, бирок натыйжа жок!

«Бардык цивилизациялуу шаарларда деталдуу пландоо долбоорунун (ДПД) багыты менен иш алып барышат. Менин жана дагы бир нече депутаттардын демилгеси менен 2013-жылы Бишкек шаардык кеңешинде бир добуштан токтом кабыл алынган. Ал токтомдо Совет-Ахунбаев-Тынчтык проспектиси-Жибек-Жолу көчөлөрүнүн төрт бурчтугу боюнча деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгуу каралып, долбоорду иштеп чыгууга  20 млн. сом дароо бөлүнгөн. Бирок, 3 жылдан бери долбоордон дайын жок», – деген нааразычылыгын билдирди Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Рысбай Аматов.

Талапкердин айтуусунда, долбоор боюнча тапшырма алгач мэрияга берилген. «Ал эми 2014-жылы биз долбоор алигиче иштеле электигин эскертип, аны иштеп чыгууну жеңилдетиш максатында “Бишкекбашархитектурасына” жүктөгөнбүз, бирок бул дагы ишке жардамын тийгизген жок», – дейт Рысбай Аматов.

Бишкек шаардык кеңешинин курамында “Өнүгүү-Прогресс” партиясы демилгелеген негизги маселенин бири катары шаар аймактарын деталдуу пландоо долбоорлору болоорун талапкер тастыктайт.«Борборубуздагы башаламан курулуштарды токтотуу үчүн мындай долбоорлор сөзсүз керек. Азыр карасак акча алмаштыруучу жайлар бир көчөгө топтолгон, дагы бир көчөбүздө жалаң кафе, тойканалар жайгашкан. Жыйынтыгында, шаардын көптөгөн кварталдары мектеп, поликлиника, бала бакчаларсыз калып жатат. Учурда шаардын ичинде эмес, жаңы конуштарда дагы деталдуу пландоо долбоорунун жоктугуна байланыштуу мектеп, бала бакчаны мындай кой, кичинекей балдар аянтчасын курууга жер табылбай калды», – деген оюн билдирди Рысбай Аматов.

Рысбай Аматовдун белгилөөсүндө, мындай долбоорлорду иштеп чыгуу борбор шаарыбыз үчүн абдан актуалдуу. Эгер долбоор кабыл алынса, шаарда салынуучу тигил же бул объектти курууда документте бекитилген эрежелер сакталат. «Эгер долбоордо бул аймакта кошумча кафе же магазин көрсөтүлбөсө, мындай объекттер курулбайт. Квота боюнча берилген оорукана, бала бакча, спорзал ж.б.у.с. объекттерди курууга жол ачылат», – деп жыйынтыктады Рысбай Аматов.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

8 comments

  • Бегиш says:

    Бишкекте ай сайын жаны урулуштар болуп жатканы талашсыз. Ирээти жок,башаламан курулуп жаткан бул имараттарга эмне учун Бишкек башкы архитектурасы уруксаат берип жатканы тушунуксуз. Мынтип отурсак, жакынкы 10 жылда кочого басканга жер жок болуп калат болсо керек.

  • Мекенчил says:

    Шаардыктар кийинки кездерде жеке үйлөрдүн ээлери, ишканалар жол жээктериндеги жашыл тилкелерди бузуп, мыйзамсыз салган курулуштар арбыганына нааразылыгын билдирип келишет. Бирок, маселе чечилбей келе жатканы окундурот.

  • Туура says:

    Андай ДПД болсо шаар бийлиги, архитектура кызматтары пайда таппай калышпайбы. Ошондуктан алар бул долбоор үчүн бөлүнгөн ал миллиондорду унчукпай эле сугунуп коюшуп, тымпыйып олтурушпайбы. Анысы акырындык менен башка жок болуп кеткен акчалар сымал унутулуп калат деген ойдо болушсса керек да. Эми минтип жабылып калган аякты, Өнүгүү-Прогресс партиясы кайрадан ачып, көргөзүп жатканы жакшы. Ушинтип акыры чиновниктердин артын ача турган, мажирөө шаардык кызматтарды иштете турган бирөө керек эле акыры. Ал биздин учурда толук бирөө эмес, дээрлик бир партиянын депутаттарынан турганы кубанычтуу…

  • Мекенчил says:

    Бишкекте жайнаган курулуштардын ичинде жуздогон объектилер мыйзамсыз курулууда. Ошол себептуу Башкы прокуратуранын талабы боюнча Бишкек шаардык архитектурасы коп кабаттуу уйлорду салганга уруксат берууну убактылуу токтотсо жакшы болмок. Шаар бийлигинин окулдорунун мыйзамсыз курулуштардын ээлерине чара корууго колу да, тили да кыска болуп жаткандай. Анткени шаардагы курулуш бизнесинде чоң кызматтагы адамдардын кызыкчылыгы да чон экени жашыруун эмес.

  • Атыр says:

    Азыр Бишкекте жайнаган курулуштард көрүп көз кубанат. Шаардын кай бурчуна барба, көп кабаттуу, ар кандай архитектуралык стилдеги үйлөр салынып жатат. Шаардыктар үйлөрдүн көп курулуп жатканына кубанып жатышкан менен жаңы курулуштардын сапатына жана коопсуздугуна анча ишенишпейт. Анткени курулушту көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекемелерди коррупция чырмап, мыйзамсыз курулуштарга көз жумду мамиле бар деген маанай күчтүү.

  • Бек says:

    Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөр сегиз баллдык жер титирөөгө чыдай тургандай талапта курулушу керек. Бирок азыркы үйлөр канчалык бекем, ошол талапка жооп береби-жокпу, деген маселе бар да.
    “Орустар айткандай, “момент истины наступит при землятрясении”. Эми анын бетин ары кылсын, бирок Бишкектин жанында сегиз же тогуз баллдык жер титирөө болуп калса, ошондо гана билебиз кайсынысы жакшы, кайсынысы жаман курулганын. Сыртынан карасаныз баары эле зыңкыйып, сулуу көрүнүп жатпайбы. Жанагы коррупция деп атпайбызбы. Менин оюмча кээ бир курулуштарды аке-жакелеп сүйлөшүп коюп эле чампалап жатышат.

  • МАКС says:

    Коррупция дүйнө боюнча алганда эле курулуш тармагында эң көп болот. Анын ичинде өнүккөн мамлекеттерде да курулуш тармагы коррупциядан куру эмес. Ал эми мыйзамдары чийки, бизнес жүргүзүү маданияты өнүгө элек, башчыларын коррупция чырмап алган Кыргызстан бул жагынан тизменин алдына чыгышы мүмкүн. Бирок, парадокс, курулуштагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иши же жоопкерчиликке кимдир бирөө тартылган бир да мисал жок. Ошол себептүү Кыргызстандагы курулуштагы коррупциянын масштабын да айтууга болбойт, сырты кооз курулуштардын ичинде эмне жатканы сыноо башка түшкүчөктү сыр бойдон кала берет.

  • Сыймык says:

    Баягы эле соз, баягы эле акча жана баягы эле бутпой калган проектердин башталышы. Мындай корунуштон эл эмес биздин жер тажап арга жоктон болуно, ажырай баштады. Бир четинен бироо артын жабып жаткан кезде бироо ачып , аны менен куроошуго жол жасап жатканын коруп олтурабыз. Эми ДПД маселеси эн тураа которушту, 30 жылдан бери шаар ону-тусун жоготуп ар кайсы махинацияга берилип кеткени корунуп турат. Ошону менен Онугуу партиясы туура айтып жатат! Жашыл шаарыбызды куткарыш керек!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *