14-18-октябрь күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүүдө – ӨКМ

14-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 15-16-октябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.

17-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

18-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде  жана тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *