120 кило торпокту жерден эңген Абдрахман (Али) палван

Быйыл Манас айылындагы улакка ар ишемби сайын барып турдум. Кечээ барганымда атайын торпок тартыштын бери дегенде 10 жылдан берки калысы, 56 жаштагы Абдрахман (Али) Амракулов менен маек куруп, болушунча кенен-чонон баарлаштык.

 — Элдин баары сени Али деп тааныйт экен. Мен деле Али деп суроо узата берейин. Айтсаң, улакты канча жашыңдан тарта баштадың?

— 9-класста улак тартып, кийинки жылы оодарышка түшүп, эч кимге алдырбаганымдан, улуу муундун адамдары “торпок тартышка түшүп көрбөйсүңбү?” деп калышты. Ошондо эле бойлуу, күчкө толуп турган кезим  болчу. Албетте, азыркыдай боюм 198 см. салмагым 145 кило болбосо да дегеним.

— Сен туулуп өскөн Ноокен районунун Масы айлында торпок тартыш жылдын кайсы мезгилинде башталат?

— Жаз, жай айлары пахта менен алек болуп, күздөн баштап кышы бою жалаң торпок тартабыз. Аш-тойлордун баары да ушул учурга коюлат. Чоңдор жалаң торпок, жаштар теке тартып жыргайбыз.

— Мен бир угуп калдым эле, Абдрахман палван 120 кило торпокту өзү жалгыз аттын жалына ашырган деп, ушуну өз оозуңдан уксак?

— 1982-жылы армиядан келдим, кийинки жылы август айында Майлу-Суу шаарында турган Конду деген агалар балдарына “уул той берем” деп ыроологон торпогун ортого таштап коёт. Аны бир саатка жакын эч ким жерден көтөрө албайт. Билекти түрө шымалана кирип, торпокту аттын жалына ашыра баштадым. Кумурскадай быжыраган чабандестер оолактанып, “тоскоол болбогула, тек койгула, аттын жалына ашыра алат бекен?” деп сынап калышты. Салмагы сайдын ташындай болгон торпокту намыс үчүн аттын жалына ашырдым. Атымдын “задний мосту” көтөрүлүп калды. Белгиленген жерге татырактатып чаап кетпесем да бир аз желдирип барып таштаган соң дагы жарым сааттан ашык эч ким жерден көтөрө албай койду.

— 120 кило экенин кайдан билдиң?

— Той ээсинин балдары торпокту тойканага алпарып, таразага тартып, 120 килограмм болгонун айтып келишти. Анын ордуна соорунга коюлган торпокту союп, той уланып оюн кылдык.

— “Али” деп ким койгон?

— 1984-жылы Кыргызстандын 60 жылдыгы болуп, улуттук оюндар боюнча Ош облусунун атынан Фрунзеге келип оодарышка катышып, баарын жеңип диплом менен сыйланып атсам дене тарбия институтунун мугалимдери көрүп калышты да окууга чакырды. 1985-жылы кабыл алынып окуп калдым. Алгач күрөш боюнча, кийин бокска которулуп, беш-алты жолу республикалык мелдешти, Шопоков атындагы эл аралык турнирди бир нече жолу жеңип жүрсөм Нуркас Муладжанов деген коментатор мени “Кыргыз Мухаммед Алиси” деп айта берип Али атка кондурган.

— Бокс боюнча спорттук даражаң кайсыга жетти?

— Украинанын Донецк шаарында бүткүл союздук универсиадада 3-орунду камсыз кылып келерим менен эле Шопоков эл аралык турнирине катышып калдым. Жеңгенден кийин “91 кг.дан өйдө Абдрахман Амракулов жана 48 кг. Жыргал Баямановдор бокс боюнча СССР спортунун чебери нормативин толтурушту” деп ошол эле Нуркас Мулладжанов элге жар салды. Айткан менен 90-жылдар келип, кайра куруу башталып, андан ары өз алдыбызча эгемендикке ээ болдук. А документтерибиз Москвадан келбей калды.

— Эми кайрадан улакка келели, калыстык кызматта иштегениңе эле оң жылдан ашып кетти окшойт, ким сунуштады эле?..

— 2006-жылы мага чейин бир аксакал бар эле. А киши башкара албай жалпы чабандестер, Молдомуса Конгантиев баш болуп мени шайлашкан. Эң негизгиси, кара кылды как жарган адам гана калыс боло аларын түшүндүм. Бул мен үчүн биринчиден, чоң жоопкерчилик, экинчиден, сыймык.

— А жерде сага айлык чегерилгенби же ким көңүлүнөн чыкканын береби?

— Оюн ар бир ишемби күнү болуп аткандан кийин менин жашоомо жетишерлик туруктуу айлык бар, аз да, көп да дебейм, шүгүр. Кышы улак болсо, жайы жеке ишим менен алекмин. Экөөнү бирдей алпарам.

— Кышкысы түшүнүктүү, жайкы деп сыр катып турасың…

— Сыр деле эмес, өзүм дене тарбия иниститутун аяктагандан кийин улуттук университеттин юридикалык факультетин бүткөм. Жеке жактоочу иш менен алекмин.

— Торпок тартышка аттуу-баштуулардан ким келет?

— Кыргызстанга аты-жыты белгилүү Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Молдомуса Конгантиев, Ахматбек Келдибеков, Имамидин Ташов, Болотбек Дыйканбаев, Курманкул Зулушев, Чолпонбай Исмаилов, Максат Токтомушев, Тазабек Икрамов ж.б. Бирөөлөр чындап эле тартып, алкынып-жулкунуп, торпокту жерден кадимки эле чабандестердей аттын жалына ашыра алат. Кээ бирөөлөргө чабандестер ашырып берет.

— Ушулардын ичинен аттын жалына ашырып, андан ары соорунга?..

— Алтынбек, Курманкул, Болотбек, Ахматбек, Чолпонбай, Кубанычбек Имамов, Имамидин, Жыргал Саматов, Шамшидин Абдисаматовдор атка тың отуруп, чабандестерден кем калышпай чабышат.

— Мына ушу силер атаган тыңчыкмалардын аттары да кымбат дейт, ошондойбу?

— Ноокаттык Алмаз деген жигиттин “Барон”, Курманкулдуку “Обама” Имамидиндики “Зорро” деген аттар аябай көркөмдүү жана кымбат баада экенин баардык эле эл билет.

— Кыргызстанда мыкты чабандестерден кимдерди атайт элең?

— Манас, Байыш, Кыяс Ниязовдор. Бул үч бир тууган мыкты улакчылар. Ташы, Бабыш, Медеш, Бакыт, Нурбек, Танка, Ильяз, Сүйүналы, Жанболот, Мелис, Майрамбек, Сейдали деген палвандар бар. Сейдали бир сезондо 15ке жакын тай же торпок утуп алат.

— Бир палван жалгыз кирип торпокту илип кете алабы?

— Андай өтө кыйын. Чанда-чанда болушу ыктымал. Сөзсүз түрдө торпокту жерден иле турганга бирөө-жарым жардам бериш керек.

— Ар бир мелдеш алдында калыс адам катары чабандестерге насаатчылык сөзүңдү айтасыңбы?

— Ал сөзсүз, “тартип бузбагыла, бириңди-бириң кемсинтпе, бириңди-бириң сыйла, ата салтын унутпай, сөгүнбөй, улакка таза кел, арак ичпе, бирөө жыгылып калса тепсетип кетпе, бозүйлөр турган жактан алыс, машинелерди аралаба” деген сыяктуу кептер айтылып, куран окулуп, бата берилип башталат.

— Кайсы бир жылдары чыгармачыл чөйрөгө аралашып, Манастын ролун аткарууга сунуштаганын билет элем, ушу жөнүндө да айта кетсең?

— 1988-жылы Мелис Убукеев агабызга жолугуп калып, “жакында Манас жөнүндө кинотасма тартканы жатам. Сен абдан ылайыктуу жигит экенсиң” дегенинен мен макул болуп, Нарын тарапта Оруктам, Арчалы деген жерлерде Манас жөнүндө илимий-популярдуу фильмге тартылдым. 1989-жылы Үсөн Кудайбергенов атактуу каскадер Арашан айылы тарапта Токтогул жөнүндө кинонун Керимбайдын ашы эпизодун тартып аткан экен. Ошондо Үсөн аке менен мамилебиз жакындап, 2005-жылга чейин бирге болдук. Манастан кийин эле Индиянын “Кара ханзада”, Кыргызфильм тарткан “Кербез”, “Үйгө жол”, “Элли, сен кимсиң?”, Казакфильм тарткан “Отрардын өлүмү”, Түркмөнфильмде “Тахир жана Зухра”, Өзбекфильм “Темирлан” кинолорунда тартылдым. Кийинкилерден болсо “Сулуулар жана миллион” кинокомедиясында эпизодуна катыштым.

— Маданий иш-чараларда көрүп калам…

— 1995-жылы Таласта Манастын 1000 жылдыгында жана 2016-жылы Көчмөндөр оюнунда да Манастын образын жараткам.

— Эки уулуң бар, кимиси сени тартып чабандес болчудай?

— Чоң уулум Алманбет быйыл 10-класста окуйт. Атка жакын эмес, бирок баскетболго кызыгып жүрөт. Кыргызстандын жаштар арасында курама командасында ойнойт. Кичүү уулум Даниэл бала бакчага барат, ал жөнүндө азыр айтууга эрте, бирок чабандестик өнөрүмдү аркалап кетет деген чоң үмүтүм бар.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ      

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *