14 кызыбыздын өлүмүнө себепкер адам бошотулду

Москва шаарындагы “Печатный экспресс” басмаканасынын 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган директору Сергей Москвин абактан бошотулду. Мындай чечим 7-мартта Окуловск райондук соту тарабынан кабыл алынганын аталган мекеме расмий сайтына жазды. Андагы маалыматка караганда, Москвин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан бошотуу боюнча арыз берип, сот каза болгон 17 адамдын жакындарынын каршылыгы жоктугунан анын өтүнүчүн канааттандырган. Белгилей кетсек, 2016-жылдын 27-августунда Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан басмаканадан өрт чыгып, 17 адам каза тапкан. Анын 14ү кыргыз кыз-келиндер болгон.

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *